Кызырат го, кызыл дыйкан

Күндүзү үй түрмөдө, түнү казинодо
Өзүнөн-өзү "жок" болуп кеткен парламенттин бир капшытын чойгон "Кыргызстан Коммунистер" партиясынын төрагасы Искак Масалиев үй түрмөгө чыкканы жым-жырт. Же партиясы кошо камакка түштү беле? Же дагы эле Үсөн акесинин акылы менен кезектеги "барбарос" планды пайлап жатабы? Болбосо, эмгиче шагыраган партиялардын алдында алкынып чыгат эле. "Масалиев Текебаев менен соодалашыптыр" деген кеп тарап кетиптир, же чын эле коммунисчилерди атамекенчилердин арасынан көрөбүзбү? Саясий оюндар одоно мүнөз күткөнү да балекет болду. Коммунист, трайбалист, кумарпоз Искак күндүзү үй түрмөдө, түнү казинодо долларын уттуруп түгөтө албай атат деп өзүнүн карачечекей жердештери имиш айдап жүрүшөт.


  Сары алтын

Сариевдин саясаты таза
Азыр эң активдүү иш алып барып аткан партия катары "Ак Шумкар" көрүнүүдө. Ага карабай журналист журтчулугу Темикенин партиясына "чабал өрдөк мурда учат" деп жарлык жабыштырып жибердик. Аныбызга деле капа болбоду окшойт. Күжүрмөн ишмердүүлүгүн улантууда. Темир мырза Убактылуу өкмөт курамында так, тыкыр иш жүргүздү. Өзүн мыкты каржычы катары көрсөтө алды. Эгер партия иши менен парламенттик шайлоо "мишайт" этпегенде, Темике министрлигин уланта берсе, кыйла дурус болмок. Балким, карайлап таза лидер издеп суй жыгылган элдин көңүлүндө Сариев "сары алтын" бойдон сакталгысы келеттир. Неси болсо да журт башына тутка болчу саналуу лидерлер аман болсун! Өлкөнүн финансы тармагын иретке салып кеткенине эле эсеп-чотчулар кубанычтары койнуна батпай сүйүнүп жүрү...


  Кыз кылыгы

Берметибиз бет тытат
"Убактылуу өкмөттүн катарына Акаевдер кирбей калыптыр" деп өткөн номурубузда жаздык эле. Ошону окуп алганбы айтор Бермет Акаева үн катып, азыркы техникалык өкмөттү "жанчып" өтүптүр. Ал кыз айтымында азыркы өкмөт жыйырма жылдан бери оппозицияда жүрө берип сындаганды билип, иштегенди билбей калыптыр. Андан тышкары атасынын, апасынын тапшырмасы менен Таласка барганы ал жерде апрель окуясында өрттөлгөн ИИБдин имаратын оңдогонго акчалай жардам берерин кыйытыптыр. Бул жагы туура. Анткени атакесинин ичкен жегендерин сиңириш үчүн жок дегенде ушинтип адалдап турса кана. Айтмакчы Бермет кыздын кулагына күмүш сырга. Башпрокуратуранын да имараты өрттөнүп кетти эле ал жагын ойлогон жоксузбу?
Акаевдер керек болсо өрттөнгөн Ош менен Жалал-Абадды оңдоп-түздөп берсе да кыргыздар алардын эл алдында жасаган күнөөсүн кечире албайт. Себеби Акаевдер да убагында бүт үй-бүлөсү, урук-тууганы менен Кыргызстанды тоноп-талап басып кеткен. Эми ошо акча менен шапар тепкен Бермет кыргызга акыл үйрөткөнүн коюп, атасынын жанында намаз окуп отура берсе кана?




  Ушу эле калды

Палийса, шапкеңди тескери кийгизет
Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн алдына "7-апрель" кыймылы митинг өткөрүп, Кыргызстанга ЕККУнун эл аралык полициясын киргизүүгө каршы чыгышты. Ал эми чет элдик чоң курсактар бизге 52 полициясын түштүктөгү абал турукташканга чейин белек кылган. Ал ортодо "Ошто өз маселебизди өзүбүз чечебиз" деген мааниде Ош мэри Мырзакматов моюн толгоду.


  Табыт

Каза болгондор 335
Саламаттыкты сактоо министринин басма сөз кызматы билдиргендей расмий маалымат боюнча түштүктөгү тополоңдо каза болгондордун саны 335 кишиге жетти. Ал эми президент Роза Отунбаева Ошко барганда "өлгөндөрдүн саны мындан алда канча көп болушу мүмкүн" деген оюн "балп" эттирген. Азыр отуз киши оор абалда.


  Бут тосмой

"Республиканы" көрө албагандар көбөйүүдө
Акыркы убакта "Республика" партиясынын добушу катуу чыгып, түндүк-түштүктүн жаш бизнесмендерин, таза саясатчыларын бириктирип реалдуу зор күчкө айланып баратпайбы. Дал ошону байкаган бийликтегилер да, оппозициядагылар да мындай олуттуу конкуренттен чоочуп, ар кандай ушактарды чыгара башташты. Бири бул партияны Максимге жармаштырса, экинчиси Наделге байлап, айтор, чындыктан ат чабым алыс "икаяларды" иштеп чыгышып, башмалдак атышууда.
Ал эми "Республикачылар" болсо, "силер ушак менен алектенгиле, биз чыныгы иш менен алпурушабыз" деп алдыга карай арымдуу кадамдарды таштап бара жатышат. Эл арасында парламенттик шайлоодо оңбогондой добуш алары да кыйла кызуу кеп болууда. Өзгөчө, жаш, таза, жаңы муун лидерлери жабыла кирип аткан бул партияга көз тийбесин демекчибиз.


  Коңшу короодо

Биздикилер эмес...
"Кыргызстандын түштүгүн калыбына келтирүү үчүн 1 миллиард доллар керек" деп Казакстандын биринчи вице-премьер министри Умурзак Шукеев казак өкмөтүнүн жыйынында билдирип, ал эми Кыргызстандын быйылкы жылдагы бюджетин тең салмактап туруш үчүн 330 миллион доллар керек экенин айтты. Ушинтип биздин кризисти коңшулар талкуулай баштады.


  Жаңы министр.

Айт, дува!
Коргоо министри болуп турган Исмаил Исаков "шайлоого катышам" деп отставкага берсе, анын ордуна министр болуп мурунку биринчи орун басары, башкы штаб башчысы генерал-майор Абибилла Кудайбердиев дайындалды.


Кесиптешибиз, "Пирамида" телерадиокомпаниясынын негиздөөчүсү
Адылбек БИЙНАЗАРОВ эр ортону курагында мезгилсиз дүйнө салды.
Бул адам ММУну кызыл диплом менен бүтүп, Кыргызстанда бизнестин алгачкы карлыгачтарынан болгон. Кулаган эки бийлик тең бизнес иштерине кызыгып, күч колдонуу менен тартып алышкан эле.
Кесиптешибиздин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасына ортоктош болобуз.
"Айат пресс" жааматы