mainkaptal

Пользовательский поиск
  Сейрек кадр

Ба-аягылар
Анвар Артык... тойус-с... Азимбек Бекназаровдон баштайлы. Азике анда алты сааттан соң баш прокурор болорун сездиби сезбедиби ким билсин, колтукташтары менен колтукташа, идеалаштары менен бир из баса келатат. Колундагы ак-саргыл гүлгө жашыраак курагы айкашып. Ыңкылап сайын кыргыздын кыйын прокурору болуп чыга келет, Азике. Тфү-тфү... кокус дагы ыңкылап болсо, анда деле сөзсүз башпрокурор болот, Азике. Адистешип алды. Акаевдин артынан жаза-буза "чокмор шилтеп" калды эле, Бакиевдин артынан да жаза-буза шилтеди, Азике... Оо, Роза айым болсо, ал күнү оң капталында келаткан кишиден кийин президент болорун, ал ортодо опурталдуу 5 жыл өтөрүн капарына албай, Бекназаровдун каруусуна колу карышып келатат. "Водалазкачан" Бакиев башкача эле, апакай көрүнүп, жакырчылык жашоо жанына баткандай ыза-бугу кабагына түйүлүп... Бул учурда курсагы точно ачка болчу. Себеби "мантуканага" бара элек эле да. Колуна гүл көтөрбөгөнү менен ичинде ириң ою гүлдөп жатканын сыртына чыгарбай, өзүн тополоңдун тоосу сезип... Болжурова болсо болжогонун боолголоп, Оксана подружкесинин булчуңун сылай басып келет. А Оксана айым Малеваная жакынкы мезгилдерде бийликтин бир бурчун колундагы тутум гүлдөй тутамга аларын билген болушу керек. Эртең эмне болорун еврей жүрөк кантип эле сезбесин. Карачы, башкалардыкындай жүзүндө санаа байкалбайт. Бирок, Оксаночка Бакиев башынан сылап эркелетип, Отунбаева үй түрмөгө камап саларын тагдыр ташы бир кызыктай тоголонорун билбеген. Ак сумке асынган ургаачы сүрөттөн өзүн көрсө, "бул менмин" деп сүйүнүп алар. Биз анын арык колун колтугуна кыса сүйрөгөн Нукени (Нурлан Мотуев) айталы. "Байтик" суудан баса согуп, сары гүлдү төшкө сайып, көк көйнөккө галстукту кыкына тагынып, чачты зыпырайта тарап, кайран Нуке болочок президент шекил келүүдө. Келечекте Курманбектин "курмандыгы" болорун агезде түшүндө да көрбөгөндүр. Мотуевдин оң ийининен башы кылтайган Чолпонбек Абыкеев зор ээгин созо Акүй тарапты кароодо. Кароол-Чокуну казып, казына издөө балким, ошондо эле оюнда болуусу мүмкүн. Анткени, кыял кургур бала кезден башталат эмеспи.
Ушунакай, 2005-жылдын 24-марты алиги сүрөттү бизге белек этти. Биз ал тарых элесин жиликтеп, жөн койбой жазып ийдик…
Жумабай АБДАН




  Саясат салат

Өнөрүңө баракелде
Тооктордун атаманы
Жумуртка менен оппозицияга согуш ачып, тарыхта калган көлдүн легендарлуу губернатору Кыдыкбек Исаев бир чети азыркы бийликтен, экинчи жагы криминалдан коркуп, азыр Москвада бир досунун колтугунда баш калкалап жатат. Жумуртка уруш уюштуруп, бүтүндөй көлдүктөрдү кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылган Кыдык Шайдинович Москвада да жөн жатпай, "Ак жолчу" ар кайсы экс-депутаттарга чалып, Убактылуу өкмөткө коридор издеп жүрөт. Максим Бакиевден өлөөрчө таяк жеп, кайра балык чарбасынын кызматкерлерине атырылып "принцти таарынтып алдык, тез аранын ичинде форель тапкыла, кечирим сурап коелу" деп жасакерленип жүргөн бул эргул азыркы бийлик тарабынан козголгон кылмыш ишин унутуп койгон көрүнбөйбү. Бар эле болчу жарыктык…


Чоң курсактар көчөсүндө
Ооматы ообогон Жакең
Орусча сөгүнүп, чабанча жүргөн, отурган ордунан оңой менен тура албаган кайсы бийликтин болбосун колуна кумган болуп суу куюуп, самындын алкындысындай жылмыша берчү Жаныш Рустамбеков деген олигарх-чиновник бар. Акаев убагында, район акимдигинен баштап, аппарат башчы, мамлекеттик катчы, губернатор болуп жүргөн Жакебиз "эзели Кеминден оомат кетпес куттуу жер" деп жүрүп качан Акаев бийлиги кулап, Бакиев ажо болгондо жайнаган элдин көзүнчө түндүктөн оомат кетип, Жалал-Абадка ооду деп айта коюп, кийинки бийликтин да убайын көрдү. Өзгөчө кырдаалдар министри болуп турганда коррупциялык иш аракеттерин айтпай эле коелу, карачечекей бир тууган инисин аталган министрлик алдындагы атуулдук коргонуу кызматына жетекчиликке коюп койгон. Анысы болсо иш кылбай эле Орто-Сай базарынын капталына базар салып жүрдү. Азыр эми уялбай Роза Отунбаеваны этектеп жүрөт. Баракелде!




  Көңүл бургула!

Арбын маяна табуунун булагы
"Англис тилин сырттан окуу курсу" лицензия №1400 МОиН. "Айат пресс" газетасы. Манас көчөсү 115. тел: (0312) 323313
Окуу курсунун шарты:
1. 20-июлдан 1-августка чейин редакцияга келип, кыргызча-англисче 1000 сөздөн турган CD дискин алсаңар болот. Баасы 100 сом. Аны видеомагнитофон аркылуу же MP-3, Mobile Speaker, уюлдук телефонуңарга жаздырып алып жаттоо керек.
2. 1-сентябрдан автор өзү тест аркылуу экинчи этапка өткөндөрдү аныктап бир ай, жумасына беш жолу бир сааттан лекция окуйт. Бишкекке келе албагандарга DVD диски жөнөтүлөт (лекциянын материалы камтылган)
3. 1-октябрда дагы тест жүргүзүлүп, акыркы этапка өткөндөргө жумасына беш жолу эки сааттан америкалык атуул сабак берет. Бишкекке келе албагандар үчүн кошумча электрондук варианттагы окуу куралдары жөнөтүлөт.
Эскертүү: Акыркы этапка өткөндөр үчүн, сабак менен катар чет жакка чыгуунун жол жобосу, кандай, кайсыл ишке орношуу тартиби, ал жакта өзүн-өзү алып жүрүүнүн шарты ж.б туурасында түшүндүрмө берилет.
Бул бир гана жолу болуучу акция! Эгер кокустан өкүнүп калбайын десеңер шашылгыла! Кудай буйурса, англис тилин окуп үйрөнүүнүн мындай оңой, натыйжалуу ыкмасына кызыгып, каалоочулар күткөндөгүдөн алда канча арбып, катар өлкөбүздүн аймагынан гана эмес, коңшу Казакстандан да келип жатат. Эскертүү, каттарды sms аркылуу да жөнөтсөңүздөр болот.
Сырттан окууну каалагандар төмөнкү анкетаны толтуруп, редакцияга жөнөтүңүздөр. Редакциянын байланыш телефону: 0312323314. 0773286470. 0770584621. 0555616568. ai-nura87@mail.ru
АНКЕТА
Аты-жөнү ____________
Иштеген, окуган жери _______________
Туулган жылы, жери ________________
Адреси, байланыш телефону __________




кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
15-июль, 2010-ж.:
1-бет
Тааныш бекен ыя, эштекбайлар
2-бет
"Ата-Журт" атасыз калды
3-бет
Эки төшөк эки жаздык
4-бет
Кэмерондун керемети
5-бет
"Өлкөнү өнүктүрүү бул адамды өнүктүрүү"
6-бет
Чолпон СУЛТАНБЕКОВА, бизнес леди:
"Эркектердин энергиясы бизге өттү"

7-бет
Артур МЕДЕТБЕКОВ, УККнын генералы:
"Жаныш абдан ыплас, акмак киши..."

8-бет
Сорттолгон менен соттолбойт
9-бет
Сейрек кадр
10-бет
Жоомарт КАДЫРАЛИЕВ, Кыргыз Эл сүрөтчүсү:
"Жети облустун борборун
"Манас" деп атабасак оңолбойбуз"

11-бет
Дүйшөк Мамбетөмүров, журналист:
"Айылдын ак таңдары
эске түшүп…"

12-бет
Кыргыздын касиети канында
13-бет
Бакыт акматов Ормон опузалоого өттү
14-бет
КАНДУУ ЖОЛ
15-бет
Ак кептер
16-бет
Айбек КАРЫМОВ, ырчы:
"Өкүнгүдөй жаңылыштык кетирбедим"

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика