Айбек КАРЫМОВ, ырчы:
"Өкүнгүдөй жаңылыштык кетирбедим"
Ырчы, обончу Айбек Карымовдун сахнага чыкканына 10 жыл толду. Айбек мырзаны төрүбүзгө чакырып, чыгармачылыгы жана жай турмуш тууралуу баарлаштык.

- Айбек мырза, "сахнада 10 жыл" аттуу концерт бергени жатыптырсыз, даярдыктар кандай болууда?
- Жаңы ырларды жазып, эскилерин жаңыртып, жаңы клиптерди тарттырдым. Сахнада жүргөнүмө 10 жыл болгону менен бирге туулган күнүм келе жатат. Кош майрамдын урматына концерт өткөрүп, түшкөн каражатты Ош, Жалал-Абаддагы жапа чеккендерге которолу деп чечтик. Буга көбүнчө кесиптеш, сахналаштарым көмөк көрсөтүшүүдө. Бир четинен бул 10 жыл ичинде эмне иш кылдым, эмнелерди жарата алдым, өстүмдү же аркага кеттимби, ошону көрсөтө турган концерт. "Ю. Шатуновду же А.Пугачеваны чакырдым" деген нерсе эмес деп ойлойм. Концертиме менин муунумдары ырчылар Бек, Сыймык, Байзакова, Кахарова жана башкалар келишет.
- Жаш ырчыларды катыштырбайт турбайсызбы?
- Менин ырларымды ырдап жүргөн жаш ырчылар, куудулдардын баары келишет. Концертибизди өткөрүп алгандай кийин алдыдагы шайлоого байланыштуу иштерди аткарабыз деген ойдомун.
- Мурда ИИМдин алдындагы ансамблде иштеп жатпадыңыздар беле? Азыр ишиңиздер улантылып атабы?
- Эми азырынча мамлекетибизде ар кандай тополоңдор болуп жатпайбы. Стабилдүүлүк жоголуп турган учурда чынын айтканда ИИМ жетекчилигинде ырга көңүл бөлгөн эч ким болгон жок окшойт. Азыр эми калыбына түшүп келе жатпайбы. Өлкөдө абал тынчтанган соң бул маселе чечилип, ишибиз улантылат деген ойлорубуз бар.
- Кандай учурда балалыгыңызды эстейсиз?
- Балалыкты кичинекей балдарды көргөндө көп эстейм. Анан айылга барганда, айылымды сагынганда эмнегедир алыста калган балалыгымды эстей берем.. Быйыл айылыма, туулган жериме эки жолу барып, жаңы клиптерди тартып келдим. Мени окуткан эже-агайларым менен баарлашуу кылып, атайын теле-берүүлөрдү тарттык. Айылга барып, айылдаштарың менен баарлашуу, алар менен ой бөлүшүү кандай ырахат.
- Анда эс алуу учурунда айылыңызга барат турбайсызбы?
- Мага Көлгө барып эс алган анча деле жакпайт. Эмнегедир тоодо чоңоюп калгандыктанбы, көлгө караганда Токтогулда Чычкандын ичинде же болбосо Тер-Жайлак жайлоосуна барып алып кымыз ичип, кымыздык, ышкын жеп эс алган жагат. Жайлоонун кереметинде эс алууга эч нерсе жетпейт деп ойлойм.
- Жашоодо жаңылып, өкүнүчкө баткан учурларыңыз болгонбу?
- Бул жашоодо эч нерсеге деле өкүнбөйм. Жаңылууларды деле өтө өкүнүчтүү деп ойлобойм. Өмүр бою өкүнүп өтө турган жаңылуулар башыман өткөн жок.
Айнура ИСМАИЛОВА




  Шырылдаң

Күркүрөгөн күзгө жаңы дем менен
Ырчы Гүлнара Кахарова күркүрөгөн күздө жаңы программадагы концерт берүүгө кызуу даярдык көрүп жүргөн кези. Жаңы ырларды жаздырып, акындар, музыканттар менен иштешип атат. Ара чолодо жолдошу, балдары менен бирге көл жээгине барып келүү максаты да бар. Гүлнара Кахарованын кенен маегин гезитибиздин кийинки санынан окуй аласыздар.

"Апам жапкан нанды сагындым"
Ажарлуу ырчы Гүлзинат Суранчиева жаңы эле "Жаз бурак" аттуу ыр жаздырып, ыр сүйүүчүлөрүнүн назарына салды. Эми көлгө барып бир эки күн эс алып, андан соң Караколго төркүнүнө барып, апасына болгон сагынычын жазат.

Эс алуудан тажабаган Чырмаш Төрөбеков
Опера ырчысы Чырмаш Төрөбеков Кашка-Сууlдагы жайлоодо үй-бүлөсү менен кымыз ичип эс алууда. Жайлоодон кийин көлгө чумкуйт. Кызматтык эс алуусу аяктагандан кийин билек түрүнүп чыгармачылыкка киришмекчи.

Тойдон кийин жолго чыгат
Жаш ырчы Бегимай Бекбоева кичинесинен бери достошуп келаткан эң жакын курбусун турмушка узатып, үлпөт тойдо ага курбу кыз болот. Учурда курбусу менен бирге той камын көрүүдө. Той аягына чыккандан кийин гастролду баштайт. Ырчы "алгач көл жээгине барып, андан соң Кыргызстанды түрө кыдырам" дейт.

Нуриса Абазова турмушка чыктыбы?
Назик үндүү ырчы Нуриса Абазова турмушка чыгыптыр. Мындай имишти жакында эле уктук. Бул маалыматтын чын төгүнү белгисиз. Ал эми ырчы айым таптакыр эле чыгармачылыктан алыстап, сахнадан гана эмес радио, теледен да көрүнбөй кетти.


  Кыздарга сүйүнчү!

Даниель менен баарлашып, чайлашкыңыз келсе!
Ырчы жигит Даниелдин продюсери Канат Култаев менен түзгөн келишими соңуна чыкты. Бирок Даниель атасындай көргөн продюсери менен дагы иштешүүнү туура көрүп, келишимдин мөөнөтүн узартканы турат. Учурда ырчы жигит айылына эс алууга кетти. Ата-энесинин кашында эс алып келген соң, "Айат пресстин" "Кумир менен чайлашуу" рубрикасына келип, күйөрмандары менен чай үстүндө баарлашат. Даниелдин күйөрмандары үчүн суроо төмөндөгүдөй:
1. Даниель канча жашында
ыр дүйнөсүнө аралашкан?
2. Ырчынын хоббиси…
3. Кандай тамакты жакшы көрөт?
4. Даниелдин жакын досу ким?
Бул суроого биринчилерден болуп туура жооп берген беш окурман ырчы менен чайлашууга мүмкүнчүлүк алат. Даниелди кумир тутуп, жүрөктөгү сезимиңизди айтып, каалоо-тилегиңизди билдиргиңиз келсе чамдаңыздар.
Байланыш телефондор: 323314, 0772 755529.
Электрондук дарек: musabekova.b@mail.ru

Бурул МУСАБЕКОВА