Акыл үйрөткөндөр сойку кыздардын киймин кийишти

Алыбай КАЙЫПОВ, генерал-майор:
"Кыргызстан эки хулиган президенттин азабын тартууда"

Алыбай Кайыпов кыргыздын белгилүү чекисттеринин бири. Анын укук коргоо, улуттук коопсуздукту сактоо тармагында сиңирген эмгектерин коомчулук жакшы билет. Чекист катарында өткөн мезгилдердеги мамлекеттик деңгээлдеги көп сырларга күбө болгон. Бирок, дал бүгүнкүдөй чалкеш заманда Алыбай Кайыповдой генералдардын бош калганы түшүнүксүз. Бүгүнкү кыйын кырдаалда чыныгы профессионалдардын тажрыйбасын пайдаланыш зарыл.
Эмесе маектешибиз генерал-майор Алыбай Кайыпов.

- Улуттук коопсуздук кызматында, канча жылдар бою жетекчилик кызматтарда иштедиңиз, Кыргызстандын ички, тышкы жагдайын жакшы билесиз. Ош окуясын болтурбай, алдын алууга болот беле?
- Мындай окуяны алдын алып болтурбай кое турган орган бул бүгүнкү ГСНБ (мурдагы КГБ). Улуттук Коопсуздук органынын максаты бул коомдо жана мамлекетте өтүп жаткан процесстерди толук жашыруун ыкма менен көзөмөлгө алуу. Кичине эле терс көрүнүшкө айланып кетүү учуру байкалса ага каршы тийиштүү чараларды кабыл алуу ГСНБнын эң бирден-бир негизги максаты. Жогорку жетекчилик органга жөнөтүлүп жаткан маалымат абдан текшерилиши керек же болбосо ошол эле президентти же өкмөттү ыңгайсыз абалга калтырып коюшу мүмкүн. Жогоруда айтылган максат бул органдын алдында турган көп тапшырмаларынын бири болуп эсептелет.
Ал эми эмне үчүн бул окуяга жол берилди деген суроолор туулуда. Буга менин жообум - бүгүнкү СНБ бул оорулуу орган болуп турат. Буга раматылык Анарбек Бакаевден кийинки келип кетишкен мурдагы ГКНБнын, МНБнын, СНБнын жетекчилери күнөөлүү деп айтсак туура пикир болот. Аттарын айтпасак да түшүнүктүү. Анын баары тең өз вирустарын бул системага таштап кетишти. Бул жогорку органдардан ошо жетекчилердин профессионалдык деңгээлдеринин тайкылыгынын негизинде өтө тажрыйбалуу, билимдүү көптөгөн офицерлер биринин артынан бири куулду. Алардын ордуна бири досторун жыйнады, экинчиси көчөдө жүргөн тааныштарын тыкты, ал эми үчүнчүсү уюшулган кылмышкерлер менен кучакташып, алардын кучагынан чыга албай жүрүп жоголду. Ушул система ушинтип олтурса кантип оңолот эле? Баарынын башында турушкан качкын президенттер болушту. Бүгүнкү коопсуздук органы жогоруда айткандай негизи (фундамент) чирип, дубалдары урай баштаган эски тамды элестетет. Бул тамдын ордуна кайрадан жаңы, иши, дили ак эл үчүн кызмат өтөгөн системаны же органды курбаса болбойт. Мейли жүз кызматкер табылбаса да беш офицер болсун, бирок алар адистик окуу жайын бүтүргөн же тийиштүү даярдыктары бар, өтө таза, чынчыл, сабаттуу, кичи пейил, бизнеске аралашпаган, өз мекенине ыйык берилген кадрлар менен башташ керек. Азыркы Коопсуздук органы парламенттин алдында жооп бере турган структурага айланганы туура. Мына ушинтип жогоруда айтылып кеткен себептердин негизинде СНБ органы Ош окуясын алдын-алуу эскертүү маалыматтарын ала албай калды десек жаңылбайбыз.
- Демек биздин Улуттук Коопсуздук Кызматынын чабалдыгы, алсыздыгы, иш билбегенинен улам ушул окуяга жол берген турбайбызбы?
- Ош, Жалал-Абад, дегеле Фергана өрөөнүндө акыркы 10 жылдын ичинде жарылуу заттын боосу бир түтөп, бир өчүп тургандай сезилип келген. Хиз-бут Тахрир сыяктуу диний элементтин кайра-кайра жанданганы, кошуна мамлекеттерден (Тажикстан, Өзбекстан ж.б) оор кылмыш жасап качып келген кылмышкерлер үчүн биздин түштүк калаабыз эс алуу жайына айланып калганы баарыбызга маалым болуп эле келген. Аларга каршы иштей турган органдардын күч аракеттери ошол талапка жооп бере албады. Буга себеп боло турган бир топ маселелер болуп келди. Булар шайлоо, референдум, "тигиге тийбе, буга тийбе" ж.б. тоскоолдукта. Андан сырткары күч структура же укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлыктарынын аздыгы, атайын каражаттардын жетишсиздиги, эң негизгиси жогорку мамлекеттик жетекчиликтердин коррупцияга батканы болду десек жаңылбайбыз. Бекеринен Анжиян окуясы болгондо (2005-жыл) Өзбекстан мамлекетинин президенти Ислам Каримов 2,5 саатка жакын пресс-конференциясынын жарымын Кыргызстандын жетекчилигин сынга алууга арнаган.
- Бары бир "Ошто, Жалал-Абадда абал тынч дегенибиз" менен Фергана өрөөнү бизди тынчсыздандырбай койбойт. Өзбек бийлигине тишин кайраган талибандар, ислам кыймылдары бар дегендей. Ош окуясы ушу менен токтоп калабы же дагы деле оюндардын алдында турабы?
- Мен мурда Ошто иштеп жүргөндө ар тараптан жумуш издеп келип калган мусулман тилинде сүйлөгөн жаштар көп жолугар эле. Алардын айрымдары кайырчы катары мечитти тегеренип, базарды айланып күн өткөрүшкөнүн аныктаганбыз. Алардын көбүн текшерип, ички иштер бөлүмүнүн кабыл алуу жайларына жеткирип, андан кийин текшерүү иш чараларын көрүп, кармалганын кармап, таза болсо өз мекендерине чыгарып жөнөтүп ийчүбүз. Бирок акыркы мезгилдерде ошол рейддик жумуштардын саалдап калгандары байкалбай койгон жок. Аларды текшермек турсун башкасына баш болбой калбадыкпы. Чакырып туруп 100 доллар берсең эмне иш болбосун аткарып берүүгө даяр эле. Андан көп акча берсең, андан көп ишке кетет. "Тияктан, бияктан кириптир" деп атат, ага деле мен көп ишене бербейм. Ош, Жалал-Абаддын ичиндеги эле жанагындай адамдар колдонулуп кетти окшойт.
- Анан ушул кырдаалда өзбек президенти Ислам Каримовдун кадамына кандай карадыңыз? Кээ бири эрдик катары баалап атат, бирок баарыбир өз кызыкчылыгы бар эле да.
- Ал кишинин менимче эч кандай кызыкчылыгы жок. Кадамы абдан туура.
- Терроризм боюнча кооптонушубуз керекпи?
- Бул маселе укук коргоо органдарынын алдында турган бирден-бир маанилүү тапшырмалардын бири болуп эсептелет. Күндө талап кыла турган беш маселе болсо, ошонун бири терроризмге жол бербөө иш чарасы деп эсептейм. Терроризмге каршы күрөшүү боюнча күч органдарынын биримдүүлүгү өз ара оперативдик пикир алмашуу процесси эң жогорку деңгээлде болуп туруусу зарыл. Ушул багытта укук күч органдарынын иштерин координациялоо коопсуздук кеңешинин эң бирден-бир эбегейсиз максаты. Мурдагы мезгилде иштеп кетишкен коопсуздук кеңешинин катчыларынын жоопкерсиздик мамилеси кайталанбашы керек. Бүгүнкү болуп өткөн Ош окуясында алардын күнөөсү да чоң. Аны билишпей биринен-бири калбай далбастап, күндө теледен элге акыл айтышат. Жогоруда айтып кетпедимби, түштүк регионунда бүгүн эле чыккан жок. Бул жара мурдатан эле ириңге айланып, жарылайын деп келген. Ошол эле убакта кошуна өлкөлөрдү сындаганга кыйынбыз. Карап көргүлөчү, алар акыркы мезгилде мамлекеттик тартипти кандай зыкылдатып кармап турушат. ИДУ деген кыймылдар кирип чыга беришип, ал мамлекеттер ошого жараша алдын-ала чараларды өз убагында көрүп коюшкан. Мындай иштерди уюштурууда бизден да коопсуздук кеңеши чоң иштерди кылышы керек эле. Ал эми бизде эмне болду? Бирөөсү ар кайсы банктан кошумча айлык алып, Ак үйдүн тамадасы болуп жүрдү. Кийинкилери болсо эмне кылаарын билбей, ар кай жерге урунуп-беринип жүрүп кетишти. Мындан ары коопсуздук кеңеши ушул оор окуядан кийин жемиштүү жыйынтык чыгарат деп ишенебиз.
- Кыргызстан акыркы 5 жыл бою көз жашын көлдөтүп ыйлады, ошондо Бакиевдин жамбашын жазданып, коңулда жаткан саясатчылардын баары азыр элге чыгып, партия түзүп эле Убактылуу өкмөткө акыл үйрөтүп атышат. Аларга эмне деп айтат элеңиз?
- Ошо кезде Бакиев менен чогуу иштеп жанында жүргөн жан-жөкөрлөрү бүгүн көчөдө жүргөн сойку кыздардын кейпин кийип калгандай аянычтуу көрүнөт. Биз күтүп аткандай референдум өттү. Мамлекет жакшы өнүгүп кетсе деген пикирде калгыбыз келет. Бул үчүн өкмөттүн жетекчи кызматтарына мурдатан көп белгисиз, азыркы биздин кырдаалга жооп бере турган таза, уяттуу кадрлар келсе деген тилек. Эл өз оокатын кылып келген, кыла берет. Кадр тандоо кылдаттык менен болсо, созулган убактысына да карабай таза иштеп бере турган адамдар арбын. Бүгүн тилекке каршы бийликке далбастап чуркагандар толуп атат. Алар баягы эле адамдар. Алар бүгүн эл алдына чыгып "партия түзөм, кыйратам" дегенден көрө күнөөлөрүн сезип эл алдында кечирим сураш керек. Эгерде ошондой эле иштегилери келсе колдоруна бирден күрөк алып, Камбаратага барып иштесин, бузулган жолдорду оңдошсун, тоого барып мал баксын же болбосо үйлөрүндө тынч олтурсун.
- Референдум өттү. Мындан ары Кыргызстанга кандай баа бере аласыз?
- Кандуу окуяларды башыбыздан кечирген соң мамлекетти оңдоодо кыйынчылыктар болбой койбойт. Эң негизгиси алдыда келе турган парламенттик шайлоо таза өтүп, татыктуу адамдар келсе деген тилегибиз күч. Мурдагылар кайра келсе мамлекет жыргабайт. Алар жанталашып чуркап жүрөт. Баягы эле талашмай, ызы-чуу, уруулук, авантюра жолу менен парламентке кирип калгылары бар. Бири уурулар партиясын түзсө, экинчиси таксисттер партиясын түзүп, эптеп парламентке жармашуунун айласы. Биз эл-жер үчүн ак кызмат кыла турган лидерлерди колдоп, ошолорго добушубузду берсек жакшы болмок. Кыргызстандын келечеги таза иштеген адамдардын колунда. Ошолор коопсуздукту сактайт, укук коргоо органдарын бекемдеп, коомдо тынчтыкты, стабилдүүлүктү камсыз кылат деп ишенсек болот.
- Алдыдагы парламенттик шайлоо шашылыш түрдө белгиленип калган жокпу?
- Парламенттик шайлоону күзгө белгилегени бир аз эртерээк болуп калды. Азыркы мезгилде өткөн апрель окуялары, Ош окуяларынан кийин биздин коом, мамлекет көп тармактары боюнча жабыркап турат. Ошол эле убакта ызы-чуу кылып, ар тараптан жулунган партиялар күч алып турганда парламенттик шайлоону өткөрөбүз деп аткандарын шашылыш иш-чара катары баа берсек болот. Кээ бирлери мыйзамга такабасак болбойт, мыйзам да кабыл алынып туруусу зарыл деп кыйкырып атышат. Менин оюмча парламенттик шайлоону 2011-жылдын жаз мезгилинде өткөрсө абдан туура болот эле. Таза партиялар жана жаңыдан телчигип келаткан жаш партиялар да бышып, элдин купулуна толуп, парламенттик орунга татыктуу болуп калат эле. Антпесе баягы эле уурулар, авантюристтер, жөөттөр келип, мамлекетибиз мурдагы кейпинен жазылбагандай абалда калышы толук мүмкүн.
- Ош окуясын Бакиевдерге шылтап атпайбызбы. Ошону уюштурганга жол бербеш үчүн аларды кармап калууга болот беле? Василий Иванович дегенди издеп атабыз. Артур Медетбековдон шекшип күнөөлөп аткандар көп, ушул нерсеге кандай баа бересиз?
- Экс-президент кетип атканда узатканы көп эле киши барыптыр да. Бүт ошол жерден башталган башаламандык. Коллегаларымдын арасында отуруп "чындыкты моюнга алалы" деп айттым. Илгери бир буханка нанды уурдаса чыркыратып, аялы, энеси менен учураштырбай алып барып камакка алчу элек. Бул жерде 90дон ашык кишинин каны төгүлүп атса, анан "эртең келем деди, келебиз деди" деп туруп, жанагындай мамиле кылганын кандай түшүнсө болот? Ошондо ким чечимди кабыл алса ошол жооп бериш керек. Жабылуу аякты жабылуу калтырбай ачыш керек. Антпесе болбойт. Эгерде ошол жерде башкача мамиле, башкача чечим-чара көрүлгөндө бул болбойт болчу да. Ош менен Жалал-Абаддын ортосунда кортеж менен жүрүшүптүр, анда деле чара көрсө болот эле го. Бүгүнкү кан төгүлүүгө ошондо эле бөгөт койсо болот болчу.
- Ошо жерде кырдаалды силердин коллегаңар башкарды да Артур Медетбеков, аны Василий Иванович деп атат, ал болсо оң сол интервью берип өзүн актоодо.
- Мен ал жерде болгон эмесмин. "Тигинден уктум, мындан уктум" деп айта албайм. Окуяга баа берерде ага жооп бериш керек. Ачык айтканда курман болгон азаматтарыбыз үчүн тийиштүү адамдар жооп бериши керек.
- Акыркы 10-15 жылда криминалды саясий агымга аралаштырдык да. Президентибиз өзү чөгөлөгөндөн улам, кримдүйнө өз ордун билбей, "кул кутурса башка чыгат" болду окшойт. Эми кантип аларды кынына киргизебиз?
- Кыргызстанга шайланган эки президент элдин убарасын, азабын тартыш керек эле. Анын ордуна кыргыз эли экөөнүн азабын тартып атат. Мындай айтканда эки хулиган баласынын азабын тартып атат да кыргыз эли. Криминалитет саясатка аралашып кеткен, бийликке кирип кеткен. Ар бир шайлоону көрүп жүрдүк, ошол ар бир шайлоодо криминалдарды колдонуп жүрүштү. Анын баарын ошол өкмөт башындагылар билип, өзүлөрү макулдугун берип, күч органдарын күчкө салып аралаштырып, аягы бүгүн кайсынысы криминалитет, кайсынысы мамлекеттик айрып билиш да кыйын болуп калды. Менин коллегаларым таарынышпасын, көбү криминалга аралашып кеткен. Мисалы Италияда Коза Ностра деген жогорку даражадагы уюшулган кылмыш бирикмеси болгон, билесиздер да мафия. Коза Ностра мафия болуш үчүн көп жылдан бери аракет кылып бириге албай жүрүп, аягында килейген Италиялык мамлекеттик мафия болуп саясатка аралаша баштаган. Өкмөт өзү алы келбей калганда армияны киргизген. Ошону талкалап бүтүрүшкөн. Бийлик менен криминалитеттин биригип кеткени, кыргыз мафиясынын бат эле өнүгүп туруп калышына себеп болду.Ошондуктан укук органдарынын ичинде кадрдык реформалар чечкиндүү жүргүзүлүшү зарыл. Криминал чөйрөсү өз ордун билип, саясаттан алыс, өз оокатын жасаса. Болбосо криминал чөйрөсүнө аеосуз күрөш жарыяланышы керек.
Жылдыз АМАНБЕК