Бакыт Акматов мыйзам чегинде жазалансын!
Ак-Өргөнүн жерин арыштап сатып, айабагандай байлык топтогон айыл өкмөтү Бакыт Акматов "уялбагандан өзүң уял" дегендей, бүгүн чындык үчүн күрөшкөн Ак Өргө жаңы конушунун айрым адамдарын эринбей кыдырып, керсейе сүйлөп, "билгениңерди кылып алгыла, таянган кожоюнум кыйын" деп келген. Аз күндөн бери онтоп ооруканага жатыптыр. Көрсө аны жөнсүз каралай берип, Ак Өргөлүктөр оорукчан кылган имиш. Кудая тобо, баягы "оосурган кыз оосурбаган кыздын бетин тырмайт" болуп, жаңы конуштун бала бакча, балдар аянты, спорт комплекси деген жерлеринин баарын тааныш-билиштерине 10-15 миң доллардан сатып, жашоосун оңдоп, дардайа семирип, арам акча менен алган машинасын дардаңдап чаң ызгыта айдап, кудайын да тааныбай калганын унуттубу? Эми ага Ак Өргөнүн айыл өкмөтү болуп иштегени аздык кылат экен. Депутат болот имиш, андан нары аким, губернатор, министр. Аппетитиңе баракелде! Албетте, Ак Өргөдө сатыла турган жер калбай калса, анан башкага көз кызартат да. Айтор Бакыт Акматов мыйзам түрүндө жазаланышы зарыл. Биз журналисттик кенен изилдөөбүздү баштадык. Бакыт Акматов жана ага убагында жер сатуу схемасы боюнча жардам берип, кош колдоп колдоп, көп нерсеге көз жуумп келген чиновниктер жана бийликке жармашкысы келип аткан бир топ адамдардын кылган иштеринин бети ачылат. Ооба, биз революцияны эмне үчүн жасадык? Бакыт Акматов жана ага окшогон анын тегерегиндеги шумпайлар ичип-жеп, жазасыз калсын, жыргасын деппи?


Алымбеков "ак алтынчыбы?"
Ички иштер министринин орун басары, Ош облусунун коменданты болуп жүргөн "отко салса күйбөс, сууга салса чөкпөс" Бакыт Алымбеков депутат болуп жүрүп, 2002-жылы Аксы окуясынан кийин Акаевдин амири менен Жалал-Абад ИИБсине башчы болуп барган. Кийин Ысык-Көл областтык ИИБсине начальник болуп барып, көлдүктөргө параны кантип алуу керектигин катуу үйрөткөн. Кара куурай менен кармалган көлдүктөрдөн "ручниктин" салмагына жараша жашыл акча сурап жүрүп, Бакиев бийлигинин аркасы менен эң майлуу делген Баткен областына которулат. Себеби Жаныш Бакиев наркотрафикти көзөмөлдөш үчүн ал жакка көздөй кишисин жөнөтүп, Тажикстандан "ак алтынды" кенен кесир алып турган. Кайсы бийликтин болсо колтугуна оңой кирип кетчү бул мырза Бакиев бийлиги убагында Жаныштын колуна суу куйуп, мамлекеттик маселелерди кабинетте эмес, сауна, казино, ресторанда чечип көнгөн Алымбековдун азыр ИИМде отурганга, Ош облусунун коменданты болгонго да моралдык акысы жок эле. Анын үстүнө Ош облусунда Курсан Асанов мыкты иштерди аткарып жатат. Алымбеков абийири болсо кызматынан кетсе. Анын бийлик кумары үчүн, канкорлор менен шарактап жүргөнүнө мынабу сүрөттөр күбө.


Миң доллар тапкың келеби?
"Англис тилин сырттан окуу курсу" лицензия №1400 МОиН.
"Айат пресс" газетасы. Манас көчөсү 115. тел: (0312) 323313
Окуу курсунун шарты:
1. 20-июлдан 1-августка чейин редакцияга келип, кыргызча-англисче 1000 сөздөн турган CD дискин алсаңар болот. Баасы 100 сом. Аны видеомагнитофон аркылуу же MP-3, Mobile Speaker, уюлдук телефонуңарга жаздырып алып жаттоо керек.
2. 1-сентябрдан автор өзү тест аркылуу экинчи этапка өткөндөрдү аныктап бир ай, жумасына беш жолу бир сааттан лекция окуйт. Бишкекке келе албагандарга DVD диски жөнөтүлөт (лекциянын материалы камтылган)
3. 1-октябрда дагы тест жүргүзүлүп, акыркы этапка өткөндөргө жумасына беш жолу эки сааттан америкалык атуул сабак берет. Бишкекке келе албагандар үчүн кошумча электрондук варианттагы окуу куралдары жөнөтүлөт.
Эскертүү: Акыркы этапка өткөндөр үчүн, сабак менен катар чет жакка чыгуунун жол жобосу, кандай, кайсыл ишке орношуу тартиби, ал жакта өзүн-өзү алып жүрүүнүн шарты ж.б туурасында түшүндүрмө берилет.
Бул бир гана жолу болуучу акция! Эгер кокустан өкүнүп калбайын десеңер шашылгыла! Кудай буйурса, англис тилин окуп үйрөнүүнүн мындай оңой, натыйжалуу ыкмасына кызыгып, каалоочулар күткөндөгүдөн алда канча арбып, катар өлкөбүздүн аймагынан гана эмес, коңшу Казакстандан да келип жатат. Эскертүү, каттарды sms аркылуу да жөнөтсөңүздөр болот.
Сырттан окууну каалагандар төмөнкү анкетаны толтуруп, редакцияга жөнөтүңүздөр.
Редакциянын байланыш телефону: (0312)323313. (0773)286470. (0770)584621. (0555)616568.
E-mail: ai-nura87@mail.ru