Кыргызстанды криминалитет менен алдамчылар талап-тоноодо
Жакында болуп өткөн апрель окуяларын, анын артынан түштүктөгү улуттар аралык кандуу кагылышууларды анализдөө башкы маселе. Болуп жаткан окуяларга эки чоң себеп бар. Биринчиден, эгер туңгуч президентибиз Аскар Акаев өлкөдөн куулганда тагдырга баш ийип, такка кайтуудан баш тартса, экинчи президент Курманбек Бакиев жана анын туугандары менен ымалалаштары кайрадан бийликке келүү үчүн айыгышкан күрөш жүргүзүшүүдө. Бул 2005-жылы март окуяларынан кийинки айларда көрүнгөн жаркын келечектин үмүтү бара-бара үзүлүп баратат дегендик.

Экинчиден, коомубузда терс маанайлардын пайда болушуна өлкөдө реалдуу бийликтин жоктугу таасирин тийгизүүдө. Учурда өзүлөрүн Убактылуу өкмөт деп атап алган кечээги оппозициячылардын командасынын мамлекетти башкаруу боюнча тажрыйбасы жок. Бирок алардын жеке амбициялардын чатактары боюнча жакшы эле түшүнүктөрү бар көрүнөт. Алсак, 2005-жылы дал Роза Отунбаева биринчи болуп Бакиевдин өкмөтүнөн эшикти катуу жаап чыгып кеткен. Анын артынан Максим Бакиев менен таасир чөйрөлөрүн бөлө албаган Азимбек Бекназаров кызматынан кеткен эле.
Учурдагы УӨнүн мүчөсү, кезинде Жогорку Кеңеште спикер болуп турган Өмүрбек Текебаев Бакиев менен чатакташып, оппозицияга кеткен. Эске салсак, эмоционалдуу Текебаев ЖКнын отурумдарынын биринде Бакиевди "жакшылыкты билбеген ит" деп айткан. Минтип айтып жатып, Өмүрбек Текебаев 2005-жылы Москвага барып, Акаевдин отставкасын алып келип, Бакиевге мыйзамдуу нукка түшүшүнө жол ачып бергенин назарда тутканы анык.
Айтор, түрдүү жолдорду басып өткөн кечээги оппозициячыларга бир өкмөттө иштешүү бир топ эле кыйын. Кезинде саясий карьераларын курмандыкка чалып жүргөн оппозициячылардын акыры бийликке келиши КМШ өлкөлөрүнүн айрым оппозициячыларынын ичин күйдүрбөй койбостугу турган сөз.
Үстүбүздөгү жылдын 27-июнуна пландалган референдумдун алдында өлкөдөгү саясий күрөш жаңы тепкичке чыкты. Түштүктөгү кандуу кагылышууларга да мунун түздөн-түз тиешеси бар. ЖККУга кирген өлкөлөрдүн чалгындоо кызматтары Кыргызстандын түштүгүндө даярдалып жаткан провокациялар жөнүндө алдын- ала билишкен. Ош менен Жалал-Абадда дестабилизацияны жаратып жаткан күчтөрдүн максаты - референдумду үзгүлтүккө учуратуу, Бакиевдин жактоочуларынын кайрадан бийликке келүүсүнө шарт түзүү.
2009-жылкы президенттик шайлоо жөнүндө кеп кылсак, ошондо шайлоонун жүрүшүндө оппозиция шайлоолорду мыйзамсыз деп баалап, массалык мыйзам бузуулар болгондугун белгилеген. 2009-жылдын 22-июлунда өлкөбүзгө Орусия менен Беларустун Парламенттик Кеңешинин атайын делегациясы эл аралык байкоочу катары келген. Ошол делегациянын башында Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Эл аралык мамилелер боюнча комитетинин мүчөсү Иван Игнатьевич Саввиди турган. Саввиди башында турган байкоочулар КРнын Боршайкомунун "шайлоо ачык, мыйзам бузуусуз өттү" деген чечимин колдогон. Президенттикке талапкерлердин бири Атамбаев "шайлоолор мыйзам бузуулар менен өттү, кайра жаңы шайлоо өткөрүү керек" деп чыкканда бийлик андайдан баш тарткан. Ошондо оппозицияны ОБСЕнин байкоочулары гана колдогон. Аталган уюм президенттик шайлоону адилетсиз деп тапкан эле. Мына азыр Саввиди эмне үчүн кезинде адилетсиз шайлоону адилеттүү деп чечим чыгарганга кызыкдар болгондугун айтууга болот. Саввиди Бакиевдердин башкы кеңешчиси жана MGN Group`тун башчысы Евгений Гуревичтин жакын өнөктөшү болчу. Бакиевдин тушунда Саввидинин "Донской табак" ишканасы Кыргызстанга контрабандалык тамеки продукцияларын жайылтып турган. Дал Саввидинин бир тууганы Ираклий эл аралык бир тууган кримавторитеттер Артур жана Илья Монахиди менен жакын адамдардан. Алар биргеликте КМШнын бир катар өлкөлөрүн учактар үчүн күйүүчү майлар менен камсыз кылып турушат. Ушул жерден айта кетчү нерсе, Артур Монахиди Минскте бир катар кыймылсыз мүлккө ээлик кылат. Жана Бакиев Лукашенконун эмес, Монахидинин меймандостугунун аркасында Минскте баш калкалап жүрбөсүн?.. Кошумчалай кетсек, Саввидинин бир тууганы Ираклий криминалдык авторитеттер менен дос гана эмес, 2009-жылдан баштап Интерпол тарабынан издөөгө алынган.
Орусиялык "Коммерсантъ" гезитинин 2009-жылдын 12-сентябрында чыккан №169-санындагы маалыматы көңүл бурууга татыктуу. Анда 10-сентябрда Татарстандын Ички иштер министрлиги тарабынан 54 жаштагы Ираклий Саввидини камакка алуу чечими чыгарылгандыгы айтылат. Саввидиге "мурда чогуу иштеген адамдарды өлтүрткөн" деген күнөө коюлган. "Иликтөөнүн айрым фактыларын иштин кызыкчылыгы үчүн айта албайбыз",- деп билдирген ошондо Татарстандын ИИМинин бөлүм башчысынын орун басары Андрей Галиакберов.
Ал эми "Донской табак" компаниясынын ээси Иван Саввидинин Евгений Гуревич менен чогуу бизнес жүргүзүп келаткандыгы, жада калса Лос-Анжелесте заңгыраган үйлөрү бар экендиги маалым. Андыктан учурда Убактылуу өкмөт издөө салган адамдар АКШда дал ошол заңгыраган үйлөрдө жашырынып жүрөт деген маалыматтар бар.
Учурда Иван Саввидини эстебей деле койсок болмок, эгерде анын өзү КМШнын парламенттик комиссиясына Кыргызстанга референдумга байкоочу катары жөнөтүү тууралуу арызын бербесе. Иван Саввидинин досу Гуревичке издөө салган Кыргызстанга эмне үчүн келаткандыгын табуу кыйынга турбайт. Эгер ал кайрадан байкоочу болуп калса, референдумга өз кызыкчылыгы үчүн тиешелүү баа берүүсү түшүнүктүү эмеспи. Бир тууган Саввидилер үчүн башкы объект болуп "Манас" аэропорту эсептелет."Манас" аба майданы аларга өлкөбүздө кеңири кулач жаюуга шарт түзмөк.
Кыргыздарды көп жылдар бою президенттери жана алардын балдары алдап келишти. Бул тууралуу жадакалса калк арасында түрдүү кептер кеңири жайылган. Алсак, 2005-жылкы төңкөрүштөн кийин Айдар Акаев менен Адил Тойгонбаевдин (Аскар Акаевдин күйөө баласы) өмүрүн сактап калуу үчүн шашылыш түрдө арзан акчага ири компанияларды Бакиевдерге сатууга аргасыз болушкандыгы айтылып келет.
Кыргыз өкмөтүнүн алдында чоң маселелер турат. Өлкөбүздүн байлыктарын сактап калуу үчүн өзгөчө антикоррупциялык жана антирейдерлик схемаларды иштеп чыгуу зарыл. Учурда өлкөнүн түштүгү оор абалда калган шартта алар, эл аралык даражадагы морадёрлор Кыргызстанга бастырып киришүүдө. Дал ушундай татаал шартта Убактылуу өкмөт түштүктөгү өрттү өчүрүү менен алек болуп турганда мамлекеттик даражадагы ири обүектилер колдон чыгып кетүү коркунучу алдында. Эгер азыр алар колдон чыгып кетсе, кайра кайтаруу дээрлик мүмкүн эмес болуп калат.
Андрей Грозин