mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Ар кимде бар ар кыял

Шерниязов,
Текебаев кимге таарынды?
10-июлдан кийин Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү "Ата-Мекен" партиясынын лидерлери Өмүрбек Текебаев менен Болот Шер өткөөл кырдаалда өтөгөн милдеттерин өткөрүп берип, партиянын иштерине баш-оту менен киришет. Мурда күнү болсо саясаттын сасык оюндарынан тажаганбы ИИМ башчысы Болот Шер чыгармачылыктагы достору Асылбек Өзүбеков, Эген Чалабаев, Мурат Мамбетовдор менен чоң суунун жээгинде балык кармап, жай турмуштун күнгөй-тескейи тууралуу аңгемелишип, черден чыга эс алды. Жан-дүйнө, бар, жок, ак-кара, өлүм-өмүр тууралуу талашып-тартышкан достордун маанайы жакшы. Саясатсыз эс алууга не жетсин!


Жедиңби, кус да,
Рыскелдиден колуңду тарт!
Маданият министрлигине чыгаан журналист Рыскелди Момбеков келгени бул тармакта тайраңдап, ичип-жеп көнгөн айрым "маданиятчыларда" уйку жок. Албетте, кылган иши жок, 47 миң айлык алып же болбосо "баланча жерде ремонт, түкүнчө жерде бул" деп казынанын миллиондогон акчаларын мойсоп, сол чөнтөккө сологондор тынч уктамак беле. Рыскелди мырза алардын кекиртегине тыгылган кылкан болуп, жеп-ичкендердин жемсөөсүн текшертүүгө белсенип атканы кимге эле жаксын? Колдон келишинче маданият министрин жамандап, эптеп ээрден алып түшүүгө жандалбас урушууда. Бирок "арамдын иши арам" демекчи Момбеков маданияттын "мазгисин" эзип, мандемдүү түрдө курсагын чандайткандардын эсебин колуна берип, айрымдарын соттотуп, казына эсебинен кампайгандарды кустурат деген ишенимдебиз.


Жантөрө
жайлабаса болду
Баа! Жантөрө Сатыбалдиев Ош, Жалал-Абад шаарларын оңдоп-түзөөгө бекиди. Кыязы, Убактылуу Өкмөттөгүлөр Жантөрө мырзадан бөлөк адамды сыйпалап таппай калса керек. Алкымы кичине адамдар балким горизонтто көрүнбөй калгандыр. Болбосо Сатыбалдиевдин сары изине чөп салсаң оуу, көп былыктардын башы чыгат. Бишкек-Ош жолун салам деп дирекцияны башкарып, далай акчаны каалагандай калчап, кабат-кабат үйлөрдү салып, кат-кат катындарды алганы жөнүндө эл ичинде аңыз кептер өтө көп. Анан "карышкырга кой кайтартып" Ош-Жалал-Абад шаарларынын курулушунун эки тизгин бир чылбырын карматкандарга күйөсүң да, күлөсүң. Андан көрү "Кыргызстанга келем эле, келем, гүлдөтөм жыргатам" деп суранып аткан Нариман Түлеевди койсо куп жарашмак. Макул, экөө тең жеп-ичкичтир, бирок Жантөрөгө караганда Наримандын капчыгы кампагайыраак эле да. Казынага анчалык кол салмак эмес. Убагында Бишкекти гүлдөткөндөй Ош-Жалал-Абадды да гүлдөтүп салмак.


Ош окуясына
Конгантиевдер да күнөөлүүбү?
Калың элди селт эттирген кабар аралады. Молдомуса элден жеген таягына ыраазы болбой, Москвада да жөн жатпаптыр. Анын жана агасы Камбараалынын балдары Майлы-Суу шаарында ызы-чуу салганын көргөндөр бар сыяктуу. Конгантиевдин кан кудасы "Ак Жолчу" Арапбай Төлөнов да Бакиев бийлигин сагынып калганбы, айтор, Бишкектин борборундагы "Жалал-Абад" чайханасында шектүү адамдар менен ар кандай жолугушууларды өткөрүп атканын көргөндөр кабарлады. "Жыгылган күрөшкө тойбойт" деген ушубу...

Токтогулду ызы-чуу
кылгандар ким?
Түштүктөгү баш аламандыкты бандиттер да пайдаланды. Алар бу Токтогул районуна барып, ар бир өзбек үй-бүлөсүнөн ар бир киши башына 15 миң сомдон салык салып, акча чогултуп кеткен. "Кыргыздар тийише турган болсо колдойбуз" кыязында. Өмүрү үчүн кимге акча бергенин аңдай албагандар азыр да акыйып отурат.


"Dе-факто" гезити
Роза Отунбаеваныкы дейби?
"Жаныш Бакиевден кечирим сурабайбыз" деп соттошуп-оттошуп атып акыры жабылып тынган "Dе-факто" гезити жакында "дүрт" этип кайра чыга баштайт экен деген кеп тарады. Бирөөлөр "Убактылуу Өкмөткө оппозиция болот экен" десе, айрымдар "редактору Чолпон Орозобекова дайым эле Роза Отунбаеванын үйүндө чай ичип, сөздөрү түгөнбөй сүйлөшүп эле отурчу, Отунбаеваны колдоп чыгат" деп айтып атышат. Эмнеси болсо да,"Dе-факто" гезити эгер кайрадан жарыкка чыга турган болсо таскагы катуу кетери анык. Моюнга алыш керек, медиа-уюмдар жылыга бере турган "Прорыв года" сыйлыгын бир да гезит жеңе алган жок. Жалгыз ушул "Dе-факто" алды тарыхта. Эмне дейли, кайрадан топту жарып чыгып, элди сүйүнткүлө демекчибиз.


Адамкалыйга асылбагыла!
Ал Отунбаеванын күйөө баласы!
Адамкалый Чыныбаев деген аким бар. Жаңы эле Москва районунун башчылыгына дайындалды. Негизи Акаев убагынан бери эле ээрден түшпөй, эркелеп келет. Таянган тоолору укмуш. Эң негизгиси отко күйүп, сууга чөкпөгөн Адамкалый мырза Роза Отунбаеванын күйөө баласы. Гүлмира деген сиңдисинин күйөөсү. "Жыгылсаң нардан жыгыл" дегендей Чыныбаев кайра Болот Кененбаевдин кан кудасы. Карачечекей кызы Кененбаевдин келини. Айдар Акаевге убагында "Капитал" фирмасы аркылуу Адамкалыйдын күйөө баласы Арслан Кенебаев мамлекеттин мүлкүнүн көбүн арзан баалап, банкрот кылып белек кылган. Анын карындашы Айжан Максим Бакиевдин жубайы. Демек, "карга карганын көзүн чукубайт" деген чын. Москва районуна Чыныбаевден бөлөк адам табылбай калганбы же күйөө балалык статусу көбүрөөк ролду ойноп кеткенби деп ойлойт экенсиң. Болбосо Адамкалый мырза адам түшүнө кирбегендей эле байлык топтоп алган болчу, кызматта отурбаса деле жашоосу өтмөк. Шордуу кыргыз дагы эле алкымы чоңдорду бага бергенден шору арылбайт окшоп калды. Эми кайда барып, кимге айтабыз арманды?...


Суталинов суудан кургак чыгабы?
Апрелден кийин суур атканга маш Суталинов да Кыргызстандан куйругун түйгөн. Үй-бүлөсүн ала качып. 2-3 аял алгандын деле пайдасы тиет окшобойбу, угушубузда экинчиби, үчүнчүбү аялы менен башын куткарган. Еврей фамилиясы менен. А бирок Суталиновдун прокурор кыргыз аялы Гүлнара Суталинова Бишкекке бала-чакасы менен кайтып келди. Бир кезде бийлигине манчыркап, эрине эреркеп, гезиттерди жаап, тираждарын тартып алган прокурор катындын жоругун кантип унутабыз? Эми журналисттерге болгон карыздарынан кантип кутулаар экен? Ал эми "Суталиновду издеп атабыз" деп оозун куу чөп менен аарчыган бийликтегилерге баракелде! "Уккан кулакта жазык жок" демекчи, Мурат Суталинов алыс кетпей эле, Алматыда эс алууда. Аны Убактылуу Өкмөттөгүлөр да жакшы билет. Анан ал мырза жөн жатпай, биякка УӨгө чалып, мамлекетти кантип башкаруунун жол-жобосун үйрөтүп аткан имиш. Ыңгайы келип, бийликтегилер менен соодалашуусу жакшы аяктаса, Кыргызстанга келчү күнү алыс эмес.


Майрамдабай калган
Нариман Түлеев
24-декабрда экс-мэр Түлеевдин туулган күнү болуп, министр, депутаттардан баштап, шаар бийлигинин кызматкерлерине чейин каз-катар тизилип, параддан өтсө, ырчылар аларга тамагы айрылгыча ырдап, черден чыгышкан. Анан 29-апрелде Бишкек шаарынын туулган күнү деген шылтоо менен Нариман мырза бул майрамга Россиядан бир топ белгилүү жылдыздарды чакырган. Россиядан келген ырчылар мамлекеттин акчасына 29-апрелде аянтта элге ырдаса, эртеси мэрдин тоюнда ырдамак. Ошентип Нариман мырза "бир ок менен эки коен ата турган" амалына жетпей калды. Көрсө 30-апрелде кызынын турмушка узатып, "Онтарио" ресторанында Ала-Көлдөй чык төгүп, Ала-Тоодой эт тартмак экен да. Түлеев болсо Бишкекти дүңгүрөтө турган той өткөрө албай ичинен кан өтүп, тойду күзгө жылдырган экен. Эми күздө өтчү тойго Россиянын кайсы жылдыздары келет болду экен десең. Алардын акчасын ким төлөйт, мэриябы?...








кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
1-июль, 2010-ж.:
1-бет
ФУЛБОЛДУН ЧЕЙРЕК ФИНАЛЫ ЧЕЧИЛДИ
2-бет
Отунбаева мыйзамдуу президент
3-бет
"Республика" партиясы көз жарды
4-бет
"Аблесов деген абышканыкы өттү"
5-бет
Урматбек Барыктабасов,
"Мекен туу" партиясынын лидери:
"Эл революцияны бийлик үчүн жасаган эмес!"

6-бет
Улут аралык жаңжалга жол берген жокпуз
7-бет
Садыр ЖАПАРОВ,
"Ата-Журт" саясий партиясынын республикалык штаб жетекчиси:
"Ачык айтып ак сүйлөгөндү үйрөнсөк"

8-бет
Ар кимде бар ар кыял
9-бет
Шайтандын резюмеси
10-бет
Ак өргөнүн багы качан ачылат же Бакыт Акматовдун таянган тоосу ким?
11-бет
Айына 1000 доллар маяна алгың келеби?
12-бет
Кылым жашап, кыргызга бакыт тилеп...
13-бет
Сыйкыр сан
14-бет
Салтанат Бараканова кимге тоскоол этүүдө?
15-бет
КАНДУУ ЖОЛ
16-бет
Нурзада ЖОЛДОШЕВА, ырчы, ди-джей:
"Алга" деген ураанды эстеп кайраттанам"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«