mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Акылбек ЖАПАРОВ:

"Өлкөнү өнүктүрүү бул адамды өнүктүрүү"
Эмне үчүн өлкөдө
жакыр үй-бүлөлөр көбөйүп баратат.
Акылбек Үсөнбековичти терең тааныштыруунун кажети жок. Бул инсанды Кыргызстанда эле эмес дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө жакындан жакшы билишет. Россиянын финансы министри Алексей Кудрин, экономикалык өнүктүрүү министри Эльвира Набибулина, Өзбекстандын финансы министри Рустам Азимов жана башка экономика багытындагы таанылган профессионал-практиктер ал кишинин ой-пикири менен эсептешип, сыйлап турушат. Белгилүү болгондой Акылбек Үсөнбекович экономика илимдеринин доктору, өлкөнүн финансы министри, экономикалык өнүктүрүү министри болуп иштеп, ошондой эле эл аралык кызматташтык уюмдары менен иштөөдө (ЕврАзЭС, КМШ) чоң тажрыйбага ээ болгон. Жаңы идеялардын генератору. Ошондуктан бул инсандын улуттук экономиканы реформалоо концепциясы кызыктуу эле эмес, биз үчүн пайдалуу да болуп эсептелет.

Учур.
Мен сөзүмдү баштаардан мурун 7-8- апрелде жана түштүктөгү кандуу окуяларда курман болгондордун жакындарына, үй-бүлөөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөм. Бүгүн эле эмес, мындан кийин дагы бул болуп өткөн окуялар ар бир Кыргызстандык атуулга ачуу сабак болушу зарыл. Мындай оор окуялар кайрадан кайталанбасын десек мындан ары жана келечекте кыла турчу иш-чаралар туурасында ой бөлүшсөк болот.

Орто үй-бүлө билим
алууга жылына бир адам үчүн орто эсеп менен
1000 доллар жумшайт
Келечегибиз балдарда деген аксиоманы дайым айтып келебиз. Тилекке каршы эгемендүүлүктүн жыйырма жылдыгында кудайга ишенбеген, ата-энесин сыйлабаган, коммунисттик идеология эмне экенин билбей калган, базар мамилесинен таптакыр түшүнүгү жок өзүнчө бир муунду тарбиялап чыгардык. Мунун бирден бир себеби ата-энелер балдарын жетиштүү деңгээлде камсыздап, таалим тарбия бере алган жок. Ошондуктан Кыргызстандын жана анын жашоочуларынын келечеги болуп, өнүгөлү десек алгач билим берүү тармагын түп тамырынан баштап реформалашыбыз зарыл. Биз ийгиликке жетиш үчүн мектепти же жогорку окуу жайын бүтүргөн жаштар кесиптик аттандаштыкка туруштук берип, талапка жооп бергидей күчтүү мотивизацияга ээ болушу керек. Андыктан билим берүү багытында мен төмөнкү сунушумду айтаар элем. Кыскача: 0-класстан баштап 3-класска чейин билим берүүнүн советтик системасынын принциптерин сактап калышыбыз кажет. (Белгилүү болгондой советтик билим берүү системасы дүйнө жүзүндө бирден-бир мыкты система катары таанылган) 4-класстан 9-класска чейин жыл сайын кыргыз жана орус тилдеринен бирдиктүү мамлекеттик экзамен жүрүшү керек. Андан тышкары ар бир окуучу 9-классты бүтүп жатканда бирден жумушчу кесибине ээ болуп чыкса заман талабына жараша кесип тандагандарына жеңил болмок. Ал эми 9-классты бүткөн окуучу билимин андан ары улантыш үчүн жаңы компьютерден экзамен тапшырат. Эми акырында 10-11-класстын бүтүрүүчүлөрү кайсы бир чет тилин өздөштүргөнү боюнча дагы экзамен тапшырат. Бул жогорку жана орто окуу жайларынын 1-2-курсунун студенттерине да тиешелүү. Жыйынтыгында 18 жаштагы улан-кыздар төрт тилди өздөштүрүп, кыргыз орус жана чет тилине кошуп, компьютерди жогорку деңгээлде билишине шарт түзүлөт. Ошол эле учурда кошумча дагы бир жумушчу кесибине ээ болуп отурат. Мына ушул билим берүү системасынын модели ишке ашып кетсе менин оюмча Кыргызстандын экономикасы көтөрүлө баштап, ал эми мектепти бүткөн өспүрүмдөр жашоого ыңгайлашкан кесип ээлери болушмак. Кошумчалай кетсек мындай бүтүрүүчүлөр биздин өлкөдө эле эмес башка мамлекеттерде да суроо талапка жооп бергидей ишенимдүү кадрлардын катарын толуктайт. Буга жөнөкөй гана арифметика. Мисалы бүгүнкү күнү биздин сырт жерде жүргөн эмгек мигранттарыбыз анын ичинен көбүнүн эмгек квалификациясы жок туруп өлкөгө бир жылда орто эсеп менен 1 миллиард доллар көлөмүндө инвестиция салышат. Ал эми билим берүү системасынын мен айткан моделин ишке ашырсак анда жакшы квалификацияга ээ биздин эмгек мигранттарыбыз 3-5 миллиард долларга чейин инвестиция алып келет. Бул башка көрсөткүч. Эң негизгиси биз 18 жылдан кийин билимдүү, атаандаштыкка жооп бере ала турган муунду тарбиялап чыгабыз.
Башында миллион
Ар бир жаштарда күчтүү сезим болушу зарыл. Ошондуктан мен мусулман өлкөлөрү буга чейин пайдаланып келген төмөнкү сунушту айтаар элем. Наристе төрөлгөндөн баштап анын эсебине мамлекет тарабынан акча которулса ал 18 жашка чыкканда ошол каражат 1 миллион болушу керек. Эмне үчүн? Ал анткени келечектеги окуусун өзү төлөп же өзүнө үй курушу милдет. Бирок миллион алган өспүрүм алган акчасын аракка же тамекиге коротпой башкача айтканда өзүн-өзү каржылаган өспүрүмдөр андан аркы жашоосуна тың болуп тыңгылыктуу жашаса өзүнө эле эмес мамлекет үчүн да чоң пайда. Анткени азыр, мен сиздерге бир нече цифраны мисал тарткым келет.
Жыл сайын жүз миңдеген окуучулар мектеп партасынан чыгып, чоң жашоого аттанат. Алардын 78 пайызы Жогорку окуу жайларына тапшырса, ошонун ичинен 98 пайызы контракттык негизде билим алышат. Мындайча айтканда балдарын окутуш үчүн орто жашаган үй-бүлө баласына бир жылда 1000 доллар акча каражатын жоготот. Бул бир уйдун же бир жылкынын баасы. Андан башка ал студент уул-кызы кийинет ичинет жана батирде жашайт. Ага дагы аз айтканда 1000 доллардын тегерегинде сарпталат. (эки жылкы же уйдун баасы кетти дей бериңиз) Беш жыл окуган бала ата-энесинин чөнтөгүн 10000 долларга кагып жатат. Демек баласын окутам деген адам орто жашап турса ушунча чыгым болгондон кийин жону жукара түшөт. Кыргызстандын трагедиясы ушунда, жана жетишпес үй-бүлөлөр ушундайдан чыгып жатат. Кийин ЖОЖду бүткөн бала өзүнө окшоп беш жыл контрактта окуган, ошондой эле карапайым кызга үйлөнсө эки кембагал үй-бүлө биригет. Куру намыска алдырган бала ата-энесин кыйнап жатып чоң үйлөнүү үлпөтүн өткөрөт. (Айтмакчы, өлкөдө бир жылда ар кандай той ашка кеткен чыгым 1 миллиард доллардан ашат.) Ошентип үчүнчү кембагал үй-бүлөө жаралат. Беш жыл окушуп, жеткиликтүү билим албай, компьютерди, чет тилди жок эле дегенде жөнөкөй жумушчу кесипти билбеген жаш үй-бүлө кайда барат? Албетте туулуп өскөн айылына. Ал жерде болсо алардын дипломуна эч ким муктаж эмес. Мына ушундай ахыбал Кыргызстандын акыркы он жылдыгында өкүм сүрүп келет. Ошондуктан менин оюмча экономиканы кайра калыбына келтириш үчүн эң биринчи билим берүү системасын оңдоодон башташ керек. Ошого жараша адам да жаш кезинен келечегине терең көз караш менен ойлонсо дейм. Улуттук экономиканын туңгуюкка түшүп баратышы да адамдык капиталга талап жоктугу менен бирге аларга стимул менен өнүгүү жолуна үндөгөн үгүт жоктугун биз эске алышыбыз зарыл.

Кириллица, латиница.
Биз эмне үчүн кыргыз тилден сырткары орус тилин да үйрөнүшүбүз керек. Биздин Кыргызстанды бирдиктүү аймак бириктирип турат. Көптөгөн улут этносторун бириктирип алака катышта кармаган бул бирдиктүү тил. Ал орус тили. Анын жардамы менен биз бири-бирибизди түшүнүп турабыз. Бирок бизди мамлекеттик тил бириктирип, ал эми орус тили болсо эл аралык аренага жол ачса албетте сонун болмок.
Кыргыз тилин орус тилине тоскоолдук кылбастан өнүктүрүшүбүз керек. Буга эч кандай талаш жок. Качан ар кандай улуттун өкүлдөрү мектепти мамлекеттик тилде эркин сүйлөп, жаза билгенди тилди өнүктүрүү маселеси өзүнөн токтойт.
Ал эми адам 50-60 жашка чыкканда кыргыз тилин үйрөн деп кыйноо бүгүнкү күнү эч кандай зарылчылык туудурбайт. Ошондуктан менин айтайын дегеним учурда кириллицадан латын тамгасына өтөбүз деген идея бизди Россиядан эле эмес КМШ мамлекеттеринен да бөлүп, арабызды алыстатат. Демек бул идеяга эч качан жол берилбеши керек.

Төлөгөн СУЛАЙМАНОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
15-июль, 2010-ж.:
1-бет
Тааныш бекен ыя, эштекбайлар
2-бет
"Ата-Журт" атасыз калды
3-бет
Эки төшөк эки жаздык
4-бет
Кэмерондун керемети
5-бет
"Өлкөнү өнүктүрүү бул адамды өнүктүрүү"
6-бет
Чолпон СУЛТАНБЕКОВА, бизнес леди:
"Эркектердин энергиясы бизге өттү"

7-бет
Артур МЕДЕТБЕКОВ, УККнын генералы:
"Жаныш абдан ыплас, акмак киши..."

8-бет
Сорттолгон менен соттолбойт
9-бет
Сейрек кадр
10-бет
Жоомарт КАДЫРАЛИЕВ, Кыргыз Эл сүрөтчүсү:
"Жети облустун борборун
"Манас" деп атабасак оңолбойбуз"

11-бет
Дүйшөк Мамбетөмүров, журналист:
"Айылдын ак таңдары
эске түшүп…"

12-бет
Кыргыздын касиети канында
13-бет
Бакыт акматов Ормон опузалоого өттү
14-бет
КАНДУУ ЖОЛ
15-бет
Ак кептер
16-бет
Айбек КАРЫМОВ, ырчы:
"Өкүнгүдөй жаңылыштык кетирбедим"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«