mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Жаныш Бакиев эмне үчүн кармалган эмес?

Артур МЕДЕТБЕКОВ, УККнын генералы:
"Жаныш абдан ыплас, акмак киши..."
Убактылуу өкмөттүн тапшырмасы менен Сузактын Тейит айылына Бакиевдерди кармоого барган атайын кызматтын генералы Артур Медетбеков бул операция эмне үчүн ишке ашпай калганын, мурдагы президент менен ошондогу жолугушууда кандай сөздөр болгонун "Азаттыкка" айтып берди.

- Артур мырза, сиз мурда Курманбек Бакиевдин учурунда Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп туруп, капыстан эле кызматтан кетип калгансыз. Анын себеби эмнеде эле?
- 2007-жылы парламенттик шайлоо болбоду беле, ошондо "Ата Мекен" партиясы чынын айтканда 50-60 пайызды утуп алган. Шайлоо бүтүп, өзүнчө чогулуш болгондо "Ата Мекенди" парламентке кое бергиле, болбосо элдин көбү көчөгө чыгат, көчөдө кыйкырып жүргөндөн көрө өздөрү депутат болуп, сессияда маселелерди туура айтып чыгып турса элге да, силерге да пайда, болбосо кийин иш чатак болот" десем, алар мага терс көз карашта карап, башкача чечим чыгарышкан. Экинчиден, 2007-жылдын декабрында Кыргызстанга АКШ фирмасы аркылуу Түркмөнстандан эки учак учуп келген эле. Анда 100 тоннага жакын ок-дары, "Калашников" автоматтары, пулеметтор бар эле. Алардын бардыгы контрабандалык жол менен келген. Иш козгоп, аларды кармаганга аракет кылсам, УКМК башчысы Суталинов менен Бакиевдин баласы Марат каршы чыгышып, ал учакты коө беришкен. Анан көп өтпөй эле "сага жардык чыкты, сен жумуштан кете бергин, башка жумушка барышың мүмкүн" дешкен.
- Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиев менен кандайдыр бир карама-каршылыкка барган жок белеңиз?
- Максим Бакиев менен 2005-жылы декабрь айында "Бител" телефон компаниясы боюнча Жогорку Сотто чоң карама-каршылыктар болгон. "Бителди" Орусиядан келген бир чоң компания - НТС 150 миң долларга сатып алганына карабай четке кагып, алдап башка фирмага сатып жиберген. Ошонун тегерегинде Максимдин атасы Курманбек Бакиевге "уулуңуз ушундай туура эмес иштерди жасап атат" деп айткам. Себеп дегенде бизге "Максим Бакиев эгер бизди четке кагып, алдай турган болсо аны жоготууга чейин барабыз" дегенде кабар түшкөн. Анан "ушунун айынан чатак чыгышы мүмкүн, бул балаңызды тыйбасаңыз кыйын болот" деп айткам. Бул 2005-жылы декабрь айында болгон эле. Курманбек Бакиев "көрөбүз, сен өз ишиңди жасай бер"- деп койгон. Ошону менен ар кимибиз өз оюбузда калганбыз.
- Быйыл 7-апрелдеги ыңкылаптан кийин, Курманбек Бакиев Тейит айылына барган учурда аны кармоо боюнча операцияга сиз жетекчилик кылган экенсиз. Айрымдар "Бакиевдерди атайын коө беришкен" деп айтып жүрүшөт, ушунун чын-төгүнү канчалык?
- 10-апрелде мага Убактылуу өкмөт "бизге мурдагы ордуңда иштеп, жардам бер", - деп сунушташканынан, "макул" дедим. 12-13-апрелде "Бакиев элди чогултуп кырдаалды туруксуздаштырышы мүмкүн, Жалал-Абадга барып, ал кишини Кыргызстандан чыгып кетишин талап кылып, жанында жүргөн иниси Жаныш Бакиев, менен мурдагы коргоо министри Бакыт Калыевди кармап келишиңер керек"-дешти. Мен "мага укук берсеңер барайын, бирок Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн бирөө барыш керек" десем, "ойлонуп көрөбүз, эртең сага жообун беребиз"-дешкен. Убактылуу өкмөттөн эч кимиси барган жок, оозеки чечим чыгарышып, мени жиберишти, бирок эч кандай кагаз жүзүндө чечим чыккан эмес. Анан биз 15-апрелде учуп кеттик, ага чейин оперативдүү булактар аркылуу жакын туугандарына байланышка чыгып, Курманбек Бакиев менен жолуктук.
- Сиз анан жалгыз бардыңызбы?
- УКМКнын Ош, Жалал-Абаддагы башкармалыктарынын башчылары жана атайын операция боюнча башкармалыктын жетекчиси болуп төртөөбүз бардык. Бакиевдердин Тейиттеги үйүнө жеткенде автоматчан 15ке жакын киши чыгып, көкүрөгүбүзгө автомат такап, чөнтөктөрүбүздү тинтишип, эч нерсе таппагандан кийин киргизишти. Короонун ичине киргенде карасам, эшикте костюм-шымчан Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев менен Бакыт Калыев жана жакын туугандары турушуптур. Ары жак четинде 50-60 киши, бери жагында 20-30 киши куралчан жүрүшүптүр. Биз чынын айтканда байкоо салганбыз. Алар кандайдыр бир кармоо аракеттерине каршы даярдыктарды көрүп коюшуптур. Анан Курманбек Бакиев менен учурашып, Убактылуу өкмөттүн атынан сүйлөшкөнү келгенимди, Убактылуу өкмөт үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткенге жол берип атканын, Жаныш Бакиев баштаган жакын туугандары жана Бакыт Калыев колго түшүп, эл алдында жооп бериш керектигин айттым.
- Бакиевдин реакциясы кандай болду?
- А киши бир аз ойлонуп туруп "макул" деди. Бир убакта телефон чырылдап калып "Александр Васильевич"-деп Лукашенко менен сүйлөшүп калды. Лукашенконун телефондон "мен сени колдойм" дегени угулуп атты. Менимче, ошол убакта эле сүйлөшүлсө керек Белоруссияга бара турганы.
- Жаныш Бакиевчи?
- Жаныш Бакиевге агасынын көзүнчө колго түшүп бериши керектигин айттым. "Эгерде мындай бош жүрө берсең, баары бир "атабыз, өлтүрөбүз" деген кишилер көп" десем"менин анча күнөөм жок, бирок эл аралык коммиссия, БУУдан байкоочулар келсин, ошондо гана колго түшөм, азыр мени силер алып кетсеңер мени тытып саласыңар же элге алып барасыңар, алар өлтүрүп салышат. Мен азыр барбайм, атышканга чейин даярмын"-деди. Мен ага "мындай сөзүңдү кой, мынакей сени менен мурда чогуу иштеген Дүйшөбаев кепилдигин берип атат" десем: "Курманбек Бакиев кетсин, эртең менен саат 10до курал-жарактарды өткөрөлү да, анан сүйлөшөлү, бул генералдык сөзүм"-деди. Мен ага карабай "азыр" десем агасы Курманбек Бакиев "бул качпайт, бул жерде болуп турсун, чечишип алалы" деп калды.
Анан Курманбек Бакиев: "Декретиңер барбы, мен азыр сүйлөштүм, ЕККУдан атайын декрет бар экен деп айтышты, ошол боюнча кагазды бергиле?" - деп сурап калды эле менде андай кагаз жоктугун айттым. Чынында мага Убактылуу өкмөттөн эч кандай декрет, же кагаз берилген эмес эле. Мен "бир сааттан кийин биз дагы жолугушалы" дедим да, чыгып кеттим...
Анан Убактылуу өкмөткө телефон чалып, Бакиев Декрет сурап атканын айтсам, учакка чыгарып баратканда колуна беребиз, дешти. Ошону менен биз Тейитке кайра барып, Курманбек Бакиевди жана үй-бүлөсүн алып, Жалал-Абаддагы аэропортко чыгып кеттик.
- Артур мырза, ошондо Курманбек Бакиев менен кошо кимдер кетти эле, жанында бир туугандары жок беле?
- Жок, бир туугандарынан эч ким кеткен жок. Кечки саат жетиде Казакстандын учагы учуп келди, АН-26 деген үлгүдөгү. Андан Казакстандын бир майору учуп келиптир, сыртка чыгып доклад берди да, Курманбек Бакиевди учакка түшүрдү. Мурдагы президент чакан сумкасы менен аялы жана кичинекей эки баласы болуп, учакка түшүп кетишти.
- Анын жанындагыларды ошол жерден эле кармай калган жоксуңарбы?
- Курманбек Бакиевди узатып мурдагы коргоо министри Бакыт Калыев дагы барган. Биз Калыевге "сен эми эч жаңжал чыгарбай колго түшүп бер, болбосо бул жерден чоң чатак чыгып көп киши каза болуп калышы мүмкүн"-деп айттык ошол жерден эле. Ал макул болду. Биз аны ошол жерден түз эле Ошту көздөй жөнөттүк, учак менен алып кетиш үчүн. Бир нече убакыттан кийин бизге оперативдүү маалымат келип түштү, ага каршы буктурма (засада) даярдап атыптыр деп. Биз анан аны кайра Жалал-Абадга алып келип, башка унаа менен балдарды кошуп, Бишкекке жөнөтүп жибергенбиз. Ошол эле убакта, түнкүсүн Жалал-Абаддын Коопсуздук кызматынын башкармалыгынын жанында Бакыт Калыевдин 200-300 кишиден ашык туугандары чогулуп калышты. Алар "Б.Калыевди бошотпосоңор башкармалыкты басып алабыз"-деп талап коюшту. Эгерде биз аларга каршылык көргөзүп күч колдонсок, анда акыбал абдан татаалдашып кетмек.
- Бакыт Калыевдин тарапкерлери менен алектенип, бери Тейитте калгандарды кармоо аракети болгон жокпу?
- Биринчиден, мен өзүмчө чечим кабыл алууга укугум жок эле. Себеби мени кагаз түрүндө, документтештирип, операцияга жетекчи кылып дайындаган эмес. Оозеки эле Курманбек Бакиевди Кыргызстандан чыгарып, Жаныш Бакиев менен Бакыт Калыевди кармап келүүгө тапшырма берилген. Эгерде башкармалыктын жанындагы кишилерди күч менен басып, Тейит айылындагы Бакиевдердин үйүнө чабуул койгонго буйрук берсем, бейкүнөө далай кан төгүлмөк. Анын үстүнө түн ичинде мындай операция жүргүзүү абдан опурталдуу. Ошол эле убакта мен Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаевага, Коопсуздук кызматынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевге дагы кырдаалды түшүндүрүп, эгерде биз чабуул кылсак жөнөкөй жарандардын далайы каза болушу мүмкүндүгүн айттым. Роза Отунбаева болсо: "Бул иш боюнча бир тамчы дагы кан чыкпасын, кан чыгарбай сүйлөшүү, тынчтык жолу менен кармашыбыз керек" деди. К.Дүйшөбаев аны тастыктап.
Алардын айткандарына макул болуп, эртеси күнү саат ондо облустук прокурорду, 3-4 тергөөчүнү алып, Бакиевдин үйүнө бардык. Ал жерден бизди Бакиевдин бир туугандары Каныбек, Акматтар тосуп алып, чатырда сүйлөшүп, "Жанышты алып чыгып бергиле" десек, "ал үйдө жок"-деп жооп беришти. Аңгыча 3-4 аял жулунуп кирип келип, бакырып-өкүрүп бизди жулмалап киришти. Сыртта толтура кишилер. Алар дагы биз турган чатырды өрттөйбүз, буларды барымтага алабыз деп, кийимдерибизди тытмалашып, ортого алышты. Ошол жерден чыгарбай кармай турган болушту. Аңгыча бир аксакал киши бар экен, ал киши тигилерди тыйып, бизге жол ачып берди. Биз кийимдерибиз тытылып, өзүбүз барымтага калып кала жаздап, араң чыктык. Жаныш болсо ошол аялдардын аркасына жашынып, калып калды.
- Силердин жаныңарда жоокерлериңер, күч органдарынын кызматкерлеринен жок беле?
- Бар болчу. Бирок ал жерде жөнөкөй айылдын адамдарынан бөлөк куралчан жигиттер дагы бир топ болчу. Анан мен Бишкекке телефон чалып, болгон окуяны Убактылуу өкмөттүн жетекчилигине айттым. Ошол эле күнү Болот Шерниязов баш болгон атайын даярдыктагы дагы бир топ келди. Эртесинде ал топ менен кошо 40 кишини оперативдик-иликтөө тобуна топтоп туруп, Бакиевдин Тейиттеги үйүнө кирдик. Бирок ал жерде Жанышы да, Каныбеги да, Акматы да жок болуп чыкты. Жалаң айылдаштары, карылар, аялдар калыптыр. Анткени Бакиевдин бир туугандары биз тамашасы жок чындап кармап отургузуп коерубузду түшүнгөн окшойт. Түн жамына качып кетишиптир...
- Сизди ошол Бакиевдерди кармоо операциясын ишке ашыра албай калды десе болобу?
- Бул жерде ар түрдүү себептер болду. Бакиевдер элди тирүү тосмо кылып, катуу коргонушуптур. Анткени Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү биз Жалал-Абадга жөнөөр алдында эле телевидение, гезиттерде, маалымат каражаттарында "Бакиевдерди кармаганы атайын даярдыктагы "Альфа" тобу баратат" деп жарыялап жиберишти. Мындай атайын иш чараны жашыруун өткөрүү керек. Анын үстүнө укук коргоо органдарында да Бакиевдерге жан тарткандар толтура болчу.
- Алар кайсыл жакка качып кетти деп ойлойсуз, ушул күндө чет мамлекетке чыгып кетти дейт, сиздин маалыматыңыз барбы?
- Биздин ишенимдүү маалымат булактарыбыздын айтуусуна караганда, Жаныш Бакиев ошондо чек арага жакын жердеги Өзбекстандын аймагына кире качкан. Акмат деген иниси "Кара Айбек" деген криминалдын башчысы экөө аябай жакын болчу. Үчүнчүдөн алар баңги каналды көзөмөлдөп турушканын баары эле билчү. Андыктан алардын "наркобайланыштары" Тоолуу-Бадахшан, Мургаб жакта дагы бар болчу. Ошолор жардамга келиши мүмкүн. Менимче азыркы мезгилде Тоолуу-Бадахшандын Хорог жагында жүрөт болуш керек. Дагы бир божомол бар, Ош окуясынан кийин алар чет мамлекетке чыгып кетти деген. Эгерде чет мамлекеттерге чыгып кеткен болсо, анда аларга биздин абийирсиз чиновниктер жардам берип, жасалма паспортту Кыргызстандан же Тажикстандан жасап туруп, чыгарып жибериши толук ыктымал.
(Уландысы кийинки санда)

Аманбек ЖАПАРОВ, "Азаттык"








кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
15-июль, 2010-ж.:
1-бет
Тааныш бекен ыя, эштекбайлар
2-бет
"Ата-Журт" атасыз калды
3-бет
Эки төшөк эки жаздык
4-бет
Кэмерондун керемети
5-бет
"Өлкөнү өнүктүрүү бул адамды өнүктүрүү"
6-бет
Чолпон СУЛТАНБЕКОВА, бизнес леди:
"Эркектердин энергиясы бизге өттү"

7-бет
Артур МЕДЕТБЕКОВ, УККнын генералы:
"Жаныш абдан ыплас, акмак киши..."

8-бет
Сорттолгон менен соттолбойт
9-бет
Сейрек кадр
10-бет
Жоомарт КАДЫРАЛИЕВ, Кыргыз Эл сүрөтчүсү:
"Жети облустун борборун
"Манас" деп атабасак оңолбойбуз"

11-бет
Дүйшөк Мамбетөмүров, журналист:
"Айылдын ак таңдары
эске түшүп…"

12-бет
Кыргыздын касиети канында
13-бет
Бакыт акматов Ормон опузалоого өттү
14-бет
КАНДУУ ЖОЛ
15-бет
Ак кептер
16-бет
Айбек КАРЫМОВ, ырчы:
"Өкүнгүдөй жаңылыштык кетирбедим"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«