mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Садыр ЖАПАРОВ,
"Ата-Журт" саясий партиясынын республикалык штаб жетекчиси:
"Ачык айтып ак сүйлөгөндү үйрөнсөк"
- Садыр Нуркожоевич, айрым массалык маалымат каражаттарында Ысык-Көлдөгү Каркыра жайлоосунун Казакстанга өтүп кетишине сизди тикелей күнөөлөгөн материалдар жарыяланып жатат. Ушуга түшүндүрмө берип кетпейсизби?
- Эми бул жерде үч документ бар экен. Аны мен Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырымындагы депутаты болуп келгенден кийин билдим. Биринчиси, эсимден чыкпаса 1937-жылдагы, кийинкиси 1961-жылдагы, ал эми акыркысы 1968-жылдагы Казакстан менен делимитация жана деморкация боюнча архивдик документтер. Ошол бойдон бул чек ара жаатындагы маселе Жогорку Кеңештен ратификацияланбай келген. Ал эми мен 2005-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келип калдым. 2006-жылы Ак үй тарабынан бул маселе ратификациялаганга кайрадан сунушталганда мен тикелей каршы туруп "Каркыра боюнча талаш-тартыш маселе көп, ошондуктан шашылбайлы" деп июль айында бүт депутаттарды ал жерге чакырдым.
- Мамлекеттин эсебиненби?
- Жок, бюджеттен бир сом албай туруп барган депутаттардын тамак-ашынан баштап жаткан жери, бензининен бери мен жана ме нин туугандарым, ата-энем көтөрдү. Ошол жерде барган депутаттарга үч күн семнар өткөрүп, кайсы жер коңшу өлкөгө, кайсы жер бизге тиешелүү экенин далилдеп бердим. Мен мындай кадамга барууга эмне түрткү берди? Анткени Каркыра менин ата-бабам туулуп-өсүп, ал жер үчүн кан жанын төккөн жер. Анан мен кантип ал ыйык жер үчүн тикемен тик турбашым керек.
- Сиз чакырган депутаттардын толук түзүмү барбы?
- Тилекке каршы жок, чакырган депутаттардын ичинен кырк гана депутат барды. Калган отуз беш депутаттын бири да барган жок. Ал барбай койгон депутаттар азыр "бийликке келдик" деген, ошол учурда оппозицияда жүргөн эл өкүлдөрү эле. Алардын арасында мага каршы кыйкырып жүргөндөр да бар болгон. "Битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба" дегендей, ал адамдардын деңгээлине түшүп аттарын атагым келбейт. Ошону менен кыйкырып жүргөн ал мезгилдеги коллегаларым Каркырага барган да жок, маселенин түйүнүн түшүнүшкөн да жок. Арийне, 2007-жылы Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырымынын депутаттары мөөнөтсүз тараганга чейин бул маселени жаап салганга жетиштим.
- Жеке демилгеңиз мененби?
- Ооба жеке демилгем менен жаап салууга жетиштим. Бирок, бизди 2007-жылы октябрь айында Бакиев бийлиги мөөнөтсүз таратса, кийинки Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырымындагы партиялык тизме менен келген КСДП, Коммунисттер жана "Ак жол" партиясынын депутаттары бул маселени чечип, Каркыра жайлоосун Казакстанга берүүгө макулдук берип коюшту. Бул алардын жеке абийиринде. Анан кайдан жүрүп мен Каркыраны казактарга берем. Албетте бул ушак айыңдын авторлорун кийин изилдесем ошол эле менин көлдүк оппоненттерим болуп чыкты. Парламенттин акыркы чакырымындагы депутаттардын ичинен "Ак жол", "Коммунистер" КСДП фракциясынын ичинен көлдүк он эки эл өкүлү болгон. Каркыра кетип жатканда талкан сугунуп алгансыбай "койгула" дегенге эмнеге эрктери жеткен жок. Демек менин жеке түшүнүгүмдө бул мага карата болгон учурдагы кара пиар.
- Ошол учурдагы "Ак жолдун" депутаты, Түптүк жердешиңиз Жангороз Каниметов сиздин ал учурда депутат эмес экениңизди эске албай, күнөөнү сизге оодаргысы келет, ортодо жеке таарынычыңыздар барбы?
- Биздин ортодо эч кандай жеке таарыныч жок. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой 2005-жылы бир мандаттуу шайлоодо он эки кандидаттын ичинен, анын арасында ал учурдагы президент Аскар Акаевдин карачечекей балдызы Үкөн Исаеваны баш кылып шайлоодо таза жеңип чыккам. Алардын арасында ушул Жангороз байкем да бар эле. Ал кишиде утулуу ызасы эле болбосо, башка эч кандай аласа бересебиз жок. Сыягы ошончо көп кандидаттын ичинен эл жалгыз мени колдогонун жеке ызасы катары көрсө керек.
- Ошол эле оппоненттериңиз сизди Түп окуясындагы Каркыра жайлоосун талашта жумуртканы сиз тараткан деп күнөөлөп жатышпайбы?
- "Садыр Жапаров Казакстандан эки КаМАЗ жумуртка алып келип оппозицияны урдуруптур" деп жалаа жаап жатышпайбы. Так ошол маалда мен Турция өлкөсүндө "Кока Кола" компаниясынын чакыруусу менен жеке иштерим боюнча командировкага кеткем. Маселен жума башында мен чет өлкөгө кетсем, жума ортосунда оппозиция Түпкө барып жумуртка менен токмок жеп келип жатышат. Ал эми мен бул окуя болуп өткөндөн кийин эки-үч күндөн соң келдим. Кызыккандар болсо аэропорттун архивин, же болбосо менин авиабилетимди көрсө деле болот. Андай болгонун мен массалык маалымат каражаттары аркылуу үч-төрт күндөн кийин билип, окуп отурам. Ошол учурда Болот Шерниязов "Түпкө барып барып жумуртка менен "сыйланып" келдик, Жапаров Казакстандан жумуртка алып келип урдурду" маанисинде газетага макала жарыялаптыр. Мен болсо ал кишиге жооп ирээтинде кайра макала даярдап "эмне Түптө импотент короздор келип Шерниязовго арыздандыбы" деп жооп бердим. Болбосо мурдагы оппозиция учурдагы Убактылуу бийлик өкүлдөрү ошол учурда мен кайда болгонумду, ал убакта Түптүн короздорунан тооктор жумуртка тууп жатканын "дыкат" изилдеп көрсө болот.
- Ал спектаклди уюштуруучу ошол учурдагы Ысык-Көл облусунун губернатору Кыдык Исаев экени ачыкка чыгып калбадыбы.
- Кийин мен барып изилдеп, оппозиция тартып алган кадрларды карасам ал жерде жергиликтүү бир да адам жок. Мен өзүм түп районунун кулуну болгондон кийин аларды жазбай тааныйм. Ырас губернатордун буйругу менен ал жерде айыл өкмөтү жүрөт, бирок жанагы атайын даярдалган аялдар облус жетекчилигинин уюштуруусу менен Бишкектен баргандар. Туура, жергиликтүү бийликте иштеген айрым адамдар жогорку эшалондун кыстамасы менен барганын тана албайм. Экинчиден, мен оппозицияга каршы жумушу жок бош жүргөм. Ишим жок үчүн түрк досторум Турцияда "Кока Коланын" экономикалык форуму өтүп жаткандыктан ошол жакка чакырган. Эгерде губернатор, министр, жок эле дегенде "Ак жолдун" депутаты болуп парламентте отурсам анда дагы жалаа жапкандарды түшүнөт элем.
- Кийин коррупция боюнча агенттикти жетектедиңиз окшойт?
- Мурда президент алдындагы коррупцияга каршы улуттук агенство болуп мени ошол кызматка сунушташкан. 2000-жылдан 2008-жылга чейин коррупциялык шкала 118 орундан 116 орунга чейин өсүп кеткен. Мен иштеген бир жарым жыл аралыгында төрт мамлекетке өйдө көтөргөнгө үлгүрдүк. Мен муну менен "коррупцияны такыр жоюп салдык" деп мактана албайм, бирок, кандайдыр бир деңгээлде көрсөткүч бере алдым деп ойлойм. Маселен 70тен ашык чиновникти кызматынан алып сегиз сот, алты прокурорду мыйзам жоопкерчилигине тарттык. Мындай тарыхта болгон эмес.
Ошондон улам менин оппоненттерим биздин агенттикти жойдуруп, жөн гана Мамлекеттик кадрлар кызматы алдында жөн гана агенттик кылып, улуттук деген статусту алып салышты.
Андан кийин өзүңүздөр билесиздер жумушумду 7-апрелден кийин да аркалап отуруп, Убактылуу өкмөткө атайын кайрылуу менен чыгып, "эгерде парламенттик шайлоого бара турган болсок анда мамлекеттик кызматты таштайлы" деп өзүм биринчи отставкага арыз жазып кеттим. Мен бул жерде мыйзамды кантип сыйлоо жөнүндө баарына үлгү болгум келди. Болбосо азыр айрымдар партиялык коррупция жасап, бир колунда партиянын портфели, бир колунда Убактылуу өкмөттүн папкасы болуп жатканы өкүнүчтүү.
- Түштүктөгү кырдаал боюнча ой бөлүшө кетпейсиңерби. Анын негизги себептери эмнеде?
- Негизги себеби эле айрым саясатчылар "түштүк регионунун добушун ала албай калабызбы" деп, өзбектерге жагынуу амалын кылып жатышып отту тутантып алышты. Мен муну коркпой эле айта алам. Албетте алгач Жалал-Абадда башталган окуяларга Бакиевдердин тиешеси бар. Бирок ошол синдром чынжыр сыяктуу чаташып келип акыры Ош окуясын тутантты. Бул жерде эң чоң күнөө Убактылуу өкмөттүн айрым мучөлөрүндө. Анткени Абдрасулов, Салахуддинов, Батыровдорду пайдаланабыз деп жатып аларга дем берип жиберишти.
- "Ата-Журт" партиясы түштүктөгү жабыркагандарга кандай жардам көргөздү?
- Биз окуя башталган күндөн баштап эле "Ата-Журт" партиясынын лидерлери Суваналиев, Келдибеков, Ташиев, Рыскулова жана мен болуп ал жердеги абалды турукташтырганга чоң эмгек өтөгөнүбүзгө жалпы эл күбө. Андан тышкары азык-түлүк, медициналык каражаттарды азыркы күнгө чейин үзбөй берип келе жатабыз. Биздин партия кылган кайрымдуулук иштерин башкаларга окшоп жарыя кылып мактангысы келбегенин эл жакшы билет. Анткени эл биз тарапта.
Төлөгөн СУЛАЙМАНОВ








кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
1-июль, 2010-ж.:
1-бет
ФУЛБОЛДУН ЧЕЙРЕК ФИНАЛЫ ЧЕЧИЛДИ
2-бет
Отунбаева мыйзамдуу президент
3-бет
"Республика" партиясы көз жарды
4-бет
"Аблесов деген абышканыкы өттү"
5-бет
Урматбек Барыктабасов,
"Мекен туу" партиясынын лидери:
"Эл революцияны бийлик үчүн жасаган эмес!"

6-бет
Улут аралык жаңжалга жол берген жокпуз
7-бет
Садыр ЖАПАРОВ,
"Ата-Журт" саясий партиясынын республикалык штаб жетекчиси:
"Ачык айтып ак сүйлөгөндү үйрөнсөк"

8-бет
Ар кимде бар ар кыял
9-бет
Шайтандын резюмеси
10-бет
Ак өргөнүн багы качан ачылат же Бакыт Акматовдун таянган тоосу ким?
11-бет
Айына 1000 доллар маяна алгың келеби?
12-бет
Кылым жашап, кыргызга бакыт тилеп...
13-бет
Сыйкыр сан
14-бет
Салтанат Бараканова кимге тоскоол этүүдө?
15-бет
КАНДУУ ЖОЛ
16-бет
Нурзада ЖОЛДОШЕВА, ырчы, ди-джей:
"Алга" деген ураанды эстеп кайраттанам"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«