mainkaptal

КИТЕПТЕР

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Кэмерондун керемети

Аватар
Жеймс Кэмерон аттуу кинорежиссердун "Аватар" фильми жер шаарын каптап кетти. Чынында керемет! Адамзатынын абийирин анык ачкан да. Акыл-дарамети ашынган сезимгөй Жеймстин, "мына, сенин дасмияң" деп туруп, цивилизациянын туу чокусундагы эки аяктууларга арнаган эбегейсиз эмгеги. Пандора планетин мисал тартып, замандаштарын "эсиңерге келгиле!" дептир го, чиркин...

Ооба, ал бейишти тарткан. Бейишти талкалап, өрттөгөндөр, басып алгысы, сатып ийгиси келгендер акыры азапка батаарын эң сонун түшүндүргөн. Жакшылап талдаган кишиге ал кино биздин элге, биздин жерге куп келгендей. Кыргызстанды бейиштин төрү деп, эң биринчи ким айтканын билбейм. Бирок, ушул сөздү көп уктум. Жаратылыш-табиятыбыз болсо бейиш болгондур. Ар коктудан куюлган тарам-тарам булактар ал бейиштин тамырыдыр.
Эми биз кандай жашап жатабыз? Алтын издеп Алатоону жардырып, цианид көлдөрдү көбөйттүк. Жайкалган жайлоолорду биринен сала бирин саттык. Ал жайлоодо жаткан ата-бабалардын арбактарын (сөөктөрү коюлганы айтылып келет) кошо саттык. Кезегинде бабаларыбыз жүзүн гана чайып, дарылык касиетине сыйынган Ысыккөлгө "орус-негирге" аралаш киринип атабыз. Аксай, Арпаны Кытайга кыйдык. Өзүбүздөн өнгөн байлыкты кордоп, импорт товарга көз арттык. Үч жылда бирден мыйзам жазып, референдумга чуркайбыз же мыйзам менен жашабайбыз. Ажо шайлап алабыз, аны укпайбыз. Депутат шайлап алабыз, тизип алып шылдыңдайбыз. Уурдамайын кабат үй салып, калың машине мине албайбыз. "Кыздар сойку болду" деп жер муштайбыз, кечинде сойкуканага чуркайбыз. Жарымыбыз мусулманбыз, жарымыбыз иегова-баптист болуп бузулганбыз. Же шариятка, же Конституцияга баш ийбейбиз. Сабаттуулукту сайрайбыз, сабакка барбайбыз. Паракорду жек көрөбүз, пара бергенге тааныш издейбиз. Коррупцияны жоебуз дейбиз, коррупционерди көрсөк кошомат кылып шыйпаңдайбыз. "Бийлик буйрук берди" деп, бири-бирибизди аткылап, кырабыз. Арбакты оозанып, бери карап ант беребиз, ары карап "мант" беребиз. Мамлекеттин жарымы өрттөлүп, өлүм кайгысын тартып атат, жарымы шайлоо саясатынын айласын кылып, рекламасын урдуруп атат... "Аватар" бекенбиз?!
Кечээ бир милийса досум Оштон келиптир. Үч суткага суранып. Үч айдан бери кадимки саламдашууга айланган "тынчсыңарбы?" деген сөз менен алик алыштык. Демейдеги шайдооттугу токтоп, санаа баскан көздөрүн ирмегилеп "Алайлыктар чыкканы жатышыптыр, өлгөндөрдүн кыркылыгын өткөрүп коюшуп, Оштун тегерек-четине чыр салышат экен дешип, ошого даярдык көрүүдөбүз" дейт. "О шордуу башым, о шордуу башым..." деп, ошол Алайлык Кубат аке Жусубалиев жазмакчы, ошол баш шорунан жакында арылбайт окшойт. Мыкаачылык менен кыйылган өмүрлөрдүн артындагы жакындарынын көксөөсү суушу кыйын. Ошентсе да сабыр тутуудан өтөрү жок. Согуш деген согуш. Жоготууну көтөрө билүү өзү бийиктик. Эгер бул имиш чындыкка жакын болсо, анда алайлык саясатчылардын огоротуна сөзсүз таш ыргыйт. Себеби, "бизде саясатчысыз кумурсканын буту сынбайт" деген деген "акыр заман" макалы күнү бүгүн күчүндө.
Көптөгөн оор кылмыштарды камтыган түштүк коогалаңы түз нукка түшкөнчө албетте, убакыт керек. Бирок, ушул учурдан пайдаланчу бийлик самагыч "упайчы" саясатчылар ар кандай аракеттерге барышы мүмкүн. Бир ачуу чындыктан кутула албайбыз. Баягы эле түндүк-түштүк саясаты тымызын "тырпырап" аткандай. Бийлик кумарына кан төгүлүү, өлүм-житим, табигат кырсыктары деле таасир этпейт тура. Биздин жедеп татаалдашып, пастыкка түшкөн саясатыбыз, алысты көрө албаган саясатчыларыбыз, ок менен оттон кайра тартпаган опуртал мүнөз элибиз... Айтор, бейиштей ыйык жердин кадырына жетпей, уйпалап атканыбызды танбайлы. Не дейсиң эми, "Аватар" биз жөнүндө бекен?..
Жумабай АБДАН




  Омоктуусу барбы?

Сакалдууңду санап ал!
Закиржан акем айткандай "кудайга тобаа кылдым", гезиттерди окуп жатып. Бул адам деген өзү бийлик менен дүнүйөгө тойбойт окшойт, акыр.

Кээде акыр заман келип калганбы деп да ойлоп кетесиң. Элдин баары эле акча деп жүгүрүп жүрөт. Ыйман акчанын жанында ылдый жылмышат деген сөз бар экен.
Болбосо, ушул тапта пайгамбар жашына келип калган (андан эчак өтүп кеткендери да бар) Мамбет Мамакеев, Оморбай Нарбеков, Топчубек Тургуналиев, Апас Жумагулов, Жумагул Сааданбеков, Медеткан Шеримкулов, Накен Касиев, Садык Аблесов сыяктуу аксакалдар жулунушуп, кызмат талашып, айланасындагыларды ызы-чууга бөлөп, жаштарга орун бербей же өлкөгө жарытылуу кызмат өтөбөй, "карт бөрүлүк" ур-токмоктору менен "тамыр кармап" иштеп, жасалма сылыктанган абаларыбызды ичимден аябай аячу болдум.
Оморбай Нарбеков деген түрмөгө олтуруп чыккан киши. Илгери союз учурунда болсо мындай "титул" менен министр орун басары эмес, бригадирдин орун басарлыгына да алынмак эмес.
Топчукеңе болсо эл көнүп калды, кайсы жерге барса эле "өрт" чыгат. Эми токойду бүт өрттөп жибербесе болду. Ансыз деле "Ысык-Көлдү айланта токой чарбасын катуу көзөмөл кылган болуп, өлө "шабашка" сындыруу жүрүп атыптыр" деген маалыматты ошол көлдүктөр бизге жеткирип келишүүдө. Мамбет аксакал "Максимдин көзү сонун" деп, сакалына чок түшүрүп алды. "Эми кимдин кайсы органын изилдеп, мактоо-жактоо аракетинде жүрөт болду экен" деп акмалагандар өтө эле көп. Накен байкебиз болсо Бакиевдин убагында аларга ыктап, мурдагы "жакшы, таза кызматкер" деген беделине көлөкө түшүрүп алган. Улам теледен ортосаар сүйлөй берип, акыры "онкону" алып тынды эле. Эми да Исмаилди көздөй ыктаптыр. Ылайым, ошол ыктаганынан ыйман тапсын!
Садык Аблесов деген сакалдуубуз Бакиевдин "Ынтымак Курултайынын" ынтыраган алып баруучу, тамадасы болгондо көзгө бир "жарк" этти го. Болбосо, анын саясатта кандай салмак салып жүргөнүн элес деле албайт элек. Ушу кишиге… эми айтпай эле коеюнчу, көпчүлүктүн жинине тийбей.
Апас Жумагулов деген бар, анын да таза эмес жагдайы толтура. Башка кылганын айтпасак да 1990-жылдагы Ош окуясына себепчи болгонун айта кетсек, жетиштүүдүр. Албетте, бул агалардын өткөндөгү эл алдында сиңирген эмгектерин эч ким танбайт, тана албайт дагы. Бирок, карыганда нообаттуу карышса болот эле деген эле тилек. Кийинки көч мурунку көчкө карай түздөнөт эмеспи. Жакшы карыганга не жетсин.
Же олуя айткандай:
Ааламды жалгыз билсе да
Алтындап үйгө кирсек да
Асмандан жылдыз аралап
Ай нурун кармап минсе да
Бактыга тойбойт, адамзат дегендей болуп атышабы?!
Маадабай ЭШКОЖО




кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
15-июль, 2010-ж.:
1-бет
Тааныш бекен ыя, эштекбайлар
2-бет
"Ата-Журт" атасыз калды
3-бет
Эки төшөк эки жаздык
4-бет
Кэмерондун керемети
5-бет
"Өлкөнү өнүктүрүү бул адамды өнүктүрүү"
6-бет
Чолпон СУЛТАНБЕКОВА, бизнес леди:
"Эркектердин энергиясы бизге өттү"

7-бет
Артур МЕДЕТБЕКОВ, УККнын генералы:
"Жаныш абдан ыплас, акмак киши..."

8-бет
Сорттолгон менен соттолбойт
9-бет
Сейрек кадр
10-бет
Жоомарт КАДЫРАЛИЕВ, Кыргыз Эл сүрөтчүсү:
"Жети облустун борборун
"Манас" деп атабасак оңолбойбуз"

11-бет
Дүйшөк Мамбетөмүров, журналист:
"Айылдын ак таңдары
эске түшүп…"

12-бет
Кыргыздын касиети канында
13-бет
Бакыт акматов Ормон опузалоого өттү
14-бет
КАНДУУ ЖОЛ
15-бет
Ак кептер
16-бет
Айбек КАРЫМОВ, ырчы:
"Өкүнгүдөй жаңылыштык кетирбедим"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«