mainkaptal

КИТЕПТЕР

Гезит, макала, архив, 2007,2018

"Аблесов деген абышканыкы өттү"
Ала кушту атынан чакырган оң. Кийинки учурларда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жөнүндө эл арасында, өзгөчө ММК да пикирлер көп айтылып келет. Эл деген эл. Элдин пикирине чек жок деңизчи, бирок, негизи кара таман карапайым эл туура айтат. Анткени эл калыс, эл тараза. Ошондой пикирлердин бирөөнү ортого таштайын.

Кийинки учурларда Азимбек Бекназаров жөнүндө айрым туура эмес кептер, "заказ" макалалар, бейөкмөт уюмдары тарабынан "шыбамайлар" пайда болууда. Калыстыкты айталы. Баягы Манастын 1000 жылдыгында Ислам Каримов филармониядагы салтанатта трибунада сүйлөп жатып, тамашага чалдырып "Эй Манас, Манас дейсиңер, эгер Каракан кызы Каныкей Букардын кызы болбосо Манасыңар ким өзү" дегендей, Азимбек Бекназаров болбосо бул революциялар башталбайт болчу.
Акаевдик режимдин учурунда Үзөнгү-Кууштун туура эмес сатылгандыгын Жогорку Кеңештин трибунасынан айтам деп, түрмөгө түшкөн, түрмөдөн милициялардан көргөн кордугун ушул эле Исмаил Исаков парламентте көтөрүп чыккан, түрмөдөн чыгаары менен сотка аркылуу "Би-би-Си"ге интервью берип, Акаевдик режимге каршы тураарын коркпой туруп билдирген, Аксыдагы революциянын алгачкы отун тутандырган, жоогазын чүпүрөк байлангандардын алгачкы тобун-ошол эле К.Бакиевди, И.Исаковду, Ө.Текебаевди, Т.Тургуналыны, И.Болжурованы, Ж.Назаралиевди, Р.Жээнбековду (мен алгачкыларын айтып жатам) бириктирген, алгачкы жолу Жалал-Абад обладминистрациясына от койгон, Бозпиектен жөө жүрүштү баштаган, Бишкектеги 2005-жылдын 24-мартындагы революцияны ишке ашырган, Акаевди кетирип, Бакиевдик команданы түптөгөн, Бакиевден да калыстык кете баштаганда Жогорку Кеңештин отурумунда биринчи жолу "мен азыр аттырып ийсе да, мындай болбойм" деп бетке айткан, Кыргызстанда кайрадан теңчилик кетип баратканда, кайрадан үй-бүлөлүк башкаруу өкүм сүргөндө БЭКти түзүүгө зор салым кошуп, Каркыранын туура эмес сатылгандыгын, Түндүк, Чыгыш Электр түйүндөрүн, "Кыргыз телекомдун", "Бител" түйүндөрүн, Жетим-Тоо менен Арпаны, Сох ж.б жерлердин туура эмес берилип кеткендигин көтөрүп чыккан ким?
Андан берки 7-апрель алдында "Форумдагы" элдик курултайды өткөрүп, 7 дубандагы карапайым калктын мүдөөсүн элдин эсине салып, Бакиевдик үй-бүлөлүк кланга караманча каршы турууга үндөгөн ким?
7-апрелдеги революциядан кийин Бакиевдердин үй-бүлөсү менчиктештирип кеткен мүлктөрдү мамлекетке алууга, уюшкан кылмышкерлердин артынан түшүп, бүтүндөй укук коргоо органдарын жетектеп, кийинки Ош окуясында да башка Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнөн мурун жетип, башын сайып, өмүрүн тобокелге салып, тынчтык деп, адилеттик келсе экен деп, өлкө тынчыса экен деп революционерлердин чордонунда турган ким?
Мен башка УӨ мүчөлөрүнүн аттарына сөз айткым келбейт. Бирок, кимдин канча күн, кантип, кайда иштеп атканын эл көрүп турбайбы. Эгерде кара башынын эле кызыкчылыгын көздөсө, айрымдарчылап анда-санда теледен бир көрүнүп коюп, элдин сөзүн сүйлөп, УӨтө отура берсе болот эле го, колун ушалап.
Эгерде наам эле, карьера эле керек болсо, Бекназаров "башпрокурорлукту, же ИИМди, болбосо УККны бергиле, ансыз мен жылбайм" десе болот эле го!
Кыргызда башыбыз менен кошо жатуучу бир жаман илдет бар. Ал жакшы болсоң көрө албайт, жаман болсоң жардам бере албайт деген сапат. Кимди болсо тырмалап, чукуганга устабыз.
Ушул жерде сөз учуру келгенде "Өкмөттүк эмес уюмдар" деген аялдардын тобуна бир айта кетүүчү нерсе. Батыштан тапкан жемиңерди жөндөп, элге билгизбей (эл ансыз деле билет дечи) жеп, каратып туруп калп айтпай, өгүнкү Конституциялык Кеңештеги Токтайым Үмөталиевадай болуп Самарканддан "саман учурбай", Мотуев айткандай үйдө бала-чакаңарды, айлана-чөйрөнү, кошуна-колоңду карап, "булар эмне деп жатышат экен?" деп аларды да угуп, тыңшап, сүйлөшүп көрүп анан акчаңарды билгизбей алып, өзүңөр айткандай "укуктук талааңардан" чыкпай, аялдай болуп жашасаңар.
Экинчи нерсе, Аблесов деген абышканыкы өттү, каяктагы көргө кеткен "Ынтымак Курултайындагы" эски ычкырын мойнуна салып алып. Ой, ал Курултай элге шылдың болгонун ошол эле күнү кечинде кошуналарыңардан уккан жок белең, абышка. Тамтаңдап, жанагы Ысык-Көлдөн президиумга чыкчулардын тизмесин окуй албаган чал экөөңдү теле берүүдөн канча көз сөгүп, карап турганын билесиңерби?!
Акырында айтчу сөз, ачыгын айтканда, УӨ мүчөлөрүнүн ортосундагы өз ара мамилелери жөнүндө эл арасында сөз көбөйүп барат. Ушуну эсиңерге алгыла, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү. Сөз тегин жеринен чыкпайт. Жумурай-журт, айтпай Кыргыз калкы силерди карап турат. Эми силер жаңылсаңар элдин шоруна каласыңар. Шейит кеткен балдарды көөмп жатканда, муфтий айтпадыбы "кепиндин чөнтөгү жок" деп. Көр дүйнөгө алданбагыла!
Маадабай Эшкожо




  Ылай

Чылап атышат. Шымалана аралаштырып, үч үлкөндүн лопата күрөгү шапа-шупа… 5 жыл чылашты. Цемент өздөрүнүкү, суу өздөрүнүкү, сатылгандан калган жердин топурагы толтура. Өткөн чактын ажосу, генпрокурору, спикери бир добуштан баткакты балчылдатышып… Бакиев канча градус ийилсе, милийса башчы Молдомуса Конгантиев да ошончо градус ийилип, Рашид Тагаев жайдары сүйүнүп, айтор, кылган-неткендери менен жалаң ылайдан атак-даңк күткөндөр дооран сүрүп турган кезеңи. Атаанак президентибиз тиги лапаткесиндеги аралашманы кайсы курулуштун пайдубалына салганы жатканы анчалык деле мааниге ээ эмес. Анткени кандай гана өтө тез бүтүүчү кооз жана ири курулуштар болбосун же Максимдики же Закиржандыкы эмес беле. Элмурза Сатыбалдиев менен Айтибай Тагаев кудум үй-бүлө мүчөсүндөй шапа-шупа…
Ушул ирмемде тагдырлары тайгаланып, алдагы ылайдай аралашып каларын сезишти бекен? Жок! Ал кезде алардын сезиминде карапайым элдин көз жашы, кыргыздын кызыкчылыгы эмес, акча, кресло, кыз-келин гана ойноп тургандыр. Анткени, өздөрүн түбөлүк бийликтин түркүгүндөй эсептеген эмелер эмес беле. Салиевич калагын кайда шилтесе, ураалап, артынан кошо куйрук үйүргөндөр кескелдирик куйругундай чорт кесилгендерине бүгүн да ынабай турушкандыр. Баягы, Бакинин небересинин "нейтральный" доорун кайта-кайта аңсап, бет-курсакты салаңдатып…
Жумабай Абдан







кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
1-июль, 2010-ж.:
1-бет
ФУЛБОЛДУН ЧЕЙРЕК ФИНАЛЫ ЧЕЧИЛДИ
2-бет
Отунбаева мыйзамдуу президент
3-бет
"Республика" партиясы көз жарды
4-бет
"Аблесов деген абышканыкы өттү"
5-бет
Урматбек Барыктабасов,
"Мекен туу" партиясынын лидери:
"Эл революцияны бийлик үчүн жасаган эмес!"

6-бет
Улут аралык жаңжалга жол берген жокпуз
7-бет
Садыр ЖАПАРОВ,
"Ата-Журт" саясий партиясынын республикалык штаб жетекчиси:
"Ачык айтып ак сүйлөгөндү үйрөнсөк"

8-бет
Ар кимде бар ар кыял
9-бет
Шайтандын резюмеси
10-бет
Ак өргөнүн багы качан ачылат же Бакыт Акматовдун таянган тоосу ким?
11-бет
Айына 1000 доллар маяна алгың келеби?
12-бет
Кылым жашап, кыргызга бакыт тилеп...
13-бет
Сыйкыр сан
14-бет
Салтанат Бараканова кимге тоскоол этүүдө?
15-бет
КАНДУУ ЖОЛ
16-бет
Нурзада ЖОЛДОШЕВА, ырчы, ди-джей:
"Алга" деген ураанды эстеп кайраттанам"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«