mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Сорттолгон менен соттолбойт

Эрмегибиз элита
Элита деп коебуз. Эл башындагылар дейбизби, ак сөөктөр дейбизби, айтор, "биринчи сорттогуларды" ушинтип эркелетебиз. Анан ал сорттогуларды да кайта-кайта сорттойбуз. Канчалык сорттогон сайын, ошончолук чийкиси менен чириги чыга берет, кычап. Карап көргүлө, сорттомой минтип эле кете берет...

Султановдун ити чөп жеп, жебей...
Өзүнүн эркеталтаң доорунда Марат Султанов миллионер экенин ачык эле жар салып жүрдү. А кантип миллиондогон акчалуу болгонун сураган жан болгон эмес. Сыртынан эле "өлө бай" деп тамшанып коюшчу. Анын үстүнө өлкө казнасына өтө жакын "уктаган" киши бир болсо, ушу Султанов болду.
Биздеги бир адат мындай да, революция 5-6 саатта болот, "элдик баатырлар" эркиндик алат, камактан чыккандар "ичкич-жегичтерди кустурам, камайм, соем" деп кабат-кабат убаданы урат, креслого өзү эле келип отуруп алат. Анан "мен коррупционерди жанчып атам" дейт. Кармаган коррупционери тез эле Чүй түрмөсүнөн үй түрмөсүнө которулат. Анысы андан ары "коомдук ишмер" деген кесипти аркалайт. Чынбы? Чын десеңер Марат Султановго тийишпей эле койгула, итине талатат! Анан спикер болот.

Суталинов чууну эмес, "сууну" сүйөт
Акаев Ельцинге көзү тирүүсүндө эстелик коюп, аны Ельциндин өзүнө көрсөтүп, көрүндүк алганы эсиңердеби? И-и, эсиңерде болсо, ошол жөрөлгөнү азыр улабайлыбы? "Андай эстеликти кимге тургузабыз?" деп атасыңарбы? Мурат Суталиновго! Өзүнө көрсөтөбүз. Өзүнүн эстелигин көргүсү келип, сөзсүз келет. Эстелигин көрүп, маашырланып атканда кармап алабыз! "Кантип жасайбыз?" деп камтама болбогула, баягы эле ноябрь митингинде көрсөткөн "жест-моментин" камтыйбыз. Муштуму түйүлгөн колунун чыканак муунун экинчи колу менен кармай коюп, "сорок" эттире "айгыр жыныс" ишаратын кылып, "ме!" дебеди беле, оппозиция тарапкачы… Во, ошонусун эле катырып туруп, орнотобуз. Келгиле эй, ушуну эртерээк жасайлы, антпесек, Мукебиз казактын арагын катуу согуп атат дейт, ашынып кетсе, эстелигин тааныбай коюп, ит кылбасын…

Темике эрте теминди
"Ак Шумкар" партиясын ооздугун кыйла эрте бошотту. Шаардагы атайы көрнөк-жарнак жайгаштырчу жайларды мындай кой, дарбаза, тосмо, тирөөч... иши кылса, соройгон темир аттуунун баарына (бу темирди өзүнүн атына уйкаштырып, менчигиндей көрөт окшойт, Темике) "Ак Шумкар" деген жазуусу бар кагазды чаптатып чыкты. Чоло жер жок. Башка партиялар "уже банкрот" болду, жарнак чаптоочу орунга. Ой кетет... рекламасы мыкты партия эле парламенттин көбүн ээлейби депчи. Бир чети мыйзамды сыйлоого чакыргандар өздөрү мыйзамды сыйлайбы? "Пиар иштери бардык эле партияларга бирдей" деп билсек, анда неге өлкөнүн убактылуу башкы каржычысы "Ак Шумкарын" эрте агытты? Белгиленген пиар мөөнөтү деле оңбогондой көп акчаны талап кылат. А алда качан эрте баштоо андан бетер. Акча-пакчасы менен чатагыбыз жок, бирок, атаандаштарынын атынан "чабал өрдөк мурда учат" деген макалды айта кетели.

Бабанов баштап баратыр...
Айдардын "Альянсына" илээшип, Максим менен тирешип жүрүп, бизнестин битин сыккан Өмүрбек мырза "Республика" партиясын "резко" түзгөнүн аңырайып карап турдук. Кызыгы, бул партиянын курамын дээрлик Бакиевдин "Ак жол" партиясынын "жирный" өкүлдөрү ээлеп алганы болду. Ооба, Бакиев тушунда Бабанов Атамбаевдин КСДПсына кол шилтеп, баса берген. Анысын "саясаттан оолактады" деп түшүнгөнбүз. Эми минтип, бакиевчилер бака-шака түшкөн "Ак жолду" койнуна батырып алып, Роза апчеси баштаган бийликке "оппоненти острый"
"Республикасын" жетелеп баратат. Акыры зерикпейбиз. Алдыда аламан шайлоо. Көкүйдүн алдына бозүйлөр тигилип, ба-аягы "бакулажка" менен башка жечү жорук кайра башталабы деп, бир караганда ойлобоюн десең да ойлойсуң, эй!

Эми жамбаштап жатаар кезиби?
Тээ илгери, "Аюу чээнге киргенде, Байболов "чээнден" чыкты" деп жазып ийип, өлө нервине тийгенбиз. Ал жазганыбыз биртең, бүгүнкү Оштогу окуянын токтоосуна кошкон салымы биртең болду, Кубатбек мырзанын. Кимдин ким экенин моюнга түшкөн оор кырдаал аныктайт турбайбы көрсө. Башыбызга кара булут айланганда, мамлекет деген машиненин дөңгөлөгү ыргып кетээрде керек турбайбы бычакка сап уулдар. Маанилүү учурда чекистигин кылып, чекчейип туруп бербедиби, Жалал-Абаддагы жалынды басып. Мурдагы митингдерде сүйлөгөн сөздөрүн анча эстей албаганыбыз менен кечээги кыргыз-өзбек элин элдештирүүдө, ынтымакка чакырган ишенимдүү өкмөт өкүлү катары өзүн анык көрөңгөлүү сөзмөр экенин көрсөткөндө, баракелде дедик. Алеми, ИИМ башына келгенине "илибой" киши макулдур.

"Шер-Шер" эле дейсиңер, Шерниязов эмеспи?..
Революциялык чатактын анабашы, таластыктардын ташын өйдө кулаткан Болот Шер ИИМ башын бошотуп, отставка бергенине кейигенден сүйүнгөн көп болду. Себеби, "кресло" оорусунан кутула албагандарга аз да болсо үлгү да. Өлкөдө адам өлүмү коштолгон саясий массалык башаламандык ашынып кетсе, тиешелүү өкмөт өкүлдөрү өз чечими менен автоматтык түрдө отставкага кетүүсү шарт. Кырдаал жөнгө салынган соң, Болот Шердин бул кадамы ыктуу болду. Аз убакытка кыргыз милийсаларын жетектеп турган бул үлкөн кызматтан Болот Шер аброй, даңк, тажрыйба өңдүү нерселерден тапса, көптү тапкандыр. Бирок, жоготкондон бир гана фамилиясынын жарымын жоготуп алды, чоңатасынын атын мүлжүп. Баса, жаңы паспорт алды бекен?..


(Уландысы бар)

Жумабай АБДАН





кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
15-июль, 2010-ж.:
1-бет
Тааныш бекен ыя, эштекбайлар
2-бет
"Ата-Журт" атасыз калды
3-бет
Эки төшөк эки жаздык
4-бет
Кэмерондун керемети
5-бет
"Өлкөнү өнүктүрүү бул адамды өнүктүрүү"
6-бет
Чолпон СУЛТАНБЕКОВА, бизнес леди:
"Эркектердин энергиясы бизге өттү"

7-бет
Артур МЕДЕТБЕКОВ, УККнын генералы:
"Жаныш абдан ыплас, акмак киши..."

8-бет
Сорттолгон менен соттолбойт
9-бет
Сейрек кадр
10-бет
Жоомарт КАДЫРАЛИЕВ, Кыргыз Эл сүрөтчүсү:
"Жети облустун борборун
"Манас" деп атабасак оңолбойбуз"

11-бет
Дүйшөк Мамбетөмүров, журналист:
"Айылдын ак таңдары
эске түшүп…"

12-бет
Кыргыздын касиети канында
13-бет
Бакыт акматов Ормон опузалоого өттү
14-бет
КАНДУУ ЖОЛ
15-бет
Ак кептер
16-бет
Айбек КАРЫМОВ, ырчы:
"Өкүнгүдөй жаңылыштык кетирбедим"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«