mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

КАНДУУ ЖОЛ
(Детектив аңгеме)
Кадырман окурман, кыргыздар башынан кечирген акыркы беш жылдыкта экономикабыз эңшерилип, байлыгыбыз кемигени менен кылмыштуулук гүлдөп өсүп, өлүм-житим эпсиз көбөйгөнүн билебиз. Атайылап адам өмүрүн кыйуу ачыктан-ачык аңызга айланды. Натыйжада "Кандуу жол" атуу китеп капилет жаралып, калк ичин аралап кетти. Анда Медет Садыркулов баш болгон Кыргызстандын саясатына таасири күч көрүнүктүү ишмер адамдардын жалданма киши өлтүргүчтөрдүн кантип курмандыгы болгону жана кимдер жалдап кан күсөгөнү кеңири баяндалган. Биз ушундан тарта каралуу "Кандуу жол" китебин барактап, сандан-санга узатабыз. Эмесе, жакаңызды кармап, үзбөй окуй бериңиз.

- Шашып жатышса өткөрүп жиберчи, мейли бара беришсин, - МЧС каптал терезеден жанаша келе жаткан кара Жипти карап шопурга кайрылды. Ал ушу жарыша келе жаткан эки Жип анын өз ажалы экендигин сезген жок, болбосо айда, токтобо, ур шаарды көздөй дебейт беле. Алдындагы "Лексус" Жип машинеси акыркы үлгүдөгү жаңы автомашина болгондуктан анча мынча башка машинелерге ылдамдыгы, кубаты боюнча алдырбайт болучу. "Айда, токтобо" - десе дагы кандай болор эле. Анткен жок, жулкунтуп машиненин кубатын сыноого, башка машинелерге аралашып кутулуп кетүүгө аракет кылбады, тескерисинче ал: "Акырындат, өтүп кетишсин", - деди.
Аңгыча алдыңкы кара Жип бир аз өтө берип оң танабына ык сала "Лексусту" көбөттү карай кыса баштады, экинчи кара Жип болсо машиненин сол жак бурчуна өтө эле чукул жүрүп, тормоз берүүгө мүмкүндүк бербей келе жатат. Ылдамдык анча чоң болбогондон кийин буйтап өтүүнүн ар кандай ыкмаларын да жасоого мүмкүн эмес, оң жак терең көбөт. Арга жок токтоого туура келди, болбосо тиги жөөлөп келе жаткан эки машиненин сүргүнү менен аңга аласалып кетүүгө болот эле. Машине токтоор менен тиги эки кара Жиптин эшиктери шарак-шарак ачылып, аскер кийимчен, баштарына кара маска кийишкен, колдорунда автомат курал кармашкан алты киши ыргып-ыргып чыгышты да токтоп турган "Лексусту" тегеректеп калышты, түрлөрү жаман.
- Байке, эмне кылабыз?- Шопур баланын көзү алайып, үнү ичкерип, ыйлагысы келгендей болуп кетти. - Байке, айтыңызчы? ...
- Булардын түрү шектүү, машинени кайра текшеришеби, азыр эле карап чыгышпады беле, же атайын провокация кылып бирдеме салып коюштубу? - деди Слепко да кооптонгон түр менен. Анын оюна эки жыл мурдагы героин салынган орус элинин "матрешка" куурчагы түштү, ал чатакка тиешеси бар адамдардын эч кимиси жоопко тартылбай эле кала бергенин эстеди. Азыр да Садырбековго карата ошондой эле провокация болуп жатабы деп шектенди. Бирок бул оюн ачык айткан жок.
"Лексустун" эшиктери блоктолуп жабык, сыртынан ачылбайт. Бирок тиги куралчан кишилер терезенин айнектерин чагып жиберишери мүмкүн, брондолбогон айнек болгондон кийин кичине катуу бирдеме тийсе быркырап кетет. МЧС түзүлгөн кырдаалды баамдай албай турду, үн каткан жок. Маскачан адамдардын шопур тушта турганы автоматтын учу менен терезени тырсылдатып:
- Эшикти ач, сыртка чык! - деди буйрук берген түр менен үнүн катуу чыгарып.
- Байке, эмне кылайын? - Шопур баланы калтырак басып калды. Анын катуу коркуп турганын байкаган МЧС:
- Коркпо Кубат, ач, ача бер. Көп болсо аларга мен керек болом да, силердин эмне тиешеңер бар, ача бер, - деди үнүн токтоо чыгарганга аракет кылып.
Санаанын күлүктүгүн кара, баягы кесилген кулак, манжадан тартып, мурда атылып өлтүрүлгөн Баяман, Жыргалбек, Тынчтык, Рысбектер бир заматта көз алдынан чубап өттү, дайынсыз жоголгон Русланды да эстеди. Анткени колунда так далил болуучу документтер жок болсо да МЧС өзүнүн ушуга чейин ээлеп келген кызмат ордуна ылайык ал кандуу окуяларга кимдердин кандайча тиешеси бар экендигин жакшы билүүчү. Кимдин көзү кандай себеп менен, кимдин кызыкчылыгына карата тазаланганын да биле турган. Аталган бешөөнүн ичинен Баяман, Рысбек жана Руслан үчөөнүн Кибаевдер үчүн эмгеги атан төө көтөргүс болучу, алар болбосо жулунган жети бир туугандын бийликке келиши да, андан кийин бийликти кармап калышы да күмөн болучу. Неси болсо да өз мээнеттеринин акыбетин көрбөй кете беришти, кайран жигиттер. Башкаларга карата болсо болгондур, жасаса жасап жаткандыр, ал эми өзүнө карата андай зомбулукка бара алышпайт деп ойлочу, Садырбеков, өзүнүн өлкө ичиндеги жана эл аралык аброюна ишенген эле. Азыр сезди, бул маскачан жигиттер жөн жерден ачыктан ачык эле чоң жолдо минтип автомат такап камап турбасын, колдорунда атайын тапшырма бар, артында алар ишенишкен катуу күч бар.
Машиненин эшиги ачылары менен эки сомодой болгон жигит шопурду сүйрөп чыгып кетишти, бир маскачан киши дароо Лексустун рулуна отурду, экөө болсо арткы эки эшиктен киришип МЧС менен Слепкону кыса отурушту, дагы бирөө шопурдун жан жагындагы алдыңкы орундукка отурду да:
- Айда, кеттик! - деп буйрук берди.
- Эмне иш болуп жатат, силер кимсиңер? - МЧС мүмкүн болушунча өзүн кармаганга аракет кылды. - Кимдин тапшырмасы менен иштеп жатасыңар - деди.
- Барганда билесиз, тынч отуруңуз, өзүңөргө эле жакшы. - Алдыга келип отурган маскачан киши МЧСке кайрылып күңк этти да, - колуңарды бери бергиле, - деген буйрук берип чөнтөгүнөн кол кишендерин шалдыратып алып чыкты.
- Анын эмне кереги бар, эмне, бизден коркуп жатасыңарбы?
- Жок, тартип ушундай, бериң колду.
МЧС бир саамга тигини карап турду да:
- Коркпосоңор чечпейсиңерби маскаңарды, - деди.
Аңгыча сол жак капталында отурган маскачан киши МЧСти чыканагы менен кабырга тушка укуп алды:
- Көп базарды коюң да-а, сунуң колду, үлгүрөсүң анан сүйлөп, убакыт болот.
Слепко үн каткан жок, көздүн кыйыгы менен МЧСти карап келе жатты, анын колдору калтырап, оозу кургап, кежигесинен ылдый муздак тер ага баштаган.
- Ме, салсаң сал, бирок кийин жооп берип каласыңар, ошону түшүнгүлө, силер ким экендигиңер такталат бат эле. - МЧС эки колун бириктирип алдыга карай сунду. Арт жакты карай кайрылып отурган алдыдагы киши шарт эткизип кишенди бекитти да:
- Сиз дагы, - деп Слепкого кайрылды. Ал унчукпай эле колдорун сунду. Кишен ага да салынды.
- Шопур кайда калды, анын күнөөсү эмне, ага тийбегиле, жаш бала. - МЧС алдыдагы кишиге кайра кайрылды. Алдыдагы киши булардын башчысы экендиги анык, буйрукту ал берип жатат. Ал киши:
- Ага эч нерсе болбойт, келет - деди да ээги менен МЧСти жаңсап: - Баштарын жаап койгула, - деген буйрук берди. Ушул эле сөздү күтүп турушканбы, же мурдатан макулдашылганбы, арт жакта отурушкан экөө тең чөнтөктөрүнөн кенен тигилген кара баштык алып чыгышты да МЧС менен Слепконун баштарына кийгизип салышты.
(Уландысы кийинки санда)









кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
1-июль, 2010-ж.:
1-бет
ФУЛБОЛДУН ЧЕЙРЕК ФИНАЛЫ ЧЕЧИЛДИ
2-бет
Отунбаева мыйзамдуу президент
3-бет
"Республика" партиясы көз жарды
4-бет
"Аблесов деген абышканыкы өттү"
5-бет
Урматбек Барыктабасов,
"Мекен туу" партиясынын лидери:
"Эл революцияны бийлик үчүн жасаган эмес!"

6-бет
Улут аралык жаңжалга жол берген жокпуз
7-бет
Садыр ЖАПАРОВ,
"Ата-Журт" саясий партиясынын республикалык штаб жетекчиси:
"Ачык айтып ак сүйлөгөндү үйрөнсөк"

8-бет
Ар кимде бар ар кыял
9-бет
Шайтандын резюмеси
10-бет
Ак өргөнүн багы качан ачылат же Бакыт Акматовдун таянган тоосу ким?
11-бет
Айына 1000 доллар маяна алгың келеби?
12-бет
Кылым жашап, кыргызга бакыт тилеп...
13-бет
Сыйкыр сан
14-бет
Салтанат Бараканова кимге тоскоол этүүдө?
15-бет
КАНДУУ ЖОЛ
16-бет
Нурзада ЖОЛДОШЕВА, ырчы, ди-джей:
"Алга" деген ураанды эстеп кайраттанам"






??.??