mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Улутташтыруу улуттук таламга төп келсе болду

Менчикти бир бүлөнүн чөнтөгүнөн мамлекетке кайтарып жатышат
Кыргызстанда бир катар ири банктар менен обүектилер жеке менчиктен мамлекеттин карамагына өткөрүлүүдө. Убактылуу өкмөттүн декрети менен жүрүп жаткан бул жараянга мамлекеттик өңүттөн жана жеке талдоочулардын ой жоруусунан сереп салып көрөлү.

Бүгүнкү күнгө карата жеке жана муниципалдык менчикти улутташтыруу боюнча Убактылуу өкмөттүн 18 декрети жарыяланды. Азия Универсал банк баш болгон, Түндүк электро каш болгон, Ысык-Көлдөгү бир катар пансионаттар төш болгон, байманасы ашып-ташыган обүектилерди мамлекетке кайтаруу жараяны жүрүп жаткан кез. Декрет натуура экен деп соттошуп жатканы бар.
- Ири обүектилерди улутташтыруу - арга жок, бирок туура чара болду, - деп таккесе айтты өлкөнүн улуттук банкынын төрага орунбасары Абдымалик Мырзаев. - Аталган стратегиялык мааниси чоң обүектилер негизинен качкын президент К. Бакиевге же анын эң жакындарына таандык болгон жана жалаң бир бүлөнүн чөнтөгүнө иштеген. Айталык, Азия Универсал банкы көз боёмоочулуктун жана арам акчаларды адалдаштыруунун чордонуна айланган. Бул банк - бийлик менен криминалдын табакташ болуусунун накта үлгүсү.
Улуттук банктын жетекчиси эгер аталган банкты өз маалында мамлекеттештирбегенде өлкөбүздү банк кризиси басмак деп ырастоодо.
Убактылуу өкмөттүн декрети менен тааныш адамдар бир чети Мырзаевдин жүйөөсүнө кошулбай койбосо керек. Атан төөдөй болгон обүектилер бир ууч адамдар тобунун каалагандай доорон сүрүшүнө кызмат кылып, мамлекеттик казынаны кыйгап өтүп келгенин азыр мектеп окуучулары деле жадыбалдай айтып беришсе керек.
А бирок... Кыргызстан - рынок экономикасын жар салган өлкө эмеспи. Жеке менчик гана рынок менен адилет атаандаштыкка тээк болору маалым. Буга байланыштуу керек десе "мамлекет - чабал кожоюн" деген учкул сөз да айтылып жүрбөйбү.
- Мамлекет ачык-айкын иш жүргүзсө, коомдук көзөмөл болсо, мамлекеттештирүүдөн чочуш кажет эмес, - деп жүйөө салат Абдымалик Мырзаев. Анын пикири боюнча, азыркыдай кырдаалда стратегиялык менчиктерге мамлекет ээлик кылганы эп болор эле.
- Ал эми маңдай тери менен тапканын банкка салган акционерлердин тагдыры не болот, мамлекеттештирүүнүн айынан алар жабыр тартпас бекен? - деп собол таштадым Улуттук банктын жетекчисине. Мырзаевдин сөзүнөн улам улутташтыруу жараяны далайдын жанын ачытарын, бирок Кыргызстандын мыйзамдарында акционерлердин таламдарын коргоо жагы каралганын билдик.
- Мисалга алсак, ошол эле мамлекеттин карамагына кайтарылып жаткан бынктын акционерлерине тийиштүү компенсациялар берилет. Эгер анын өлчөмүнө алымсынбай калышса, анда эларалык аудит аркылуу калысталат, - деди Улуттук банктын төрага орунбасары Мырзаев.
Ошентсе да, айрым эксперттер ири банктар менен обүектилерди мамлекеттештирүү учурунда кыйла эле юридикалык алешемдиктер жаралганы тууралу ой айтышууда. "Борбордук кредит Банктын" башчысы Максат Ишенбаевдин оюнча, улутташтыруу саясатын шашпастан, терең ойлонуу менен өткөргөндө туура болмок. Мисалы, аталган банктын мурдагы ээси Михаил Надель маалымат каржаттары аркылуу кабар таратып, аталган банкка менчик укугун эл аралык сот аркылуу коргой турганын жар салып жиберди.
- Надель биздин мамлекетти кыйла эле жүдөтүшү ыктымал. Анткени, сот анын таламын талаша турган жагдайлар бар. Убактылуу өкмөттүн декрети мыйзамдарга кайчы чыккан жерлер кездешет, - деди Максат Ишенбаев.
Конституциялык саясат институтунун эксперти Нурлан Садыковго кайрылып, жеке менчикти улутташтыруу деген түшүнүктү талдап берүүнү өтүндүк.
- Улутташтыруу (мамлекеттештирүү) - жеке же муниципалдык менчикти мамлекеттин карамагына зордоп алып берүү дегенди билдирет. Бул жараянга мыйзамдар уруксат берет. Эларалык укук да улутташтыруу жүргүзүүнү ар бир өлкөнүн эгемендик укугу катары тааныйт. Улутташтыруунун негизги талабы боюнча менчик ээлерине компенсация төлөнүүгө тийиш, - деп талдап берди Садыков.
Кандай жагдайларда мамлекет ушундай тобокел кадамга барат, дегеле Убактылуу өкмөттү эмне жагдай мажбур кылды болду экен?
Садыковдун жүйөөсү боюнча, чукул кырдаал маалында улутташтыруу сот чечимисиз эле ишке ашырылат экен. Азыркы кырдаалды чукул деп айтсак жарашат го, туурабы? Убактылуу өкмөт болсо аталган обүектилердин кирешесин бир бүлөнүн чөнтөгүнөн мамлекеттин казынасына бурабыз деп сөз берди.
Ошолеле кезде айрым талдоочулар юридикалык өңүттөн алганда мамлекеттештирүү жараянынын өзү суроолорду, атурсун күмөн ойлорду жаратып жатканына көңүл бурууда. Айталык, Убактылуу өкмөттүн декрети сот чечимдерине карама-каршы келип калган учурлар кездешип жаткан шекилдүү. Саясый чечимди колдон келишинче укуктук жолго салганда мындай күмөн ойлор жаралбас эле дешет алар.
"Мисалы, декрет аркылуу мамлекеттештирилген пансионаттардын каттоо номерлери жок болгондуктан, башкаруу жагынан алешемдиктер болушу мүмкүн, - деди юрист Нурлан Садыков. - Пансионаттарды башкаруу мамлекеттик мүлк министрлигине тапшырылды. Эми министрликтин чиновниктери ал пансионаттарды башкарабы? Анын толук ээси болбогондон кийин чиновник мүлкүн талап-тонобойт, конокторго сапаттуу тейлөө көрсөтүү ордуна аларды эптеп "саап" калууга жанталашпайт деп ким кепилдик берет?" - деп суроо салат Садыков.
Кантсе да, азыркы оор кырдаал Убактылуу өкмөттүн бул жалпыга бирдей жага бербеген чечим кабыл алышын актоого негиз боло алчудай. Таразага эки жүйөөнү койсоң, мамлекеттик чечим басып кетип жатат. Менчикти мамлекеттештирүү саясый жана экономикалык турукташтыруу орногонго чейин жүргүзүлөт деп жатышпайбы. Баары жай-жайына келгенде, банктарыбы, пансионаттарыбы, башка стратегиялык обүектилериби - баары ачык-айкын жана калыстык менен кайра жеке менчикке сатылат десе, бир чети муюбай да коё албайсың.
Маадабай ЭШКОЖО





Кырдаал бизге лидер тартуулайт
Польшада президенттик шайлоо өтүүдө. Эч ызы-чуусу жок. Эсиңиздедир, 7-апрелде бизде кызыл кыргын революция болуп атканда, Польша эли президенти Лех Качиньскийден айрылып, карайлап калышкан. Алардын президентинин артынан жакшы сөз менен данк айтылды. А биздин ажонун артынан каргыш менен наалат ушу күнгө дейре токтой элек. Европа маданиятына канчалык тырмышканыбыз менен өзүбүзгө таандык менталитетибиз ар кандай кырдаалдарда күчүн көрсөтүп келет. Балким ал өлкөлөрдө деле коррупция гүлдөп аткандыр. Гүлдөсө да маданияттуу гүлдөйттүр. Акыры биздегидей жапайы коррупция болбостур. "Ат көрбөгөн минип өлтүрөт" демекчи, акча көрбөгөн бечара аткаминерлер оң келаткан ишине акча үчүн ушатып алып, талтайып калганын көрдүк.

Амбициядан айыга албай…
Саясатчыларыбыздын упай топтомой менен гана "ооруп" калгандарын башыбызга оор иш түшкөн ушул көндөрдө даана көрсөтүштү. Кыбыр эткен күнүмдүк иши үчүн күн сайын прессконференция берүүдөн жадабай, актанып эле жөн калбай атаандашын "согуп", кычуусун кандырмай дээрлик "лидер" өңдүүлөргө таандык. Азыркы тапта мамлекеттүүлүк үчүн ким кандай эмгек өтөп жатканын калың журт алаканга салгандай көрүп турат. Мен эмне үчүн прессконференция жөнүндө кеп козутум десең... Анын бирден бир себеби, андагы айтылган жооптордун "жоопсуздугунда". Натыйжада психологиялык жактан жабыркап турган жалпы жашоочулар арасында ушак-айыңды ырбатып, улам алдыңкы сааттарга карай саясий оюндардын сармерденин чубап кетүүсүндө. Ал эми ушактын таасири кан жыттанган ушул мезгилде коомчулукка эмоциялуу тийүүдө.

Демократия деми
Дүрбөлөңдүү ушактар согушу Ош, Жалал-Абаддагы чыныгы согуштан алда канча ачуу болуп кетти. Имишпи, чындыкпы, маалыматка май тамызгандар да ошол ураалап алдыда жүргөн топтордун чөйрөсүнөн келет. Демократия демократия бойдон туруусун каалайм. Бирок, ошол эле учурда мерчемдүү мамлекеттик сыр сакталып, коопсуздук кызматы менен өкмөттүн өз-ара тымызын программалары иш алпаруусу кажет. Кыскасы, көп улуттуу, кедей, аң-сезимин саясат баскан, нааразылык көксөөсү суубай турган коомчулукту оппозициянын катарында ураалап жүргөндөй эмес, нак бийликтин тактысында отургандай башкарыш керек!

Референдум аргасыздык аралда
Бу мынчалык неге наалыйт дээрсиз. Анда, менден мурда сиз небак жаттаган имиштерди жана бир тизмектей кетели. "Ош, Жалал-Абад окуясы эми Бишкекте башталат экен", "май куючу жайларды, базарларды жардырышат экен", "Токмокто уйгур, дунгандар көтөрүлөт экен", "Караколдо автомат таратып жүрүшүптүр" деген имиштер каптады. Айтор, соо адамды согушсуз оорута турган маалыматтар калп чынына карабай коомчулукту дүрбөтүп туру. Мунун бардыгын референдумду өткөрбөө максатында атайылап уюштурулуп жатканын билермандардын бир даары айтышууда. Референдум демекчи, эң эле санаага салган чоң түйүн азыр ушул. Убактылуу өкмөт кандай айла менен муну ийгиликтүү өткөрөт, башкы маселе. Эгер алиги ушактардын кайсы бир деңгээлде чындыгы бар болсо, анда референдум максатына жетери күмөн. Анда азаптын ана башы так ушул референдум болору турган иш. Антейин десең референдум эми сөзсүз өтүшү керек. Ушундай аргасыздык. Бир четинен өлкөдөгү ахыбал өтө курчуп турган чакта жаңы мыйзам долбооруна баш оорутуп отурбай эле Бегиш Ааматов аксакал канкакшап айтып келаткан 93-жылкы конституцияны кабыл алып, бир аз толуктоолорун киргизип туруп улап кетсек, тынчтыкты ыкчам колго алган болор белек? Эми минтип саясат тереңден сасып, этникалык, экстремистик чатак тутанып, кан суудай аккан соң, Башмыйзам орнотуу машакатына кептелип отурабыз. "Убактылуу өкмөт" деген аталыштын өзү калпыс аталыш болгонбу деп ойлойм. Себеби, "убактылуу" деген сөз калкты кандайдыр бекем ишенимге чакыра албай койду. "Жаңы өкмөт" десек, жаңы дем менен иш башталып, шыктануу кыйла дурус болмок.

"Соодагердин" соодасы бүтөт
А дейбизби, бу дейбизби азыр Кыргызстан бычактын мизинде турат. Саясатчыларыбыз ушул кырдаалда амбицияга баш тыгып, элге сулуутурпат көрүнүүгө жандалбас урбай, "камырдан кыл сууругандай" өлкөнү ушул коогалаңдан алып чыгуулары кажет. Ош, Жалал-Абад чатагын тезирээк жөнгө салып, кимде ким Кыргызстанды азыркы оор абалдан жеке чечкиндүүлүгү менен алып чыкса, ал абсолюттук түрдө айныксыз лидер катары таанылат. Мамлекет тагдырын анын колуна эл өзү тапшырат. "Соодагер лидерлер" өзүнөн-өзү четтеп, качып-бозуп, суюлуп кете берет…
Жумабай Абдан




кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
24-июнь, 2010-ж.:
1-бет
НИОБА
2-бет
Стабилдүүлүк үчүн референдум
3-бет
Сымап сыңар кылтыңдайт
Кыргыздын жаш Алдар Көсөсүбү?

4-бет
Менчикти бир бүлөнүн чөнтөгүнөн мамлекетке кайтарып жатышат
5-бет
Мелис ТУРГАНБАЕВ, милициянын полковниги,
ИИМдин орун басары, Жалал-Абад шаарынын коменданты:
"Эл алдында жүзүбүз жарык болуп, референдум ойдогудай өтсүн"

6-бет

7-бет
Кыргызстанды криминалитет менен алдамчылар талап-тоноодо
8-бет
Үлгү берчү иш чара
9-бет
Кырк уруунун кырк жигити
Алтайдан кырк жылкы минип келет

10-бет
Жамалбек ТУРГУМБАЕВ,
медицина илимдеринин кандидаты,
Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы:
"Авто кырсык, онкологиялык ооруларга караганда инсульттан каза тапкандар арбын"

11-бет
Айына 1000 доллардан
кем эмес маяна алса болобу?

12-бет
Кырдаал маңзатыбы?
13-бет
АЗАЛУУ ЫЗА, же
канткенде кыргыз тазарат,
арууланат… аман калат?..

14-бет
КАНДУУ ЖОЛ
15-бет
Кыргыз Республикасынын Өткол мезгилдеги Президенти
Р.И.ОТУНБАЕВАга
Кайрылуу

16-бет
Айчүрөк ИМАНАЛИЕВА,
КРнын эмгек сиңирген артисти, кыргыз эстрадасынын примадоннасы:
"Ак эмгек кылган адамдын жүзү жарык"






??.??