mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Келечек кыраандары

Улут аралык жаңжалга жол берген жокпуз
Редакциянын босогосун эки жигит аттады. Баео мүнөз болгондору менен эл жер дегенде жүрөгүнөн жалын бүркүп, көздөрү от болуп турат экен. Саясат, коом, турмуш, бүгүнкү кырдаал, жаштар маселеси, деги эле койчу биз сүйлөшпөгөн тема калган жок. Жаш болсо да көптү көрүп, көзү каныгып калгандары үмүт байлайт. Баардык маселени талдагандары, өзгөчө көз караштары жакты.

Эң негизгиси жарма патриоттордун катарына кирбегендери сүйүндүрөт. Сөз укугун келечек ээлери өздөрү улантсын.
Азамат Эсенбеков:
"Жаштар саясатынын концепциясын өнүктүрүү зарыл"
- Өлкөдөгү кырдаал көпчүлүккө белгилүү болгондой 7-апрелден кийин оор жагдайга айланып кетпедиби. Коррупциялашкан, бүтүндөй бир үй-бүлөөнүн бийлигин карапайым эл өз күчү менен кулаткандан кийин Чүй облусундагы Москва районунун патриот жигит-кыздарын чогултуп, "мындан ары кандай багытта, кайсы жол менен өнүгөбүз" деген маселени кабыргасынан коюп, көптөгөн талаш-талкуу жүргүздүк. "Бир баш жакшы, эки баш андан жакшы" дегендей, биздин тилектеш достор, тарапташтардын күн санап катары өсүп, Москва районунда өзүнчө эле чоң күчкө айландык. Албетте чогулуп, маселени талкуулаш башка кеп, бирок аны ишке ашыруу үчүн атайын иш чараларды уюштуруп, революцияны жасаган жаштардын демилгесин ушуну менен токтотуп калбастан, аны практика жүзүндө аткарууну максаттап, жаштар саясатын өнүктүрүү концепциясын иштеп чыктык. Бул биздин концепция көп талкуулардан өткөндөн кийин "Ак Шумкар" саясий партиясына сунуштасак, алар биздин программаны чоң кубаттоо менен кабыл алышты. Негизинен жаштар саясатын өнүктүрүү концепциясынын демилгечилери төрт адамбыз. Бирок бул биздин концепцияны өтө активдүү колдогон, аны "Ак Шумкар" партиясынын жаштар канатында талкуулаганда бизге чоң дем күч берген беш жүздөн ашык мыкты патриот жигиттерибиз бар. Алардын ар-бири Мекен дегенде ичкен ашын жерге койгон балдар.

- Республиканын түштүгүндө болуп өткөн окуяларга силердин жигит кыздар деле кайдыгер карап турбаса керек?
Урмат Такиров:
"Биздин аракеттерди көргөн башка улуттар кубаттады"
- Туура айтасыз. Биздин Москва районунда кырктан ашык улуттун өкүлдөрү жашайт. Менин жеке оюмча түштүктөгү окуя бир гана биздин Москва районун эмес, бүтүндөй республиканы кооптондуруп койду окшойт. Оштогу кырдаалды угаарыбыз менен жогоруда Азамат айткан беш жүздөн ашык жигиттерибизди топтоп, райондун ар бир айылдарына элдик дружиналарды түзүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ал жерден этникалык улуттарга эч кандай чагымчылардарга алдырбаганга үндөдүк. Башында сестене түшкөн башка улуттар биздин аракеттерди көрүп алышып, тескерисинче бизди колдоп кетишти. Өзгөчө Москва районунун РИИБ башчысы биздин демилгени аябай колдоп, дем-күч берип турду. Түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү билишкен соң эл провокацияга, эч кандай ушак-айыңга алдырышкан жок. Албетте, эл болгондон кийин арасынан анча-мынча тентектер чыкпай койбойт экен, аларды өз күчүбүз менен эле тартипке чакырып коюп жаттык. Андан тышкары жергиликтүү ишкерлерге чыгып, түштүккө гуманитардык жардам катары кийим-кече, азык-түлүк жөнөттүк. Бул биздин Мекен алдында атуулдук парзыбыз.
- Референдум силерде кандай өттү?
- Сыймыктануу менен референдум жакшы өткөнүн айтып койсок болот. Биз түзгөн элдик кошуун шайлоо күнү эртең мененки сегизден кечки сегизге чейин укук коргоо органдарына жардам берип, коопсуздукту камсыз кылып бердик. Натыйжада референдум эч кандай мыйзам бузуусуз тынчтыкта өттү.
Айдар КОЗУЕВ





Же кол бала соттор качан соттолот?
Бакиевдердин авторитардык заманында сөз эркиндигине катуу кысым жасалып, "Азаттык", СтанТВ, "Dефакто","Форум", "Ачык саясат", "Назар" гезиттери кошоматчы соттор аркылуу басмырланып, соттолуп, ит көрбөгөн кордукту көргөнүн коом унута элек. Эми минтип "жаңы заман келди, сөз эркиндигин басмырлоо токтоду го" деп жатсак жаңылышкандайбыз. Бакиевдер жоголгон менен анын куйруктары, ошол кездеги соттор аман экен. К.Бакиевге өмүр бою ыраазымын деп жалбарып, күнкөр болуп, ага өмүрүн арнаганга даяр экендигин билгизип, ошол кездеги авторитардык режимди колдоп, репресияларды көрмөксөнгө салган эски режимдин куйругу Турсунбек Акун деген "акыйкатчы сөрөй", "абийириме шек келтирди" деп, "Ачык саясат" гезитинин саясый баяндамачысы Сабыр Муканбетовду сотко берип, Биринчи Май райсотунун соту Кымбат Аркарова көнүмүш адатынча журналистти соттоп жатканы кандай? Же жаңы кабыл алынып жаткан Конституцияда "ушак таратты" деген айып менен журналистерди соттоо алынып салып жатканын билбедиби же билгиси келбедиби? Же Т.Акунга азгырылып, баш мыйзам кабыл алынаарга он күн калганда сот эмнеге кызыкдар болду, кандай шайтан сайды?
Т.Акун болсо, төбөсү көккө жеткенсип, "Сабыр Муканбетов, мени Акүйдөн жаш кыздарды зордуктады, арачыга түшүп Т.Акунду урдум деп, мен жөнүндө жалган ушактарды таратып, мени эл алдында жаманатты кылып келди, мына сотко бердим эле меники чын болуп, С.Муканбетов соттолуп кетти", деп дердеңдеп жүрөт.
"Кыздын сыры төркүнгө малым" демекчи, Т.Акундун жосунсуз жоруктарына эл деле эбак тоюп бүткөн. Т.Акундун жыныстык, зордукчул жоруктары С.Муканбетовго тиешелүү эпизоддор менен эле жокко чыга турган болсо, анда анын сексуалдык жаманаттылыктан кутулуп кетүүгө шансы бар болмок дейли. Бирок, анын "маньякалдык зордукчулук" жоруктары ага чейин эле, токсонунчу жылдардан бери ММКларда үзбөй жазылып, сотко чейин жеткен. "Күйөөңдү кытайдын түрмөсүнөн бошотуп берем" деп, Эка Токонова деген келинди үйүн саттырып, талаада калтырып, өзүн зордуктап, акыры соттолуп кете турган болгондо качып жоголуп, кийин "КГБ урдап кетти" деп, Аксы окуясынын аркасы менен кутулганын, ошондо сотто кылмыш далилденип, соттолоорго көзү жеткенден качканын, "ачкачылыктан өлгөн Шералы Назаркуловдун карашына сойобуз" деп ачкачылык акциясына катышкандар чогулткан акчаны маркумдун зыйнатына кошпой жеп алганы (анан дагы ажымын дегеничи), ММКлар эбак эле жазып чыккан. Т.Акун байкуш, 7-апрелде, аянтта балдардан токмок жегенде эле элге жек көрүндү болуп, акыйкатчы болуудан калып, тек кана "акыйкатчынын маянасын алгыч" болуп калганын ким билбейт. Азыр да, ошол кресло менен маянага күнкор болуп кара жанын карч уруп, эптеп ордун сактап калганга жан далбастоодо. Ал эми, Сабыр Муканбетовдун бакиевдик режимге ачык каршылык кылып, ар дайым акыйкат сөзүн айтып келгенин коомчулук жакшы билет.
Акыйкатчынын аппараты, "Акунду жоготкула" деп, Убактылуу Өкмөткө (УӨ) жазып жатып колдору деле жооругандай болду, аянтка митинг да жасап жиберишти, тилекке каршы тополоңдон колу бошобогон УӨнүн "бакиевдердин маскарапозуна" (А.Малиев айтмакчы) колу жеткен жери жок. Башынан нахалдык менен айлакерликти туу тутуп, адам укугу деген проблемага мите курттай жабышуу менен шугулданып, дагы деле шуулдап жүргөндөй.
Эгер биздин коом ушундай ыпыластыкка адекваттуу баа берип, жыйынтык чыгаруу керектигин ойлобосо, соттор оюна келген чечимди чыгарып, капчыктуулар менен бийликтегилерге кызмат кылуусун уланта берсе, анда адилеттүү коом курабыз деген биздин элдин тилеги эмне болот? Анда эмне апрель окуясында курман болгон шейиттердин каны бекерге төгүлгөнбү? Т.Акундун болсо, элден уялып, көчөгө чыкпай кала турган түрү байкалбайт, экрандан түшпөй бакылдап, анысы коомчулукту келекелегендей көрүнүүдө. Утурумдук бийлик башындагылардын да "пендечилик окуялары" барбы (?), ким билсин, айтор чара көрүүгө батына алышпай жаткандай.
Максүт БӨРҮ




Көз жүгүртүп коесузбу?
Үстүбүздөгү жылы Ысык-Көлдө эс алуучулардын саны жылдагыдан 5 эсеге аз. Мындай жагдай туризмге кедергисин тийгизбей койбойт.
Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн кечелери өткөрүлгөн күнү тартип сактоо үчүн 1,5 миң милиция жана элдик кошуундан 500 киши дайындалган. Бүгүнкү күнгө чейин бир да тартип бузуу катталган эмес.
Кыргызстан жаштар иши боюнча министрлиги 400 мыкты окуучу жана студенттерди Ысык-Көлгө эс алуусун уюштурушту. Бул программа "Келечек жаштары" кайрымдуулук фонду менен биргеликте өткөрүлүп, ага билим, маданият жана спорт боюнча мелдештерге катышкан мыкты окуучулар жана студенттер тандалды.
Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа Жалал-Абадда болуп, облус жетекчилиги, коменданты жана Кыргызстан Коопсуздук Кеңешинин катчысы менен жолугушуу учурунда Жалал-Абадда атайын ЖККУга кирген өлкөлөрдүн оперативдүү штабы түзүлөөрүн, ал штабдын эки бөлүгү Жалал-Абадда да иштей турганын билдирди.
Энергетика министрлиги калкты 2010-жылына болгон энергетикалык жылуулук менен камсыздоо жана алынып салынган үч фазалуу системаны кайрадан туташтыруу маселесин кароодо. Калкты толук электр жылуулугу менен камсыздоо үчүн 1 миллиард 800 миң киловатт сааттын тегерегинде электр талап кылынат. Ал эми электр жарыгын уурдагандардын жарыгын кыркуу чарасы көрүлөт.
Кыргызстанда күйүүчү "Газпромдун" сатуу баасы 40-50 пайызга түштү. Күйүүчү майдын сатуу баасы август айында турукташат.
Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкектеги балдар реаблитациялык борборунда жайгашкан түштүктөн келген балдарды медикаменттер менен камсыз кылды. Анын ичинде биринчи керектелүүчү дарылар, витаминдер, биокошумчалар бар.
Базар-Коргон жана Сузак райондорунда күйдүргүдөн шектүү учурлар катталып, райондук ооруканага сегиз адам жаткырылган. Анын бирөөндө оору бар экендиги лабороториялык жол менен аныкталды.
"Журналисттер" коомдук бирикмеси Кыргызстандык журналисттерге өзгөчө кырдаалдарда кандай иштөө керектигин үйрөткөн семинар-тренинг уюштурат. Мындай тренингдер июль айында башталат.
Ош жана Жалал-Абаддагы тополоңдордон жабыркаган 850 бала Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларына жайгаштырылды. Окуучу балдар 15 күн акысыз эс алышат.






кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
1-июль, 2010-ж.:
1-бет
ФУЛБОЛДУН ЧЕЙРЕК ФИНАЛЫ ЧЕЧИЛДИ
2-бет
Отунбаева мыйзамдуу президент
3-бет
"Республика" партиясы көз жарды
4-бет
"Аблесов деген абышканыкы өттү"
5-бет
Урматбек Барыктабасов,
"Мекен туу" партиясынын лидери:
"Эл революцияны бийлик үчүн жасаган эмес!"

6-бет
Улут аралык жаңжалга жол берген жокпуз
7-бет
Садыр ЖАПАРОВ,
"Ата-Журт" саясий партиясынын республикалык штаб жетекчиси:
"Ачык айтып ак сүйлөгөндү үйрөнсөк"

8-бет
Ар кимде бар ар кыял
9-бет
Шайтандын резюмеси
10-бет
Ак өргөнүн багы качан ачылат же Бакыт Акматовдун таянган тоосу ким?
11-бет
Айына 1000 доллар маяна алгың келеби?
12-бет
Кылым жашап, кыргызга бакыт тилеп...
13-бет
Сыйкыр сан
14-бет
Салтанат Бараканова кимге тоскоол этүүдө?
15-бет
КАНДУУ ЖОЛ
16-бет
Нурзада ЖОЛДОШЕВА, ырчы, ди-джей:
"Алга" деген ураанды эстеп кайраттанам"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«