mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Сыйкыр сан

Урматтуу окурман, "Сыйкыр сан" рубрикабыз жакшыны ашырып, кубанычыңызды керектүү жерге жеткизип, сиз менен байланыштын бир булагы боло алат деген үмүттөбүз. Андыктан, эч тартынбай ( 0312) 32-33-13 телефонун бураңыз дагы куттуктоо болобу, дубай саламбы, көкөй кескен көкүрөктөгү оюңузбу же баарыбызды жылмайткан тамашабы, айтып калыңыз. Эң башкысы, ар бир жолкуда редакция кеңешип үч номерди алдын-ала белгилеп коет. Сиз эгер ошол номерге туш келип калсаңыз, анда 100 сом утасыз. "Сыйкыр саныбыздын" алгачкы сыйкыр сандары 007, 015, 021. "Сыйкыр санга" ар аптанын жума күнү саат 10.00дөн 12.00гө чейин (0312) 32 33 13 номерине байланышыңыз. Айта кетчү нерсе, шаардык телефондон гана эмес мобилдик телефондон дагы SMS билдирүү жиберсеңиз болот. SMS үчүн байланыш телефон 0555 616568. бул номерге чалууга болбойт, бир гана SMS жөнөтөсүздөр.
"Сыйкыр сандын" алып баруучусу
Айнура ИСМАИЛОВА

001. Салам, "Айат пресс"! Ишиңерге ийгилик каалайбыз. Эмнеге "Кумир менен чайлашуу" рубрикаңарды чыгарбай, күйөрмандарды кумирлери менен жолуктурбай калдыңар. Биздин кумирлерибиз Жанетта, Даниель жана Мирбек Иманбековдорду чайлашууга чакырсаңыдар жакшы болот эле. Сиздерди терең урматтап окурманыңыздар Айгерим, Жаку, Алина жана Бека.
002. Урматтуу, Урмат Барктабасов, сизди кыргыз эмес калмак дешет. Ушул чынбы? Чынгыз, Чолпон-Ата 0559 ****44
003. Мелис Карыбеков деген парапсихолог менен кантип байланышсак болот. Жолугуп сүйлөшөлү дегенбиз. Абдан керек болуп атат. Оорулуу апам жөнүндө жеке суроолорум бар эле. Аймира.
004. Азимбек Анаркулович, сиз чоң саясаттан кетип, саясий эстафедаңызды уулуңуз Руслан Бекназаровго өткөрүп берүү үчүн "Биримдик" жаштар партиясын түзүп атканыңыз чынбы? Бишкектен Бактыбек 0772 ****12
005. Айжан, окууга өтүп, келечекте өзүң каалаган кесиптин ээси болушуңа тилектешмин. Ден соолукта бол. Кайыркүл
006. Урматтуу "Айат пресс" гезитинин жамааты сиздердин ишиңиздерге ийгилик каалайм. Мен Мелис Карыбековго жолуккум келет. Мелис байке, сизге жеке суроом бар эле. Кантип жолуксам болот? Элиза




  Буттоп

Африкада топ ысып…
Түн уйкудан калып, Африканы карап отургандар арбын азыр. Ошентип, дүйнөлүк футбол дүңгүрөп, чейрек финалга жете келди. 2-июлда алгачкы топту Порт-Элизабетте Голландия жана Бразилия курама командалары тоголото тебет. Ага улай Йоханнесбург шаарында "Соккер Сити" стадионунда Уругвай жана Гана курама командалары ойношот. Эртеси 3-илюлда Кейптаунда Аргентина менен Германия курама командалары кырчылдашса, Йоханнесбургда "Эллис Парк" стадионунда Парагвай менен Испания беттешет. Эми бул "тополоңдон" булардын кимиси кимисин "жеп" жарым финалга жетип барарын чыдамсыздык менен күткөндөргө күн өтпөстүр. Неси болсо да 11-июлга белгиленген финалдык беттешүү кайсы команданын багын ачаары кызык. Алдын-ала жоромолдорго карасак, Аргентина менен Бразилиянын чыгышын айткандар арбын. Бара көрөлү, жашыл талаа жаңы чемпиондун даңкын жар салгыча!




Белгилүүнүн белинде
Акактай тишин кашкайта күлүп, жайдары отурган. Билегиндеги ичке билерикти кармалап коюп, жасалма кирпиктерин улам-улам ирмегилеп. Пивону түтүктөн соруп ичип, көз кыйыгынан улам-улам терезе туштагы кымбат баалуу жапон машинесин карайт...

Ушул айым менен минтип пиволошуп отурам деп, эзели ойлогон эмесмин. Ооба, теледен, гезиттен элеси кетпеген атактууга ким эле ой артат дейсиң. Күтүүсүздүккө айла жок экен. Анын үстүнө ээн-жайкын эгемендик коомчулукту далай сыйкыры менен тамашалап, таңгаларлык деле эч нерсе калтырбай бараткансыйт. Ага мисал маңдайымда мага жүзүн сала суроолуу тиктеген сулуу далил. Балким, мындай тагдырлар көптүр. Эмнеси болсо да жеке менин аң-сезимимди аңтар-теңтер кылган ирмемдерди жазгым келди.
Албетте, каармандар аттарын атай албайм. Аз күн мурун аттуу-баштуу Төрө деген аткаминер бир "братаным" менен жолугушуп калдым. Экөөбүздүн мамилебиз көптөн бери жакшы. Ал мени "жер тыңшаар маамыт" деп тамашалайт. Мен аны "илибой бийликтин куйругусуз" деп, тамашалайм. Айтор, эркекче бака-шака кеп урушуп, көңүл көтөрүшүп, бильярд ойноп калабыз. Керек кезде тыйын-тыпырдан кайрылышып турат дегендей. Ошол "братан" адатынча саясаттагы "хохмаларды" айтып, "мээни жазгандан" кийин минтип калды: "Талантбай, байкелериң (жаныбызда дагы бир белгилүү киши бар болчу) кирдеп калыптыр, мончого салсаң боло, ыя..."
Ошентип, ал мага 200 доллар берип, эки жарым саат ичинде жакшы сауна даярдап, тамак-аш, ичкиликтерин жайнатып туруп, телефон чалышымды милдеттендирди. "Күрүчтүн аркасы менен күрмөк суу ичет" болуп, кудуңдап мен кеттим. Тапчусун таап, алчусун алып, айтканын айткандай жасадым. Телефон чалып, сауна дарегин айттым. Куда күткөндөй эле күтүнүп калдым. Күткөндөрүм кечигет. Сауна тейлеген орус аялдын апакай сандарын кайта-кайта карап коем.
Келишти. Төртөө. Даярдыгымды мактап, "братаным" алдыда кирди. Артынан күлкү коштоп күбүрөй эки ургаачы менен баягы белгилүү байке. Эки айымдын бири менен көзүм чагылыша түштү. Аяр учураштык. "Тү-үй, ата" дедим ичимден. Жана тиги орус аял "кыз аласыңарбы" денгенде "билбейм" деп, маңыроолонуп койгом. Кызыгы ушул болду, береги атактуу айымдын жанындагысы ким? Кандай себеп менен менин курсактуу "братанымдын" торуна илинди? Бул айымдын күйөөсү баланча эмес беле, аны менен жашабай калганбы?.. Ара-чолодо ушундай ойлорду сыдырып жибердим. Мени Төрө "братаным" тааныштырып өттү. Жөн айтпай "ушул мончонун кожоюну" деди. Эки сулууну алмак-салмак карай бергенимден улам айтты окшойт, Төрө байке: "И-и, Талантбай, кана сенин селкиң?" дейт. Мен да кеп жебей, "силер менен кошо келет экен деп күтүп аткам" дедим. Карсылдап, каткырды. Дуулдай баары күлүштү. Кантсе да, атактуу айым экөөбүз бир-бирибизди караша бердик. Анын ой-санаасында не удургуп атканын билбедим. А мен анын үй-бүлөсүн жана ал жөнүндө уга жүргөн ушактарды эстеп жаттым.
Пардан чыгып, бассейинге чумкуп, байкелер ойда сергишти. Анан дасторконду "тазалашты" да эки сулууну эки бөлмөгө алып кетишти... Мен тиктешкен атактуу сулуу Төрө байкенин досу менен кетти. Каным дүргүп, артынан бардым. Жеңил каалга чала жабылыптыр. Анан... анан ары жагы бир укмуш... Кадимки саясатчы "сайышты" көрбөдүмбү. Жашы элүүдөн небак тайыса да, толуп-болуп турган жигиттей катуу "иштейт" экен. Алиги айым менен ар кандай позада айкашты. Жан жерим жарылчудай көөп, үстүлөрүнө мына-мына кирип барчудай абийирден кетип мен турам. Бир убакта айым байкенин үстүнө чыкты. Ошондо мени көрүп калды. Не кыларымды билбей, карап тура бердим. Ал да көзүн менден албай "ат чабышын" уланта берди. Эки эмчеги өйдө-ылдый кошо ыргып, апакай денеси туйлап, киндик астынан килеңдеген кызыл казык кирип-чыгып... Байкебиздин чыдамы түгөндү окшойт, онтоосу күчөй баштады эле айымдын акышы кошул-ташыл болуп кетти...
Ошентип, бул атактуу айым экөөбүздү "братандардын" мончосу кезиктирди. Телефонумду сураганда бере салгам. Себеби, ал менин ойлорумду карегимден окуп, менден шектенип турганын, жолугуп "түшүндүрүү сабагын" өтөөрүн сезгем. Ошол жылаңач окуядан кийин төрт күн өтүп-өтпөй ал чакырган кафеде минтип көзмө-көз жүздөшүп, кенен-кесир таанышып жаткандагы кербезибиз. Айым мага өтө кызык маалыматтарды айтып оозумду ачырды. Тагыраагы, белгилүү саясатчылар менен шоу-жылдыздардын "движениелерин" тизмектеп, этегин ачты. Кызыктуу бул отуруштан кийин айым мени машинесине салды да "ооз басырык" кылуу үчүн тоону көздөй айдады...
(Уландысы кийинки санда)
Талантбек Кайыпбеков






кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
1-июль, 2010-ж.:
1-бет
ФУЛБОЛДУН ЧЕЙРЕК ФИНАЛЫ ЧЕЧИЛДИ
2-бет
Отунбаева мыйзамдуу президент
3-бет
"Республика" партиясы көз жарды
4-бет
"Аблесов деген абышканыкы өттү"
5-бет
Урматбек Барыктабасов,
"Мекен туу" партиясынын лидери:
"Эл революцияны бийлик үчүн жасаган эмес!"

6-бет
Улут аралык жаңжалга жол берген жокпуз
7-бет
Садыр ЖАПАРОВ,
"Ата-Журт" саясий партиясынын республикалык штаб жетекчиси:
"Ачык айтып ак сүйлөгөндү үйрөнсөк"

8-бет
Ар кимде бар ар кыял
9-бет
Шайтандын резюмеси
10-бет
Ак өргөнүн багы качан ачылат же Бакыт Акматовдун таянган тоосу ким?
11-бет
Айына 1000 доллар маяна алгың келеби?
12-бет
Кылым жашап, кыргызга бакыт тилеп...
13-бет
Сыйкыр сан
14-бет
Салтанат Бараканова кимге тоскоол этүүдө?
15-бет
КАНДУУ ЖОЛ
16-бет
Нурзада ЖОЛДОШЕВА, ырчы, ди-джей:
"Алга" деген ураанды эстеп кайраттанам"






??.??