mainkaptal

КИТЕПТЕР

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Кас-кас

"Республика" партиясы көз жарды
Кечээ "Жаннат" мейманканасында башында ишкер, меценат, коомдук ишмер жана экс-депутат Өмүрбек Бабанов башында турган "Республика" саясий партиясынын ачылыш аземи болду. Бул партиянын карапайым калкка болгон жагымдуу көрүнүшү катарын жалаң өз киндигин өзү кескен ишкерлер, маданият чөйрөсүнүн үлкөн өкүлдөрү аталган саясий уюмдун тутуму түзүлүшү колдоого алаарлык көрүнүш. Бул ачылыш аземге кыргыз эл артисти, кинорежиссер Актан Арым Кубат, экс-депутат Бакыт Төрөбаев, көрүнүктүү бизнес-леди Чолпон Султанбекова, "Көк-Бөрү" федерациясынын Чүй облусу боюнча президенти Канатбек Исаев, ишкер Искак Пирматов, Бишкек шаардык Мамлекеттик Каттоо агенттигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Алтынай Өмүрбековалар катышты. Алгачкы сөз алган Өмүрбек Токтогулович партиянын негизги багыты катары регионалдык кызыкчылыктан өйдө көтөрүлүп, республикалык масштабда иш алып барууга мезгил жеткенин баса белгиледи. Ал өз сөзүндө "Биз курч маселелерди талкуулагандан эч качан качпайбыз. Биздин приоритеттүү багытыбыз башка өнүккөн өлкөлөрдөй эле билим берүү тармагы өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи болуш керек. Ал эми кыргыз тилин баарыбыз сүйүп, урматтап ошол эле учурда орус, англис, француз тилдерин да заманбап адам катары үйрөнүүгө тийишпиз. Ошону менен катар эле республика трайбализм эмес өлкө профессионализмге багытталышы керек. Биз ак үйдүн тосмосун алуу зарылдыгын белгилейбиз. Анткени ал тосмо эл менен бийликти эки жээкке бөлүп салды" деп, ташка тамга баскандай билдирүү жасады. Андан тышкары биздин стратегиялык өнөктөш катары Россия мамлекети эсептеле турганын белгиледи.
Чындыгында жаңы түзүлүп, тушоосу кесилген "Республика" партиясы өлкөдөгү башка саясий топтордон айырмаланып экономикалык программасы так аныкталган, жөнөкөй, элге түшүнүктүүлүгү менен катарын күн санап өстүрүүдө. Бул партиянын кадыры ракеталык ылдамдык менен өсүп жатканын байкаган саясатчылар, коомдук ишмерлер Өмүрбек Бабановдун офисин тегеректеп ага, жолугууга ынтызарланып жүрүшөт. Жаңы көз жарган партияга азырынча ак жол каалап туралы, калганы кийинки сандарыбызда.
Айнура ИСМАИЛОВА




  Көнгөн адат көрдө калат

Элди атып эми чочкого өттү...
Өлкөнүн качкын президенти Белоруссияда Батькасынын этегине башын катып алып, орус журналисттерине сый тамак уюштурду. Албетте, Кыргызстандан кымырып кеткен акчасынын эсебинен. Орустун белгилүү "Комсомольская Правда" гезитинин кабарчысы жазмакчы, баягы эле эски адатынча ММК өкүлдөрүнө арнап, сөз башын жүз грамм менен баштаганына караганда "Курманбек Бакиев Минискиге барганы ак молдодон арыла албай жатат" деген сөз чындык окшобойбу.
Жүз грамм кирип, дене-бою жибигенден кийин өзүнүн Минискидеги жашоосу жабык экенин, бирок үй-бүлөсү ал шаарда ээн-эркин жүргөнүн, өзү болсо азырынча көчөгө чыкпасын, бирок Белоруссиянын үчүнчү июль эгемендик күнүндө сөзсүз салтанатка катышаарын жарыялады. Анан да "Кыргызстандагы кырдаалды угуп, көрүп туруп, көңүл ачкым келбейт" дептир да, кайра өз сөзүнө каршы чыгып балык уулоого, "чочколорго" мергенчиликке чыкканына мактанат. "Каманга мергенчиликке барып, кара доңуз экен атайын" десем жанымдагы егерь "Курманбек Салиевич, атканга болбойт. Бул каман эмес, чочко" деди. Бизге алгач төрт, андан кийин сегиз чочко жолукту. Бул жактан биринчи жолу мергенчиликке чыгып анан кур жалак кайтыш мен үчүн оңтойсуз болду. Жанымдагы егерьге "эмне үчүн атканга болбойт, айып пулу канча?" десем, бир миллион рубль экенин айтты. "Төлөйүн" десем да аттырбады" деп, миллион рублди да акча ордуна көрбөй атканы эмнеден кабар берет. Кыргыздын ырыскысын жеп-жутуп кеткен боксер акмакка каргыштан бөлөк айтаар эч нерсе жок. Болбосо бул жактагы элге кылган мергенчилиги аз келгенсип, эми Белоруссиянын чочколорун четинен кыргысы келет. Өзүн сыйлаган өкмөт башчылары чочкосунан бери коргоорун али күнгө БКС түшүнө элеги өкүнүчтүү. Айтмакчы, Кожожаш мергендей болуп уулдарынын бирин атып алса көрөт элек, ушинтип маашырланганын. Кыргызстанда уулдары, дос-тууганы элге аңчылыкка чыгып атса, канкор Курманбектин энчисине чочко тийиптир. Антип дөгүрсүп, мактангандан көрө "Кыргызстанды карап алып күндө ыйлап атам, буга менин да күнөөм зор" десе өлүп кетет беле?
Өз элинин, жеринин кадырына жете албаган экс-ажо азыр Батыкасынын "пущанкасын" (самогонун) мактап, этсиз тамак жей албай жатканына, көңүлү келсе өз казан башында аш басып жатканын айтат. Саясатты маштап ишкерлик менен шугулданам деп кыялданып, учурда "бай ата" жана "кедей ата" деген китепти окуп жатканын мактаныч кылыптыр. Ушул жерден бир окуя эске түшөт. 2008-жылы жай айларында Кыргызстанга Түркия мамлекет башчысы Абдулла Гүл мырза келип, расмий визитинин алдында чет элдик массалык маалымат каражаттарына интервью берип жатып, кабарчынын "эмнени жакшы көрөсүз?" деген эки суроосуна биринчиси улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары десе, экинчисине "футболдун фанатымын" деген. Ал эми ошол эле кабарчы жогорудагыдай суроо менен ал кездеги биздин президент Курманбек Бакиевге кайрылса "биринчиси, мергенчилик, экинчиси, бокс" деп жанды кашайтып жатпайбы. Канткен күндө да чын көңүлдөн жооп бериптир. Анысын 7-апрелде өз элине мергенчилик кылып, жүзгө жакын адамдын канына забын болду. Кыргызстандын бюджеттин "груша" кылып уруп, бүт чөнтөгүнө салып кетип азыр жети тукумуна жеткидей каражат менен чет элде калган жашоосун бакубат өткөрүп жатат. Бирок бөтөн жерде жүрүп, ичээр суу түгөнөөрүндө кантээр экен жарыктык киши. Кандай гана аянычтуу.
Бурул МУСАБЕКОВА




  Атка да акыл керек

Коомуңдун аты Коңурбай!
Үйдүн чыга беришине жарыя жазылган кагаз илип кетишиптир. Ага үңүлө калсам, мааниси мындай экен: "Көкө-Теңир" аттуу кайрымдуулук фонду түштүктөгү окуялардан жапа чеккендерге жардам көрсөтүү үчүн элден кийим-кечек, азык-түлүк чогултат имиш. Ооба, кайрымдуулук иш-аракеттер болгонуна каршылык жок. Бирок, мени ойлондурганы алиги коомдун аталышы болду. Эмне үчүн "Көкө-Теңир" деп аташты? Башка ат табылбай калдыбы? Эгер ал "Көкө-Теңир" экени чын болсо, анда неге эл-журттан кийим, тамак сурайт? Мына, хохма. "Көкө-Теңир" деген Алла таала, Кудай, Жараткан эгем деген эле сөз да туурабы? Кайдагы бир кайрымдуулук фонду үчүн ушундай эстүү жандын жүрөгү даабай турган, адам аттуунун баары сыйынган улук атты кантип коркпой-нетпей коюп алды экен ыя?
Деги, аталыштардын маани-маңызын талдап-тескейби бу өкмөт деген?!
Акыркы мезгилдерде коом, уюм, фонд, кыймыл, партия өңдүүлөр жайнады. Ушулардын аталыштары кыргыздын бир катар жакшы, ырыстуу сөздөрүн талкалады. Талкалады дегеним, асыл сөздөрдүн сапатын жойду. Маселен, "ак жол" деген ак тилектүү сонун сөздү айта албай калдык, уялып. Себеби, сасык саясаты менен ал сөздүн түбүнө Бакиевдин "Ак жол" партиясы жетти. "Кут" деген партия бар, коомдук ишмер Болот Жанузаков жетектейт. "Кут" деген сөз жалпы кыргыз сыйынган, самаган ыйык сөз. Жакшылыктын туу чокусун ошол кутка балаган кыргыз. "Келин кут болсун", "конуш кут болсун", "той кут болсун" деп, ошол куттуу сөздү айтышкан. Ата-бабаларыбыз партия кут болсун деген эмес! Куттун кутун да минтип саясий партия учуруп отурат. Мирослав Ниязов "Эл арманы" деген партия түздү. Эми бул партия чындап элдин арманы болобу? Эмне үчүн "Эл кубанычы" эмес? "Манас-Кыргыз-Чынгыз" деген партия атын уктук жакында. Эй, айланайындар, кыргыздын аздектеп, тутуна турган анча-мынча эле ыйык аталыштары бар. Ушуларга тийбей эле койгулачы! Жалпы элдин жакшылык үчүн колдонуп жүргөн ырыскылуу сөздөрүн майда-чүйдө уюм, партияга менчиктеп, тилибизди сындырбагылачы! Эгер ыйык аттарды партияңар же коомдук уюмуңар көтөрө алса бир жөн. Андай болбойт да.Өкмөткө да бирден-бир талабым ушундай.
Бул биринчиси, экинчиден кайрымдуулук фонд дегендер догурунуп, кандайдыр долбоорду көтөрө чаап, өкмөттөн акча бөлдүрүп, элден, бизнесмендерден кайыр чогултуп алып, анан кайра бейбечараларга бөлүштүргөн болуп ортомчулуктан жан багып келаткандары жашыруун эмес. Кайрымдуулук кыласыңбы, өз чөнтөгүңдөн кыл! Тигинтип, жөндөн-жөн элден эски кийим, токоч чогултпай. Менин чолок акылым ушуну эле айтып турат. Же бул айткандарым калпыстыкпы? Эптеп эле бирдеме уюштуруп, аркасынан саясат жасай берүүдөн бир аз болсо да өйдө көтөрүбөйлүбү. Сен не дейсиң, окурман? Үн кошсоң боло, окуп эле отура бербей...
Жумабай Абдан





кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
1-июль, 2010-ж.:
1-бет
ФУЛБОЛДУН ЧЕЙРЕК ФИНАЛЫ ЧЕЧИЛДИ
2-бет
Отунбаева мыйзамдуу президент
3-бет
"Республика" партиясы көз жарды
4-бет
"Аблесов деген абышканыкы өттү"
5-бет
Урматбек Барыктабасов,
"Мекен туу" партиясынын лидери:
"Эл революцияны бийлик үчүн жасаган эмес!"

6-бет
Улут аралык жаңжалга жол берген жокпуз
7-бет
Садыр ЖАПАРОВ,
"Ата-Журт" саясий партиясынын республикалык штаб жетекчиси:
"Ачык айтып ак сүйлөгөндү үйрөнсөк"

8-бет
Ар кимде бар ар кыял
9-бет
Шайтандын резюмеси
10-бет
Ак өргөнүн багы качан ачылат же Бакыт Акматовдун таянган тоосу ким?
11-бет
Айына 1000 доллар маяна алгың келеби?
12-бет
Кылым жашап, кыргызга бакыт тилеп...
13-бет
Сыйкыр сан
14-бет
Салтанат Бараканова кимге тоскоол этүүдө?
15-бет
КАНДУУ ЖОЛ
16-бет
Нурзада ЖОЛДОШЕВА, ырчы, ди-джей:
"Алга" деген ураанды эстеп кайраттанам"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«