mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Кылым жашап, кыргызга бакыт тилеп...
Коогалаңдуу мезгилде нечендеген энелердин көз жашы дайра болуп, адамдан адам коркуп, эртеңки келечек жалпы эл үчүн көз байлаган туман өңдүү учур. Арийне, ар бир инсан өзүнүнүн адамгерлик сапатында тынчтык тилеп, "сары алтынды" "сабырдын" түбүнөн издегени абзел. Ысык-Көл облусунун Кара-Талаа айылынын тургуну Мөөнчиева Ажаркан апа, ошол алтындан кымбат тынчтыкты тилек кылган энелердин эң улуусу, быйыл туура 100 жашка толду. Артта калган бир кылымдык өмүрүндө кыргыздын ыйы менен ырына канча ирет күбө болгон десеңиз...

Кургурдун заманасы
- Тарыхыбызда анын ичинде Совет доорунда дагы адамдын ниетине жараша бийлик, башкаруу жана эл башында туруу түшүнүктөрү эч кимди кайдыгер калтырган эмес. А бирок мурдагы адам аң-сезими элге кызмат этип, атаандаштык ирээти менен алдыга жылуу болсо, азыр айрым учурда бийлик жеке кызыкчылыктын куралы болуп келатат. Адам болсо замандын өзгөрүү нугуна жараша болот эмеспи, кургурдун заманасы эми да бузулат окшобойбу.

Эркиндиктин элибиз
- Ооба, кыргыз журтчулугу 1916-жылы Үркүндүн үшүн көрүп, кан жыттанган Ата-Мекендик согушка катышып, улуттар аралык саясий коомдук мамилелердин эгемен мисалы катары жашап келген. Бирок, ошондо деле тукум курут болуп, же болбосо Мекенден айрылып калган учуру болгон эмес. Ар дайым азаттык үчүн кам уруп, алдына койгон ой-тилегин орундатууга умтулган элденбиз. Дагы да болсо эркиндиктин рухун кое бербеген элдин катарында турабыз.

Жалгыз тамчы алсыз
- Кандай күн болсо да өз намысын бербей жашап келишинин бир себеби, элдин биримдикке учкашып, ынтымактын кутун тумар тутуп жашаганында, кагылайын. Ар качандан бир качан бир улутта, бир элде кайым айтышуу, ынтымактын очогу болбосо, келечеги көрүнгөн эмес. Жалгыз тамчы сыңары алсыз болмок. Бир башатка биригип, тамчыга тамчы кошулуп, булакты булак улап, эл бир жыйылган көл болуп туруп, анан толкуп баштаса, толкунду тоо да токтотпойт.

Бийлик эмей ким?
- Чын-чынына келгенде карапайым калк кайгы-муңу болсо эле, жогорудагы бийликтен үмүт күтөт эмеспи. Ошондуктан бийлик өзү эл камын ойлогон, эл деп күйгөн, Мекенчил болушу керек. Турмушуң кургурдун маселеси түгөнбөйт тура. Бири бүтсө башкасы чыгат дегендей. Эл мамлекетке эмес, мамлекет элге кызмат кылганы дурус. Өзөктүн оту менен тең болуп, жарыкчылыкта улам алдыга кадам таштайлы дейт карапайым калк. Аларга түрткү болор бийлик эмей ким?!

Жаш акса, сүйүнүчтөн аксын
- Чыркыраган энелер көз жашы жерге төгүлбөй, жумурай журтчулук биримдикти бийик тутуп, ынтымакта жашасын! Өткөндүн өртү эртеңки күнү кайталанбай, жамандык аркасын салып, жакшылык жүзү менен бурулсун! Канча өмүрдү алып кетсе да, Жараткан көптү берерин унутпасын. "Алгандын бергени бар" дегендей, төгүлгөн кандын ордуна тынчтык, береке бекип, адамдын көз жашы ага турган болсо, кубанычтан, сүйүнүчтөн аксын. Калайык эл-журтумду Кудайым ар балээден сактасын!..
Саламат Жүрсүнбеков




  Кыргыздын касиети канында

Жашап жатабыз. Ар кимибиз бет алдыбызча акыл-түшүнүгүбүз жетишинче аракет кылып. Аз күн мурун Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Кудайды, арбакты, Манасты оозанып ант беришти. Кан төккүчтөргө каргыштар айтылды. "Биз чыныгы кыргыздын уул-кызыбыз" дешти. Демек, түптүү кыргыз цивлизациянын туу чокусунда турса да, ата-баба жөрөлгөлөрүн тутуп, урук-насилинин касиетинен эч алыстай албайт экен. Кыргыз касиети ошон үчүн аалам аңтарган өнүгүүлөрдөн миң эсе бийик турат белем.
Капилет жолуктук. "Акбашат-Эне" дешет экен. 7-апрелдеги окуяга байланышкан өтө кызык сырдуу маалыматтарды айтты эле, сүйлөшүүбүз тереңдеп кетти. Мен да бир кыргызмын да, балпайган кыргыз байбичеден укканымды окурманга тезирээк айткым келип... Апабыздын чындык менен эриш-аркак баянын баш жагынан ирээтин бузбай жаза баштадым. А каарманыбызга кызыккандар болсо, кийин тааныштырарбыз...

Көтөрүлгөн түндүк
Менин кесибим мугалим, көзачык эмесмин. Кудайдын берген касиети менен ушул Миңбулак мазарына келип туруп калгам. Келгеним өзүнчө сырдуу, таң калычтуу окуя, мезгил келсе аны да айтармын, бүгүн тек, менин өзүмдүн дүйнөмдө болуп жаткан сырлар жөнүндө сүйлөгүм келип турат. Эки жыл мурун Алладан аян келген. Анда: "Жетинчи айдын жетинчи күнүндө, таңкы саат жетиде "кыргыздын түндүгү көтөрүлсүн" деп айтылган. Көз майымды коротуп жасаган өзүмдүн бозүйүмдү аянга арнап тиктирдим.
Ошол таңда боз үйдүн түндүгү көтөрүлгөндө ал жерге кайыптар аркылуу чынар терек тигилген, азыр ата бабалар (рухтары) ал теректин кыркын чыгарып бапестеп багып атышат. Бозүйүм жаңы болчу, ошентип ошол күнү кыргыздын түндүгү ыйык мазар Миңбулакта көтөрүлгөн. Ошол "түндүк көтөрүлгөн" күндөн тартып Кудайдан касиет түшкөн адамдар биригип, ата бабаларга куран окутуп ыйык жерибизде туруп калдык.
"Койдун эти кимге жетет, тай сойгула!"
Куран түшкөндө ата бабалар жер алдынан жер үстүнө чыгат экен. 2008-жылы Таластан Бейшенбек, Жалал-Абаддан Мейманбай деген бала келип ушул Миңбулакка түштү. Эки жердин суусун ичкен жигиттер Алланын буйругу менен ушул ыйык жайдан жолугушту. Мейманбай инсульттан оозу-мурду кыйшайып ооруп келиптир, экөө иштеп (куран түшүрүп, дуба айтып) отурушуп, ата бабалардан кабар келип жатканын айтып жатышты. Мейманбай үч күндө оорусунан сакайып, баштапкы калыбына келип, кадимкисиндей болуп калды. Ал күн бейшемби болчу, Мейманбайга "балам үйгө жеткирип койчу" дедим. Жатчу үйүмдөн мазар түбүндөгү бозүйгө бак аралап, чыйыр жол менен бир нече булак басып келет элем, аз гана жол жүргөндө Мейманбай: "Апа, Манас атамдар курал жарагы менен шагырап түшүп жатат, төртүнчү күнү такай бул жерге келет турбайбы, "бири кой сойгула десе, жок койдун эти кимге жетет, тай сойгула деп дагы бири корулдаган үн салды" деди. Мен болсо аны угуп таңыркап эле калдым. Эч нерсе дей алган жокмун, боз үйгө жетип тамак жеп отурсак Мейманбай "Апа, аталар жыгач табакка эт тартып келе жатат, "жана булакта мал сойгонубузду угуп туруп, куран да окуп койбой кетип калдыңар" деп атат, эми өздөрү артыбыздан эт көтөрүп келе жатат" деди. Ошондон тарта кызыгып, ишеним арта баштадым. "Кечиргиле" деп кечирим сурап отурдук.

Барсбек Атанын арманы
Ушул жерден дагы бир кызык окуя болду. Миңбулаккты бойлой өскөн бир даракты дүмүр кылып кесип салышкан, ошол кесилген дарактан ый угулуп "500 жыл мурун жашагам, мени ушинтип кесип салышты, тээтиги постто суу каналын бойлой Манастын сегиз чоросу жатат" деп кабар түшүп жатат деп Мейманбай айтып калды. Таң сүрө Мейманбай, менен Бейшенбек ошол айтылган жерге барса, чыны менен Манас Атанын жети чоросу ошол төртүнчү постто жатат экен. Суу каналында иштегендерге кеп кылып көрүшсө "ал жерге эч ким күзөткө турбайт, түнү менен кылыч-найза менен кимдир бирөөлөрдүн чабышканы угулуп турат" дешиптир. Мына, азыр дагы ал чабышууларды укканга мүмкүн экен. Мейманбайга "ой-мүдөөсү бир жети киши келсин, сыр чечилет" деп дагы маалымат түштү, тилекке каршы бир багытта ойлонгон жети киши табылбай, ал сыр түйүнү чечилбей калды. Ар кимдин ою бир жерде болбосо Аталар эч убакта сыр чечпейт экен. Булактын жээгинде куран окуп отурабыз маалыматтар түшүп, Мейманбай айтып отурса, Бейшенбек жазып атат. "Апа, Барсбек Ата келди" деди, бир маалда Мейманбай. "Келиңиз, ата, келиңиз" деп куран түшүрүп таазим кылып калдык. Барсбек Ата "эки жылдан кийин падыша кетет" деди. Ал учур 2008-жыл эле. Ичимден "ий, бул падыша дагы эки жыл бийлик кылабы" деп ойлоп коем. "Эки жылдан кийин бийликке мансапка, акчага, катынга кызыкпаган адам келет, өзүм 29 жашымда өлүп калгам, себеби экинчи аялым түрк болгон эле, өз кайнагам уу берип койгон, эгерде мен аялга кызыкпаганда өлбөй калат элем" деген арманын айтты Барсбек Ата. "Эми келген падышаңар жакшы болот" деп ошондо айтылган.

Гүлсара "бээ соем" деп...
Таласта Киров суу сактагычынын алдында Тамчыбулак деген булак бар экен. "Ошол жерде Манас Атанын сөөгү жатат" деп берилди бизге. Ал жөнүндө Манас Ата Бейшенбекке мурун эле тапшырма берип: "Ысманаалы деген Жалал-Абаддык молдону тап, анын "уф" деген деми бул тоону тешип аркы жагына өтүп кетет, ал өзү андай касиетин биле бербейт, ошону сөзсүз тап" деп айтчу экен. Бейшенбек Ысманаалы молдону издебеген жери калбай акыры теле аркылуу жарыя салат. Теледен Ысманаалы изделип жатканын угуп "эч кимге карызым жок эле, мени издеген ким?" деп коркот. Анан Ысманаалы табылып, жанагы Манас Ата жаткан жерге барып жети күн куран, дуба салып окушту. Манас Ата аларга "бел курчоомон ылдый дубаланып калгам, ошону чечиш керек" деп айтыптыр. Мен жети күн бүтөйүн деп калганда, алтынчы күнү бардым. Ошондо Ысманаалы молдо: "Көзачыктарга ишенбөөчү элем, Кудайдын кудурети, өз көзүм менен көрдүм, Манас Ата жаткан жайга дем салып "уф" деп үйлөгөндө көлдүн үстү алтын болуп кетип жатты, алтындай жаркыраган көлдү көрүп жакамды кармап "тобоо" деп тура калып жаттым" деди. Ал жерде дагы касиет жылоологон адамдар аркылуу өздүк иш чарабыз өтмөк, пендечиликтен бабалар айткан осуяттарды жарым жартылай гана аткарганга үлгүрдүк. Ал жөрөлгөлөрдөн кийин Бейшенбектер кетти. Калган бизге "Акаевдин убагында Манастын 1000 жылдыгы деп той берилгени менен, Айкөлгө эч ким аш бербегени жөнүндө" маалымат түшүп, ага улай эле "Каркырадагы он миңдеген ата арбактарына өлүүнүн айтында куран окутулсун, ак боз бээ сойгула" деп айтылды. "Ак боз бээни кайдан таптык?" деп эле отуруп калдык. Гүлсара деген келин Манас Ата үчүн бээ соем деп жүргөнүн эстеп ага кайрылсак, ал чыны менен соймок болду. Ата арбактарына куран түшүрүү үчүн ошентип чогултчубузду чогултуп, жоктон бар кылып айттан бир ай өткөндө октябрдын онунда Каркырага жеттик...
(Уландысы келерки санда)
Жумабай АБДАН




кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
1-июль, 2010-ж.:
1-бет
ФУЛБОЛДУН ЧЕЙРЕК ФИНАЛЫ ЧЕЧИЛДИ
2-бет
Отунбаева мыйзамдуу президент
3-бет
"Республика" партиясы көз жарды
4-бет
"Аблесов деген абышканыкы өттү"
5-бет
Урматбек Барыктабасов,
"Мекен туу" партиясынын лидери:
"Эл революцияны бийлик үчүн жасаган эмес!"

6-бет
Улут аралык жаңжалга жол берген жокпуз
7-бет
Садыр ЖАПАРОВ,
"Ата-Журт" саясий партиясынын республикалык штаб жетекчиси:
"Ачык айтып ак сүйлөгөндү үйрөнсөк"

8-бет
Ар кимде бар ар кыял
9-бет
Шайтандын резюмеси
10-бет
Ак өргөнүн багы качан ачылат же Бакыт Акматовдун таянган тоосу ким?
11-бет
Айына 1000 доллар маяна алгың келеби?
12-бет
Кылым жашап, кыргызга бакыт тилеп...
13-бет
Сыйкыр сан
14-бет
Салтанат Бараканова кимге тоскоол этүүдө?
15-бет
КАНДУУ ЖОЛ
16-бет
Нурзада ЖОЛДОШЕВА, ырчы, ди-джей:
"Алга" деген ураанды эстеп кайраттанам"






??.??