mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Айына 1000 доллар маяна алгың келеби?
Гезитибиздин өткөн санындагы "Англис тили 7 айда. Өз алдынча үйрөнүүчүлөр" үчүн деген китептин автору Шайлообек Назаралиев менен болгон маек окурмандардын зор кызыгуусун жаратты. Убада кылгандай маектин уландысын беребиз.

- Өткөн сандагы баарлашуудан соң редакцияга көптөгөн телефон чалуулар түшүп, аларды системалаштырганда, басымдуу бөлүгү бир суроонун тегерегинде болуптур. Чындап эле англис тилин 7 айда, өз алдынча үйрөнсө болобу? Бул ишенбөөчүлүктү, шектенүүнү жаратып жаткандай…
- Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Тил илими чексиз. Англис тилин кесип кылган филологдор да баардыгын билем деп айта албайт. Ошондуктан, үйрөнсө болобу эмес, 7 айда англис тилинде кадыресе сүйлөсө болобу деген суроо туура болот. Ооба, болот.
- Кантип? Англис тили эмес, орус тилин мектепте 10 жыл, ЖОЖдо 5 жыл окуп эки сөздүн башын кошо албагандар толуп жатпайбы.
- Ошол эле мезгилде, орусча эч нерсе билбей туруп, Россиянын шаарларына барган эмгек мигранттары 5 айдан соң орусча ырдап жүрүшпөйбү. Демек, орус тилинде 15 жыл окуп эмес, 5 айда деле сүйлөсө болот экен да. Туура эмес сүйлөшөсүң деп бул жерде биз өзүбүз мыскылдап, шылдыңдап сүйлөттүрбөй жатпайбызбы.
Алыска барбай өзүбүзгө тийиштүү эле бир мисалга кайрылалы. Кыргыз баласы, мектепке барганча эле кыргыз тилинде эң сонун сүйлөйт. Бирок, мектепке барган соң, "тил билбейсиң" деп мугалимдер ошол кыргыз тилинен "эки" коюп жатпайбы… Муну кандай түшүнсө болот? Биздин окуу жайларда, тил үйрөтүүдө грамматикалык эрежелерге басым жасап, оозеки сүйлөө эрежесин таптакыр унутта калтырат. Сиз, эксперимент катары 60-70ге чыккан, же болбосо кызматта иштеген, кыскасы кыргыз тилин кесип кылбаган кыргыз эле адамына бир сүйлөм айтып толуктооч, бышыктоочу кайсыл деңизчи. Ишенип коюңуз 90 пайызы билбейт, билгиси да келбейт. А тургай суроо берген сизди "мандеми жокпу?" деп шектүү карайт. Сиз аларды кыргыз тилин билбейт деп айта аласызбы? Биздин окуу жайларда орус, чет тилдерин да так ушундай грамматикалык эски, натыйжасыз, а тургай психологиялык жактан абдан зыян ыкма менен окутат. Ошол үчүн жыйынтык жок. Жаш эмес чоң кишини ойлондурган мындай татаал эрежелер окуучуну биротоло тартынчаак, жалтак кылып, өзүнө болгон ишенимин таптакыр жоготуп, чет тил абдан эле оор деген жалган түшүнүктү жаратат. Анан калса грамматикалык эрежелер да татаал берилген. Окуучу эмес, илимий даражасы бар адамдар тишин сындыра турган терминдер көп. Далил катары жалгыз мисал: "Перфект чактары. Умлауту бар мужской роддору бир муунду зат атоочтордун көпчүлүгү…"
Бул кайсы тилде жазылган? Сиз бир нерсе түшүндүңүзбү? Билсеңиз бул биздин эталон. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун "эмгеги", абитуриенттерди жалпы республикалык тестке даярдоо үчүн колдонмо китеби. Ушундай китептер менен тил үйрөнүүгө болобу?
- Демек, азыркы билим берүү тармагында кемчиликтер көп деңизчи?
- Ал туурасында айтылып эле жатпайбы. Чет өлкөдө 7-8 ай эмес, 3-4 айда каалаган тилиңди үйрөтүп коюучу курстар толуп жатат. Эгер үйрөтө албаса акчаңды кайтарып берет, же сен окуткан мугалимиңди сотко бересиң. Бизде жыйынтыкты эч ким сурабайт. Бекитилген программаны өтсөң болду. Барды, келди процесс.
Полиглоттордун айтуусу боюнча башка тилде сүйлөө үчүн 800-900 сөз жетиштүү Кембридж университетинин 1-баскычтагы сертификатын окуу үчүн 1200 сөз жетиштүү. Акыл-эстүү адам үчүн ушунча сөз өздөштүрүү кыйынбы?
Чет жакта дифференцация деген бар. Тил үйрөтүүнү алар адамдын даярдыгына, эске тутуу, интеллектуалдык деңгээлине, эң башкысы кардардын талабына жараша жүргүзөт.
Башталгыч деңгээлде, орто деңгээлде, улантуучу деңгээлде, жогорку деңгээлде деп бөлүп таштайт. Бул эң туура. Айтыңызчы, өз турмушун, жашоодогу максатын айдоочу, ашпозчу, сатуучу, чач алгыч… катары көргөн адамга грамматиканын татаал эрежелеринин эмне кереги бар? Аларга чет тилин башталгыч деңгээлде билсе деле жетиштүү. Бизде мындай билүү, үйрөтүү деген жок. Мажбурлап, талап кылып, окуучунун жаратылыш берген жөндөмү татаал программаны өздөштүрүүгө жол бербесе да "окуйсуң!"-деп туруп алат. Мындай окуунун зыяндан башка пайдасы жок.
- Сиздин методикаңыз биздеги калыптанган стандарттык методикадан айырмаланат экен. Ушуну чечмелеп берсеңиз…
- Ар бир бала өз эне тилинин грамматикасын жөн эле үйрөнөт деп мен башында айтпадымбы. Башка тилди деле ошондой үйрөнсө болот. Бул табигый, эң жөнөкөй жол. Менин методикам ушуга байланышкан. Байкап көргүлөчү, 7 жашка чейинки балдардын, же кыргыз жаңыдан орусча сүйлөй баштаганын. "Красная знамя" дейби "красное же красный" дейби, сүйлөм түшүнүктүү эле болуп жатпайбы. "Темный ночь, темная день". Кандай айырмасы бар? Өзүңөр билгендей, кыргыз тилинде мындай нерселер жок. Ошон үчүн, кыргыз баласы алгач орусча сүйлөгөндө аны кыргызчадай түшүнүп, тийиштүү мүчөнү улабай кете берет. Тилекке каршы, биздин мугалимдер мындай учурда окуучунун шагын сындырып жемелейт, начар баа коет. Тим койсо бара-бара, орус тил чөйрөсүнө киргенде мындай нерсе өзүнөн-өзү жоголмок. Бирок, ага жеткирбей эле какатып, мокотуп салат. Кыргыз окуу жайларында эч кимге түшүнүксүз бир жаман адат бар. Чү дегенде эле орусча да, англисче да так ошол орус, англичандардай так сүйлө деген.
Ошол эле учурда Кыргызстанда өмүр бою жашаган орус же башка улуттун өкүлү бир куплет ыр ырдап, "Мен ат Коля, сен ат ким?"-деп ойду-тоону сүйлөп койсо, "баракелде, кыргызча суудай сүйлөп калган турбайбы!" деп жалпы улуттук теле берүүдөн жар салат. Бул экиленүү, өзүн жерге чаап, өзгөнү көтөрүүгө далалат кылган өксүк психология.
Мен англис тилинде сүйлөгөн көп улуттун өкүлү менен сүйлөштүм. Баардыгынын өзүнчө өзгөчөлүктөрү бар. Индиялыктар, Пакистандыктар, Арабдар, Филиппиндиктер… ар биринин өзүнчө акценти бар. Корей, япон, кытай англис тилинде сүйлөгөндө түшүнбөй да каласың. А тургай Англиянын өзүндө да Шотландия, Ирландия, Уэльстиктердин өзүнчө өзгөчөлүгү бар. Менин китебимди редакциялаган англичанин муну "көркөмдүү көрүнүш" деп эле айтты. Бир тилде бар кээ бир тамга, тыбыш экинчи тилде жок. Ошон үчүн алар тили келбеген тамганы, тыбышты өзүнүн тамга, тыбышына айландырат. Ошон үчүн англичандар орустарды рашн, Москваны Москөө дейт, а тургай орустар деле киргиз, Иссык-Куль, Джети-Огуз… деп жүрүшпөйбү.
Эски адамдардын сүйлөгөнүн угуп калдык Боронзо (Фрунзе), Каркөп (Харьков), Орол (Урал), Маскү (Москва), Енесай (Енисей) ж.б. Бул туура болгон. Биздин интеллигент дегендерибиз буларды "артта калган, караңгы адамдар" деп кас катары көрүп, ошол эле учурда Шеварднадзе, Кикабидзе өңдүүлөр "корошо", "карактер", "как дела"-деп күчтүү кавказдык акцент менен сүйлөшсө да Прибалтикалык Раймонд Паулс "А-а", "да-а", "о-оо" деп онтосо, күтүрөтүп кол чаап жүрүштү. Сөз келгенде айтаарыбыз кыргыз алфавити, грамматикасы да терең жаңыланууга муктаж экендигин китеп жазууга келгенде билдим. Анын 90 пайызы орус тилинен механикалык түрдө көчүрүлүп алынганы, тилчи эмес адамга деле көрүнүп турат. Ага болбой эле, айлаң кеткенде айтаар нерсе, жаш баланы басып алып, мойну башын бурагандай бир мугалим сөрөй турат, англисче бир тыбышты түшүндүрө албай: "Тилиңди таңдайыңа тартып, ээриниңди ичкери алып фы деп айтам деп зы деп айт". Бул бир балекет, эң бир эски, зыяндуу методика. Англис тилиндеги бул тыбышты мен да айта албайм, а тургай бүт Кыргызстандын мугалимдери да айта албайт. Биздин артикуляция туура келбейт, орустар ң деп, айта албагандай.
Баса менин методикам туурасында сурадыңыз. Түшүндүрүү үчүн жогорудагыдай чегинүүгө туура келди. Мен ушундай татаал нерселердин баарын алып, мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүүгө далалат жасадым.
- Демек, китебиңиз өз максатына жетти десек болот экен да. Сиз бул ишти дагы улантасызбы?
- Чеберчиликтин чеги жок. Бир максатка жетсең, экинчисинин кыры көрүнө берет. Жашоо ушундай. Кириш сөздө айткандай, китеп сөзсүз толуктоого муктаж. Бирок, тил деген бул кыска жолду гана көрсөтүүчү компас. Тил үйрөнүү, деле бул турмушта ийгиликке жетиш жеңил болбойт. Эгер окуучунун өзүнүн максаты, өжөрлүгү, жигердүүлүгү болбосо эч кандай методика жардам бере албайт. Ушуну эстен чыгарбаса.
- Ой бөлүшкөнүңүзгө ырахмат. Мындан ары да, редакция менен кызматташа бересиз деп ойлойбуз.
- Менин оюмча кыргыз эли, мамлекети, айрыкча жаштар үчүн маанилүү болгон маселеге көңүл бурганыңыздар үчүн сиздерге да ырахмат. Эгер бул ишке жапа тырмак киришсек, биздеги бүтпөгөн маселелердин өзөгүн кайсыл бир деңгээлде чечүүгө болот деген ишеничтемин.
Айнура ИСМАИЛОВА

Редакциядан:
Гезитибиздин өткөн санында англис тилин сырттан окуу жагдайы менен тааныштырабыз деген элек.
Ал мындайча:
1. 1-августка чейин редакцияга келип, кыргызча-англисче 1000 сөздөн турган CD дискин алсаңар болот. Баасы 100 сом. Аны видеомагнитофон аркылуу же MP-3, Mobile Speaker, уюлдук телефонуңарга жаздырып алып жаттоо керек.
2. 1-сентябрдан автор өзү тест аркылуу экинчи этапка өткөндөрдү аныктап бир ай, жумасына беш жолу бир сааттан лекция окуйт. Бишкекке келе албагандарга DVD диски жөнөтүлөт (лекциянын материалы камтылган)
3. 1-октябрда дагы тест жүргүзүлүп, акыркы этапка өткөндөргө жумасына беш жолу эки сааттан америкалык атуул сабак берет. Бишкекке келе албагандар үчүн кошумча электрондук варианттагы окуу куралдары жөнөтүлөт.
Эскертүү: Акыркы этапка өткөндөр үчүн, сабак менен катар чет жакка чыгуунун жол жобосу, кандай, кайсыл ишке орношуу тартиби, ал жакта өзүн-өзү алып жүрүүнүн шарты ж.б туурасында түшүндүрмө берилет.
Бул бир гана жолу болуучу акция! Эгер кокустан өкүнүп калбайын десеңер шашылгыла!
Сырттан окууну каалагандар төмөнкү анкетаны толтуруп, редакцияга жөнөтүңүздөр. Редакциянын байланыш телефону: 0312323313. 0773286470. 0770584621. 0555616568. ai-nura87@mail.ru

АНКЕТА
Аты-жөнү_______________________________________________________
Иштеген, окуган жери_______________________________________________
Туулган жылы, жери__________________________________________________
Адреси, байланыш телефону____________________________________________







кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
1-июль, 2010-ж.:
1-бет
ФУЛБОЛДУН ЧЕЙРЕК ФИНАЛЫ ЧЕЧИЛДИ
2-бет
Отунбаева мыйзамдуу президент
3-бет
"Республика" партиясы көз жарды
4-бет
"Аблесов деген абышканыкы өттү"
5-бет
Урматбек Барыктабасов,
"Мекен туу" партиясынын лидери:
"Эл революцияны бийлик үчүн жасаган эмес!"

6-бет
Улут аралык жаңжалга жол берген жокпуз
7-бет
Садыр ЖАПАРОВ,
"Ата-Журт" саясий партиясынын республикалык штаб жетекчиси:
"Ачык айтып ак сүйлөгөндү үйрөнсөк"

8-бет
Ар кимде бар ар кыял
9-бет
Шайтандын резюмеси
10-бет
Ак өргөнүн багы качан ачылат же Бакыт Акматовдун таянган тоосу ким?
11-бет
Айына 1000 доллар маяна алгың келеби?
12-бет
Кылым жашап, кыргызга бакыт тилеп...
13-бет
Сыйкыр сан
14-бет
Салтанат Бараканова кимге тоскоол этүүдө?
15-бет
КАНДУУ ЖОЛ
16-бет
Нурзада ЖОЛДОШЕВА, ырчы, ди-джей:
"Алга" деген ураанды эстеп кайраттанам"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«