mainkaptal

КИТЕПТЕР

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Кол кысмай

Отунбаева мыйзамдуу президент
"Өткөөл мезгилдин президенти" деген аттан кутулуп, толук кандуу президент болуп шайланган Роза Отунбаеванын инагурациясы 3-июль күнгө белгиленди. Ошол эле учурда мыйзамдуу бийлик башчысы катары Роза Исаковнага Түркия мамлекет башчысы Абдуллах Гүл жана Өзбекстан президенти Ислам Каримов куттуктоо телеграммаларын жөнөттү. Бул куттуктоо жалпы кыргыз элине экенин унутпасак.


Шайлоо эпкини
Аликбектен акыйкат
"Акыйкат" партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов Убактылуу өкмөткө башында белгиленгендей шайлоолорду октябрь айында өткөрүүгө туруктуулукка чакырды. Аликбек мырза, коомчулукта Убактылуу өкмөттүн дарегине ишенбөөчүлүк жаралып, бейтарап сөздөр көбөйгөнүн айтып, ошондуктан шайлоо эртерээк эле болуусун жана партиялардын парламенттен орун алуусуна ыңгайлуулуктар түзүлүүсүн баса белгиледи.


Бириндейин, экиндейин
Кимибиз добуш беребиз
Курманбек менен Максим Бакиевдерден кутулганына сүйүнүп, моюндарынан оор жүк алгандай болгон ишкерлерди эми депутаттык кумар түн уйкусун бузуп ар кайсы партиялардын эшигин саагалап жүрүшөт. Жөн жүрбөй жашыл сөлкөбайларын жүз миңден чөнтөктөрүнө салып алып. Алар кимдер дебейсиздерби. Табылды Эгембердиев, Чыныбай Турсунбеков, Валерий Хон, Жаныш Кудайбергенов, Алтынбек Сулайманов, Камчыбек Жолдошбаев, Борис Сан. Ал эми экс-чиновниктерден Курманбек Осмонов, Курмантай Абдиев, Жеңишбек Байгуттуев, Марат Кайыпов, Акылбек Жапаров, Марат Султанов, Искендер Гаипкулов, айтор санай берсең бир кыргыз калбай шайлоого баратышат. Деги добуш бергенге киши калса экен.


Этеги айрылды
Ахмат күндөлүк
Кечээ "Дело №" гезитине качкын президенттин иниси Ахмат Бакиевдин күндөлүгү жарыяланды. Ал күндөлүктө акасы Закиржан кийинки күндөрү уулдары Марат менен Максимдин гана сөздөрүн угуп, ал тургай бир туугандарына жолугуудан качып калганы жарыкка чыкты. Элдир, селдир акылы бар Ахмат мырза Максимге акчадан башка эч нерсе кереги жогун, ата-журт, туулган жер деген түшүнүк анын акылында ныпым экенин ачык жазып келип, бир туугандар арасында ажырым эбак эле болгонун айгинелептир.


Ириң сыгылды
Турганбаевден Бакиевдер кутулбай калды го...
Жалал-Абадда кармалган Жусупбек Бакиевдин кенже уулу Санжар Бакиевдин кармалышы маалымдалды. 1983-жылы туулган жаш жигиттин тегерегинде ар ким ар кандай сөз таратууда. Бакиевдердин ичинен ушунусу гана Кыргызстандан чыгып кетпептир. Балким, кримчөйрөдө, саясатта аты аталбаган үчүн тоңмоюндук кылгандыр. Кармалганда жанынан тапанча, үйүнөн автомат табылган. Бакиевдердин сары изине чөп салып, саргара жортуп, тынымсыз иликтөөгө алган милициянын полковниги, ИИМнин орун басары Мелис Турганбаев Санжардан башка да башаламандык уюштургандарга катыштыгы барлар кармалганын, тазалоо иштери күчүндө экенин айтты. Ош, Жалал-Абад окуясын басууда ушул Мелис мырзанын эмгеги ат көтөргүс экенин жана да белгилей кетели.


Саясатчы дегендериң сайпана болуп калышат окшойт
Эки күндөн бери карап турсаң Д.Медведев Кыргызстандагы референдумду сындап койду деп эле чурулдап жатып калышты.
Ой, Медведевдин айтканынан эч нерсе өзгөрбөйт. Референдум менен тастыктап, өлкөдөгү башкаруу системасын жаңыртып, өз турмушубузду жакшырталы, чыныгы демократиялуу коом түзөлү деп жатабыз. Медведевдин кандай жумушу бар, биздин ички турмушубуз менен. Биринчиден анын өзү чыныгы чарбакер жетекчи эмес. Медведев бизге Путин салып, таптап берген жол менен өтүп бараткан убактылуу жолоочуга окшойт.
Жетекчи деген биринчи ирээт саясатчы, экинчиден чарбакер адам болуш керек. Парламенттик республика түзбөгөндө анан Бакиевди кайра чакырмак белек.
Деги кызыксыңар, саясатчы сөрөйлөр.

Шайтаны көп шайлоо
Тилде сөөк жок
Кечээ Өмүрбек Текебаев саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугуп жатып шайлоо жарыяланганга чейин каттоодон өткөн партиялар алдыдагы ат салышка катыша алаарын билдирди. Өмүрбек Чиркешовичтин айтымында болжолдуу түрдө шайлоо өнөктүгү качан башталаары 10-июлда аныкталат. Айтмакчы, ал жолугушууда "Ата Журт" партиясынын өкүлү Камчыбек Ташиев болуп өткөн референдумдун жыйынтыгын таанырын айтып жиберди. "Кызыл тилди кайда бурсаң кете берет" деген ушу да.









кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
1-июль, 2010-ж.:
1-бет
ФУЛБОЛДУН ЧЕЙРЕК ФИНАЛЫ ЧЕЧИЛДИ
2-бет
Отунбаева мыйзамдуу президент
3-бет
"Республика" партиясы көз жарды
4-бет
"Аблесов деген абышканыкы өттү"
5-бет
Урматбек Барыктабасов,
"Мекен туу" партиясынын лидери:
"Эл революцияны бийлик үчүн жасаган эмес!"

6-бет
Улут аралык жаңжалга жол берген жокпуз
7-бет
Садыр ЖАПАРОВ,
"Ата-Журт" саясий партиясынын республикалык штаб жетекчиси:
"Ачык айтып ак сүйлөгөндү үйрөнсөк"

8-бет
Ар кимде бар ар кыял
9-бет
Шайтандын резюмеси
10-бет
Ак өргөнүн багы качан ачылат же Бакыт Акматовдун таянган тоосу ким?
11-бет
Айына 1000 доллар маяна алгың келеби?
12-бет
Кылым жашап, кыргызга бакыт тилеп...
13-бет
Сыйкыр сан
14-бет
Салтанат Бараканова кимге тоскоол этүүдө?
15-бет
КАНДУУ ЖОЛ
16-бет
Нурзада ЖОЛДОШЕВА, ырчы, ди-джей:
"Алга" деген ураанды эстеп кайраттанам"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«