mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

 "Кайрылманга" кайрымдуулук кылдыкпы?

Салтанат Бараканова кимге тоскоол этүүдө?
Этникалык кыргыздардын мекенине кайтып келип, жайгашып, Кыргызстандын турмуш-шартына көнүп, түпкү ата-бабасынын киндик аны тамган жеринде жашоо-шартка ыңгайлашуусуна көп көмөк көрсөткөн миграциялык фонддун директору Салтанат Бараканованын эмгегине көз жуумп, артынан ар кандай айың кептерди таратууга кызыкдар болгон адамдарга берер жообубуз бул.

Мурдагы Кыргыз Республикасынын миграция жана жумуштуулук боюнча Мамлекеттик комитетинин алдындагы Миграциялык фонддун негизги милдети тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарды, качкындарды жана башка иммигранттарды жергиликтүү жамааттарга адаптациялоо жана интеграциялоо үчүн шарттарды түзүүгө жана камсыз кылууга көмөк көрсөтүү болчу.
Ушундан улам "Кайрылман" мамлекеттик программасы иштелип чыгып, ал 2006-2008-жылы жүзөгө ашырылууга тийиш эле. Программанын алкагында республикабызга көчүп келген этникалык кыргыздарга Кыргызстандын жарандыгын алууга чейин "Кайрылман" статусун ыйгарып, статуска ылайык аларга жер берилип, үй сатып алууга жеңилдетилген ссудаларды алышмак.
Тилекке каршы, "Кайрылман" программасына атайын акча каражаты бөлүнбөй келген. Этникалык кыргыздарга жер бөлүп берүү маселеси республикабызда кабыл алынган Жер Кодексине туура келбегендиктен, бул ишти толук кандуу чечүүгө мүмүкүн болбоду.
Ошол эле учурда айрым айыл өкмөттөрү өз ресурстарынын эсебинен этникалык кыргыздарга жер беришти. Көбүн эсе көчүп келген туугандарыбыз жеке адамдардын, айыл өкмөттөрүнүн жерлерин ижарага алып иштетүүдө. Жеңилдетилген ссуда маселесин мурдагы өкмөттүн тийиштүү жетекчилери бюджеттин тартыштыгына шылтап колдогон жок.
Этникалык кыргыздарга "кайрылман" статусун берүү ар кандай бюрократтык тоскоолдуктарга учурады. Айрым жетекчилер 2007-жылдын 26-ноябрында кабыл алынган "Тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарга мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Мыйзамына салкын мамиле жасашты.
Арийне, Миграциялык фонд көчүп келген улутташтарыбызга көмөк көрсөтүү максатында бир топ укуктук-нормативдик актыларды, мыйзамдарды толуктоо, жакшыртуу боюнча алгылыктуу иштерди аткарды. Фонд жогоруда аталган "Тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарга мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Мыйзамынын чыгышына түздөн-түз катышып, кийин ага толуктоо киргизүү боюнча мыйзамдын демилгечиси болгон. Андан соң Өкмөттүн "Жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Тажикстан Республикасынын атуулдарына Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүү" токтому, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосундагы эки Макулдашууга-"Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда жарандык алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө Макулдашуу", "Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда көчүп келүү процесстерин жөнгө салуу жана көчүп келгендердин укуктарын коргоо жөнүндө Макулдашууга" кол коюлган. Андан тышкары "Кайрылман" күбөлүгүнүн бланкасынын үлгүсүн бекитүү жөнүндө Өкмөттүн токтому жана "Кайрылман күбөлүгүн берүү, бекитүү, эсепке алуу жана сактоо тартиби жөнүндө Министрликтин Нускамасы бекитилди. Кыргызстанга кирүүгө виза алууга төлөнүүчү мамлекеттик салыкты этникалык кыргыздар үчүн жеңилдетүү үчүн Өкмөттүн токтомуна өзгөртүү киргизилди".
Учурда республикабызда 25 миңден 30 миңге чейин этникалык кыргыздар жашап жатат. Алардын дээрлик 90 пайызы Кыргызстандын жарандыгына ээ болушту. 9 миң адамдын азырынча жарандыгы жок, бирок документтерди даярдалып комиссияга тапшырылган.
Миграциялык фонд этникалык кыргыздардын маселесин чечүүгө мурдагы Миграция жана жумуштуулук боюнча Мамлекеттик комитеттин аймактык комитеттери жана башка тийиштүү өкмөттүк уюмдар, жергиликтүү бийликтер, өкмөттүк эмес уюмдар менен тыгыз иштеп жүрдү.
Миграциялык фонддун милдеттеринин дагы бири-Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган ар кандай булактардан финансылык жана материалдык каражаттарды издеп табуу болгон.
Ушул максатта Миграциялык фонд тийиштүү долбоорлорду даярдап эл аралык уюмдарга, жеке донорлорго кайрылган. Көп учурда алардын дээрлик көпчүлүгү "этникалык кыргыздарга жардам берүү биздин приоритетке туура келбейт" деген жоопторду беришет. Арийне, 2007-жылдан тартып Түштүк Кореялык айрым инсандар, Кыргызстандагы кореялык жана арабдардын мээримдүүлүк уюмдары, кээ бир Кыргызстандык фирмалар маал-маалы менен жардам берип келишкен.
Мисалы, Түштүк Кореялык донорлордун көмөгү менен Көл калаасындагы Кажы-Сай айылында Балдарды реабилитациялоо борбору түзүлүп, 2007-2009-жылдардын ичинде 17 этникалык кыргыздардын тоголок жетим, жарым-жетим балдарын тарбиялады. Долбоор үч жыл иштеди. Үч жыл аралыгында кореялык донорлор балдар борборуна эмерек, оргтехника жана башка керектүү нерселерди сатып берди. Балдарды тамак-аш менен камсыз кылды.
Ал эми Чүй облусунун Беловодск айылындагы Убактылуу кабыл алуу пунктунда 2008-жылдын апрелинен 2009-жылдын ноябрына чейин 8 жесир, жалгыз бой аял балдары жана тоголок жетим балдарды кошуп 22 бала тарбияланды. Түштүк Кореялык донорлор балдардын тамак-ашына, айрым учурда кийим-кечегине жардам көрсөтүштү. Аталган долбоорлор "Хадича", "Күн сулуу" коомдук уюмдар аркылуу жүзөгө ашырылган.
2007-жылдан бери Түштүк Кореялык жеке адамдардын жардамы менен "Этникалык кыргыздардын арасындагы жакырчылыты жоюу" долбоор ишке ашырылууда. Анын негизинде жакыр үй-бүлөөлөргө жыл сайын саан уй сатылып берилет. Ал үй-бүлөө эки музоосун алгандан кийин, колундагы уйду башка жакыр үй-бүлөөгө өткөрөт. 4 жылдын ичинде Чүй облусунун Москва районундагы Стретенко айылына 5 уй, Панфилов районуна 4 уй, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Өзбекстанда анклавда жайгашкан Торук айылынын 7 үй-бүлөөсүнө музолуу уйлар алынып берилди. Быйыл март айында Сокулук району Плодопитомник айылына 5 уй берилди. Азыркы учурда эки музоодон алган үй-бүлөөлөр кийинки үй-бүлөөлөргө уйларын өткөрүп беришип жатат. Ар бир айылда бул долбоорго жооп берген лидерлер бар. Алар кореялык донорлор келгенде маалымат-отчет берип турушат.
Баса белгилей кетчү нерсе, жогорудагы жардамды уюштурууда Миграциялык фонд жакыр үй-бүлөөлөрдүн тизмесин этникалык кыргыздардын айыл-айылдагы лидерлери жана Өкмөттүк эмес уюмдар менен бирге даярдап берүүгө катышат. Донорлор дагы түздөн-түз эл менен иштешүүнү көздөшөт.
Ооганстанга гуманитардык жардам жөнүндө 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен Ооганстан Ислам Республикасынын Кичи жана Улуу Памирде жашаган кыргыздардын жардам сурап кайрылуусунун негизинде мамлекеттик кызматкерлерден, укук коргоо органдарынын, илимий чөйрөнүн өкүлдөрүнөн, медиктерден, журналистерден куралган экспедиция мүчөлөрү, бардыгы 26 адам 2008-жылдын август айында Тажикстан Республикасынын Мургаб районунда, Ооганстандын Кичи Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга азык-түлүк, чарба буюмдары, кийим-кече жана медикаменттерден турган гуманитардык жардам жеткирип келген. Гумжардам республикалык бюджеттен каржыланган. Жаратылыштын катал шарттарына байланыштуу Ооганстандын Улуу Памиринде жашаган кыргыздарга гуманитардык жүк жетпей калып, Мургабда сакталууга тапшырылган. Кийин декабрь айында Пяндж дайрасы тартылып, муз тоңгон учурда калган жүк Улуу Памирге жеткирилген.
2009-жылдын аягындагы реформанын негизинде Миграция жана жумуштуулук боюнча Мамлекеттик комитет Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине айланып, Миграциялык фонд жоюлуп кетти. Этникалык кыргыздар боюнча иштөө үчүн Министрликте бир бөлүм ачылды. Азыр бөлүм "Тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарга мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Мыйзамына ылайык механизмдерди иштеп чыгуунун үстүндө иш алып барууда. Анын алкагында "Кайрылман" статусун ыйгаруу жөнүндө, кайрылмандарга ссуда берүү боюнча жоболордун долбоорлору даярдалып, тийиштүү министрликтерден макулдашуу алуу алдында турат. "Кайрылман" программасынын 2010-2012-жылдар үчүн даярдалган жоболоруна дагы эле финансылык каржылоо жок.
Программаны каржылоо Министрликтин бюджетинде каралыш керек болгондуктан, аны 2010-жылга чейинки министрликтин орто мөөнөттүк бюджетинин прогнозуна кийирүү каралууда.





Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти,
Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Отунбаева Роза Исаковнага
Чүй облусунда жашаган этникалык кыргыздардан
Өтүнүч кат
Урматтуу Роза Исаковна, ушундай кыйын кырдаал мезгилде Сиздин өлкө башкарууга бел байлаганыңыз бизди көптөн үмүттөндүрөт. Сиз депутат болуп турганыңызда да тарыхый мекенине кайтып келген кыргыздардын таламын талашып жүргөнүңүз бизге маалым.
Өзүңүзгө белгилүү, мурдагы Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик Комитетинин алдында Миграциялык фонд этникалык кыргыздар менен иш алып барчу. Чындыгында эле бул фонд барда биз өзүбүздү кандайдыр бир камкордуктун кучагында сезчүбүз. Анткени виза ачууда, аны узартууда, жарандык алыша элек адамдар ооруп калса Миграциялык фонддун колдоосу абдан эле сезилип турчу. Керектүү инстанцияларга биздин абалыбызды түшүндүрүп каттарды жөнөтүп, маселенин биз үчүн оң чечилишин камсыз кылып турчу. Мындан тышкары Эл аралык уюмдарга кайрылып канчалаган жардамга муктаж үй-бүлөлөргө материалдык жардамдарды көрсөтчү. Ал гана эмес чет өлкөдө жашаган кыргыздардан кабар алып, аларга гуманитардык жардам берүүдө да Миграциялык фонддун жасаган иши чоң эле. Ушуларды ишке ашырууда анын директору Салтанат Бараканованын эмгеги зор.
Тилекке каршы, мурдагы бийлик мезгилинде бул фонд жоюлуп, анын ордуна бөлүм болуп калды. Ушуга каниет кылып отурсак, эми бул бөлүм да жоюлуп калганы кандай. Деги эле Миграциялык фондду жоюунун эмне зарылчылыгы бар эле. Же сырткы миграция маселеси чечилип бүттүбү, же сыртта жашаган этникалык кыргыздардын маселеси такыр жокпу? Биздин маалыматыбызга караганда, Афганистан, Таджикистан, Турция, Кытайда жашаган боордошторубуздун көбү эле тарыхый мекенибизге көчүп келсек дегенде ак эткенден так этишип жүрүшөт. Ал эми өлкөбүздө акыркы мезгилде болуп жаткан кырдаалда Өзбекстандан туугандарыбыз көптөп эле бул жакка келе башташты, андан да көп келип калышы мүмкүн. Ушундай учурда Миграциялык фонддун иштеп турушу максатка ылайыктуу эле деп ойлойбуз. Деги эле азыркы күндө Кыргызстанда жашап жаткан этникалык кыргыздардын деле көйгөйү аз эмес. Айрым үй-бүлөлөрдө алды 20 жашка чыгып калган балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок, көбүнүн сабаты жок, үй-жайы жок, сатып алганга каражаты жок. Мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыялар берилиш керек эле. Алардын укугун сөзсүз түрдө мамлекеттик атайын бир орган колдобосо ар кайсы ишкана мекемеде отурган бюрократ чиновниктер алардын муң зарын укмак түгүл эшигине жолотпойт. Алардын муңун уккан жалгыз гана Миграциялык фонд болчу, эми аларды ким угат да, ким колдойт?
Турциядан, Кытайдан жана башка жактардан келип билим алган студенттерге да укуктук жардам керек. Деги эле чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүүдө атайын орган керек. Бул дүйнөлүк практика көрсөткөндөй өлкөбүздүн аброюна, кадыр баркына оң таасирин тийгизмек. Мисалга алсак Арменияда чет өлкөдөгү боордошторун колдоо Министрлиги болсо, Эстонияда Миграциялык фонду бар. өзүбүздүн эле кошуна өлкө Казакстан "Оролман" программасынын алкагында кандай иштерди жасап жатканы айтпасак да маалым. Биз келечекте өнүккөн демократиялык мамлекет курсак, сыртта чет өлкөнүн жараны болуп жүргөн боордошторубузга колдоо көрсөтө албасак, колунда бар боордоштордун жардамын ала албасак кандай болот.
Ошондуктан, бул жагдайларды эске алып, Өкмүттүн алдында тарыхый мекенине кайтып келген жана чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды колдоо боюнча агенттик түзүп берүүңүздү суранабыз. Мындай орган иштеп турса, чачылганыбыз жыйналмак, ансыз деле кыргыз көп калк эмеспиз го.
Сизди терең урматтап,
Чүй областында жашаган тарыхый мекенине көчүп келген этникалык кыргыздардын тобу.







кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
1-июль, 2010-ж.:
1-бет
ФУЛБОЛДУН ЧЕЙРЕК ФИНАЛЫ ЧЕЧИЛДИ
2-бет
Отунбаева мыйзамдуу президент
3-бет
"Республика" партиясы көз жарды
4-бет
"Аблесов деген абышканыкы өттү"
5-бет
Урматбек Барыктабасов,
"Мекен туу" партиясынын лидери:
"Эл революцияны бийлик үчүн жасаган эмес!"

6-бет
Улут аралык жаңжалга жол берген жокпуз
7-бет
Садыр ЖАПАРОВ,
"Ата-Журт" саясий партиясынын республикалык штаб жетекчиси:
"Ачык айтып ак сүйлөгөндү үйрөнсөк"

8-бет
Ар кимде бар ар кыял
9-бет
Шайтандын резюмеси
10-бет
Ак өргөнүн багы качан ачылат же Бакыт Акматовдун таянган тоосу ким?
11-бет
Айына 1000 доллар маяна алгың келеби?
12-бет
Кылым жашап, кыргызга бакыт тилеп...
13-бет
Сыйкыр сан
14-бет
Салтанат Бараканова кимге тоскоол этүүдө?
15-бет
КАНДУУ ЖОЛ
16-бет
Нурзада ЖОЛДОШЕВА, ырчы, ди-джей:
"Алга" деген ураанды эстеп кайраттанам"






??.??