mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Шайың кандай шайлоочу?

Референдум легитимдүүлүктүн негизи
7-апрелдеги эски бийликтин кулашына ичи ачышкан саясатчылар үчүн өлкөнүн түштүгүндө болуп өткөн акыркы курч кырдаал чырагына май тамызып, өчкөн үмүттөргө шам жакты. Асмандан тилегендери жерден табылып айтаарга сөзү жоктор бурч-бурчтан үн катып Убактылуу өкмөт мына ушуну көрмөк маанисинде тобо кылбай табаа кылганга өтүштү. Куду Гандураста же Латын Америкасында болуп жаткан окуяга сырттан карап турушкансып сынчылар менен акыл айтуучулардын саны арбын барат. Ырас моюнга алуу керек. Июнь айынын биринчи он күндүгүндө өздөрүн алгач жоготуп койгон Убактылуу өкмөттүн оппонентери окуялар трагедиялык мүнөзгө өтүп баратканын байкашып айрымдары чын дилден жардам берүүгө умтулушса, айрымдары кырдаалды кайрадан курчутканга жан далбас уруу менен ушундай учурдан пайдаланып саясий салмагына аз болсо да упай арттырууга жан алакетке түшүштү. Элди ынтымакка чакырабыз маанисинде теле, гезит беттеринен түшпөй ошол эле учурда отко кайра май чачып Убактылуу өкмөттүн төбөсүнөн төө матек алышып, кычуулары канганча сөйкөлүштү. Айрыкча түштүктүн саясий элитасыбыз деп жүргөн сылаң короздор биз болбосок боткоңор чыкмак дешип өздөрүн кудайдын чүчкүрүгүнөн түшкөн пайгамбар санап алышты. Ошол эле учурда алардан он эсе күчтөрүн жумшап күнү-түнү бел чечпей, кирпик какпай иштеген Исаков, Чотонов, Текебаев, Бекназаровдор кылган иштерин доомат кылышкан жери жок. Балким алар "Убактылуу өкмөт мүчөлөрү болгондон кийин мактап жаткандарың тынчтык орнотууга милдеттүү болчу" деген аргументтерин алып чыга калышаар. Туура алардын тикелей милдети. Бирок Ата-Журт мындай кыйын күнгө тушуканда саясатчылар эле эмес жалпы ар бир жаран мекендин тынчтыгы үчүн бөйрөктөн шыйрак чыгарбай дооматы жок колунан келген аракетин көрүү ажеп эмеспи. Эми бул нерсе ар кимдин абийринде.
Убактылуу өкмөт болуп өткөн окуялардын баарын колго алып, көзөмөлдөгөнгө жетишкенден кийин кайрадан эски бийликтин колдоочулары ар кандай ушак айың, элди дүрбөтүү, жекшембиде боло турган референдумду өткөрбөө менен алек.
Роза Отунбаева жана өзбек улутундагы саясатчы Анвар Артыковго байланышкан апыртма Оштогу кырдаалды пайдаланып туруп кайсы "Жер төлөдө" чыкканын, ал кеңешмеде кайсы саясатчы сөрөйлөр болгонун, бул кезектеги "өрдөктүн" авторун улам-улам колун кысып, куттукташкандарын ачык эле жакынкы номурларыбызда жарыялайбыз. Бул идея өтпөй калып "Массон" дегендери деле суу кечкен жок.
Элди референдумга келтирбөө амалы менен жарылуу болот, Бишкекте, Чүйдө улут аралык жаңжал чыгат экен дешип ар түркүн ушак айыңды чыгарышып, карапайым калктын үшүн алууда. Өкүнүчтүү жери элибиз чындыкка караганда, жалганды тез кулагына сиңирип саман учту десе Самаркан өрттөнүптүр деп, бирди эки кылып жатабыз.
Учурда кырдаалды толук көзөмөлгө алып, өлкөдөгү экономикалык саясий стабилдүүлүктү орнотуш үчүн эң биринчи референдумду ийгиликтүү өткөрүп алышыбыз зарыл. Бул референдум келечектеги багытыбызды так аныктап, мамлекетти укуктук талаага салат. Ал эми бүгүнкү күнү референдумдун эч кандай зарылчылыгы жок, стабилдүүлүк керек деп кыйкырып жаткандар тескерисинче өлкө келечегин аңга түртүп, азыркы Убактылуу бийликтин тез арада легитимдештирүү маселесин узартуу, кырдаалды кайра хаоско жеткирип, тополоң-тозду күчөтүүнү каалаган күчтөр. Тилекке каршы ал азаматтар өзүн ак каргабыз деген өзүбүздүн эле кыргыздын жигиттери, жарма патриоттор. Жеке мен үчүн бийлик башына ким келээр-келбеси анчалык деле маанилүү эмес, кеп биз мындан ары кайсы мыйзам менен жашайбыз, багытыбыз кандай болот, канткенде мамлекетибиз өнүгүп өсөт деген маселе биринчи орунда турат. Болбосо азыркы оппозиция каалагандай алтын баштуу адам бийликке келсе деле анын үй-бүлөсү бүтүндөй мамлекетти ажыдаар сыяктуу оп тартып коерун тарых далилдеди.
Төлөгөн СУЛАЙМАНОВ




Юрслан ТОЙЧУБЕКОВ, коомдук жана мамлекеттик ишмер:
"Адилеттик үчүн дайым күрөшкөм"
- Юрслан Жуманович саясий күрөштүн алгачкы пионерлеринин бири экениңизди көпчүлүк бүгүн унутта калтыргандай. Сиз Усубалиевдик, Масалиевдик, Акаевдик бийликке каршы далай жыл күрөшкөнсүз. Ошол саясий күрөштөрдү эскерип кетпейсизби.
- Ал күрөштөр эми кинолента сыяктуу эле тарых барактарынын бүктөмүндө калды окшойт. Артка саресеп салып, басып өткөн жолумду карасам, 20-30 жыл адилетсиздикке тикемен тик туруп кармашыптырмын. Эми учкай токтоло турган болсом Усубалиев бийлиги тууган-урукчулдукка, жек-жаат, жердешчиликке жол бергендиги учурунда айныксыз далилденген. Мен ошол учурдагы он беш өлкөнүн жүрөгү болгон Москва шаарында ВЛКСМ БКда иштеп келип, кийин Кыргызстан комсомол комитетинин катчысы болуп дайындалгам. Ал эми кийин Кыргызстан Компартиясынын жетекчилиги тарабынан 1983- жылы жумуштан негизсиз четтетилгем.
- Ошол учурда партиялык "босско" аесуз күрөш ачтыңыз окшойт.
- Адилеттик үчүн мен эч качан чөгөлөп калган эмесмин. Усубалиев башында турган бийликтин катачылыктарынын баарын тизмектеп Москвага Комумунисттик партиянын Борбордук Комитетине ачык билдиргем.
- Масалиевдик бийлик менен деле анчалык отуңуз күйүшкөн жок окшойт.
- 1985-жылдан кийин Горбачевдук ачык айкындуулуктун жел аргысы келип, демократиянын шарапаттары алгач Прибалтика өлкөлөрүндө андан кийин биздин Кыргызстанга кадимкидей таасирин тийгизе баштаган. Коом кадимкидей жаңыланууну каалап турса деле биздин ошол кездеги партиялык жетекчилик дале болсо Москванын кареги менен тең айланышы көндүм иш эле. Ошол учурда жаңылануу багытын көздөп "Манас Ата" коомун түзсөм, улутчул деп күнөөлөп Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинде айыптап чыгышкан.
- Андан кийинки бийлик деле чекеңизден сылабады көрүнөт.
- Акаев бийликке келээри менен жаңы облустарды ачып, мен Талас облустук жетекчилигине ат салыштым. Мени көпчүлүк калк, облустук кеңештин депутаттары колдогонуна карабай президент өзү Таласка бүтүндөй командасы менен барып, күчкө салып жатып, бир добуш ашык артыкчылык менен жеңишкен. Ошондой мыйзамсыздыктарды көрүп туруп Акаевдик бийликке оппозицияга өтүп эки жолу эл тарабынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайландым. Кийин түштүк регионунда абал курчуп Баткен облусу жаңы түзүлгөндө айрым адамдар суранып отуруп жаңы түзүлгөн облуска губернатордун орун басарлыгына барганга мажбурлашкан. Тилекке каршы ал жерден да иштете коюшпады.
- Бакиев бийлиги менен кандайча иштешип калдыңыз?
- Бакиев бийликке элдик толкундоолордун натыйжасында келген. Мына эми чыныгы элдик бийлик келди деген эйфория менен иштешип калдык.
- Ошол учурда Бакиевдин адилетсиз иштерине каш кайтарып, кемчиликтерин айттыңыз беле?
- 2008-жылдагы интернет булактарын карасаңыздар болот. "Түндүк Электро", "Кыргызтелекомду" текейден арзан сатылышына каршы туруп алардын чыныгы баалары белгиленген суммадан көп эсе кымбат экендигин жарыялагам. Албетте алардын тамагына кылкан болуп тыгылып коррупциялык иш аракеттерин айгинелеп койсоң баласы Максим мени башыман сыламак беле. ЦАРИИни түзүп бүтүндөй экономиканы колго алабыз деп турган топ мени тез эле финансылык рынокту көзөмөлдөө агенттигинин жетекчилигинен кетирип, менин ордума Максим эң жакын досун алып барган.
- Демек өткөн бийлик режиминин коррупциялык ишин биринчи ашкерелеген экенсиз да.
- Айрым адамдар оппозицияда болуу менен бийликти ар кандай иш-чараларда сындап элди митингге үндөсө, кээ бир саясатчылар тымызын эле күрөш жүргүзөт. Деги эле адилетсиз бийлик менен кээ бир саясатчылар эки үч жылдан күрөшсө, биз 20-30 жылдап күрөшүп келдик.
- Келечекте саясий пландарыңыз кандай?
- Өткөндө бир гезит "картайса да бийликке умтулат" деп жазыптыр. Жашым быйыл 61де. Дүйнөлүк тажрыйбада саясатка активдүү аралаша турган курактамын. Демек, мен мындай учурда атуул катары жөн жатып алууга эч укугум жок. Жалпы кыргызстан үчүн мен кайсы куракта болбоюн иш алып барууга даярмын.
Айнура ИСМАИЛОВА.







кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
24-июнь, 2010-ж.:
1-бет
НИОБА
2-бет
Стабилдүүлүк үчүн референдум
3-бет
Сымап сыңар кылтыңдайт
Кыргыздын жаш Алдар Көсөсүбү?

4-бет
Менчикти бир бүлөнүн чөнтөгүнөн мамлекетке кайтарып жатышат
5-бет
Мелис ТУРГАНБАЕВ, милициянын полковниги,
ИИМдин орун басары, Жалал-Абад шаарынын коменданты:
"Эл алдында жүзүбүз жарык болуп, референдум ойдогудай өтсүн"

6-бет

7-бет
Кыргызстанды криминалитет менен алдамчылар талап-тоноодо
8-бет
Үлгү берчү иш чара
9-бет
Кырк уруунун кырк жигити
Алтайдан кырк жылкы минип келет

10-бет
Жамалбек ТУРГУМБАЕВ,
медицина илимдеринин кандидаты,
Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы:
"Авто кырсык, онкологиялык ооруларга караганда инсульттан каза тапкандар арбын"

11-бет
Айына 1000 доллардан
кем эмес маяна алса болобу?

12-бет
Кырдаал маңзатыбы?
13-бет
АЗАЛУУ ЫЗА, же
канткенде кыргыз тазарат,
арууланат… аман калат?..

14-бет
КАНДУУ ЖОЛ
15-бет
Кыргыз Республикасынын Өткол мезгилдеги Президенти
Р.И.ОТУНБАЕВАга
Кайрылуу

16-бет
Айчүрөк ИМАНАЛИЕВА,
КРнын эмгек сиңирген артисти, кыргыз эстрадасынын примадоннасы:
"Ак эмгек кылган адамдын жүзү жарык"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«