Чолпон СУЛТАНБЕКОВА, бизнес леди:
"Эркектердин энергиясы бизге өттү"
- Чолпон Алыевна, суроону кабыргасынан койгондо 21-кылымдын аялзаты кандай болушу керек жана алардын коомдогу орду жөнүндө сөз баштасак.
- Заман-коом өзгөргөнү акыркы жыйырма жылдыкта бир топ муун алмашууларга тушукканына карабастан коомдо аял-затынын да орду өзгөрүп, алардын ээлеген ролу алдыга чыкты. Мурда атабыз таап келип, апабыз үйдө казан-аяк менен бала-тарбиялоо милдети болсо азыр көп үй-бүлөлөрдө тескерисинче болуп жатат. Мен муну эркектердин коомдогу ордун төмөндөтүп же, аларды басынтайын деген эч кандай максатым жок. Болгону бул турмуш чындыгы. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой союз ураганы кыргыз аялдары үч уктаса түшүнө кирбеген иштерди аткарышып, жайкы аптапта, кышкы ызгаарда Кыргызстандын эле эмес төгөрөктүн төрт бурчундагы базарларды аралап, эркектин милдетин аткарып үй-бүлөлөрүн багып келет. Айталы азыр сырткы мигранттарыбыздын басымдуу бөлүгүн аялдар түзөт жана чет жерде тейлөө кызматынан баштап, колунан келип, алы жеткен баардык жумуш түрлөрүн аткарышат. Ошонун негизинде өлкө казынасына бир миллиард доллар өлчөмүндө каражат кирип, ал бир канча жүз миңдеген үй-бүлөлөрдүн социалдык абалын кармап турат. Ошону менен катар эле бул жакта калган үй-бүлөсү сырттан келген акча менен үй-жай куруп жатышкандары жашыруун эмес. Кайталап баса белгилейм. Сырттагы мигранттардын басымдуу бөлүгү жана өлкөгө акча алып келип жаткандар булар кыргыз-аялдары. Ал эми ошолордун арасынан иштин көзүн таап, акчаны багыттуу жумшагандары өлкөнүн алдыңкы сабындагы ишкер айымдардын муунун тарбиялап өстүрсө, тилекке каршы алардын арасында карызга батып үй-бүлөсүнөн ажырагандары да жок эмес.
- Аялдардын демилгени колго алышы заман талабы десек туура болгудай го?
- Ооба, заман талабы, бир жагынан эркектерге караганда аялдардын чет жерде иштеши аз да болсо коопсузураак. Анткени башка өлкөнүн коопсуздук кызматтары эркектерди кармап алып, жөнү жок айып акчаларды сурашса, аялдарга анчалык одоно мамиле көргөзө албайт. Экинчиден, аял-заты табиятынан сарамжалдуу келип, тапкан акчаларын ой келди чача беришпесе керек.
- Заманбап аялдын образы кандайча болушу керек деген суроо бергим келип жатат.
- Бүгүнкү күнү заманбап аялдын образы ар түрдүү болот. Маселен бизнесте жүргөн аялдар менен коомдук иштерге аралашып жүргөн аялдардын көз карашы же стили дейбизби, айтор, ар башка. Бул жерде келбетти кароо, же өзүн-өзү алып жүрүү маданиятында аз да болсо айырмачылыктар болот. Мисалы мен бизнесте жүргөн аял катары айтсам, кийинүү эрежелери, кайсы фирмадан кийим алабыз, парфюмериябыз кай жактыкы дегендей кичине болсо да чоң маани берилген өзүнчө бир байкалбас эрежелер бар. Кечелерге, ишкер чөйрөлөргө, карапайым эл менен жолугушууга барганда өзүн-өзү алып жүрүү маданияты да өзгөчө орун ээлейт. Ал эми коомдук иштерге аралашып жүргөн айымдардыкы башкача.
Мен ушул жерден бир нерсени айткым келет. Бизнес аркылуу көптөгөн чет өлкөлөрдө жүрүп, бир топ ишкерлер менен таанышпыз. Алар биздин өлкөгө келип, көчөгө чыкканда же машине менен кетип баратсак, таң калуу менен карап "эмне силерде бүгүн майрамбы?" деген суроону көп беришет. "Эмнеге" десек "карагылачы көчөдөгү аялдарыңар аябай жасанып, жакшы кийинип алышыптыр, баары сымбаттуу" дешет. Биз күлөбүз. Анткени чет өлкөлүктөрдү карасаңыз майрам күндөрүнөн башка учурда бай-кедейи билинбей эле жынсы, футболка, шортик, кроссовка менен эле көчөдө жүрө беришет. Бизде тескерисинче аларды үйгө кийишет.
- Демек кыргыз аялдары сылаңкорозураак болушат тура.
- Жок, тескерисинче бизде башка өлкөлөргө салыштырмалуу өзүн-өзү алып жүрүү маданияты бийигирээк. Көчөдө сымбаттуу кийинип, өзүн жарашыктуу алып жүрүү бул да болсо искусство. Бул аялзатынын жетишкендиги. Анткени, биздин аялдар өткөн кылымдагыдай үйдө очок башынан чыкпай, бала багып отурган заман өткөн.
Ал учур менен бүгүнкү күндүн айырмасы асман менен жердей. Азыркы аялдар чет жерлерде ишкерлик кылып жүрөт, үч-төрт тилде эркин сүйлөп, эркек кылбаган иштерди аткарып жатышат. Мен кээ бирде жакын курбуларым менен отурганда алар "ой, биздин эркектер болбой калды" деп айтып калышат. Мен болсо тамаша-чынга салып, "алардын шымын кийдик, чачты болсо кырктык, ал аз келгенсип машиналарын айдап жүрөбүз, анан эркектер бизге демилгени бербегенде эмне кылмак эле" деп айтып калам. Башкача айтканда эркектердин бүтүндөй энергиясы бизге өттү. Бул чындык. Болбосо качан эле эркектер үйдө отуруп, көр-тирлик менен алп урушуп калды эле.
- Менин оюмча эркек кишиге караганда аял кишиге бизнесте жүрүү оңойураак болуп, аял өзүнүн сымбатынын пайдасын көрүп көптөгөн келишимдерди оңой бүтүрсө керек.
- Бул сөзүңүздө деле калет жок. Мисалы эркек кишиге караганда аялдын туюуу сезими күчтүүрөөк болот. Эркек адам эмоцияга бат алдырып, тобокелдикке барса, тескерисинче биз жети өлчөп бир кесип, тогуз толгонуп, он ойлонобуз. Ошондуктан бизнестеги аялдарга караганда айрым эркектер батыраак банкрот болот. Мисалы мен эле бир ишке каражат салаардан мурун анын аягын анализдеп, кайтарымы болооруна көзүм жеткенден кийин гана ошол ишке баш отум менен киришем.
- Андан башка ишкерлик дипломатияда аял деген статусуңуз жардамга келген учур болобу?
- Жанагыдай чоң-чоң келишимдерге барганда аял болгонуңуздун өзү эле кошумча моралдык пайда алып келет. Сен сымбаттуу аял болуп, жарашыктуу кийинип, андан тышкары оозуңда сөзүң, жүрөгүңдө көрөңгөң болсо, ишкерликтин аки-чүкүсүн мыкты билсең, иш сенин пайдаңа чечилээри турулуу.
- Мындайча айтканда "встречают по одежке, провожают по уму" дегиңиз келет экен да?
- Бул калетсиз аксиома. Өзгөчө бизнесте.
- Балким чырайын чылап ичкидей сулуу, кийими "сынып" кеткидей кычыраган, бирок мээси тооктукунан кем болбосочу?
- Сиз жаңыласыз. Эч качан билимсиз, түшүнүгү тайкы, акыл-эси кем адам бизнесмен боло албайт. Болушу да мүмкүн эмес.
- Өлкөдөгү акыркы кырдаалды, анын экономикага тийгизген таасири жөнүндө эркек ишкерлерден сурай берип тажаттык, ал эми бизнес леди катары бул суроодон сизден четтей албай койдук.
- Мен муну төмөндөгүдөй түшүндүрөт элем. Бүгүнкү күндө жеке мага эле эмес, бүтүндөй бизнес чөйрөсүнө өлкөдөгү болуп өткөн акыркы окуялар аябай чоң таасирин тийгизди. Орустар айтмакчы бизнес тынчтыкты сүйөт. Өлкөдөгү акыркы окуялардан улам бизге сырттан келчү инвестициянын көлөмү азайып эле калбастан, ички ишкерлердин мүмкүнчүлүгү чектелип, бизнестери токтоонун алдында турат. Мунун кесепети социалдык жарылууга алып келиши толук мүмкүн. Анткени баарыбызга белгилүү болгондой эле бюджет тармагында эмгектенген милиция, мугалим, врачтар эле эмес пенсионерлер да ишкерлер төккөн салыктын эсебинен каржыланат. Бизде бул кенемте толтура турган газ же нефть болбогондон кийин бул маселе убактылуу өкмөттү бир топ эле ойлондуруп койот. Мисалы түштүктө чоң кичинесине карабай ишкерликтин болгон түрү токтоп турат десем жаңылбайм. Ошондуктан азыркы бийликтегилер эң биринчи стабилдүүлүктү тез арада камсыз кылышы зарыл. Антпесе болбойт. Андан тышкары ички рынокту коргошубуз керек. Болбосо качан эле Кыргызстан Кытайдын этин, алмасын, жумурткасын жеп калды эле. Ошол эле учурда өлкөнүн дыйкандары алмасын, помидорун сата албай чиритип жатышса, мал чарбасы менен алектенгендер малын текейден арзан сатып жатышат. Ушул багытты тезинен жолго койбосо анда кыйынчылыктын куйругу үзүлбөйт.
Дагы бир баса белгилеп кетчү жагдай Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда болуп өткөн талап-тоноочулук убагында жабыркаган ишкерлердин абалы азыр кыйын. "Алардын чыгымын ким төлөйт?" деген табигый суроо өзүнөн-өзү туулат. Эгер аларга мамлекет кандайдыр бир деңгээлде иш-чара көрүп жардам бербесе бюджетке абдан эле оордук болот. Анткени ишкерлер казынаны кармап, салык төлөө менен мамлекетти багып келишкен.
Айнура ИСМАИЛОВА




Мусабай МОМУНАЛИЕВ, Кадамжай райондук
кеңешинин депутаты:
- Тарыхта Каныкей энебиз баштаган Курманжан датка, Жаңыл Мырза, мына азыркы бийлик башындагы Роза Исаковналар элдин жүгүн көтөрүп алаарын далилдеди. Алардын бири Чолпон Султанбекова.
Садыр АЛЫМОВ,
Миң-Чынар айылынын тургуну, Кадамжай району.
- Баяман Эркебаев тирүү кезинде Бүргөндү-Кызыл-Коргон-Өтүкчү айылдарын газ менен камсыз кылуу үчүн бекер газ түтүктөрүн орнотуп берип элди арзан газ менен камсыз кылган. Чолпон эже анын улантуучусу.
Зайыр ЖАПАРОВ,
Кызыл-Коргон айылы,
Кадамжай району.
- Биздин аймактан Чолпон Султанбекова депутаттыкка ат салышып, ал кездеги бийликтин кысымынан өтпөй калган. Ошентсе да бүгүнкү күнгө чейин элге жардам берип, жакшылык, жамандыгыбызга үзбөй катышып келет.
Кубат КОЧКОРОВ,
Орозбеков айылы,
Кадамжай району.
- Мен ал кишини жакындан тааныбасам дагы Халмион айылына чоң базар курдуруп берип, ал жерден жүздөгөн адам үй-бүлөсүн багып жатканын билем. Андан тышкары өмүрлүк жубайынын атын жоготпой, ал аткаруучу иштерди аткарып келет.