mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Эки төшөк эки жаздык
Эки генерал бар. Экөө тең баш прокурор болгон. Бири жыла басып, жылмайып жүрүп далай ишти бүтүрсө, бири ачык эле коркутуп Сулейман аттуу түрк ишкеринин "У Дороги" кафесин тартып алып, инисине жаба салган.
Экөөнүн тең бир туугандары капчыктуу. Бириники Таластан таяк жесе, экинчисиники Ысык-Атанын Эпкин айылынан таяк жеген. Бириники шаарды башкарса, экинчисиники шаар милийсасын башкарган. Ушундай окшоштуктарынан улам "булардын киндиги туташпы?" деп ойлосок, чын экен. Анткени экөө чогуу жетелешип барып "Ата-Журт" партиясынын босогосун атташты. Бири саясий кеңешке мүчө, экинчиси тең төрага. Булар кимдер дебейсизби? Акаев, Бакиев бийликтерине көлдөлөң болуп төшөлүп, жаздык болуп жаздалган Мыктыбек Абдылдаев жана Камбараалы Конгантиев.

Мирославга "мир"
Кыргызстанга ким гана президент болгусу келген жок. Мотуев, Үмөталиева, Турсунбек Акун, Кубаныч Апас, Ак-баралы Айт-тике... Эмки кезек Мирослав Ниязовго келгендей. Ушундай, улуттук "герой" биринен сала бири бизде пайда боло берет. Кечөгүнкү Бакиевдин соратниктери бүгүн деле эл башкарчу дымактан кайтпоодо. Демагогдук өңүттөн "коррупция менен күрөшүүнү, таза болушту, уурдабашты" катуу үйрөтүп кирди Мирослав мырза. Мындай акылды карапайым эл качантан бери эле какшап келатат. Ал өзү Акаев менен Бакиевдин алдында дал ошол кызматта турганда неге "күрөштү" уюштурбады десең. Же убактысы болгон жок беле? Гегерал деле өзүн сырттан бир караса, кур сүрөөнгө кубула бербей.

Эсеналиев эркелигин ким тыят?!
Мурда да да жаздык эле, "гүбүрнатырдын күлтүгү төгүлдү" деп. Эми да жазабыз. Адыл Эсеналиев деген билимсиз, бирок картага кумары күчтүү Нарын облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу "герой" жөнүндө. Анын дарегине "Батукаев менен жолугушуптур" деген "свежий" имиш жабышкан. Кызыгы, "Ата-Мекен" партиясынын катарынан чыга качыптыр. "Партия менен эмес, иш менен алек болом" деп анын алешем ишине эле бирөө куштар болуп тургансып. Айтор Убактылуу өкмөт көп эле жерден уят болду. Же "Нарындыктарга боло берет" дегендериби, Ат-Башыга шоопурду аким койсо, Жумгалга криминал барып миниптир. Эсеналиевде болсо айдоочулуктан бөлөк күбөлүк жок. Ал буга чейин аталган партиянын атынан келип, очойгон облуска губернатор болуп отурган. Тагыраагы, башаламандыктан пайдаланып, катын-калачтын кыйкырык-сүрөөнү менен келип эле "көтөн-зордук" кылып облус башкарып калган. Бу, Эсеналиевдин артынан чуусу чубалган "алимент" чатагы кошо келсе, бир четинен Убактылуу өкмөттүн аброюна оңбогондой шек келтирди. Кадр саясатын туура эмес "жайлап" жатышат деген кептин чыгышына нак ушул Нарын губернаторуна окшогондор себеп. Үсөн Сыдыков акесинен үлгү алганбы, ажаан аялдардан турган "баталеон" түзгөнгө үлгүрүптүр. Эми губернатордун милдетин аткаруучулуктан түшөрү менен уялып калбай катын-калачтарын уюштуруп, Нарынга тополоң салганга киришти. Билими, көрөңгөсү тайкылар ушинтип "эл башкарам" деп, жулуна берсе, экиден-үчтөн дипломдуу мыкты кадрлар кайда барат? Акылдуулар эч убакта акмактын алдында иш алпарбайт!

Алдаяр издөөдө, а Виталий...
Совбез дегенге ишеним арткандар бар. Совбездин төрагасынын орун басарына бир карап койбойлубу. Ушул орунбасардын кабинетин теңирчи Дастакеге (Дастан Сарыгуловго) айтып, шамандарча арча менен аластып койсок да болчудай. Өй, антпесек, ушул орунда мурда Хон деген Казакстандын жараны отурган. Эми Виталий Орозалиев деген кыргызбы, французбу же ташкенттик еврейлердин тукумубу... айтор ошол отурат. Мамлекеттик коопсуздук кызматынан чыккан атактуу Алдаяр Исманкулов (бу дагы кыргыз же корей экени, тыңчы же бандит экени белгисиз) дегендин түгөйү. Буларың Марат, Максим Бакиевдер, жанагы Балкыбеков дегендер менен ысык достор экени ачыкталган. "Наркотрафикти ишенимдүү көзөмөлдөшкөн" деген имиштер сууй элек. Алдаяр издөөдө, а Виталий Орозалиев азырынча... Кебетеси, ал кайра нарко багытын колго алчу ниетте болушу мүмкүн.

Адахан Мадумаров
"Бүтүн Кыргызстандан" кеттиби?
"Кызыгы бүтпөйт, дүйнөнүн" демекчи, Адахан Кимсанбаевич ушундай жорук баштаптыр. "Ак Жол" элдик партиясына кирем деп, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын саясий кеңешине арызын таштаптыр. Анда: "Мени "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагалыгы укугунан ажыратып, койууңуздарды өз каалоом менен суранам" деп, бажырайта колун коюптур. И-йе, аланайын Адахан байке, караламан журт каңшаарлап карап турганда бу эмне кылганыңыз?!


Тукени Бектур "кидайт" эттиби?
Университетти Ош базарында эт сатып жүрүп аяктаган, Бакиевдин бийлиги учурунда оңбогондой майлуу кызматтарда жүрүп, кийин акесинин ооматы күбүлгөндө Жалал-Абад облусуна губернаторлук кызматты аркалап, "ал жактагы кайгылуу окуяларга кандайдыр бир деңгээлде тиешеси бар" делген Бектур Асанов "Эгемен Кыргызстан" аттуу партия түздү. Бүтүндөй бир облустун жүгүн көтөрүш кыйын экенин сездиби, айтор жоопкерчилиги аз, жанга тынч депутатты көздөп, "менин да партиям бар" деп "Ормон опуза" кылып, эптеп бир партиянын этегин кармап, "Жогорку Кеңешке барсамбы" деп кыялданып жаткан кези. Илгери Турсунбай Бакир уулун этектеп, "Эркин Кыргызстан" партиясында жүрчү эле, эми ал акесин "кидайт" этти окшойт.





кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
15-июль, 2010-ж.:
1-бет
Тааныш бекен ыя, эштекбайлар
2-бет
"Ата-Журт" атасыз калды
3-бет
Эки төшөк эки жаздык
4-бет
Кэмерондун керемети
5-бет
"Өлкөнү өнүктүрүү бул адамды өнүктүрүү"
6-бет
Чолпон СУЛТАНБЕКОВА, бизнес леди:
"Эркектердин энергиясы бизге өттү"

7-бет
Артур МЕДЕТБЕКОВ, УККнын генералы:
"Жаныш абдан ыплас, акмак киши..."

8-бет
Сорттолгон менен соттолбойт
9-бет
Сейрек кадр
10-бет
Жоомарт КАДЫРАЛИЕВ, Кыргыз Эл сүрөтчүсү:
"Жети облустун борборун
"Манас" деп атабасак оңолбойбуз"

11-бет
Дүйшөк Мамбетөмүров, журналист:
"Айылдын ак таңдары
эске түшүп…"

12-бет
Кыргыздын касиети канында
13-бет
Бакыт акматов Ормон опузалоого өттү
14-бет
КАНДУУ ЖОЛ
15-бет
Ак кептер
16-бет
Айбек КАРЫМОВ, ырчы:
"Өкүнгүдөй жаңылыштык кетирбедим"






??.??