mainkaptal

КИТЕПТЕР

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Жана бирөө

"Ата-Журт" атасыз калды
Катарына Өмүрбек Суваналиев кошулганына делөөрүй түшкөн "Ата Журтчулар" абдан эле өздөрүн акылдуу сезип, оң-сол акыл айта баштаган эле. Мурда-кийин кылган кылыктарын эл унутуп калган сыяктанып. Эми алардын катыгын Катани берди. Өмүрбек Суваналиев "Ата Журт" партиясынан чыгып, кайра эле эстафетаны түштүктүн "бригадирлерине" өткөрүп бергени боюнча маалымат тарады. Бирок Суваналиев бул боюнча расмий түрдө эч нерсе дей элек. Болгону "бригададагы" биргадирлерге кыйын болгонун эшитип турубуз.
Катани мырза "Ата Журттун" катарына киргенде коомчулук кичине кылыгый көз менен карап калды эле, эми кеч болсо да кылган ишин оңдогону үчүн эмне дешер экен?

Талас таңшыйт
Момбеков шайлоого аттанды
Бакиев убагында кыргызга душман болуп, кыргыздын маданият, үрп-адат, салт-санаасын талкалагысы келген максим, малеваная, каганер, елисей, надель ж.б.лардын колу менен маданият министрлиги агенттикке айланып, алты амалыбыз түгөнгөн эле. 7-апрелден кийинки кыйын кырдаалда бул агенттик башына Рыскелди Момбеков келди. Маданият агенттигин министрлик кылып, "Манасты" кыргызга кайрыйм" деп кыйла иш өтөдү. Экс-министрлер Ибрагим Жунусов менен Султан Раевдин, дагы башка маданияттагы "маданияттуу" ичип-жегичтердин кокосуна тыгылган кылкан болгон Момбеков өз каалосу менен отставкага кетип, шайлоого аттанды. Азырынча кайсы партиянын жүгүн көтөрөөрү сыр бойдон калсын. Бирок Рыскелди мырза кайсы партияга кирбесин анын ишин алгалатып, аброюн арттырат деп ишеним менен айта алабыз. Угушубузда "Республика" партиясы Рыскелди мырзага куда түшүп аткан экен, ал партияга макул болдубу же башкага көңүлү чаптыбы, табышмак...


Биздин күндүн алдында
Бокуштун крышасы
Субанбековбу?
Ички Иштер Министри болуп дайындалаары менен Кубатбек Байболовдун алгачкы билдирүүсү кадрдык чехарда болбосун айтып, ал эми криминал менен кучакташкан милиция кызматкерлерине министрликтен орун жок экенин баса белгилөө менен "криминалга аеосуз күрөш жарыялайм" деген. Айткандай эле Кубатбек Калбекович криминалды ийнине киргизгенге билек түрүлө киришкени "караларды" бир топ сестентип койду. Анын бир мисалга Кара-Балталык кримавторитет Алмаз Бокушевге карата оперативдик иш-чара көрүлсө, кайра милиция кызматкерлеринин бетин тырмап "мыйзамсыз тинтүү болду" деп, "Бокуш" тарапташтарын көтөрүп чыкты. Мындай догурунуудан ИИМ кызматкерлери эч качан коркуп калбасы анык. Айтмакчы, Алмаз Бокушевдин "крышасы" экс-ИИМ министри Бакирдин Субанбеков болгонун ыраматылык Рысбек Акматбаев ачык айткан. Анын карачечекей иниси Таалайбек Субанбеков Жайыл районунун акими. Ошентип кан менен келген революцияны жалащ карышкырларга кайтартып баштадык!




Өкмөт өзгөрүш
Атамбаев саясаты
Убактылуу өкмөттүн убактылуу өмүрүн жакшы эле азыктандырды, Алмаз мырза. Орусиядан 10 миллион, Түркиядан 24 миллионду алып келгенин айтсак, абалдын турукташуусуна кошкон салымы калкып чыгат. Ооба, ар кимге чуркап, кадырын салып дипломатиялык жол менен ири сумма өндүрүп келүү деле оңой-олтоң иш эмес. Кырдаал курчуп турганда, кыйын күндө мамлекет тизгинин тартууда дал ушул Алмаз Атамбаевдин таасири күч болгонун танбайбыз. Эмики саясий багытына бараандуу эле аброй менен сапар алды КСДП башчысы.


Бир сапар
"Ипотека" ишке кирсе, элди үй менен камсыздайт
Калкты турак-жай менен камсыз кылуу өлкөнүн эң орчундуу маселелери бойдон калууда. Шаар менен катар эле айыл жергесинде көп үй-бүлөлөр үйгө муктаж. Учурдагы ипотека системасы көп жарандарды ыраазы кылбай келет, себеби, анын шарттары элди алымсындырбайт. Анын үстүнө аттуу-баштуу эле фирмалардын жарандарды акча котортуп, бирок жыйынтыгында элдин же акчадан же үйдөн жок, алакан жайып кала бериши көптөрдүн ишенимин өчүргөн. Турак-жай көйгөйүн чечүү боюнча саясатчы жана ишкер Өмүрбек Бабанов жетектеген "Республика" партиясы 5 жыл аралыгында 1000 000 чарчы метр турак-жай курууга ниеттенүүдө. "Биз "Ипотека" деген аталыштагы улуттук долбоорду иштеп чыктык, анын жыйынтыгында элге 15 жылдык мөөнөттө 10 пайыздык төлөм менен үй алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт",-деди "Республика" саясий партиясынын өкүлдөрү.


Күйүп кетти күйөрман
"Аю" + "Билайн"= футбол
Түштүк Африкада дүйнөлүк футбол жыйынтыкталды. Ага Кыргызстан катышпаса да (кайдан катышмак эле) катышып аткансып, кадимкидей кызыл-чеке күйөрман болгондор футбол башталгандан аяктаганга чейин күйүп-бышып азап чегишти. Бу күйөрман дегениң да биркызыктай калк келет экен, кечээ редакциябызга каптап киришти. "Рахмат эле рахмат!" деп дуулдашат. "Кимге" десек, "Аю" менен "Билайнга" дешет. Көрсө, алар кадимки "Аю" фирмасы менен "Билайн" компаниясына биздин гезит аркылуу ыраазычылык айтканы келишиптир. Аты аталган эки жетекчилик дүйнөлүк футболду Кыргызстандыктарга теледен түз көрсөтүүнү колго алышып, анысын тыкыр аткарышыптыр. Ошентип, Испаниянын жеңишинен кийинки эле жеңиш "Аю" менен "Билайндыкы" болду бейм.


Сыйлык, сыймык
"Түгөлбай ата" түтүүдө
Эл аралык "Түгөлбай ата" коому 2009-жылдын маданий ишмерлерин аныктады. Аталган коом маданият, адабият жана искусство жаатындагы инсандарга "Алтын медаль" сыйлыгын 2009-жылдагы жемиштүү ишмердүүлүгү үчүн "Айтыш" коомунун негиздөөчүсү, коомдук жана маданий ишмер Садык Шер-Нияз, кинорежиссер Темир Бирназаровго жана белгилүү парапсихолог Мелис Карыбековго ыйгарды. Алтын медаль жана дипломдон турган бул сыйлыкты "Түгөлбай ата" коому 1994-жылдан бери ар жыл сайын коомдун рухий турмушуна жигердүү салым кошуп, жаңылык киргизген инсандарга тапшырып келет. Сыйлыкка татыктуу болгон инсандарды алган сыйлыктары менен куттуктап, иштерине ийгилик каалайбыз.




кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
15-июль, 2010-ж.:
1-бет
Тааныш бекен ыя, эштекбайлар
2-бет
"Ата-Журт" атасыз калды
3-бет
Эки төшөк эки жаздык
4-бет
Кэмерондун керемети
5-бет
"Өлкөнү өнүктүрүү бул адамды өнүктүрүү"
6-бет
Чолпон СУЛТАНБЕКОВА, бизнес леди:
"Эркектердин энергиясы бизге өттү"

7-бет
Артур МЕДЕТБЕКОВ, УККнын генералы:
"Жаныш абдан ыплас, акмак киши..."

8-бет
Сорттолгон менен соттолбойт
9-бет
Сейрек кадр
10-бет
Жоомарт КАДЫРАЛИЕВ, Кыргыз Эл сүрөтчүсү:
"Жети облустун борборун
"Манас" деп атабасак оңолбойбуз"

11-бет
Дүйшөк Мамбетөмүров, журналист:
"Айылдын ак таңдары
эске түшүп…"

12-бет
Кыргыздын касиети канында
13-бет
Бакыт акматов Ормон опузалоого өттү
14-бет
КАНДУУ ЖОЛ
15-бет
Ак кептер
16-бет
Айбек КАРЫМОВ, ырчы:
"Өкүнгүдөй жаңылыштык кетирбедим"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«