mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Эрен сөз

Урматбек Барыктабасов,
"Мекен туу" партиясынын лидери:
"Эл революцияны бийлик үчүн жасаган эмес!"

Акыркы кездери кыргыз саясатчыларынын ичинен
Урматбек Барыктабасов коомчулукта ар тараптуу пикир жаратып, көпчүлүк көөнүн өзүнө буруп турган чагы. Көзмө-көз маектешип, ой-мүдөөсүнө кулак төшөдүк…

- Урматбек мырза, өлкөбүздүн бүгүнкү кырдаалына карата кандай ой айтасыз?
- Бүгүнкү күндө шайлоо маселеси токтоп, легитимдүү парламент келиши керек. Салмагы түндүк-түштүккө бирдей, омоктуу ой айтып, капилеттен сөз тапкан абройлуу премьер-министр дайындалышы шарт. Ушундай таасири бар адамсыз мындай кырдаалдан чыгыш өтө кыйын болот.
- Мисалы, ошондой татыктуу лидер катары кимди атайт элеңиз?
- Жекелей тигил же бул деп айта албайм. А өзүм үчүн жооп бере алам. Биз элдин таламын талашып, калыстыкты тутунуп, лидер катары туруп атпайбызбы.
- Демек, сиз эч кимди…
- Мен айтып жатам президентти эмес, өкмөттү шайлаш керек деп. Убактылуу өкмөттөн президенттикти талашкан жокпуз. Ушул кризистен элди аман-эсен чыгарып кетүү эң башкы маселе. Мисалы мен Убактылуу өкмөттү кыргыз бийлиги катары тааныбайм. Булардан менин ишимди карасын же карабасын деген маселем жок. Суранбайм дагы, азырынча алар эч ким эмес да туурабы… Азыркы кырдаалды ызы-чуу болбой, жөнгө салып кетүүгө шарт түзүлүүсүн гана талап кылып жатам.
- Кечээ жакында сизди эки ирээт самолет менен келгениңизде жаңы өкмөттөгүлөр кондурбай коюптур деген маалымат тарады. Себебин түшүндүрсөңүз?
- Ооба, эки жолу ошентишти. Анын себеби жөнөкөй эле, Убактылуу өкмөт элдин таламын талашпай эле, бийлик талашып келген. Азыр да керт башынын саясий кызыкчылыгын жогору коюп, кызмат кызганып жатышпайбы.
- Балким алар, мурдатан оппозицияга аралашпай жүргөнүңүздөн улам ошентишкендир. Буга чейин оппозиция курамында неге болбодуңуз?
- Мындай да, оппозиция деген элдин таламын талашышы керек. Бизде андай болбой атпайбы. Элдин таламын талашуу деген сөз - элди жумуш менен камсыз кылып, курсагын тойгузуу. Кана, ошол оппозиция бүгүн элге иш берип, курсагын тойгузуп атабы? Анын ордуна өлүм-житим көбөйүшү орун алды. А менин даярдыгым, көзкарашым башкача. Көптөгөн чет элдиктер менен кызматташып, жер кыдырып тажрыйба топтодум. Ошолордун экономикалык өнүгүүлөрүн изилдедим. Мен Кыргызстанды кантип гүлдөтүп, кантип эл-журтумдун турмушун реалдуу оңдоонун жолдорун талдап, ошонун үстүндө тынбай иштедим.
- Бийлик башына келген адам эмне жасашы керегин жакшы билдим деңизчи…
- Эң биринчиден адам эл ишеним арткан жогорку кызматка келсе, мындай суроо койсун, "эмнени жасайм" дегенден көрө "эмнени жасабайм" деши керек. Калп, ушак айтпашты, уурдабашты, элдин ырыскысын тебелебешти ыйык тутуп, ыйман күтүшү керек. Ушундай нысап менен чоң иштерге бел байласа болот.
- Эл ичинде дарегиңизге айтылып жүргөн кептердин бири сизди кримчөйрөсүнө байланыштырып, акча булактарыңызды да ошол ыпластыкка байланыштырышат. Эмнеликтен мындай сөздөр айтылат?
- Каралоо, жамандоо деген бизде адатка айланып кетиптир. Эгер, биз коомго зыян келтирсек, элдин энчисине кол салып, уурулук кылсак, анда бир жөн. Мында бир эле нерсе бар, ал "Урмат келсе биз бийликсиз калабыз" деген түркөйлүк. Аларга гезит, теле аркылуу жамандашып, коомго мени жаманатты кылыш керек. Бирок, бул деген жаңылыштык. Эл тараза, атайы жасалган карасанатайлыкты көрүп турат. Криминалдашкан болсок, ошондой иштер аныкталса, анда камап койбойт беле… "Урмат Урманаевдин үйүн уурдады" деп чыгышты эле, калп экенин Урманаев өзү айтты го гезиттерге. Элге кызмат өтөйбүз дегендерди ушак менен уруп, бут тоскондордон элге жакшылык болмок беле. Ал деген эл кызыкчылыгын көздөгөндүккө жатпайт да. Жыйырма жыл болду, депутат болушту, губернатор, министр, премьер-министр болушту, эл азаптан арылдыбы? Арылган жок. Бир кездерде Бекназаров, Отунбаева, Атамбаев Бакиевди жандап, аны бийликке алып келишкен. Кызматташ болушкан. Бакиевдин ким экендигине көздөрү жеткен эмес. Кимдин ким экендигин баалай албагандар эл тагдырын чече албайт. Кадр тандоо жагынан коомго абдан зыян келтирет. Каалайбы, каалабайбы, айланасына татыксыздарды чогултуп алышат. Нечен жылдан бери оңоло албай жаткандыгыбыздын жөн-жайы ушунда.
- Буга чейинки саясатчылардын жеке таарынычтары азыркы кырдаалда түккө турбайт го. Биз деле өлкөдө туруктуулук тезирээк орносун деп, Убактылуу өкмөткө сизчелик сын айта албай турабыз. Балким…
- Иним, мындай да, эгер адамдын бир жери ооруса, аны тазалап, дарылаш керек. Дарылабаса ириңдейт, андан колду же буту кесип салып атпайбы. А биз карап отура берсек, Оштогудай окуялар боло берет. Түштүктөгү кандуу башаламандык дагы Убактылуу өкмөттүн туура эмес саясатынан улам чыкты.
- Роза Исаковна өткөндө көлгө келгенде, сиздин тарапкерлериңизге "Барыктабасов менен жолугушам" дебеди беле, жолуктуңарбы?
- Жолуккан жок. Биз айттык, жолугалы десек, жолукпай койду.
- Келгениңизге жарым ай болду. Убактылуу өкмөт көңүл бурбадыбы?
- Жок. Россиядан аскердик күч жагынан жардам сурап эмне кылат? Андан көрө бизге айтса, колубуздан келчү ишти жасап берет элек да.
- Сиздин салмагыңыз өзүңүзгө сезилеби, канчалык күч топтой алдыңыз?
- Эл тараптан колдоо жакшы эле болуп жатат. Мына, элдин агымы эки жума бою тына элек, келип-кетип атышат.
- Убактылуу өкмөттүн аракеттерине нааразы болуп атасыз. Эгер, 7-апрелде алардын ордунда сиз болуп, ошондой абалда бийлик тизгини колуңузга тийип калса, кандай кылат элеңиз?
- 1993-жылкы Конституцияны кабыл алып, ар тараптан ыкчам аракеттерди жасамакмын. Ар бир маселени ачык айтып, элге дем берүү, багыт берүү, жол көрсөтүү, абалдан чыгуунун аргасын айта билүү керек да. Кандай гана оор, татаал абал болбосун баары эл аркылуу, маанай иш-аракеттер аркылуу гана оңуна келет. Бул жагынан көптү көрдүм, көптү билдим. Колуман келерин жашыргым келбейт. Антүүнүн кереги не…
- Эртеңки күнүбүздү кандай элестетип турасыз эми?
- Оңой эле. Азыркы өкмөткө бара турган адамдын салмагы Кыргызстандан тыш чет элде да болушу шарт. Казакстанда, Украинада, Россияда, Араб өлкөлөрүндө таасири бар адам гана маселенин бардыгын чечет. Кыргыз эли мына ушуга баа бериши керек.
- 24-март окуясынан кийин сиз өтө тездикте көтөрүлгөн чапчаң аракетиңиз аркылуу таанылдыңыз. Бирок, абройуңузду акча менен гана кармап келатат дегендер жок эмес…
- Кеп акчада болсо, Акаевдин акчасы жетмек революцияны токтотконго. Эмне, Бакиевдин акчасы жок беле, 7-апрелди басканга? Экөөнөн өткөн акчалуу жок эле го Кыргызстанда. Эгер баары акчага сатылса, 2005-2010-жылкы окуялар болбойт эле. Акча маселе эмес. Биякта ишеним башкы ролдо. Калп сүйлөп, карганып, калп ант берип, элдин жүрөгүн сууткандан өткөн кордук жок.
- Ош окуясы болду. Убактылуу өкмөт 2 ай убакыттын тардыгын, жетишпестикти айтты. Бакиев деле кетер-кеткиче убакыттын тардыгын айтчу. Кандай дейсиз, өлкө тагдырын кармап турган адам үчүн убакыт өлчөмү аз боло береби?
- Ар бир адам башталышында эле алсыздыгын убакыттан көрөт. Бакиев жаңы келээрде эле "муну шайлабагыла элди тонойт, атат, качат" деп айткам. Ошондой болду. Бул Убактылуу өкмөт алыска узай албайт. Адамдын баскан изи гүлдөп турбаса, өлүм-житим, кан болуп жүрсө кайдагы жакшылык? Жаратмандык иш болбосо болбойт.
- Эгер сиз президент болсоңуз…
- "Карыздан куткарасызбы" деген турасыңбы?
- Жок, чынында карыздан коркпойм. Мен мисалы, жүрөгү таза, мыкты лидердин жоктугунан корком. Сизчи?
- Лидер жок эмес, бар. Болгону аны таануу гана керек. Аргасыздык, айла жоктук дегенге алдырбагыла. Жазып, айтып, жаратмандык ишибизди көргөзүп атабыз го… Салыштырганды, иши менен сөзүнүн айкашын түшүнсөңөр, лидер араңарда.
- Өткөндө "кырдаал бизге лидер жаратат" деп жаздым эле, Ош окуясы кимдин-ким экенин айгинелеп, талдоодо. Чатакты басууда роль ойногондорго эл ишеним артат. Ушул пикир туурабы?
- Туура. Ошон үчүн айтып атпаймынбы, өкмөттү азыр бизге берсе, тез эле Ошту тынчытабыз. Элдин курсагын тойгузабыз. Өрттөнгөн үйлөрүн салып беребиз. Ошол жасалган иштерди эл көрөт да "жарайт" же "жарабайт" деп айтат. Азыр күйүүчү майды арзандатса болот. Буга жүз пайыз гарантия берем. Кыргызстандан чыккан азык-түлүктүн баардык түрүн "Кыргызпотребсоюзду" кайра түзүп туруп, толугу менен сатык жолуна салса болот. Ар бир районго үчтөн өндүрүш заводун куруу керек. Элдин оор жүгүн жеңилдетиш үчүн салыктарды азайтып коюга акыл эмгеги эле жетет. Ач көздүк, урулук болбойт. Ушул чараларды колдонсок эле эл жүгүнөн арылат. Бул майда иштер. Андан ары чоң иштер башталат.
- Ош чатагын басканга күчүбүз жетет дедиңиз го, ушул пикирди Убактылуу өкмөткө сунуштадыңарбы убагында?
- Айтканбыз. Биз өзүбүз эле басабыз дешкен. Мына, эмгиче эмне болуп атат… Биз келгенде өзбегин да, кыргызын да тыймакпыз. Эки жолу кийирбей коюшпадыбы. Түштүктөгү окуяны болтурбайт болчубуз. Эми өлүп тынган соң, айтыштын кажети канча? Революцияны жасагандардын ызасы, көксөөсү суубай нааразычылык күчөй берет. Аларды тезирээк теске салышыбыз керек.
- Өкмөт сиздердин колуңуздарга өтчүдөй айтып жатасыз. Мында канчалык реалдуулук бар?
- Биз элдин тынчын албайлы деп атабыз. Парламент чогулса, сунуштарыбызды айтсак, алар бизди колдоп берсе бул иштердин баардыгы өтүп кетет. Жок, андай болбосо, аны да көрө жатарбыз.
- "Мекен туу" партияңыздарда канча мүчө бар?
- Көп эле, 500 миңге жакын.
- Парламенттик шайлоого катышасыздарбы?
- Биз азыркы кабыл алынган Конституция боюнча, парламенттик шайлоого барбайбыз.
- Анда маселе кандай болуп калат?
- 93-жылкы Конституцияны апкелебиз. Референдумга эмне үчүн бир эле Конституция коюлушу керек? Эки-үчөөнү тең койсо болот да. Убактылуу өкмөт азыр мыйзамсыз иштерди жасап жатат. Мунусу үчүн эртең жооп беришет баары. Булар өздөрүн-өздөрү алдап жатат.
- Демек, буга чейин үйбүлө менен тирешүү болуп келсе, мындан ары бийликке үстөмдүк кылган үч партия менен калган партиялар жана партияда эместер каршылашса, үчүнчү революция болобу?
- Болушу мүмкүн. Эгер сен партияда болбосоң, эмне, мыйзамдан чыгып кетесиңби? Ошондуктан тек гана бир мандаттуу парламент шайланышы керек. Партиялык тизме деген туура эмес. Демократия жолу мындай болбойт. Чет мамлекеттерде биздегидей кандуу окуя болсо, өкмөт саясатчылары толук отставкага кетет. Абалды анализдеп, алдын-ала чара көрө албаган бийлик бийликпи? Бийлик эмес! Бийликти билгичтер гана алып кете алат.
Жумабай Абдан








кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
1-июль, 2010-ж.:
1-бет
ФУЛБОЛДУН ЧЕЙРЕК ФИНАЛЫ ЧЕЧИЛДИ
2-бет
Отунбаева мыйзамдуу президент
3-бет
"Республика" партиясы көз жарды
4-бет
"Аблесов деген абышканыкы өттү"
5-бет
Урматбек Барыктабасов,
"Мекен туу" партиясынын лидери:
"Эл революцияны бийлик үчүн жасаган эмес!"

6-бет
Улут аралык жаңжалга жол берген жокпуз
7-бет
Садыр ЖАПАРОВ,
"Ата-Журт" саясий партиясынын республикалык штаб жетекчиси:
"Ачык айтып ак сүйлөгөндү үйрөнсөк"

8-бет
Ар кимде бар ар кыял
9-бет
Шайтандын резюмеси
10-бет
Ак өргөнүн багы качан ачылат же Бакыт Акматовдун таянган тоосу ким?
11-бет
Айына 1000 доллар маяна алгың келеби?
12-бет
Кылым жашап, кыргызга бакыт тилеп...
13-бет
Сыйкыр сан
14-бет
Салтанат Бараканова кимге тоскоол этүүдө?
15-бет
КАНДУУ ЖОЛ
16-бет
Нурзада ЖОЛДОШЕВА, ырчы, ди-джей:
"Алга" деген ураанды эстеп кайраттанам"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«