mainkaptal
Пользовательский поиск
Бишкек шаардык ички иштер башкармачылыгынын начальниги, милициянын полковниги З. Ырсалиевге кайрылуу
Бакыт акматов Ормон опузалоого өттү
Биз Бишкек шаарынын Ленин районунун №3-аймактык өз алдынча башкаруусуна караштуу Ак-Өргөө жаңы конушунун тургундары сизге кайрылууга аргасыз болуп олтурабыз. Себеби, Убактылуу өкмөт келгенден кийин биздин мурдагы жетекчибиз Бакыт Акматов №3-аймактык өз алдынча башкаруусуна кайрадан жетекчи болуп келип алганына каршылык билдирген кат менен Ленин райондук мамлекеттик адмнистрация башчысы И. П. Клименкого кайрылып, кабыл алуусунда болгонбуз. Ошондой эле каттын көчүрмөсү КРнын башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Б. К. Ибраевге жөнөтүлгөн. Ал каттагы келтирилген фактылар "Айат пресс" гезитинин 3-июндагы чыккан санына жарыяланган. ( Б. Акматовдун мурдагы мыйзамсыз иштери тууралуу жазылган кат тиркелген). Анан таң калыштуусу биз кол койгон катты ишенген акимибиз Акматовго, "өзүң тынчыт" деп, биздин ишти карабастан Акматовго тапшырып койгон. Акматов болсо ошол катка кол койгон Ак-Өргөө конушунун жашоочуларынын дарегин алып, айрым кол койгондордун үйүнө чейин барып, коркутуп-үркүтүп, кысымга алып жатат. Биз Акматовго жеке мамилебиз боюнча каршылык көрсөткөн жерибиз жок. Анын кызмат абалынан пайдаланып жасаган мыйзамсыз иштеринин көптөгөн фактыларын келтиргенбиз.
"Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман" болуп, кайра "эмне үчүн кат жазасыңар?" деп ар кимибиздин үйүбүзгө барып, тынчыбызды алганга кандай акысы бар? Кат жазганыбыз үчүн бирден жемеге алып, опузалаган актив сөрөйлөрдү мыйзамдуу ордун биле жүрүүгө көмөк көрсөтөр деген соңку үмүтүбүз сизде.
Биз бул маселени акырына чейин чыгарабыз. Керек болсо Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаевага, Убактылуу өкмөткө чейин жазабыз
Ак-Өргөө конушунун тургундары




Нарындын төбөлдөрү неге тайраңдайт?
Редакциябызга Нарын облусунан келген айымдар кайрылып, аталган облустагы айрым мыйзамсыз иштер туурасында кабарлашты.

- Биздин кайрылып олтурганыбыздын себеби 2009-жылдын 27-мартында кызматтык териштирүү боюнча атайын комиссия түзүлүп, анын курамына С. Эсенаманова, Ж. Жээналиева, С. Жолдошева, О. Мамаев, А. Темирова кирген. Себеби, 2009-жылдын 2-мартында "Интерньюстун" кабарчысы А. Шабданалиева облустун мектептериндеги жылуулук маселеси боюнча сюжет тартып, Нарын шаарынын Токтогул мектебиндеги башталгыч классынын окуучулары үшүп олтурганын, ал эми деректир Б. Найманбаев ата-энелерге жыйналыш өтүп, "сууктан балдар ооруп калса мектепке келбей эле койсо болот" деп айтканы, К. Жакыпов атындагы №5 - мектептин техникалык коопсуздугу сакталбастан ачык проводу менен жылыткычтар балдардын алдына коюлган аянычтуу абал ачык көрсөтүлгөн. Буга жоопкерчиликтүү болгон Нарын шаарынын вице-мэрлери журналисттердин суроосуна жооп бергенден баш тартышкан. Биринчи вице-мэри К. Нурманбетов "мен жылуулукка жооп бербейм" десе, түздөн-түз мектептердин абалына жооп бере турган вице-мэр Ч. Абдыраимакунова "сиздерге менден эмне керек? Андан көрө парк тууралуу сүйлөшпөйлүбү" деп, сулуулар сынагын өткөрүү боюнча кеңешме өткөрүп олтурганы репортажда көрсөтүлгөн. Жетекчиликтин ушундай текебер мамилесинин негизинде учурунда НОМАнын аппарат жетекчисине, мэрге басма сөз катчы Айнура Темирова рапорт жазган. Кызматтык териштирүү учурунда бул иштин жайы бир нече ирет айтылгандыгына карабастан вице-мэр эч кандай түшүнүк берген эмес. Ошондуктан жогоруда айтылган комиссия облус жетекчилигине вице-мэрлер К. Нурмамбетов менен Ч. Абдыраимакунованы ээлеген кызматынан бошотуусун сунуштаган. Айта кетүүчү нерсе, буга чейин да аты аталган эки вице-мэрге шаардык, облустук коллегиянын токтомдору менен кызматтык чара колдонулган.
Кызматтык териштирүү боюнча комиссиянын сунушу орундап, 2009-жылдын 24-апрелинде Ч. Абдраимакунова, К. Нурманбетов кызматынан четтетилген. Ал эми экс-губернатор Тынчтыкбек Чекиев кызматка келгенде Абдыраимакунованы мыйзамсыз жол менен 2010-жылы 11-январда кайра кызматка койгон. Абдраимакунованын ишине текебер болгонуна, мектептердин ахыбалын төмөн түшүргөнүнө карабастан Чекиевдин мыйзамсыз кадам жасаганын кандай түшүнсөк болот? Дегеле Тынчтыкбек Чекиев Нарын шаарынын коллегиясынын чечимин жокко чыгарууга ыйгарым укугу бар беле?
Абдыраимакунова менен Чекиев манту жеп, жакын мамиледе болгону бүгүнкү күнгө чейин аппарат кызматкерлеринин оозунда. Чекиев Абдыраимакунова менен жакын мамиледе болгону үчүн мыйзам бузулушу керекпи? Бүгүнкү күндө деле анын ээлеп олтурган кызматында кылган иши ич жылытарлык эмес. Нарын шаарынын бала бакчаларында, мектептерде, деги эле аты аталган айым көзөмөлдөгөн структураларда ич жылытарлык иш жок, "кайда барба мамайдын көрү демекчи", арыз-даттануулар, чыр-чатак, мыйзам бузуулар, иштеги кемчилиги көрүнүп турат. Нарын шаарында "Ынтымак", "Бактылуу балалык" балдар бакчасындагы тамак ашты уурдоо, кадрларды жөнү жок бошотуу фактылары боюнча чыр бүгүнкү күнгө чейин уланууда.
Ошондуктан Убактылуу өкмөткө, Нарын шаарынын жетекчилигине кайрылып, Чынара Абдраимакунованы кызматтан алуусун талап кылабыз.
Бул айым бүгүнкү күндө бул кызматты аркалоого моралдык укугу жок. Биз өткөөл мезгилдин Президенти, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү жана Нарын шаарынын жетекчилиги мүдөөбүздү аткарып, мыйзам жолунда иш алып барат деп ишенебиз. Далил ирээтинде, "Интерньюс" "Открытая Азия" берүүсү бүт Борбордук Азияга көрсөтүлөт, аты аталган эки вице-мэрдин "иш билгилигин" тастыктаган сюжет биздин колубузда диск, кызматтык текшерүү комиссиясынын сунушу, кызматтан бошотуу боюнча буйруктун көчүрмөсү бар.
Нарын шаарынын
тургундарынын атынан





Кыргыз Республикасынын Президенти Отунбаева Роза Исаковнага
жана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө кайрылуу
55 үй-бүлө көчөдө калабы?
Урматтуу Роза Исаковна, биз Бишкек шаарынын, Жумабек көчөсүндө жайгашкан, №119 жатаканасынын жашоочулары, Сизге кайрылууга аргасыз болуп турабыз.
Биз кезде Мамлекеттик цирктин жетекчиси Исанаев К.Ж., Акаевдик режимдин тушунда, ушул жатакананы өз менчигине чыгарып алыш үчүн, Өкмөт башчысы Н.Т. Танаевди пайдаланып, үйдү мамлекеттик менчиктен чыгарып, бизди өз үйлөрүбүзгө киргизбей коюшканга барышкан,
Бакиевдик режимдин тушунда, маданият министири Раевди пайдаланып, 1,5 жыл жатаканага жарык бербей кыйнады.
Азыр, Убактылуу Өкмөттүн аппарат жетекчиси Каптагаевди пайдаланып, бизди таптаза сыртка чыгарганы турат.
Биз, ушул жатаканада жашаган кыргыздар, өз жерибизде өгөйлөндүк. 20 жылдан бери, кудайдан тилеп келген, убактылуу Өкмөттөн биз ушуну күттүк беле.
Акаевдин куйругу, андан кийин Бакиевдин куйругу, мамлекеттик цирктин жетекчиси К.Ж. Исанаев, эми Убактылуу Өкмөттүн куйругуна айланды.
Мамлекеттин кызыкчылыгынан өз кызыкчылыгын жогору койгон Исанаев азыр эч кимди тааныбай турган убагы. Биз ал кишиге алыбыз жетпей койду.
Бул жатакана, статусу боюнча, "Жилой дом гостиничного типа", 1970-жылы пайдаланууга берилген. Бирок цирктин жетекчиси Исанаев кайда болсо да, "бул үй мейманкана, гастролго келе турган артисстер үчүн курулган" деп, колунда аны тастыктаган документ жок болсо да айтып жүрөт.
Андай эмес, гастролго келе турган артисттер үчүн, атайын цирктин имараты менен кошо курулган өзүнүн мейманканасы бар. Бирок ал мейманкананы башка жакка пайдаланып жүрүшөт. Азыр ал жерде "Нуга бест" жеке менчик коммерциялык ишканасы жайгашкан.
Бул жатакана, Кыргыз Республикасынын менчиктештирүү мыйзамы боюнча (ст. 2 жана ст. 6) ал жерде жашаган элдерге берилиши керек эле. Муну, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу комитети да өзүнүн 03.02.2009ж. №07/1-369 берген жообунда да тастыктаган.
Бирок, ал жерде жашаган 55 үй-бүлөнүн тагдырынан, Мамлекеттик чиновниктердин, өзгөчө цирктин жетекчиси Исанаевдын кызыкчылыгы жогору экен. Муну, биз ушул жылдар ичинде өз терибиз аркылуу сездик.
Урматуу Роза Исаковна, биз үмүт менен, биздин тагдырыбызга киришет деп, ишеним менен Сизге кайрылып жатабыз. 55 үй-бүлөнүн, эми элмет, алардын тагдырлары эмне болот? Жардам бериңиз.
Кайрылууга жалпы
51 адам кол койгон.







кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
15-июль, 2010-ж.:
1-бет
Тааныш бекен ыя, эштекбайлар
2-бет
"Ата-Журт" атасыз калды
3-бет
Эки төшөк эки жаздык
4-бет
Кэмерондун керемети
5-бет
"Өлкөнү өнүктүрүү бул адамды өнүктүрүү"
6-бет
Чолпон СУЛТАНБЕКОВА, бизнес леди:
"Эркектердин энергиясы бизге өттү"

7-бет
Артур МЕДЕТБЕКОВ, УККнын генералы:
"Жаныш абдан ыплас, акмак киши..."

8-бет
Сорттолгон менен соттолбойт
9-бет
Сейрек кадр
10-бет
Жоомарт КАДЫРАЛИЕВ, Кыргыз Эл сүрөтчүсү:
"Жети облустун борборун
"Манас" деп атабасак оңолбойбуз"

11-бет
Дүйшөк Мамбетөмүров, журналист:
"Айылдын ак таңдары
эске түшүп…"

12-бет
Кыргыздын касиети канында
13-бет
Бакыт акматов Ормон опузалоого өттү
14-бет
КАНДУУ ЖОЛ
15-бет
Ак кептер
16-бет
Айбек КАРЫМОВ, ырчы:
"Өкүнгүдөй жаңылыштык кетирбедим"