mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Сымап сыңар кылтыңдайт
Кыргыздын жаш Алдар Көсөсүбү?
Саясатта белдүү фигура, бирок келечеги бүдөмүк делип сүрөттөлүп жүргөн Өмүрбек Бабанов жаңы партия түзүп "Ак ниет" жана "Республика" деген эки аттын бирине токтоло албай ара жолдо талтайып турат. Бул жигит Айдар Акаев досунан ажырап, күйүтүнө чыдабай, парламент трибунасынан ата-бала Бакиевди колунан келишинче жугундуга киринткен. 2006-жылы ноябрь митингинде эл тарапка өтүп кеткен эки милиция кызматкерине асмандагы айды, төбөдөгү булутту алып берем деп эртеси айткан сөзүнөн айныганычы…
Жалгыз дарак токой болбосун билип, Алмаз Атамбаев башында турган КСДПга мүчө болуп, жанын сактап калган. Кийин саясий майдан бир топко тынчып калган соң, ойт берме оорусу кармап кетип, жеке кызыкчылыгы үчүн Максимдин алаасына башын тыгып, өкмөттүн биринчи вице-премьери болуп иштеди. Ошол учурда эски партиялаштарын кантип алдап кеткенин, өзү унутуп калса да, эл унутпаса керек. Андан да кызыгы Максим Бакиев менен жең ичинен сүйлөшүп "Манас" эл аралык аэропортуна жетекчиликке бара турган болгондо, ал жерге Үсөн Сыдыковдун баласы Бакыт жолотпой коюп, натыйжада Бабановдун балдарынан катуу таяк жегенин эл аңыз кылып айтып жүрсө "бала баатыр" ак же көк дебеди. Эми ушул "карамай" чыгарып жаш олигарх тегерегине жалаң мурдагы "Ак жолчуларды" чогултуп алып алдыдагы шайлоого камданып турат. Ал эми редакция Өмүрбек мырзанын шектүү бизнестери "Жалал-Абад пахта" заводу, "Кайыңды Кант" ишканасы, "Мунай Мырза" ЖЧКсы, ишкер Валерий Хонду кантип сызга отургузганы боюнча кызыктуу изилдөөнү колго алды.

Кызылдан кийсең жарашып
Эки жээкте Элмира
Эки күн мурун Убактылуу өкмөттүн социалдык тармак боюнча координатору Элмира Ибраимова түшүнүксүз билдирүү таратты. Анын билдирүүсүнө караганда түштүктөгү кырдаал курчуп турганда референдум өткөрүү маанисиз имиш. Мүнөзү илбээриңки тартканы менен саясатта сагызгандан сак Элмира айым өз келечегин алыстан көрө билип, жеке кызыкчылыгы үчүн баарына батыл кадамдарды жасаган өкмөттүн бул мүчөсү "Ата Журт" партиясы менен көз ымдашып бараткандай. "Ак жол" партиясынын парламенттеги фракция лидери, Бакиевдердин эрке кызындай тайраңдап, өкмөткө вице-премьер министр болуп иштеп, кийин ыраматы болгур Медет Садыркулов менен кошо чабылганда көчөдө жүрүп калган. Качан гана бийликтин күнү бүтөөрүн сезип, революцияга эки күн калганда оппозициянын арыгын чаап баштаган.
Албетте, азыр бул айым бийликте турган партиялардын бирине да мүчө эмес. Ошондуктан парламенттеги жылуу орунга жутунуп, "Бригаданын" ур токмогу болуп, эки жээкте селкинчек тээп жатканына пендечилик дегенден башка арга жок.


Бир жери кычышкандарга
Референдум Текебаевге эле керекпи
Негизи кызык эле элбиз. Тигил жакта эски бийликтин жан-жөөкөрлөрү колдорунан келишинче абалды турукташтыргылары келбей, укук талаасына келишибизге тоскоол болуп жатса, бул жакта тээ илгээрки жеке таарынычтары үчүн, же өздүк кызыкчылыгыбы, айтор Убактылуу өкмөттөн орун тийбей калгандын баары Өмүрбек Чиркешовичтин азыркы кылып жаткан эрдиктерине көө сүйкөгөнгө жан далбас уруп жатышат. Өлкөнү тезирээк стабилдештиргенге бийликтин легитимдүүлүгүн өз элибизге эле эмес, бүтүндөй коомчулукка таанытуу үчүн бар аракетин жумшап, кагаздан көзүн албай жаңы Конституцияны иштеп чыкса, адатынча каршылары тетири ушатып жатат. Эмне мамлекеттин мыйзамдуулугу, Убактылуу өкмөттүн легимдүүлүгү жалгыз эле Текебаевге керекпи?.. Кичине айланабызга көз жүгүртүп коелучу!




Үч "бригадирдин" азабы өттү
кошелок
"Ата-Журт" деген партия бар. Ошол партияны уюштургандардын фамилиясын уксаң…
Бул үч жигиттин тең тарыхы өтө бай. Биринчиси Марат Султанов. Бул киши расмий түрдө бул партияда турбаганы менен "Бригаданын" негизги кеңешчиси. Акча булагын кайдан, кантип жана кимден алаарын өтө жакшы өздөштүргөн. 1993-жылы волюта өзгөргөндө рублдын баарын сыртка ташып чыгып, коңшу өлкөлөрдөн долларга алмаштырып, аны өз менчигине баскан. Улуттук Банк, Финансы министрлигиндеги болгон коррупциялык иш аракеттер Марат Абдразаковичтин колу менен өткөн. Айылына атасынын абройу аркылуу катышып калган. 2005-жылы 24-мартта элдин баары эйфорияда жүрсө бул эргул борбордун түштүк дарбазасынын жанынан сегиз гектар жерди менчиктештиргенге үлгүргөн. Ушунчалык капчыктуу болуп туруп, битин сыгып канын жалаган битир. Бизнесин эми айтпай эле коелу.

Чачпак көтөргүч
Ахматбек Келдибеков болсо Россиядан билим алган. Маңдайындагы тишин ошол жактан күбүтүп айласыз алтынга алмаштырган. Марат Султанов менен тага жээн. Кадимки Нурлан Токтоматовдун карачечекей күйөө баласы. Азыркы Убактылуу өкмөт мүчөсү Темир Сариевдин кийлигишүүсү менен Финансы министринин орун басары болуп иштеген. Аскар, Айдар Акаевдердин чачпагын көтөрүп жүрүп байлыкка жеткен. Ошол бийлик учурунда соц.фонд төрагасы болуп туруп "акчаларды туура эмес пайдаланды, бирок иши канааттандыраарлык" деген эски парламенттен түшүнүксүз баа алган. Кийин Бакиевдердин колуна суу куйгучуна айланган. Ал кезде да зөөкүрлүгү, коррупциялык иш аракеттери ашкереленген. Криминалдарды колдоп аянттарда митингдерде жүрүп, кийин салык тармагын жетектеп турганда ал мекемени өзүнүн чөнтөгүнө алмаштырган. Жетиштүү "бомбалары" бар азырынча жазбай кое туралы.


Карамайдын "корольу"
Камчыбек Ташиев мырза деле булардан айырмасы жок. Акаев бийлигинин учурунда аким орун басары болуп жүрүп бизнесин түптөгөн. Токтогулдан ары өткөндөн кийин жер жайнаган "Томас" аттуу май куюуучу жайлардын баары ушул жигитке тиешелүү. Чоң муштум. Анысына өзү мактанып, Байтик айылынын жаштарынан таяк жегенин пресс-конференция өткөрүп айтып берген.
Бакиевдин бийлиги дегенде тамагы айрылганча кыйкырат. Ага өзүңүздөр 2006-жылдын ноябрь айында өзгөртүлгөн Конституцияны кабыл алууда күбө болгонсуздар. Коллега депутаттарын күл түшүргүч ("пепельница") менен башыңды жара чабам деп коркутчу. Арадай жерге чарадай жыйын өткөрүп, өзүн агитациялаганда жанына киши тура албайт. Кызматы жок калса кайсы бийлик болбосун догурунуп, тарапташтарын көтөрүп жатып Өзгөчө кырдаалдар министрлигине келген. Тилекке каршы бюджеттин каржыларын максатсыз пайдаланып жиберип өткөн бийликтин короосунан чыгып калган. Максим Бакиевдин "Мураскору" экенин "телефонгейт" чуусу ачыкка чыгарды.

Айат пресс








кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
24-июнь, 2010-ж.:
1-бет
НИОБА
2-бет
Стабилдүүлүк үчүн референдум
3-бет
Сымап сыңар кылтыңдайт
Кыргыздын жаш Алдар Көсөсүбү?

4-бет
Менчикти бир бүлөнүн чөнтөгүнөн мамлекетке кайтарып жатышат
5-бет
Мелис ТУРГАНБАЕВ, милициянын полковниги,
ИИМдин орун басары, Жалал-Абад шаарынын коменданты:
"Эл алдында жүзүбүз жарык болуп, референдум ойдогудай өтсүн"

6-бет

7-бет
Кыргызстанды криминалитет менен алдамчылар талап-тоноодо
8-бет
Үлгү берчү иш чара
9-бет
Кырк уруунун кырк жигити
Алтайдан кырк жылкы минип келет

10-бет
Жамалбек ТУРГУМБАЕВ,
медицина илимдеринин кандидаты,
Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы:
"Авто кырсык, онкологиялык ооруларга караганда инсульттан каза тапкандар арбын"

11-бет
Айына 1000 доллардан
кем эмес маяна алса болобу?

12-бет
Кырдаал маңзатыбы?
13-бет
АЗАЛУУ ЫЗА, же
канткенде кыргыз тазарат,
арууланат… аман калат?..

14-бет
КАНДУУ ЖОЛ
15-бет
Кыргыз Республикасынын Өткол мезгилдеги Президенти
Р.И.ОТУНБАЕВАга
Кайрылуу

16-бет
Айчүрөк ИМАНАЛИЕВА,
КРнын эмгек сиңирген артисти, кыргыз эстрадасынын примадоннасы:
"Ак эмгек кылган адамдын жүзү жарык"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«