mainkaptal

КИТЕПТЕР

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Ак өргөнүн багы качан ачылат же Бакыт Акматовдун таянган тоосу ким?
Редакциябызга Бишкек шаарынын Ленин районунун №3-аймактык өз алдынча башкаруусуна караштуу Ак -Өргөө конушунун жашоочуларынын жоон тобу баш багып, аталаган жердеги көйгөйлүү маселелер тууралуу кенен кеп салышты. Карапайым элдин сөзүнө кулак төшөп олтуруп, элдин каны төгүлүп, кырчындай жигиттерибиздин өмүрү кыйылып, элдик бийлик орносо деле акыйкатсыздык дагы деле өкүм сүрүп атканына ынанбай кое албайсың. Бир кезде Бакиевдин арыгын чаап, этегине намаз окуп, куйругун кармап жүргөндөр дагы деле кызматтарында олтурганына бир чети жиниң келсе, бир чети жаның кейийт. Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн окуяны толук чагылдыра кетсек.

"Айат пресс" газетасынын № 64-санына Ак-Өргөө жаңы конушунун тургандарынын кайрылуусу чыккан эле. Анда Ак-Өргөө эли өздөрүнүн көйгөйлөрүн айтып, Бакиевдин заманында Ак-Өргөгө айыл өкмөт болуп дайындалган Бакыт Акматовду кызматтан бошотуусун өтүнүп, Убактылу Өкмөттөгүлөргө жана Ленин райондук акими Илья Клименкого арыз менен кайрылышкан.
Үстүбүздөгү жылдын 26-майында аталган конуштун тургундары Ленин райондук мамлекеттик администрация жетекчиси Илья Клименкого кайрылып, кабыл алуусунда болушкан. П. И. Клименко карапайым калктын көйгөйүн карап, маселени туура жолго чечип берүүнүн ордуна, "ишенген кожом сен болсоң, кепшеген оозуңду урайын" демекчи, элдин ишенген акими жашоочулардан келген арызды кайра Бакыт Акматовго берип, "эл менен өзүң чечишип ал" деп кол шилтеп койгон. Эл үчүн кызмат кылбаган мындай текебер адамдар маселени чечпестен кайра маселенин үстүнө от жагып атса мындай "эргулдардын" мамлекеттик кызматта олтуруусунун кажети жок го дейм.
Ал эми "7-апрелде эл үчүн иштеп жүрдүм" деп актанып, "бакиев мени куугунтукка алып жүргөн" деп эски бийликти шыбап жүргөн айыл өкмөт сөрөй Клименконун колунан алган арыздагы жазылган Ак-Өргөнүн жашоочуларынын аты-жөнүн тизмектеп, алардын айрымдарынын үйүнө чейин барып, "мен силерге эмне жамандык кылдым. Эмнеге мага каршы чыгып жатасыңар. "Уюштуруучулар бизди кыйнап арызга кол койдурушкан" деп түшүнүк кат жазып бергиле. Болбосо көрөсүңөр" деп коркутуп, элди түтүнмө-түтүн кыдырып, кысымга алыптыр. Анысы аз келгенсип, "Айат пресс" газетасынын редактору Ак-Өргөөдө жашайт. Ошонун кошуналары жазды" деп, редакторубуз Жылдыз Мусабекованын кошуналарына барып, коркутуу иштерин жасаган. "Бакиевдин таза эмес бийлигинин алдында иштеп, мыйзамсыз жерлерди сатып байыган Бакыт качанкыга чейин Ак-Өргөөгө хан болот экен? Биз ага жеке мамилебиз менен каршы чыккан жерибиз жок. Өткөндө гезит бетине жана тиешелүү кызматтагыларга кайрылуу жазганда кызмат абалынан пайдаланган көптөгөн фактыларын келтиргенбиз. Элди коркутуп, эки-экиден уруштурганды токтотуп, Бакиевдин куйругу экенин танбай, көчө башчыларын ээрчитип алып кызматтан кетсин" дейт Ак-Өргөнүн жашоочулары. Ага кошумчалап "Бакыт бизди коркутуу менен эле токтоп калбастан Ала-Тоо конушунан "дежурный" аялдарды топтоп алып, элге каршы чыгарып, өзүн актатып, карапайым элди экиге бөлүп, чатак чыгарууда" деп айтышты. "Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман" болуп, катасын сезип калуунун ордуна кайра элдин үрөйүн учуруп, "эмнеге арыз жазасыңар" деп жашоочулардын үйүнө барганга айыл өкмөттүн акысы жок да.
Кызмат үчүн жандалбастап, элдин каршы чыкканына карабай креслосуна тырмышып аткан Бакыт Акматовдун ишенген тоосу ким? Болбосо бул "азамат" Убактылуу өкмөттү тоготпой, "билгениңди кыл" деп атабы? Качанкыга чейин Ак- Өргөнү Бакыт Акматов башкарат? "Карга карганын көзүн чокубайт" болуп чоңдор бири-бирин коргоп, биринин туура эмес ишин бири жашырып олтурса карапайым калктын көйгөйүн, чыркыраган чындыгын ким угат?
Элге чыгып ишинин жыйынтыгын айтканда, "жарытарлык эмне иш бүткөрдүң?" деген суроого "Ак-Ордого, Ала-Тоого гүл тиктим" деп жооп кайтарып, жашоочуларга күлкү болгонун айтып, "Ак-Өргөөгө айыл өкмөт болуп туруп, Ак- Ордо менен Ала-Тоого гүл тиксе, анда баракелде" деп, аталган конуштун тургундары жандары кейип келет. Жашоочулардын айтканына таянсак, 1989-жылы Ак-Өргөө конушу жаңыдан түптөлүп атканда картасы чийилип, жалпы сегиз бала бакча жана сегиз мектеп курулары айтылган. Бүгүнкү күндө Ак-Өргөөдө эптеп салынып, канчадан бери ремонту жок турган жалгыз бала бакча бар. Ага да алты миң сом "шапке" төлөп, анан балдарды киргизесиң. Мектептердин биринчиси иштеп атса, экинчиси эми курулуп бүтүп атат. Ал эми калган алтоосунун орду каякта экенин белгисиз. Ошол мектепке деп бөлүнгөн жерлер сатылып жок болгонун ким тана алат? Мектеп, бала бакча, балдар ойноочу аяттар курула турган жерлерди мыйзамсыз саткан айыл өкмөт, көчө башчылары заңгырата там салып, килейген "Жип" автомашиналарын минип жүрүшөт. 3 миң сом айлык акы алган көчө башчылары кымбат машина алып, заңгыраган тамдарды салганга каражатты кайдан таап атышат же буларга асмандан акча жаап атабы?
Мындай чыркыраган чындыкты айткандардын үнүн канчалык бийик чыкса да кээде бийликтегилер кулак сыртынан кетирип, карапайым элдин көйгөйүн уккусу жок. Ак- Өргөө эли Убактылуу өкмөт мүчөлөрү бул маселени туура чечип, эл көйгөйүнө чекит коюп берет деген үмүттөбүз.
Бурул МУСАБЕКОВА




Жали СООДАНБЕК, кинорежиссер, КРнын Эл артисти:

"Борборубуз Ош шаары болушу керек"
- Түштүктөгү кандуу окуяга тиешелүү деген күчтөрдүн кулагы чыга баштады. Сиз кандай ойдосуз?
- Бул түшкө кирбеген чоң трагедиянын артында, менимче, кандайдыр бир эң мыкты уюштурулган чоң күчтөр болду. Алар: "Өзбекстан Ислам Кыймылы" (ИДУ) деген радикалдык уюмдун боевиктери же Кадыржан Батыровдун улутчулдары же Бакиевдердин акыркы агониясы же улуу державалардын "разделяй и властвуй" деген метод менен жасалган тымызын иши же мурунку бийликтин куйруктары болгон жергиликтүү деструктивдүү саясатчылардын иши. Ушул күчтөрдүн кызыкчылыгы өзүнөн-өзү эле күтүүсүз кошулуп кетиши да мүмкүн.
- Булардын стратегиялык максаты эмнеде болгон?
- Менимче, ал күчтөрдүн эки максаты болгон. Биринчиси, Ош, Жалал-Абад облустарында жашаган кыргыздар менен өзбектер ортосуна от жагып, башына чүмбөт кийген жалданма снайперлер эки тарапка тең ок атышкан. Мунун карапайым эл түшүнбөй, "этникалык согуш" деп кабыл алышты да, анан кыргыздар менен өзбектер бирин-бири өлтүрө башташты. Кара күчтөр өзбек туугандарды "тез арада Өзбекстанга качкыла, болбосо силерди кыргыздар кырып салат" деп ызы-чуу, башаламандык уюштурууга жетишкен. Бул провокацияга ишенген эл коркуп, чын эле Өзбекстандын чек арасына кача баштады. "Жайкы ысыкта 75 миңдей ыйлап сыктаган жалаң жаш бала-чакаларды, аялдарды, кары-картаңдарды кошуна өлкөнүн жетекчилери көргөндө аларга боору ооруп кандаштык сезими ойгонуп, чыдамдуулугу түгөнүп, Өзбекстан республикасынын аскер күчтөрү Кыргызстанга каршы согуш ачышат" деп пландашкан. Экинчи максаты, алар качып кетишкенден кийин өзбек туугандардын үй-жайын тоноп, өрттөп, кыргыздарды жаманаттыга калтырмак. Ал кара ниет күчтөрдүн бул экинчи максаты ишке ашкан жок. Баары бир мындай кудайга жакпаган ишти бири болбосо да, экинчи бир адам сезет экен да. Ошондой адамдардын бири Өзбекстан республикасынын даанышман президенти Ислам Каримов болуп чыкты. Жанакы чагымчылардын ставкасы так ушул Каримовдун каар кыжырын кайнатууга багытталган. Кыргызстандын түштүгүндөгү кыргыз эли менен этникалык өзбектердин ортосундагы шектүү жаңжалда эч бир логика жок экенин сезген Ислам Каримов кара күчтөрдүн капканына түшкөн жок жана бул окуяга дароо ачык, түз оюн билдирди. "Жакынкы жана ыраакы чет өлкөлөрдөгү Өзбекстандын тырмакчадагы досторун мен жакшы билем" деп, кыраакы Каримов эки бир тууган элдин ортосуна от салууга жол берген жок. Каримовдун бул принципиалдуу позициясын бүт дүйнөлүк коом терең урматтоо менен жогору баалады.
- Бул тарыхый окуяны кайталабоо үчүн кандай иш-чараларды алдын-ала көрүшүбүз керек?
- Кыргызстандын түштүк региондоруна стратегиялык көңүл буруш үчүн, өлкөнүн баш калаасы деп Ош шаарын жарыялашы керек. Бул кырдаалдын талабы. Ош Кыргызстандын борбор шаары болуп калса, анда көп маселелер өзүнөн-өзү эле чечилет. Бул атактуу байыркы шаарга жаңы дем берип, жанакы бузулган, өрттөлгөн махаллялардын бир кабаттуу үйлөрүнүн ордуна көп кабаттуу заманбап үйлөрдү салуу зарыл. Ал үйлөрдө кыргыз, өзбек жана башка улуттар бирге жашашы керек. Ушуну принципиалдуу түрдө мамлекет башчылары эсине алса деген тилегим бар. Түштүктүн Ош, Жалал- Абад жана башка кичи шаарларында компактуу жашаган кыргыз, компактуу жашаган өзбек кварталдар деген түшүнүктөн кутулушубуз керек. Анпесек дагы деле бөлүнүү-жарынуу боло берет. Турмуш өзү көрсөттү го, кыргыз, өзбек болуп чогуу жашаган көп кабаттуу үйлөрдө, кичирайондордо эч бир жаңжал катталган жок. Алар тескерисинче биргелешип, кара күчтөргө карама-каршылык көрсөтүштү. "Всем смертям, всем трудностям назло" дегендей, кыргыз, өзбектер мурдагыдан да принципиалдуу түрдө ынтымактуу болушса, ошондо гана эки элдин душмандарынын көзү тазаланат.
- Ага карабай эле Бишкекке түштүк аймагынан жаштар агылып келип жатпайбы...
- Ички миграцияны токтотуш керек. Айрыкча түштүк областтарынан массалык түрдө түндүк жакка көчүп келип атышканы жакшылыкка алып келбейт. Түштүк туугандардын туулуп өскөн кичи мекенин таштап, башка коңшу өлкөлөрдүн жарандарына үй-жайларын сатып, Чүй өрөөнүнө жапырт келип аткандары - бул чыккынчылык. Алардын патриоттук сезими жок болуп баратканы абдан өкүндүрөт. Натыйжада, акырындык менен коңшу өлкөлөрдүн жарандарынын саны көбөйүп, кыргыздардын саны азайып баратканы эч кимге жашыруун сыр эмес.
- Мындай түйүндүү маселе бир эле Ош, Жалал-Абадда болбосо керек. Менимче мындай тагдырдан Баткен облусу да куру эмес.
- Туура, Баткен облусунда да мындай көйгөй бар. Маселен, компромисттик жол менен Өзбекстандагы Барак деген кыргыз анклавын Кыргызстандагы Шахимардан деген анклавына алмаштырууга аракет кылыш керек. Ошондой эле "Сох" жана "Ворух" анклавдарынын тагдырын компромисттик жол менен чечип, чекара маселесине чекит коюш керек. Бул албетте оор маселе, бирок бизге да, Өзбекстан менен Тажикстанга да ылайыктуу варианттарды издештен качпаш керек.
Төлөгөн СУЛАЙМАНОВ








кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
1-июль, 2010-ж.:
1-бет
ФУЛБОЛДУН ЧЕЙРЕК ФИНАЛЫ ЧЕЧИЛДИ
2-бет
Отунбаева мыйзамдуу президент
3-бет
"Республика" партиясы көз жарды
4-бет
"Аблесов деген абышканыкы өттү"
5-бет
Урматбек Барыктабасов,
"Мекен туу" партиясынын лидери:
"Эл революцияны бийлик үчүн жасаган эмес!"

6-бет
Улут аралык жаңжалга жол берген жокпуз
7-бет
Садыр ЖАПАРОВ,
"Ата-Журт" саясий партиясынын республикалык штаб жетекчиси:
"Ачык айтып ак сүйлөгөндү үйрөнсөк"

8-бет
Ар кимде бар ар кыял
9-бет
Шайтандын резюмеси
10-бет
Ак өргөнүн багы качан ачылат же Бакыт Акматовдун таянган тоосу ким?
11-бет
Айына 1000 доллар маяна алгың келеби?
12-бет
Кылым жашап, кыргызга бакыт тилеп...
13-бет
Сыйкыр сан
14-бет
Салтанат Бараканова кимге тоскоол этүүдө?
15-бет
КАНДУУ ЖОЛ
16-бет
Нурзада ЖОЛДОШЕВА, ырчы, ди-джей:
"Алга" деген ураанды эстеп кайраттанам"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«