mainkaptal

КИТЕПТЕР

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Үлгү берчү иш чара

КСДПнын демилгеси дем берет
Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын Чүй бөлүмүнүн демилгеси менен өткөн жумада Бишкек шаары жана Чүй аймагы боюнча тартипти сактоодо укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүчү ыктыярдуу топ түзүлдү. Ага 18 жаштан жогорку аталган дубандын тургандары катталып, алгачкы 150 жигит 17-июнда Арашан айылынан "Ата бейит" мемориалдык комплексине жөө жүрүш жасап, анда 7-8 апрелде курман болгон мекендештерибизге, репрессия учурунда көз жумган аталарга жана улуу жазуучу Чынгыз Айтматовго багыштап куран окутушту.
"Чүй-Арашан" деп аталган бул кошуундун башкы максаты: Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча тартипти орнотууда укук коргоо органдарына жардам берүү. Зарыл болгон абалда, ыктыярдуу кошуундун мүчөлөрү Ош, Жалал Абаддагы абалды турукташтыруу үчүн аймактарга жөнөп кетүүгө даяр. Аталган кошуундун мүчөлөрүн көк түстөгү футболкалары аркылуу ажыратып, билүүгө болот.
Өлкөдө тынчтык толугу менен орногонго чейин акысыз ишин уланткан бул кошуунду даярдоого Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн полковниктери тартылган. Жалпы кошуундун командири Уралиев Асылбек - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын полковниги, анын орун
басарлары Райымов Тойчубек - өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрүнүн запастагы полковниги, Алыпсатаров Мелисбек милициянын отставкадагы подполковниги, Момбеков Анарбек Куралдуу күчтөрдүн запастагы майору.

КСДП партиясынын басма сөз кызматы.
Бишкек ш., Шабдан баатыр көчөсү (Алматы), 4-б. Байланыш тел.:/ ө996 312 531 684, факс:ө996 312 531 687 Эл.почта: mediaforum33@gmail.com




Шайтанов
Шайтан Шайтанович
Шайтандын образы көпчүлүгүбүздүн ойубузда Лермонтовдун жомокторундагыдай элестетилет, эки мүйүздүү, туягы бар, коркунучтуу бир образ. Бул образды Лермонтов кыялындабы, ойундабы, элестетип жазса керек. Мындан 15 - 20 жыл мурун Союз кулаган учурда, атеисттик үгүткө сугарылып калган элибиздин кээ бир маңкурт өкүлдөрү, "мен Кудайга да, Шайтанга да ишенбейм" деп кыйкырышчу эле, мен ушундай сөздөрдү укканда таң калчу элем. Кудайга ишенсе болот, шайтанга кантип ишенишет деп...

Ислам дининде, христиан дининде шайтан жөнүндө көп айтылат, жалпы адамзатты, жеке адам баласын жараткан Алла, шайтандан сакта деп жалынып жалбарып, шайтан менен дин өкүлдөрү күрөшүп келет. Эмнеси болсо да шайтандын заманы, шайтан тайраңдап, сайраңдап жеңилбей жеңип келаткандай. Эмнеси болсо да Кыргыз эли укмуш эле элбиз, балээнин баары бизден башталат окшойт, каны да, жаны да, жаратылышы да, бизге окшобогон түп тамыры Европа элдерине таандык Аяз ата Алайдан чыккан десе кыкеңдердин кезектеги тамашасы деп, өзүбүз да, башкалар да ишенген эмес. Мен азыр ушул жомокко ишенем, ишенчээк болуп калган себебим бар. Шайтан менен көзмө - көз жолугушуп, шайтан менен кармашып, шайтандын шапаатынан адамзатты куткарып калган Улуу Иса жана Мухаммед пайгамбарларыбыз болгон болсо, андан кийин тарыхта орустардын жазуучусу Лермонтов болгон болсо, андан кийин шайтанды көргөн, шайтан менен кучакташып дос болгон, шайтанга кошомат кылган, шайтандын көзүнө ашык болгон тарыхта биз Кыкеңдербиз. Аяз ата эле эмес, шайтан да биздин жерден жаралган окшойт, эч кимиңер - жок, андай эмес деп мени менен талашып тартыша албайсыңар, анткени менин айтканымда чындык бар. Эгер талашып тартыша боло турган болсоңор, менин айтканыма кепил болчуу күбөлөр бар, ал күбөлөрүм жалпы эле Кыргыз элим. Кыргыз элимди мен үч топко бөлүп күбө кылганга даярмын. Биринчи топ - шайтандын табакташ тамакташтары, шайтандын шапалагын, камчысын чапкандар, алардын баары шайтандын аркасынан качып жок болду. Экинчи топ - шайтандын кошоматчылары, шайтанга кошомат кылып, чоң кызматтарда иштешип, шайтандын аркасы менен байлыкка жетип, шайтан качып кеткенден кийин шайтан менен эч кандай достугубуз, жакындыгыбыз жок болчу деп жанын жеп, элге шайтан эмес периште болуп көрүнгүсү келген эр азамат шайтандардын тобу.
Мен ишенип, күбөө кыла турган үчүнчү топ - шайтандын азабын тарткан, аталары окко учуп жетим калган балдар, сүйгөн жары окко учуп, жесир калган аялдар, чырактай балдарынан ажыраган ата - энелер, үй жайы өрттөлүп, талап тонолуп көчөдө калган бей бечаралар - бул үчүнчү топ чындыкты гана айтат. Мына, ушул үч топту күбө кылып, кыргыздан да шайтан чыкканын далилдеп бере алам. Бул далилим менен эмнени айткым келет?! Шайтанды жомоктон жана башка жактан издебегиле, шайтан бизден чыкты, шайтандын куйруктары эл үгүттөп, дагеле биздин арабызда элдин башын айландырып жүрүшөт.
Мен өзүм абдан боорукермин, ушул боорукерлигимен көп азап чегем, түн уйкудан калып, оор ойлорго батып, чачым да агарды. Айтсам күлөсүңөр, мага мынча ашыкча боорукерликтин эмне пайдасы бар?! Кыргыз элим аздык кылгансып, мени боорукерликтин казанында кайнаткан Белорус эли болду. Биздин чоң шайтан ошол жакка куйругун түйүп качкан. Эми Белорус элин кырсык басат.
Мен шайтанды көргөндө эле тааныйм десем, ишенбейсиңер. Өткөндө 7-апрелден кийин, орустун бир телеканалынан биздин бир эски шайтаныбыз улам-улам көрүнүп, шайтандык милдетин так аткарып жаткансыды, шайтандын милдети деген эмне?! Шайтандын милдети элдин башын айландыруу, элди адаштыруу. Эскирип калса да, даана шайтан экен, төбөсү дагы эле жылтылдайт. Учурдан пайдаланып, Мекендештерим, каршы болбосоңор, мен силерге шайтанды дароо эле тааныганга үйрөтөйүн, шайтанды таанып алсаңар, шайтандын сыйкырына алдырбайсыңар, алданбайсыңар. Шайтанды эң биринчи гезит беттеринен тапсаңар болот, сүрөтүн бакыйтып гезиттин бетине чыгарып койуп, элим жерим деп, мекенчил болуп чыга келет, андан кийин телеэкрандарга чыгып, элге акыл айтып сүйлөйт, кайсыл жерде тополоң жаңжал болуп, кан төгүлүп, кыргыздын кыраан жигиттери өлүп жатса, шайтанды ошол жерден көрөсүңөр. Кылгылыкты кылып койуп, кыл жип менен бууп койуп, эки элдин ортосуна элчи болумуш болуп, эл чогулган жыйындарда сүйлөп, сүттөн ак таза болуп чыга келишет. Кызмат дегенде, бийлик дегенде, байлык дегенде шайтандар энесин да, элин да сатып жибергенге даяр. Бул шайтандардын биринчи сырткы көрүнүшү. Шайтандар жана шайтанчиктер кандай энеден туулат...? Мына ушуну талдап билип алгыла. Шайтандын энеси ичинен Кыргыз элин жек көргөн, каны кыргыз эмес аял заттары болушат... шайтанчиктер энесинин сүтү аркылуу эле биздин элге болгон жек көрүү сезимин кошо сиңирет. Ушундай аял затынан туулган саясатчы сөрөй жигиттерибизден сак болушубуз керек. Дагы бир башкача көрүнүш, мыкты энеден туулуп, атасы арсыз, тентиген келгиндерден болуп чыгат, мындай шайтандарды дардалаңдаган мүнөзүнөн, күпүлдөп сүйлөгөн сөзүнөн таанысаңар болот. Ооо..... шайтандын түрү көп. Кээ бир шайтандар булбул болуп сайрашат, аларды бабырак булбулдар деп койот, кээ бир шайтандар кыргыз тилинде сүйлөбөйт. Элдин башын айландырыш үчүн, шайтандар кызыл-тазыл кийинип алат, кийимин карасаң кадики эле генералдын мундири, мундирдин ичин жакшылап карасаң, баягы эле шайтан.
Кыргыз эли, шайтандын чоңунан кичинеси кыйын деп бекеринен айтпаса керек, шайтандар көп учурда бойлору кыска болот. 21-кылымда дүйнөнү дүңгүрөткөн шайтанчик же шайтандын көзү жакшы эрке баласы биздин элден чыкты... эмнеси болсо да биздин эл укмуштуу кубулуштарга абдан бай болот экен. Мындан ары Жараткан Алла бизди шайтандын шапаатынан сактасын, элибиз шайтандан арылып, үйүбүзгө, айылыбызга периште түнөп, периштелердин салтанаттуу майрамына күбө болсок экен... Тилегибизди Алла кабыл кылсын... Оомийин!
Мелис КАРЫБЕКОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
24-июнь, 2010-ж.:
1-бет
НИОБА
2-бет
Стабилдүүлүк үчүн референдум
3-бет
Сымап сыңар кылтыңдайт
Кыргыздын жаш Алдар Көсөсүбү?

4-бет
Менчикти бир бүлөнүн чөнтөгүнөн мамлекетке кайтарып жатышат
5-бет
Мелис ТУРГАНБАЕВ, милициянын полковниги,
ИИМдин орун басары, Жалал-Абад шаарынын коменданты:
"Эл алдында жүзүбүз жарык болуп, референдум ойдогудай өтсүн"

6-бет

7-бет
Кыргызстанды криминалитет менен алдамчылар талап-тоноодо
8-бет
Үлгү берчү иш чара
9-бет
Кырк уруунун кырк жигити
Алтайдан кырк жылкы минип келет

10-бет
Жамалбек ТУРГУМБАЕВ,
медицина илимдеринин кандидаты,
Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы:
"Авто кырсык, онкологиялык ооруларга караганда инсульттан каза тапкандар арбын"

11-бет
Айына 1000 доллардан
кем эмес маяна алса болобу?

12-бет
Кырдаал маңзатыбы?
13-бет
АЗАЛУУ ЫЗА, же
канткенде кыргыз тазарат,
арууланат… аман калат?..

14-бет
КАНДУУ ЖОЛ
15-бет
Кыргыз Республикасынын Өткол мезгилдеги Президенти
Р.И.ОТУНБАЕВАга
Кайрылуу

16-бет
Айчүрөк ИМАНАЛИЕВА,
КРнын эмгек сиңирген артисти, кыргыз эстрадасынын примадоннасы:
"Ак эмгек кылган адамдын жүзү жарык"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«