mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Шайтандын резюмеси
Жөргөмүш
Үйдүн Куту кеткенде, үйдү желе басат. Желе баскан жерде бир шумдук катылып жаткандай сезиле берет, желе кунарсыздыктын, кандайдыр бир жагымсыз азгырыктын белгиси. Желе, өлүм үчүн тартылган тузак. Тузакка чымын учуп келип кабылганда жашынып жаткан жөргөмүш чыгып келип, чымынды желеге орой чалып, байлап, андан кийин анын канын сорот. Жөргөмүштүн ойунда мындан башка эч нерсе жок. Тамдын төбөсүнөн көзгө көрүнөөр көрүнбөс желенин жиби менен жөргөмүш ылдый түшүп келе жатса, элибизде "конок келе жатат" деп белги кылып коет, бирок кандай конок келе жатканын эч ким билбейт. Түштүктө болгон коогалаңдан кийин, желе тарткан жөргөмүштөр алыс качып кетип, бир күнү кайта кайтып келип, жаңы желесин тартып, канды көксөп жатчудай сезиле берет. Жөргөмүштүн ажалы шыпыргыдан. Ушул көрүнүштөн кийин баарыбыз шыпырыгы менен куралданбасак болбойт. Шыпыргы да керек буюм тура...

Бака
Баканын жаратылышта орду кандай экенин мен алгиче түшүнө элекмин. Анткени көзү тостойгон, балжайган баканы көргөндө денем муздап, жийиркенип кетем. "Бака көлчүктөрдө чарылдаганы эмне болду экен?" деп ойлой берем. Баканын чарылдаган үнүндө эч кандай жагымдуу музыка же симфония эмес, бака балчак. Баканын кандай даарычылык касиети бар экенин угуп билгеним бар, бирок жаратылыштын кайсыл тең салмагын бака кармап турганын мен билбейм. Сыналгыга кийинки күндөрү көп чыгып, бакача чарылдап, көзүн баканыкындай алайтып, тостойтуп сүйлөй берген бир саясатчы сөрөй генералыбызды ошол бакага окшоштуруп жийиркене берем. Адамдан чыккан бака ушул болсо керек. Биздин коомдо анын саясий орду деле жок, бакага окшоп чарылдаганы эле болбосо, бакадан эч айырмасы жок.

Чиркей
Чиркей кичинекей, анын кылган зыяны кичинекей эмес. Каныңды соруп, денеңди оорутуп чагып алат. Чиркейди биз теңибизге албайбыз, бирок биздин бул мамилебиз менен чиркейдин жумушу да жок. Өз ишин кыла берет. Чиркейлер кужулдап, чогулуп алышып, жаны тынбай, үйүр тобу менен айланып учканы учкан. Чиркей аз жашайт, болгон өмүрү 24 кана саат, анан өлөт. Анын ордуна кайра эле башка чиркей пайда болот, ошондуктан биздин оюбузда баягы эле чиркей жашап жүргөнсүп сезиле берет. Мени таң калтырганы, "чиркейдин начальниги ким болду экен, бүгүнкү күндө чиркей кайсыл кызматта иштеп жатат?" мен түшүнө албадым. Адамдардын кыжырын келтирип, акыркы мезгилде чиркейлер да саясатташып кетишкен. Ар кандай коомдорду ача салышып, саясий партияларды түзө салышып, чиркейлер да өз кызыкчылыктарын кое берчү ойлору жок. Бул бечараларды жөн койсок, "биздин өлкөнү чиркейлердин өлкөсүнө айландырабыз" деген ойлору бар экен. Чиркейлерге түтүн керек, түтүн бар жерде чиркей алсыз. А биздин эл Манастын эли, Манас дастанында айтылгандай - түгөнгөн сайын түтөгөн.
Мелис КАРЫБЕКОВ




"Аю" компаниясы
Кытай рыногун өздөштүрүүдө
"Аю" компаниясы - биздин өлкөдөгү спирт ичимдиктерин экспортко чыгаруучу ири өндүрүштүк ишкана. Ишканадагы туура жана натыйжалуу башкаруу системасы, эмгек жамаатындагы профессионалдуу адистердин эмгеги жана рыноктун суроо-талаптарын тынымсыз изилдеп үйрөнүү - компаниядагы жогорку эмгектик натыйжаларды жаратууда.

"Аю" компаниясы жогорку технологиялык өндүрүштүн эсебинен өз керектөөчүлөрүнө жогорку сапаттагы таза продукция берүүнүн өтөлүн алып келет.
Самагон, настойка, бальзам, градустары төмөн ичимдиктерден (50дөн ашык түрү) сырткары "Аю" ишканасында жаңы ыкмалар колдонулуп, жаңы технологиядагы жабдыктарда чыгарышат.
Өндүрүштү камсыз кылуу боюнча компаниянын заводдорунда эң жогорку талаптар ишке ашырылууда. Өндүрүш толугу менен автоматташтырылган. Буга кошумча күмүштүк жана платиндик тазалоодон өткөрүү ыкмасы колдонулат.
Жакындан бери "Аю" компаниясы спирттин бешинчи мууну болгон "Альфа" спиртинин жогорку баскычтагы тазаланган түрү менен иш алып бара баштады. Ал жогорку баскычтагы "Альфа" таза спирти буудайдын тандалган сортунан даярдалат жана эң жогорку класстагы өндүрүштүк ишканаларга сунуш кылынат. Токмокто курулган бул спирт заводу Орто Азия чөлкөмүндөгү акыркы үлгүдөгү технологиялык жабдыктар менен иш алып барган жалгыз ишкана болуп эсептелет. Ошондой эле "Альфа" спиртинин дизайнын атайы дизайнерлер командасындагы адистер жасашкан. Эл аралык көргөзмөдө алтын медаль сыйлыгына жетишкен.
"Аю" компаниясынын продукциялары биздин өлкөдө гана эмес, чет өлкөлөрдө дагы кеңири белгилүү. Үч жылдан бери "Аю" компаниясы өзүнүн сапаттуу продукциялары менен Америкада, Кытайда, Вьетнамда, Малайзияда, Турцияда жана коңшу КМШ мамлекеттеринде белгилүү болду. Ушундай жетишкендиктер менен гана чектелбестен компания америкалык "Стилэтто" компаниясы менен кезектеги партнёрдук келишимди түздү. Бул келишимдин негизинде "Стилэтто" компаниясы "Аюдан" чыгарылган жогорку градустагы орустардын "Самагон" ичимдиктерин сатып алып, өз кардарларына сунушташмакчы.
"Аю" компаниясынын Генералдык директору Бейшен Өскөнбаевдин сөзү боюнча товарды экспорттоо - компаниянын иштиктүү максаттарынын бири, дегеле экспорт маселеси - бул жалгыз бир эле компаниянын эмес, бүтүндөй өлкөнүн аброюн көтөрөт.
"Аю" компаниясынын продукциялары биздин өлкөнүн рыногун чет өлкөлөргө тааныта алды. Ал эми "Альфа" таза спирти жана таза артезиан суусу бул иш-аракеттерди андан нары да улантмакчы.
Генералдык директордун сөзү боюнча "Альфа" спиртине болгон чет өлкөлүк кардарлардын суроо-талабы өтө жогору. Аларды баарыдан мурун сапат маселеси кызыктырат. Ошондуктан, "Аю" компаниясынын продукцияларына дүйнөлүк стандартка туура келген россиялык жана дүйнөлүк рыноктогу ишканалардын кызыгуусу биз үчүн сыймыктануучу көрсөткүч болуп саналат. Аталган ишкана спирт ичимдиктерин чыгаруу жана экспорттоо менен гана чектелбестен, продукциянын башка түрлөрүн да чыгарышат. Жер-жемиштин даамы менен газдалган таттуу "Оазис" суусундугунун бир нече түрүн чыгарып, бүгүнкү күндө өлкөбүздүн рыногунда кардарларыбызга кеңири таанымал.
Чет өлкөлүк кардарлардын биздин продукцияга кызыгуусунун дагы бир себеби, биздин продукциянын экологиялык таза жана нукура дан өсүмдүктөрүнөн жасалгандыгында.
Белгилеп кетүүчү нерсе "Альфа" деген сөз "Аю" компаниясынын өндүрүштүк чөйрөсүндө жаңыдан гана колдонула баштады.
Кыргызстандын таза абасы, тоолу климат менен айкашкан күндүн нуру, жердин жүрөгүнөн атырылып чыккан таза көк кашка суусу - бул таза продукциянын булагы болуп эсептелет. Альфа" спирти Кыргызстанда өскөн эң таза буудайдын сортунан жасалат. Жер түбүнөн сордурулуп алынган дүйнөлүк стандарттагы, эң тунук, муздак жана даамдуу "Артезиан" суусу жана башка керектүү компоненттер пайдаланылат.
"Альфа" спиртинин эң башкы артыкчылыгы анын курамында адамдын ден-соолугу үчүн эң зыяндуу метил спирти абдан аз колдонулат. Мисалы, буга чейин макталып келген "Люкс" спиртинде метилдин кошулмасы 0,03 мг. болсо, "Альфада" 0,003 мг. өлчөмүндө гана кошулат.
"Альфа" спиртин чыгаруу Германиядан cатылып келинген "Шмидт" технологиялык аппараты аркылуу чыгарылат.
Жакында бул продукцияны чыгаруу жана аны жогорку сапатта өндүрүү боюнча атайын адистердин тобу Германиядан барып окуп келишти.
Демек, Кыргыз спиртинин продукциясы Кыргызстандын атын дүйнөгө таанытат.
Кытайлык "Адеми" компаниясынын генералдык директору Джао Теппингдин айтымында "Аю" компаниясы чыгарган "Альфа" спирти Үрүмчү шаарында үч жарым миң соода түйүнүн камсыз кылып жатат. Кытайлыктар бул продукциядан ырахат алып жаткандыктарын айтып өттү. Анан да айына 20миң бөтөлкө өткөрүшөт экен. "Аю" менен кызматташуучу чет өлкөлүк компаниянын тизмесин "Жаңы вино" ("Нова вина") деген француздук компания толуктайт. Бул компаниянын сомельеси Ян ле Кез Кыргызстанга келгенге чейин арак ичимдигин такыр ичпегенин айтып, бул жерге келгенде "Аю" компаниясынын альфа-спиртинен даярдалган аракты татканда трюфель менен шоколаддын даамын сезгенин Европалык ичимдиктеринин даамына окшоштуктары бар экенин байкаган. Француздук компания "Аю" компаниясы менен жаңыдан гана партнердук ишин баштады. Кыргызстандын "Самогон" арагы шотландиялык вискини элестетет - дейт француздук компаниянын өкүлү Жан Ле Коз. Ал эми "Собрание" арагын Эстониядан келген дегустаторлор мыкты деген баа беришкен. Күз айларында болсо Эстонияда "Собрание" арагынын көргөзмөсүн өткөрүшөт. Азырында дизайнын даярдап атышкан учуру. "Аю" компаниясынын тышкы иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы Улукбек Канат уулу компаниянын ичимдик продукцияларын Коста-Рикага экспорттоо үчүн документтерди даядоо иштери менен алектенип жаткандарын айтып берди.

Айнура ИСМАИЛОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
1-июль, 2010-ж.:
1-бет
ФУЛБОЛДУН ЧЕЙРЕК ФИНАЛЫ ЧЕЧИЛДИ
2-бет
Отунбаева мыйзамдуу президент
3-бет
"Республика" партиясы көз жарды
4-бет
"Аблесов деген абышканыкы өттү"
5-бет
Урматбек Барыктабасов,
"Мекен туу" партиясынын лидери:
"Эл революцияны бийлик үчүн жасаган эмес!"

6-бет
Улут аралык жаңжалга жол берген жокпуз
7-бет
Садыр ЖАПАРОВ,
"Ата-Журт" саясий партиясынын республикалык штаб жетекчиси:
"Ачык айтып ак сүйлөгөндү үйрөнсөк"

8-бет
Ар кимде бар ар кыял
9-бет
Шайтандын резюмеси
10-бет
Ак өргөнүн багы качан ачылат же Бакыт Акматовдун таянган тоосу ким?
11-бет
Айына 1000 доллар маяна алгың келеби?
12-бет
Кылым жашап, кыргызга бакыт тилеп...
13-бет
Сыйкыр сан
14-бет
Салтанат Бараканова кимге тоскоол этүүдө?
15-бет
КАНДУУ ЖОЛ
16-бет
Нурзада ЖОЛДОШЕВА, ырчы, ди-джей:
"Алга" деген ураанды эстеп кайраттанам"






??.??