mainkaptal
Пользовательский поиск
Кыргыздын касиети канында
(Уландысы. Башы өткөн санда)
Манас Ата аяны
Азыр эл ушинтип кан жутуп турган убакта Курманбек баатыр бизге отко-чокко түшүп, жалындап, өрттөнүп күйүп келип жатат. Өзү күтүп, сөөгү жаткан жерге "келгиле" деп атат. Баягы Курманбек Баатырдын кабарын айткан Нургүл деген келин Аксыда турат, "жок дегенде эл чогултуп, сен бар десек", "жок, көч болуп келесиңер" деп күтүп жатат дейт. Баягы Каркырага барганыбыз көч болгон да, дал ошондой көч болуп баруубузду күтүп атыптыр. Эми ал Атабызга бармайынча кан төгүү тыйылбайт, мына ышкын бышып, чөп катып турат, барсак болбойт беле… Бул аманатты аткарууга жардам кылаар бир төбөлүү адам табылса кана?.. Манас Ата "өз бийлигимди өзүмө арнадыңар, өчкөн отумду тамыздыңар, өлгөн жанымды тирилттиңер, мен эми силердин кашыңарда болойун деп чечтим" деп билдирүү кылган. Биз ал билдирүү үчүн 17 адам Көлдү, Таласты тегеренип мазарларда иштегенбиз. Ошто да иштейт элек ал оюбуз ишке ашпай турат. Акчалуу эл багарлар ушу ишке аз гана каралашып койсо, момунча кан төгүү болбойт эле да.

Президентке буйрук эбак чыккан
Азыр аталардан мындай аян келүүдө "жаңы өкмөт да туура эмес иштеп атат, өз азабын өзү тартат" деп. Кышы менен Манас Ата болгон акылын айтып жатты, айрым төбөсү көрүнгөн эл башыларга айтсак, эч кимисинин уккусу жок. Мурун япониялык бир көзачык "кыргызга жаңы падыша болот, анын ичине Манас Атанын руху кирет, ал кыргызды мыктылап башкарат" деп айткан. Азыр биз ошол учурга келдик. Президент болоор кишиге буйрук эбак чыккан, биз аны билебиз. Болгону эл баш ийип, ал Адам тагына эртэрээк келип отурса болмок. Каалайбы, каалабайбы ал падыша болот. Буйрук, маңдайдагы жазуу такка баары бир ошол гана кишини алып келет…

7-апрелде балдардын руху башкарылган
Өткөндө "Манас атанын жоокерлери топ-топ болуп келип кадимки парадда баскандай болуп өтүп жатышат", деп көргөн кыздарым айтып, "бул эмнеси?" деп менден сурашат. Кадыр Кошалиев деген келип калганынан ага айта калсам, "ал келгендер кайда кетишти анан?" дейт. Анын баары кыргыздын ичине кирип кетти дедим. Чыны менен 7-апрель окуясында шейит болгон балдар баш болуп, ошол согушта дүркүрөп турган жаштардын ар биринин ичинде Манастын жоокерлеринин руху болгон, баатырдык, мекенчил сезим ошентип пайда болгон. Азыр бул Миңбулак хан ордого айланган. Ким кандай иш баштаса да ушул Миңбулакка келип аталардан бата алып кетсе иши жүрүшөт экен. Миңбулак мазарлардын башаты экен. Миңбулак, Кочкор-Ата, Манас Ата үчөө туташып турат экен. Бул жерде көп иштер болуп турат, ал турсун алдыда боло турган падыша тууралуу билдирүү келип атат. Шайлоо болбойт, Эл көтөрүп курултай аркылуу эле падышасын шайлап алат деп айтылып жатат. Кудайдын буйругу менен тандалган падыша болот.

Ташбакага ок өтпөйт
Согуш болуп аткан апрель окуясында баатыр аталардын рухтары келип бизден бата сурайт. Сегизи күнү "аталар чарчады, азыктандыргыла" деген билдирүү түштү. Ак таңда ак кой сойдук. Булар кадимкидей согушпадыбы, айланайындар ай, балдар өлүп кетип атканда, эл ыйлап жибергенде ошол жердеги балдардын ар бирине ташбаканын кеби келип кийилген. Ташбаканын кебинен ок өтпөйт тура. 12-июнда Жалал-Абадда чуу болуп атканын билбей эле беймарал отургам, анан Манас Ата баш болгон башка баатыр аталардын рухтары келип "Жалал-Абаддка кеттик" деп бата сурап атышат деп жанымдагылар айтышты. Анан мен Жалал-Абаддагы тааныштарга байланышсам, ал жерде эл көтөрүлүп атканын айтышты. Апрель окуясына чейин ааламда кырк күн согуш болду. Манас ата аалам согуштарын жеңип түштү. Андан кийинки жеңиш элге берилип, балдар жеңиш алып келбедиби. Бул жерге жеңиш жөн эле келип калган жок. Закиржан-Курманбектен, Курманбек баатырдын ысымын алуу үчүн эле мени бир топ убакыт иштеткен тура. Таласка, Манжылга жалгыз барам (же бир акчалуу болсомчу, барсыңбы, жоксуңбу карабай эле "жөнөтүшөт"). Бир күнү кечигип баратабыз, жанымда кичинекей неберем бар, ал Манас Ата менен сүйлөшүп жүрөт, жетип калганда "мына апа, Манас Атам таарынып кетип баратат" деди, кара булут жамынып кетип бараткан экен, ал бизди жыйырма күн күттү да, ошентип жол азабын тартып жүрүп Курманбек баатырдын атын албадыкпы. Закиржан-Курманбекти кетирүү үчүн иштедик, муну биз эч кимге милдет кылбайбыз, бул Алланын, аталардын буйругу болгон.

Миң булак сыры
Ак жолдо жүргөн, Кудайды жакшы тааныган адам падыша болот. Кыргыз баласынын ар биринин рухунда Улуу Кудайдан кийин эле Манас Ата, ата бабалардын арбактары, мазар жашайт. Тамырыбызда Кыргыз каны жүрүп турганда ал нерселерди эч ким өзгөртө албайт. Эгер өзгөртсөк, бир гана өзүбүз билгибиз, уккубуз, ишенгибиз келбей, маани салбай, маңкуртка айланып, жокко чыгараарбыз. Эл көзүндө жүргөндөр кызмат убактысы тардыгын айтып мазарга келгиси жок. Балким уялышаар. Бирок, алардын дээринде мазар ийгиликтин башаты, бабалар, Манас Ата сөзү акылмандуулуктун булагы, даанышмандык экенин туюшат. Миңбулакка келгенден качпагыла, бул жерден оңолуунун жолу табылууда.




Аксактын алакандай баяны
Кандай шарт жаралбасын, көрүстөндү кайра ачкан болбойт дешет. Себебин кандайдыр жамандык тооруру менен түшүндүрүшөт. Баба сөзүнө баам салбагандан чыккан айрым жаңылыштыктар орду толгус жоготууларды алып келээри айтылып жүрөт. Анын бирин эске салсак.
Кадимки Аксак Темир (Темирлан) - Тимур деген ат менен ай ааламга атагы чыккан, 14-кылымда Борбордук Азиядагы эң ири мамлекетти түзгөн аскер башын ким билбейт? 1941-жылы Самарканд экспедициясына катышкан археологдор дүйнөдөгү басып алуучулардын "атасы" Аксак Темирдин көрүстөнүн ачууга киришишкен. Кайсы бир улуу согушта анын жото жилиги сынат да, жарат ийри бүтүп калган. Натыйжада аксап басып калган жол башчыны замандаштары "Тимур ленг" - "Аксак Темир" деп аташкан. Анын бул кемчилиги бүтүндөй аскерлерин башкарууга, салгылашууга катышуусуна кедергисин тийгизген эмес.
Дүйнөдө эң белгилүү баскынчынын биринин көрүстөнү ачылаардан мурун археологдорго жергиликтүү элдин аксакалдары келип: "Байыртадан келаткан уламыш бар, эгерде Тимурдун көрүстөнү ачылса, жерде жаңы согуш башталат, анын кесепети Тимур жүргүзгөн согуштан да коркунучтуу болот" деп эскертип, көрүстөндү ачпай эле койсо жакшы болоорун суранышат. Археологдор уламышка "чыйт" түкүрүшөт да, көрүстөндү ачышат. Аларды көбүрөөк Тимурдун баш сөөгү кызыктырган. Себеби өзгөчө ыкмаларды колдонуу менен, анын өңүн калыбына келтиришмек. Окумуштуулар баш сөөктү алганда анын чыкыйы мүрзөгө кирген суудан зыянга учурап, бет сөөгү гана сакталып калганын көрүшөт. Ал баш сөөктөн Герасимов деген окумуштуу кеп алып, скелетин изилдеп Аксак Темирдин сүрөтүн түзгөн. Ал сүрөттү азыр биз тарых китептеринен оңой эле таап алабыз. Бул иш чаралар бүткөндөн кийин сөөк күмбөзгө кайра койулган. Ошол эле жылы 22-июнда Улуу Ата-Мекендик согуш башталган. Чыны менен анын азабы Аксак Темир учурундагы салгылаштардан миң эсеге көп болгон.
Эсиңердеби, Бакиевдин тушунда Чолпонбек Абыкеев деген билерманыбыз баш болуп Таласка күрөк, чукулугун көтөрө чуркап, "Манас атасынын алтынын алам" деп Кароол Чокуну казганы. Ага улай дагы бир тобу дабырап, Чынгызхандын казнасын "жүктөп келмекке" Ысык-Көлдүн Күрмөнтү тоолорундагы үңкүрлөргө жол салып... Бизде деле оңой эмес согуш болуп өттү. Кокус мээбизге ушундай жок жоруктар "кылт" эте калса, кичине сабыр этип, сыр-түйүнүн чечмелей жүрөлүчү ээ, тууганым...
Бетти даярдаган Жумабай АБДАН




Хадис кайрыктары
Кудайдын ою боюнча эң адилет согуш бул-зулум падышага карай айтылган акыйкат сөз.
Турмушта көп жаңылышып жана көп тажрыйба топтогон адамдар жоош жана жумшак болуп калышат.
Кыянаттын эң оору-падышанын өз эли менен соодалашканы.
Кимде-ким тынчтык бүтүмү менен жашап жаткан бөтөн диндеги адамды өлтүрсө, ал бейиштин жытын да жыттабайт. Ал эми анын күнөөсү кырк жыл аралыгына чейин жоюлбай турат.
Ар бир нерсенин ачкычы бар. Бейиштин ачкычы бей-бечараларды сүйүү.







кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
15-июль, 2010-ж.:
1-бет
Тааныш бекен ыя, эштекбайлар
2-бет
"Ата-Журт" атасыз калды
3-бет
Эки төшөк эки жаздык
4-бет
Кэмерондун керемети
5-бет
"Өлкөнү өнүктүрүү бул адамды өнүктүрүү"
6-бет
Чолпон СУЛТАНБЕКОВА, бизнес леди:
"Эркектердин энергиясы бизге өттү"

7-бет
Артур МЕДЕТБЕКОВ, УККнын генералы:
"Жаныш абдан ыплас, акмак киши..."

8-бет
Сорттолгон менен соттолбойт
9-бет
Сейрек кадр
10-бет
Жоомарт КАДЫРАЛИЕВ, Кыргыз Эл сүрөтчүсү:
"Жети облустун борборун
"Манас" деп атабасак оңолбойбуз"

11-бет
Дүйшөк Мамбетөмүров, журналист:
"Айылдын ак таңдары
эске түшүп…"

12-бет
Кыргыздын касиети канында
13-бет
Бакыт акматов Ормон опузалоого өттү
14-бет
КАНДУУ ЖОЛ
15-бет
Ак кептер
16-бет
Айбек КАРЫМОВ, ырчы:
"Өкүнгүдөй жаңылыштык кетирбедим"