mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Мелис ТУРГАНБАЕВ, милициянын полковниги,
ИИМдин орун басары, Жалал-Абад шаарынын коменданты:
"Эл алдында жүзүбүз жарык болуп, референдум ойдогудай өтсүн"
Ош окуясы бир катар каармандарды жаратты. Эл башына азап түшүп турган чакта бычакка сап жигиттерибиз бөлүнүп чыгып, көпчүлүк көөнүн ээлегени жашыруун эмес. Алардын бири кадимки Бакиевдердин кандуу жүрүштөрүнүн мизин майтарып, ачыктан-ачык алардын жолун бууган азаматыбыз милициянын полковниги Мелис Турганбаевге эки ооз алкыш айта кетсек аша чапкандык болбойт. Себеби, Ош, Жалал-Абад окуясындагы оор кылмыш жасагандар менен бетме-бет туруп, милициянын катарын татыктуу кармап, башкесер канкорлордун эки бутун бир кончуна кийгизген эрдигин жеринде көргөндөр биринен сала бири бизге кабарлашууда. "Жаныш Бакиевди жансоогалатчу жалгыз ушул Турганбаев" дегендер да бир капшыттан жиреп турат. Албетте, "калк айтса, калп айтпайт" демекчи, Мелис мырза бул аракетинен танбаса, балким, эртеңки эл тагдырын кармоочу лидерлерибиздин катарын толуктаары турган иш. Ош окуясы башталгандан бери өлкөнүн Түштүк тарабында. Башын кощулга катып жатып алууну туура көрбөй, түн уйкусуз, карапайым элге жолугуп, профессионалдык тажрыйбасын кеңири пайдаланып турган кези. Кан төгүлүп, кыргынга тушуккан элдин ал-жайынан кабар алып, көщүлдөрүн жубатып, тынчтыкка кам уруп ат үстүндө. Биз да Мелис мырзанын бул эрдигин көщүл сыртында калтырбай, телефон бурап, ал-ахвалын сурадык.


- Мелис мырза, айтсащыз, азыркы учурда Жалал-Абадда кырдаал тынчпы?
- Бүгүн Жалал-Абадда кырдаал аябай жакшы. "Кыргызстанды бүлүндүрүп, өрткө чулгап жок кылабыз" деген чагымчылардын, арам ойлуу бакиевчилердин тилеги таш капты. Эщ кооптуу аймак болуп Базар-Коргон менен Сузак району жүрөктү өйүп аткан. Эки райондо тещ кырдаал турукташты. Өзбек, кыргыз аралашып, Жалал-Абаддагы чощ базар иштеп баштады. Эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамдуу да, мыйзамсыз да 40тан ашуун курал-жарак тапшырылды. Элдин колуна таратылып, РИИБдерден тартылып алынган 70тен ашуун курал-жарак издөөдө. Аларды да кайрыйбыз деген ойдобуз. Азыр бул кандуу окуянын чагымчылары кимдер болгонун аныктап, изине түшүп атабыз. Албетте, эки элдин канын төгүүгө себепкер болгон көркоолор жазасыз калбайт деп ишендире алам.
- Жалал-Абад менен Ош шаарынан аскер формасын кийип, өзбек-кыргыз элин кыргынга салгандарды баштап жүргөн Жаныш Бакиевди көргөндөрү тууралуу сөздөр айтылууда. Мунун канчалык дещгээлде чындыгы бар?
- Жалал-Абаддан Жаныш Бакиевди көрбөдүк. Бирок Бакиевдин урук-туугандары бул кыргынга түздөн-түз тиешеси бар. Азыр Санжар Бакиев издөөдө, жакында кармалат. Анан өзүщөр билесищер 3 милиционер каза тапты. Экөө Бишкек ШИИБинен келген. Сулайманов деген Базар-Коргондун участковойу баатырларча курман болду. 1,5 мищ кишинин алдынан тосуп, алардын кол салуусуна туруштук берген. Ата-энесине жолугуп, көщүл айтып келдим, ыйлап, сыздап, боздоп атышат. Зээн кейийт. Сулаймановду Кыргыз Эл Баатыры наамына көргөзүп атабыз. Бишкектен күч органдарынан 1131 адам келген, баарыбыз күн-түнү тыным албай, элдин тынчтыгы үчүн иштеп, кырдаалды көзөмөлдөн чыгарбоого аракетибиз күч. Баарыбыздын эл алдында жүзүбүз жарык болсо, референдум ойдогудай өтүп кетсе, элде тынчтык болуп, бейкуттук орносо деген эле тилек.
Маадабай ЭШКОЖО




Өмүрбек Суваналиев, милициянын генерал-майору:
"Мен каардуу окуяларга кириптер болгум келбейт"
Айтылуу генерал Өмүрбек Суваналиев Оштогу кырдаал кескин оорлошуп кеткенде Ош облустук ички иштер кызматынын жетекчилигине бекитилгенин билебиз. Ал барганы абал жөнгө салынып, ыкчам аракеттер натыйжа бергенин коомчулук көрүп турду. Өмүрбек мырзанын кадырына, профессионал адис экенине дагы бир ирээт ыраазы болуп, "баракелде" деп, оозубузду жыйгыча кызматтан бошонуу арызын жазды. Мындай аракетинен "саясий боек" издеп, күбүр-шыбыр башталганча генерал "Каттани" өзү арыз жазуу аракетин жөнөкөй чечмелеп берди...

Абийир жетеги
- Акыркы кездердеги түштүк жергесиндеги оор кырдаал курчуп, Убактылуу өкмөт мамлекетибизге чындап коркунуч туулгандыгын, запастагы аскер адамдарынын жардамына муктаждык жаралганын жарыялап, жалпы офицер жана генералдарга жергебиздеги тынчтыкты сактоо суранычы менен кайрылды. Мен дагы башка отставкадагы офицерлердей эле жардам берүү маселесине көңүл бурдум. Негизги чоң жоопкерчиликтүү буйрукту аткаруу ар бирибиздин милдетибиз болчу. Бул трагедиялуу кан төгүшмөй кырдаалды токтотууга барбай, четте туруу бардык эле погончон адамдын абийирине туура келбейт. Биздин башкы максатыбыз талап-тоноочулукту токтотуп, жабыркаган аймактарды калыбына келтирип, мурункудай тынч абалды калыптандыруубуз болчу. Күнү-түнү иш алпардык. Өтө опурталдуу учурларды өткөрдүк. Калк жашаган кварталдарды, жолдорду тазалоо оңойго турган жок.

Кооптонуудан арылбай...
- Ошто кыргыз менен өзбек туугандарыбыздын пикир келишпестиги уланып келди. Карапайым калк дагы да андай басымдын таркабай турганын, убакыттын өтүшү менен мекенибиздеги кырдаал кайталанып кетүүсү мүмкүн деп, кооптонушканын да жашырган жок. Эл арасына тарап кеткен курал-жарак мамлекетке толугу менен кайтарылып берилбегендиги мындай кооптонуулардын жаралышына себеп болууда. Бир чети көкүрөктөгү күйүт-жараты биротоло айыга элек да. Алар үчүн бул күндөр канчалык оор болгонун сезип эле турбайбызбы. Мындай абалды, балким, 27-июнга пландаштырылган жалпы элдик референдум кандайдыр бир нукка өзгөртөр.

Морт кырдаалда
- Чындыгында Ошто, дегеле, Кыргызстандын түштүгүндө тынчтык орноду десек болот. Менин бардык аракетим, жана башка саясатчылардын, эксперттердин көпчүлүгүнүн аракеттери биригип келип эле Убактылуу өкмөттү жалпы элдик референдумга болгон пикиринен кайт кылууда болчу. Кан төгүлгөн ушундай оор окуядан кийин элди добуш бердирүү ийгиликтүү жыйынтыкталары да анчалык ишенимге ээ эмес. Биздин чакырыгыбызды Убактылуу өкмөт көңүл кош калтырышты. Ушунчалык морт болуп араң турган тынч жашообуз эң оңой бузулушу мүмкүн. Баягы "араң турган көз эле, чыгып кетти өзү эле" деген кеп бекерге айтылган эмес да. "Сактансаң, сактайм" дейт экен Кудай деле.

Жөнөкөй эмес чечим
- Түштүктөгү реалдуу кырдаалды жакындан билгеним үчүн, мен учурдагы жөнөкөй эмес чечимди кабыл алдым. Ош шаардык ички иштер жетекчилиги посттун ушундай кырдаалда тапшырып берүү, албетте, жөнөкөй чечим эмес. Мен мындан да каардуу окуялардын өнүгүшүнө кириптер болгум келбейт. Мен мындай моралсыз, бузукулук өңүттөгү аракеттерге аралашпайм. Мен кандайдыр аргасыздыкка такалып, административдик ресурс катары пайдаланылып, эң коркунучтуу трагедияны башынан жаңы эле өткөргөн элдин добушун амал-ыкма менен колдонууну каалабайм...

Тарых неге үйрөтпөйт?
- Бүгүнкү күндө түштүк аймагындагы абал бир гана милициянын күчү менен кармалып турат. Милиционерлер тосмолорду ачып, уранды-шилендилерди тазалоодо. Эки тараптын ортосунда тирүү калкан болуп, барымтадагыларды бошотушууда. Референдум өткөн учурда алардын баардыгы бөлөк обүектилерге жөнөтүлөт. Себеби, добуш салынуучу урналарды, эсеп комиссиялары жайгашкан участокторду кайтарууга алышат. А ал күнү жарандардын коопсуздугун ким камсыз кылат? Кандайча, бийлик үчүн Убактылуу өкмөт өзүнүн жарандарын дагы бир жолу өлүмдүү коркунучка түртөт? Кандайча, аз мурдагы тарыхыбыз эч нерсеге үйрөтпөйт? Ооба, мен өзүмдүн өлкөмдү сүйөм жана өз элимди баардык бийликтен артык көрөм! Бул менин жарандык позициям...
Жумабай Абдан





кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
24-июнь, 2010-ж.:
1-бет
НИОБА
2-бет
Стабилдүүлүк үчүн референдум
3-бет
Сымап сыңар кылтыңдайт
Кыргыздын жаш Алдар Көсөсүбү?

4-бет
Менчикти бир бүлөнүн чөнтөгүнөн мамлекетке кайтарып жатышат
5-бет
Мелис ТУРГАНБАЕВ, милициянын полковниги,
ИИМдин орун басары, Жалал-Абад шаарынын коменданты:
"Эл алдында жүзүбүз жарык болуп, референдум ойдогудай өтсүн"

6-бет

7-бет
Кыргызстанды криминалитет менен алдамчылар талап-тоноодо
8-бет
Үлгү берчү иш чара
9-бет
Кырк уруунун кырк жигити
Алтайдан кырк жылкы минип келет

10-бет
Жамалбек ТУРГУМБАЕВ,
медицина илимдеринин кандидаты,
Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы:
"Авто кырсык, онкологиялык ооруларга караганда инсульттан каза тапкандар арбын"

11-бет
Айына 1000 доллардан
кем эмес маяна алса болобу?

12-бет
Кырдаал маңзатыбы?
13-бет
АЗАЛУУ ЫЗА, же
канткенде кыргыз тазарат,
арууланат… аман калат?..

14-бет
КАНДУУ ЖОЛ
15-бет
Кыргыз Республикасынын Өткол мезгилдеги Президенти
Р.И.ОТУНБАЕВАга
Кайрылуу

16-бет
Айчүрөк ИМАНАЛИЕВА,
КРнын эмгек сиңирген артисти, кыргыз эстрадасынын примадоннасы:
"Ак эмгек кылган адамдын жүзү жарык"






??.??