mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Нурзада ЖОЛДОШЕВА, ырчы, ди-джей:
"Алга" деген ураанды эстеп кайраттанам"
Кулк мүнөз
Менимче ар бир адам бир канча мүнөзгө ээ болушу керек. Мен да учурга, болуп аткан жагдайга жараша өзгөрүп турам. Көңүлүм ачык болсо шайыр жүрөм. Ал эми капаланганда же бир нерсеге жиним келген маалда бир аз суз тартып калмайым бар. Катуу кайгырганда "Алга!" деген ураанды эстеп, кайраттанам.
Ушак
Эл көзүндө жүргөн адамды дайыма сөз ээрчийт. Башында бир аз ойго батып, "эмне үчүн ушундай болот" деп кабатырланчумун. Азыр "ит үрө берет, кербен жүрө берет" деп, айтылган ушактарга таптакыр көңүл бурбайм.
Сын-пикир
"Өзүңдү өзүң бил, өзгөнүн сөзүнө да кир" демекчи улуулардын насаатын угуп, туура эмес жасаган кадамдарыбызга айтылган сын-пикирлерге түз көз караштамын. Төгөрөгү төп келген, катачылык кылбаган адам болбосо керек. Андыктан сын-пикирдин айтылып туруусу зарыл.
Сахнадагы кыйынчылык
Оңой оокат болбогон сыяктуу, ар бир иште кыйынчылык болбой койбойт. Менде сахнадабы, ишимдеби кыйынчылыктарга кабылган учурда "эч качан муң-зарыңды төкпө, санаага чөкпө" деген сөздү кайталап, өзүмө дем, күч берип жашайм.
Сүйүүдө
Сүйүүгө туруктуумун. "Сүйүү деген күчтүү, тунук, анын күчүнө асман дагы таңгалыптыр, моюн сунуп" - деп бир чыгыш ойчулу айткан экен. Ошол сымал сүйүү керемет күчкө ээ тура. Жаман адамды жакшы кылган бул сүйүү. Аялдын сүйүүдөгү даражасы ошол сезимге кезиккенден кийин акылына кошулган акылдан, мээримине кошулган мээримден билинет деп ойлойм.
Тасма талаасында
Тарыхый тасмаларды көргөнгө кызыгам. Айрыкча "Чынгыз хан" тасмасын көргөндөн тажабайм. Өзүм тасмага тартылууну максат кылып келем. Өткөндө "Кыргызфильм" киностудиясына тасмага тартылууга сунуш түшкөн эле. Абдан кубанып барсам, экзамендериме тушташ келип калып, тасмадан баш тартууга туура келди. Буйурса алдыда тасмага тартылып, кинонун күңгөй-тескейи менен таанышам деген ойдомун.
Китеп
"Китеп билим булагы" деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Негизи өзүм китепти көп окуйм. Алардын арасынан "Бой тумар" деген китепти окуп, өзүмдү-өзүм тарбиялап турам.
Спорт
Эч убакта спорт менен машыгып же спорттун түрлөрүнө катышып көргөн эмесмин. Бирок суу да сүзүүгө абдан кызыгам.
Арданганы
Улуу тарыхы бар кыргыз эли экенибизди унутуп бараткандайбыз. Ушул нерсеге аябай ичим ачышып, арданып кетем. "Кыргыз" деген мамлекетүүлүгүбүздү жоготпосок.
Ашканада
Ашкана жаатында тамактарды түрдөп жасаганды жакшы көрөм. Курбуларым ашты жакшы басаарымды айтып калышат. Ар бир тамакты ырахаттанып жасайм.
Саясатка ой
Азырынча саясатка аралашууга эрте деп ойлойм. Ар бир нерсе өз учурунда, өз нугу менен болгон жакшы го дейм. Ал эми азыркы тапта саясатта менден башка адамдардын ою жетиштүү болсо керек.

Айнура ИСМАИЛОВА




Кинонун кыйноосун тарткан ырчы
Жаш сулууларга сүйүүсүн арнап, Чүйлүк кыздарга ашыктыгын билдирген ырчы Мухтар Атаналиев сахнадан алыстап, динге берилип, беш убак намаз окуп жүрдү эле. Эми кайрадан чыгармачылыкка кайтып келди, бирок ыр чөйрөсүнө эмес, тасма талаасына. Анын кино жаатындагы алгачкы эмгеги "Аят" тасмасы болду. Аталган тасманын сценарийи Мухтар мырзанын калемине таандык. Өзү продюсерлик кылып тарттырган тасмасы кино театрларда коюлуп, кино сүйүүчүлөрүнүн баасын алып аткан кези. "Динди түшүнгөндөн кийин гана адам бактылуу боло алат экен" деген Мухтар мырза өзүнүн билгендерин башкаларга жеткирүү максатында аталган тасманы тарткан.


Эң негизгиси тынчтык болсунчу
КРнын эмгек сиңирген артистти Майрам Дүйшекеева филармонияда эмгектенүү менен бирге Улуттук консерваторияда таланттуу жаштарга сабак берип келет. Майрам эже "буйруса Консерваториядагы экзамендер бүтүп калды. Ал эми Филармонияда болсо алдын-ала пландалган концерттер бар болчу, тилекке каршы түштүктөгү окуялалардан кийин аларды токтотууга мажбур болдук. Эми болсо референдум ийгиликтүү өтүп, өлкөбүз стабилдүүлүккө, тынчтыкка жетишсе деген тилек менен үмүт артып отурабыз. Жаңы өкмөтүбүз маданиятка көбүрөөк көңүл бөлсө деген пикирдебиз" дейт. Ал эми ырчы айым өзүнүн жеке концертин пландап аткан кези. "Эң негизинен элдин тынчтыгы эле болсо, кудай буюрса ал концертке деле кеч болбосо керек" деген ойдо акырындык менен концертке даярданууда.


"Үмүт кербенинен" үмүт
Мукам үндүү Гүлзат Байзакова маданият министрлигинин "Үмүт кербени" менен Талас, Нарын, Ысык-Көлдө болуп кайтты. "Үмүт кербени" менен элге кайрат айтып, куран окутуп, жалаң патриоттук ырларды ырдаган ырчылар Гүлнара Кахарова, Алтынбек Сапаралиев, Каныкей Эралиева, Нена, Замир Арыкбаев, Мирбек Иманбеков, акындардан Амантай Өмүралиев эл турмушу менен да таанышып кайтышты.


Тасмадан тасмага түшкөн Айдин Шер
Жаныш Кулмамбетовдун "Жаралуу турналар" тасмасында ырчы кыз Айгерим Расул кызы менен бирге тартылып, тасмадагы баш каармандын образын жаратып аткан ырчы жигит Айдин Шер эки иштен бир иш кылып көл жээгинен жаңы клип тарттырды. Алдыда Даниель менен ырдаган дуэтине да клип тарттыруу камында. "Жаш келсе ишке, кары келсе ашка" демекчи, ишине ийгилик каалайлы.


Сүездбектен жаңы клип
Ар бир ырчы киндик кан тамган жерине арнап ыр жаратат эмеспи. Анын сыңарындай ырчы жигит Сүездбек Искеналиев да жакында эле Кочкор районундагы Сөөк жайлоосунан сөзү Байзаковго, обону өзүнө таандык болгон "Касиеттүү Кочкор" деген жаңы ырына клип тарттырып келди. Сүездбек "учурда патриоттук ырлар жетишпей жаткандыгына байланыштуу бул чыгармам элге аз болсо да дем, күч берет деген ойдомун" дейт. Кудай буйруса жаңырган айдын төртү күнү жаңы клиптин ачылышы болуп, ыр сүйүүчүлөрүнүн назарына салынмакчы.


Айбек да сахна карытты...
Ырчы, обончу Айбек Карымов 28-29-июлда "Сахнада 10 жыл" атуу жеке концертин бергени даярданып, жаңы ырларды жаздыруу менен алек. Аталган концертке Айбек мырзанын чыгармаларын элге жеткирип жүргөн көптөгөн ырчылар конок болушат. Ага чейин ырчы туулуп өскөн айылына барып жаңы жазылган чыгармаларына клип тарттырып келмекчи.

Бурул МУСАБЕКОВА






кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
1-июль, 2010-ж.:
1-бет
ФУЛБОЛДУН ЧЕЙРЕК ФИНАЛЫ ЧЕЧИЛДИ
2-бет
Отунбаева мыйзамдуу президент
3-бет
"Республика" партиясы көз жарды
4-бет
"Аблесов деген абышканыкы өттү"
5-бет
Урматбек Барыктабасов,
"Мекен туу" партиясынын лидери:
"Эл революцияны бийлик үчүн жасаган эмес!"

6-бет
Улут аралык жаңжалга жол берген жокпуз
7-бет
Садыр ЖАПАРОВ,
"Ата-Журт" саясий партиясынын республикалык штаб жетекчиси:
"Ачык айтып ак сүйлөгөндү үйрөнсөк"

8-бет
Ар кимде бар ар кыял
9-бет
Шайтандын резюмеси
10-бет
Ак өргөнүн багы качан ачылат же Бакыт Акматовдун таянган тоосу ким?
11-бет
Айына 1000 доллар маяна алгың келеби?
12-бет
Кылым жашап, кыргызга бакыт тилеп...
13-бет
Сыйкыр сан
14-бет
Салтанат Бараканова кимге тоскоол этүүдө?
15-бет
КАНДУУ ЖОЛ
16-бет
Нурзада ЖОЛДОШЕВА, ырчы, ди-джей:
"Алга" деген ураанды эстеп кайраттанам"






??.??