КАНДУУ ЖОЛ
(Башталышы өткөн санда)
(Детектив аңгеме)
Кадырман окурман, кыргыздар башынан кечирген акыркы беш жылдыкта экономикабыз эңшерилип, байлыгыбыз кемигени менен кылмыштуулук гүлдөп өсүп, өлүм-житим эпсиз көбөйгөнүн билебиз. Атайылап адам өмүрүн кыйуу ачыктан-ачык аңызга айланды. Натыйжада "Кандуу жол" атуу китеп капилет жаралып, калк ичин аралап кетти. Анда Медет Садыркулов баш болгон Кыргызстандын саясатына таасири күч көрүнүктүү ишмер адамдардын жалданма киши өлтүргүчтөрдүн кантип курмандыгы болгону жана кимдер жалдап кан күсөгөнү кеңири баяндалган. Биз ушундан тарта каралуу "Кандуу жол" китебин барактап, сандан-санга узатабыз. Эмесе, жакаңызды кармап, үзбөй окуй бериңиз.


Анткени алардын ал кездеги өлкө Президентинин жакындары аркылуу иштешке мүмкүнчүлүктөрү жок эле, ал канал башка топтор тарабынан ээленип калган. Кибаев өкмөт башчысы болуп турганда бир топ документтерге кол койдурууга да жетишишкен. Кийинчерек Вадимдин атасы Премьер-министрликтен кетип, оппозицияга өтүп калган убакытта да алар аны ташташкан жок, "кийин пайдасы тийет" дештиби, айтор, акча жагынан жакшы колдоо да көрсөтүштү. Алардын акчасы менен Кибаевдин саясаттагы таасири өстү, парламентке депутат болуп шайланды, оппозициялык күчтөргө лидер болуп калды. Эл аралык мафия америкалык жана орусиялык чалгын кызматтарын сатып алуу менен Кибаевди бийликке алып келүүнүн амалдарын кылышты, ошого ылайык ага көп өлчөмдөгү акча каражатын да беришти. Кибаевди өйдө жылдыруу алар үчүн өтө маанилүү болуучу. Анткени алардын атаандаштары мурунку Президент Какаевдин баласы менен кызын колго алып алышып, өлкө ичиндеги экономикалык саясатты көзөмөлдөп калышкан. Какаевдин баласы Аймар көпчүлүк маселе боюнча чечкиндүү болбой, атасына таасир бере албай жатканынан улам, ал мафиялык топ улуу кызы Маржанды тооруп калышат. Ал кыздын атасына сөзү өтө турганын, саясий же экономикалык маселелер боюнча атасы менен эркин талашып сүйлөшө турганын билип алышат да, "кандайча бул кызды колго түшүрөбүз?" деп ойлоно башташат. Маржан күйөөгө тийе элек болгондуктан "болду-болбоду бул кызга татыктуу күйөө табуу керек" деген бүтүмгө токтолушат. Анан өздөрүнө толук көз каранды болгон, сырт келбети келишкен төрт-беш жигитти камдашат, аларды атайын окутушат, айрыкча тиги кыздын кылык-жоруктарын, сүйгөн тамак-ашын, окуган китептерин, жактырган жазуучу, акындарын, музыка, кинолорун, деги тиешеси бар маалыматтарды аларга жаттатышат. Ал жигиттер даяр болуп калгандан кийин Маржан кайсы чет мамлекетке барса дагы алар ошол жерде болушуп, ар кандай шылтоо менен таанышууга аракет кыла башташат. Акыры Швецарияда өтүп жаткан бир чоң саясий форумда Маржан менен ошол атайын даярдалган жигиттердин бири Адик жолугуп калат. Бир көргөндө эле бири-бирине көңүлдөрү туура келгендей болуп, сүйлөшө келсе окуган китептери, сүйгөн музыкалары да окшош болуп чыгат. Жада калса ошол күнү тагынып жүрүшкөн сааттары да окшош, бир эле фирманыкы экен. Адик эл аралык шумпайлардын даярдаган долбоору экендигин Маржан кайдан билсин, билимдүү, колунда иши бар, оозунда сөзү бар, бир караганда төгөрөгү төп келген жититке туш болгонуна сүйүнүп, ага турмушка чыгат. Анын мурда да үй-бүлөсү болгонуна, балдары бар экендигине да карабайт, көп өтпөй андан эркек балалуу болот. Адик болсо Маржанга үйлөнүп жаткан максаты так болгондон кийин, бат эле мурдатан бышыкталган тапшырманы, такталган планды аткарууга киришет, кайнатасынын ишеничине кирет, өлкөдөгү инвестициялык саясатты дароо эле колго алат, финансылык булактарды толук көзөмөлдөп калат. Бара-бара өзүнүн алы жетпеген жерге Маржанды сала берип жатып, мамлекеттик башкаруу системасын толугу менен өз көзөмөлүнө басып калат. Ошентип "бүткүл кыргыз элинин күйөө баласы" аталып, өзүнүн чет жактагы кожоюндарынын планын ишке ашырып, өлкө байлыктары астыртан алардын колуна өткөрүлө баштайт.
Бул маалыматтардын баары 24-марттагы төңкөрүштөн кийин ачыкка чыгып жатпайбы. МЧСти кыжалат кылган нерсе ошол эле көрүнүш кайра дагы кайталанып жатканы. Ал кезде эл аралык аферисттер Президенттин кызы менен күйөө баласы аркылуу кыргыз элинин канын соруп келсе, эми болсо Президенттин уулу Вадим аркылуу колго илинер байлыктарга сугун артып жатышат. Аларды айрыкча алтын кен-байлыктары менен энергетика өтө кызыктырып жаткан. МЧС Вадим менен экономика, бизнес, саясат маселелери боюнча көп сүйлөшчү, анын жаш болсо дагы бизнес чөйрөсүндө тажрыйбасы бар экендигине ыраазы болучу. Бирок, Вадимде мамлекет, эл, улут, улуттук кызыкчылык дегендер боюнча эч кандай түшүнүк жок эле. Ал Кыргызстанды бизнес жүргүзүүнүн, байлык топтоонун аймагы катары гана карап, "кийин эмне болот, тарыхта атасы кандай ат менен калат?" деген суроолор аны беймаза кылуучу эмес. Мурунку Президенттин айлана-чөйрөсүнө тиешелүү ишканаларды, кафе, дүкөндөрдү, үй-курулуштарын кайра бөлүштүрүп, кай бирлерин жөн эле зордук менен тартып алып жатканда ага МЧСтин айтканы бар:
- Вадим, сен жашсың, кандайдыр бир ката кетирсең, өмүрүңдүн акырына чейин оңдоого жетишип да калаарсың. Ал эми сенин атаң жаш эмес, ага тагдыр өлкө башчысы болууну буюруп коюптур, ушул оор жүктү көтөрүп, тарыхта жакшы ат менен калуунун өзү эле кандай бакыт. Оокат, дүнүйө, акча табылат, ал эми жакшы деген ат табылбай калышы мүмкүн. Ушул саам жаман атка конуп, мурдагы президенттей болуп элге жек көрүнүп калса, кийин кайра аны оңдоого атаңда убакыт жок, жашы мына алтымышка келейин деп калды.
Анда Вадим оозу-мурду кыйшайбай туруп:
- Анын мага эч кандай кызыкчылыгы жок. Анын бизден башка деле балдары толтура, кайра-кайра кыргыз катын алып жатпайбы, көрүнөөсүн көрүнөө, көмүскөсүн көмүскө дегендей. Ошолор ойлосун, анын жакшы аттуу болуп тарыхта кала турганын. Мага баары бир, эл ага кандай баа берет, тарых ага кандай баа берет, бул анын проблемасы. Өзүңүз билесиз, папамдын башы жакшы иштебейт, өз алдынча калса көп деле убакыт президент боло албайт. Бизге ушундай шанс берилип жаткандан кийин болгонун алышыбыз керек. Менин активдерим бүтүндөй эле чет жактарда. Бирдеме болсо мен кете берем, мамамды алам да кетем. Өзүңүз билесиз, бизде Израилдин жарандыгы бар, паспорттор да даяр, банкир Черноконь досум жасап берген. Папам болсо өзүнүн кыргызбай-мыркымбайлары, жармагүл-айшакандары менен жашай берсин, андан башканын ага эмне кереги бар ага? Өзү деле "мырк" болгон, ошол бойдон кала берет, эмне президент болгондо башка киши болуп калды дейсиңерби? - деп жооп берген.
(Уландысы кийинки санда)