Жоомарт КАДЫРАЛИЕВ, Кыргыз Эл сүрөтчүсү:
"Жети облустун борборун
"Манас" деп атабасак оңолбойбуз"
- Жоомарт агай, учурда атайын топ уюшулуп, кыргыздын кырк уруусунан кырк жигит Алтай жергесине барып, кырк жылкы минип келүүнү пландаштырып атканын кандай кабылдадыңыз?
- Бул күндү 19 жыл күткөм. Себеби 1990-жылдары Манас атанын сүрөттөрүнө Таластагы Манас музейине сынак жарыяланып, ага бир жыл бою жакшылап даярдангам. Ал кезде Манас тууралуу илимий китептер аз болчу. Ага карабай Раиса Кыдырбаева, Самар Мусаевдин жана Сагынбай Орозбаковдун варианты боюнча чыккан китепти окуп, ушулардын негизги идея жаралган. Андан соң Манас атабызыдын арбагы түшүмө кирип аян берди. Эмгегимди үч вариантта тартып, бийиктиги 9 метр, туурасы 7,5 метр болгон мыкты делген варианты 1995-жылы Манас музейинин кире беришине илинген. Бул боюнча сүрөтчүлөр союзунда ачык сынак болгон. Сынакты ошол убактагы маданият министри, музыкант, гитарист ыраматылык Даниял Назарматов, сүрөтчүлөр союзунун төрагасы, ыраматылык сүрөтчү агабыз Сүймөнкүл Чокморов жетектеп, жыйынтыгында менин эскиздерим жеңүүчү болуп табылды. Асанбек Даиров деген сүрөтчүлөр союзунун көркөм жетекчиси "сүрөт тартканы Алтайга барасыңар" деп, ал жакка барчу сүрөтчүлөрдү дайындоомду айтты. Караколдон эки сүрөтчү Макен Дөөлөтбаев, Мукаш Шаршенбиев, анан өзүмдүн студентим төртөөбүз поезд менен сентябрдын башында жөнөп калдык. Ал жерде Фрунзеде сүрөт окуу жайын бүтүп кеткен тааныш адам тосуп алып, бизди жайгаштырып, иштерибизди тактап, жардам берди. Анан сүрөттөрдү тартып, тапшырмалар бүткөн соң жанымдагылар кайра Кыргызстанга жөнөдү, мен калдым. Кыргыз эли илгери Алтайда жашаганы тарыхта белгилүү да. Жапон, корей элдери да Алтайдан көчүп кетишкен экен. Ал тургай кыргыздар Америка континентине да көчүп кеткен деген маалыматтар бар. "Анан Алтай цивилизациясы эмнеге даңазаланбайт?" деген суроо туулат. Мен Алтайда тааныштардын үйүндө жашап турдум. Сүрөт тартып көргөзмө уюштурдук. Абакандагы телевидениеден, гезиттерден келди. Тоо-талааларын кыдырдык, Тайгага бардык, мергенчилердин үйлөрүнө түнөп, айтор кызыктуу окуялар болду. Хакастар жароокер эл болот да, Полтаков айлынын директору бизди узатып, колхоздун адамдары машине берип жеткирип, жакшы жардам көрсөтүштү. Ал жакта кеч күздө кар түштү. Анан биз Абаканга келдик. Эки ай ошол жакта болуп Минсу өрөөнүндөгү музейге бардым. Ал жакта сүрөттү колго тартып, фотоаппарат менен тартууга уруксат жок экен. Байкатпай тартып алдым. Ошентип өзүмө керектүү бир топ материалдарды чогулттум. Буга кыргыздын ат-жабдыктары, кылычы, зооту, жаа кирет. Ошонун баары Таластагы сүрөттү тартканга жардам берди. Ошол учурда "Кыргыздардын курал-жарактары" деген китеп да чыгып калган. Кыскасы китептерден алган маалыматым менен бирге Алтайда жүргөн төрт ай дем болуп, эмгегимди кыйналбай жарата алдым. 1994-жылдын башында баштап 1995-жылы күзүндө Манастын 1000 жылдыгына жетишип калдык. Чыгармам бааланып, Токтогул сыйлыгын, Кыргыз эл сүрөтчүсү деген наам алгам.
- Алтайда жүргөндө азыркы кыргыздын кырк жигитин Алтайга чакырып аткан Акай Кинеге жолуктуңуз беле?
- Акай Кине 2005-жылы Кыргызстанга келгенде "Жоомарт Кадыралиев Алтайга барып келген" деп угуп, өнөрканама келген. Жарымы орусча, жарымы алтайча эптеп, бири-бирибизди түшүнүп, сүйлөштүк. Келген максатын түшүндүрдү. Алтайдагы Чамалган деген жерде Манас атабыздын киндик каны тамган экен. Бизде Кара- Балтада Сары-Булак деген айылдагы тоонун күнгөй тарабында аскалуу чоң кокту бар, ошол жерди Чамалган деп коет. Нурсултан Назарбаевдин төрөлгөн айылы да Чамалган экен. Мына Чамалган деген сөздүн өзүн биздин лингвисттер изилдей элек. Эгер Алтайда Чамалган деген сөз болсо, демек байыркы кыргыз элиндеги сөз өзгөрбөй жашап келе жатат. Ошол Алтайдагы Манас атанын киндик каны тамган жери Чамалгандан биздин жигиттер чен өлчөм менен кырк куржунга топурак салып, 3200 км жерди басып кыргыз жергесине келип, Хан-Теңири чокусуна зыярат кылат. Анткени ал жерге Манас атабыз өзүнүн чоролору менен барып зыярат кылышкан да. Алтайдан алып келген топуракты Теңир-Тоонун этегине чачып ырымдайт. Себеби кыргыз эли теңирчиликке, асманга, сууга, жерге, ташка, токойго жандуу табигатка сыйынганбыз. Келе жатып Кочкор, Жумгал, Суусамыр аркылуу өтүп Өтмөк ашуусун ашып, атабыз Манас жашаган Кең-Колго, күмбөздүн тегерегине барып зыярат кылып, алып келген топурактан ошол жерге чачышат. Анткени топуракта маалымат бар. Топурактан нан, чөп чыгып, чөптөн сүт чыгып атат. Аны биз ичип атабыз, буудай өсүп нан жеп атабыз, андыктан топуракта жандуу жашоо бар. Ошол жандуу топуракты алып келип, Алтай менен Кыргызстандын элинин ортосундагы жерде жандуу байланыш болот. Буга илимдин да алы жетпейт болуш керек. Муну ошол Акай Кине жана бул жактагы адамдар көкүрөгүбүз менен туюп атабыз.
- Уюштуруучуларга барып, кеп-кеңешиңизди айттыңызбы?
- "Дасмиядагы" бешинчи боз үйдө Акылбек Мураталиев штабда маалыматтарды чогултуп отурат. "Дасмиянын" жетекчиси баш болуп ишти уюштуруп жатышат. Кырк уруудан бирден адам тандалып, кимди жиберерди өзүлөрү чечет. Алар поезд менен жөнөйт. Минип келген жылкыларынан "Аккула" деген тукум пайда болуш керек. Ошондон улам кыргыздын миң жыл мурун болгон ооматы кайрылып келгени турбайбы. Беш жылдагы эки төңкөрүш, Ош окуясы болду. "Жамандык болбой жакшылык болбойт" дейт. 7-апрелдеги, Оштогу кандуу окуялардын артынан сөзсүз жакшылык болот. Кыргыз абдан намысына келди. Чын-чынына келгенде өзбектер 8 жыл даярданышкан экен. 90-жылы тополоңдон кийин өзбектердин ич күйдүсү калыптыр да, "кыргыздарды талкалап, Жалал-Абад, Ош облусунун аймагына автономиялык облус түзөбүз. Өзбек тилине статус беребиз" деген. Кыргызстандын түштүгүндө 700 миң өзбек болсо Өзбекстандагы 7 млн. кыргызды кайда алып барасың? Совет учурунда аймак бөлүштүргөндө ошол жакта жашап калган. 1990-жылы 7 миллион деген маалымат бар болчу. Азыр "4,5 миллион эле" деп атышат. Бул азыркы Кыргызстандын жалпы элинин саны менен барабар болуп атпайбы. Алардын паспортторун зордоп туруп өзбек кылышкан. Эми алар көтөрүлсө эмне болот? Ошону ойлобогон өзбектер келип алып чатак салып атышпайбы. Жалал-Абад менен Сузактын ортосунда жердин асты менен 60км тоннель казылыптыр. Аны кантип казды? Бизге билгизбей "кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп", кыргыздын кыздарын зордуктап, Кара-Суу районунун милициясынын башчысынын башын кесип, өрттөшкөн. Чатактын арты эмне менен бүтөт бир кудай билет. Ошондуктан кыргыздын кырк уруусунан кырк жигит Алтайга барып кырк жылкы минип келип, Манас атабыздын туулган жерине зыярат кылып келүүсү зарыл. Алтайдан насип буйруп жигиттер келгенден кийин "кырк жигит Алтайдан кырк жылкы минип келди" деген сөз кыргыз элин аралап, элге энергия тартуулайт. Кыргыз жөнөкөй эл эмес байыркы эл. Боло турган окуяны өлкө жетекчилиги, эл деле жакшы кабыл алат болуш керек. Жолдору шыдыр болсун!
- Бир кезде саясатка да аралашып, депутаттыкка көрсөтүлдүңүз эле…
- 1994-жылы КДК партиясында Жыпар Жекшеев жетекчи болчу. Үч-төрт жолу сьезд өткөрүп, парламентке көрсөтүшүп, кышында үч ай "депутат болобуз" деп шайлоо округдарында иштегенбиз. Ошондон улам азыркы саясий кырдаалдарга өзүмдүн түшүнүгүм бар. Ал кезде Кыргызстан жаңы эгемендүү мамлекет болуп, менчиктештирүү кычап аткан учур болчу. Ошентип саясатка аралашып, "Акаев, андан кийин Бакиев кетсин" деп, 1995-жылдан бери оппозицияда жүрдүм. Мына жалган сүйлөп, элдин мүлкүн тоногон үйбүлөлүк башкаруулардан кутулуп, шейит болгон жигиттерибиз элге эркиндикти алып берип кетти.
- "Бишкек шаарынын атын "Манас" деп өзгөртүшүбүз керек" деп айттыңыз эле. Убактылуу өкмөткө оюңузду айтып, алардын пикирин билдиңизби?
- Ооба, муну айтып келе жатам. "Башканы коюп, Манасты айт" дейт. Бул жөнөкөй сөз эмес. Манас деген өзү эки сөздөн турат. Ман - адам, ас-акыл, "акылдуу адам" дегенди түшүндүрөт. Ман деген сөздү европадагы элдер көп колдонушат. Сөздө өзүнчө күч, энергия турат. Биздин жети аймактын борборун "Манас" деп атабасак болбойт. Бишкек баатыр калмактарга баатырлыгын көргөзүп, калмактын туусун жыккан экен. Ошол туу жыгаарыбыз да убагында "Манас" деп ураан чакырган болуш керек. Биз бул боюнча кол жазмаларды даярдап, өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаевага кайрылалы деп атабыз. Жыйынтыгын дагы көрө жатарбыз.




Гүлжан ТӨРӨГУЛОВА, "Улуу Барчын" партиясынын төрайымы:
"Бүгүн эл алданбайт"
- Гүлжан айым, алгач өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз…
- Айрым гезиттерге барсам "сиз белгилүү саясатчы эмессиз, ошондуктан гезитке чыгара албайбыз" деп айтышты. +з оюңду айтуу үчүн сөзсүз белгилүү саясатчы болуу керек эмес деген ойдомун. Учурда "Улуу Барчын" партиясын түзүп, жетектейм. Андан сырткары элдин мүдөөсүн аткаруу максатында "Жер элдики" деген коом түзгөнбүз.
- Редакциябызга кандай максат менен келдиңиз?
- Мурдагы бийликтен жеке менчикке айланып кеткен жерлерди, пансионаттарды турак-жайларды улутташтыруу иштери кандай жүрүп жатат? Акыркы күндөрү Азимбек Бекназаров ушундай маселелерди көтөрүп, "улутташтырыш керек, өткөрүп берем" деп эле куру сөз менен айтып, жыйынтыгын эч кимге билгизген жок. Мисалы, "Ысык-Көлдөгү бир нече пансионаты өткөрүп бердим, улутташтырдым" деген менен кимге, кандайча өткөрүп бергени туурасында так маалымат берген жок. Мындан сыркары Бакиевдердин жана Данияр Үсөнов сыяктуу анын тегерегинде жүргөндөрдүн жер үлүштөрү, салган VIP шаарчаларs калбадыбы. Ошол эле имараттарды апрель айында "элдерге, муниципалдык кызматтарга өткөрүп берем. Бишкекте бала-бакчалар, мектептер жетишпейт. Бул маселелер каралат" деп айтканы бар. Ошолор эмнегедир тынчып, ал жөнүндө сөз да жок. Элдерге ачык-айкын улутташтыруу жетпей жатат. Элдин арасынан комиссия түзүш керек. Себеби 2005-жылы Бекназаров "Акаевден калган мүлктү элге өткөрүп берем" дегени менен мүлктүн баары Бакиевдин үй-бүлөсүнө өткөнү жалпыга маалым. Калк арасында "чын эле элге өтөбү же кайрадан эле акчалуу чиновниктерге өтүп кетеби?" деген суроо турат.
- Ушул суроо менен Бекназаровго кайрылуу жасадыңыздарбы?
- Кайрылууну даярдадык, бүгүн-эртең киргизебиз. Элде күндөн-күнгө нааразычылык күчөп баратат. "Жер элдики" деген элдик коомдун атынан кайрылабыз. Улутташтыруу комиссиясына карапайым элдин арасынан киргизсин. 7-апрелде канча балдар каза болду. Алар бир бийликти кетирип, ошого окшогон экинчи бийлик келсин деген жок да. "Мамлекетибиз жакшы болуп кетсин, жаңы бийлик эл үчүн так иштесин" деп жанын беришти. Азимбек Бекназаров төңкөрүлүштө биринчи уюштуруучулардан болгон. Ошондуктан ал кишиге ишенип, биздин оюубузду туура кабыл алат деген ойдобуз. Улутташтаруунун өзүнүн жолдору бар. "Улутташтырылды" дешти, бирок маалыматтар ачык эмес. Же нормативдүү актыны жазышпайбы, "баланча имаратты алып, маммүлккө тапшырдык" деп. Элдин баарына ачык айтканга убактылары жок болсо, гезиттер аркылуу жеткиришсин да. Кайсы декрет менен алынды, номери канча? Иса Өмүркулов "шаардын жеринин ичинде бир грамм жер жок, жер эч кимге бербейбиз" деп айтып атат. Бул туура эмес, элдер дагы сокур эмес, кимдин кайсыл жерде 20-30 гектар жери бар экенин билет. Ач көз чиновниктер шаардын тегерегинен алып коюшкан. Макул ал жерлерге кооз имарат салышсын, бирок элдер муктаж болуп атышат да. Жумушсуз, жашаганга жери жок жаштар толуп атпайбы. Аларды кайда батырат? Комиссия боюнча 2-июнда Роза Отунбаевага кирип чыкканбыз. Ошондо, "карапайым элден комиссияга киргизгиле, ачык болсун" деген сунушубузду айтканбыз.
- Роза Отунбаева кандай жооп берди эле?
- "Иса Өмүркуловго тапшырам" деген. А Иса Өмүркулов болсо башкача жооп берип атат. Булар деле эски ыкма менен элдерди ар жакка түртүп коюуну көздөшүүдө. Бирок элдер азыр билип калышты, бийликтин оюндарына алданбайт. Ошол эле учурда бийликтегилер да элдин күчүн билишет. Эл жарылса Иса Өмүркуловун да, эч кимисин карабайт. Бул жерде элдин мүдөөсү аткарылбай жатат.
Бурул МУСАБЕКОВА