mainkaptal

КИТЕПТЕР

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Чындык үчүн

Стабилдүүлүк үчүн референдум
Убактылуу өкмөт башчысынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев Ош, Жалал-Абад аймактарында орун алган акыркы окуялар жана референдум боюнча журналистерге басма сөз жыйынын өткөрүп жатып, болуп өткөн башаламандыктарда жабыр тарткандар үчүн кышка чейин кам көрүлүп, аларды үй менен камсыз кылуу керектигин баса белгиледи. Ал эми референдум боюнча суроого айрым бир эски күчтөр өлкөдөгү хаос дагы уланса деген тилек менен Жалпы Элдик добуш берүүгө карапайым калкты каршы үндөп жүрөт деп туура баа берди. Алмаз мырзанын оозунан ушундай эле адилет сөз чыгат эмеспи.


Кичи-кичи
Адахан кайрык
Кыргыз бизнесмени түгөнүп калгансып, акчасы көп эки кореец ишкерин ээрчитип алып Адахан Мадумаров "Супара" эс алуу жайына барат. Эмнеге дебейсизби? Кадимки максымчы, "Супаранын" кожоюну Табылды Эгембердиевден акча сураганы. "Табыке, каражаттан кайрылыш, кудай буюрса президент болгону калдым, ажо болуп калсам анда эле сизди жыргатам" дейт. Анда Табыкең сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет болуп "эки ажону мактай коем деп элге шылдың болдум, тынч эле жүрөйүнчү" деп Адахан мырзаны сыпайы иттен чыгарып койгон. Кудай уруп Адахан бийликке келип калса №1 "Шорочунун" шорун шорподой кайнатпаса болду.


Тергөө тердеп...
Окуядагы оор цифралар
Генпрокуратуранын Ош окуясы боюнча 18-июнга карата берген маалыматына бир карап койсок болот. Түштүк борборундагы башаламандыктан 195 адам сөөгү табылып, анын 122си октон, 73 адам өрттөн каза тапкан. Ушуга байланыштуу 67 кылмыш иши козголуп, 22 киши кармалган. Муну менен катар башаламандыкты уюштурууга катыштыгы барлар, талап-тоноочулукка, бирөөнүн мүлкүнө кол салгандар, зордук-зомбулук, куралдын ар кандай түрлөрүн мыйзамсыз алып жүргөндөр, айтор, баардык оор чатактын очогуна жакын толгон-токой иштердин үстүндө татаал тергөөлөр каралууда. Албетте, алдыда дагы далай көрсөткүчтөр айтылаар, ылайым ушуну менен эле токтоп калса кана...


Элет мүдөө
Аксакалдар ойгонду
Кара-Суу районундагы Нариман, Фуркат айылдарынын аксакалдары Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаевага референдумдун ийгиликтүү өтүшүнө жардам беришээрин билдиришти. Укуктук талаасынан четтебей, тынчтыкты колдон чыгарбоо аракетин жер-жерлерден көтөрүү зарыл экени айтылды. Массалык башаламандык уюштуруучуларды катуу жазалоо керектиги кошумчаланып, кандай болсо да референдум өз максатына жетээрине жалпы аракет талап кылынат деген элеттиктердин демилгеси Роза айымга кыйла дем бергендей болду. Жалпы аймактагы карапайымдардын тилеги деле ушул эмеспи.


Куурап эле атабыз
Төлөйкандын төл сөзүнөн
"Жарандар коррупцияга каршы" укук коргоо борборунун башчысы Төлөйкан Исмаилова Ош жергесине барган гумжардамдар талап болгон жайларга толук жетпей жатканын, азык-түлүккө муктаж адамдар арыз муңун кайта-кайта айтып кайрылгандарын белгиледи. Жергиликтүү базарлар ишке киргени менен бардык райондо бирдей эместигин жана мародерлук уланып, тазалоо аракеттери жүрүп аткан жайларда тоноочулук болгонун жарыялайт. Ишикылса, Төлөйкан айымдын оозуна үңүлсөк, 11-июнь бүгүн башталгандай.


Санаага баткан салыкчылар
Квитанция берчи
"Айат пресс" гезити "Келечек" партиясына кошуна болуп жайгашканыбызга азганакай гана убакыт болду. Анан ошондон бери эшигибиздин жаны тынбай калды. Салыкчы акелер байма-бай каттап. Алардын кызыкканы эле бир суроо, анысын айта берип биздин да башты оорутуп бүттү. Көрсө, "Келечек" партиясынын лидери Бейшен Өскөнбаев ИИМдин орун басары Кубаныч Кадыровго барып, жөн да барбай, мойнуна курун сала барып, мамлекеттик казынага 60 млн. сом төгүп берип кетиптир. Дагы төгөм деген убадасы да бар экен. Аны "Учур" газетасы өткөн санында жазып чыкты. Эми ошо 60 млн. сомдун тагдырына кызыккан салыкчылар санаасы чыдабай биздин да айланы кетирип бүттү. "60 млн. сомдун квитанциясы кана? Каякка төктүңөр эле? Көрсөткүлө" деп. Бул суроого биз да жооп бере албай аргабыз кетип туру. Балким бул млн.дордун тагдырын билген Кубанычбек мырза кап этпесе жардамчысы же секретаршасы аркылуу квитанцияны берип жиберсе жакшы болот эле. Биз да салыкчылардын сурагынан кутулуп жаныбыз жыргап калат белек...


Житкен ок
Барбарос план
"Манас" аэропортунун бажысынын көзөмөл постунан өтүп бараткан Камчыбек Ташиев портфелин бажычылар текшергенде, сумка ичиндеги атууга даяр турган тапанчасына колу тийип ок чыгып кетет. Тилекке жараша ок адамдарга эмес жерге жаңылат. Опур-топур болуп кетип, портфелден барбарос план жазылган жашыруун кагаз түшүп калган. Анда төмөндөгүдөй жазылат. "Конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү кыймылынын кайрылуусу" деп келип "Ак Жолчуларды" кайра парламентке отургузуу, М. Бакиевдин ЦАРИИсин калыбына келтирүү, жана 6-7-апрелде Таласта, Нарында, Бишкекте болгон окуяларга катыштыгы бар адамдарды жоопко тартуу керек деген бир нече пунктан турган кайрылуу кагазы экен. Кызык, чет жерде жатып алып Максим менен Курманбек элдин канын ичип жатат деп жүрсөк, мындай бузуку Бакиевчилер арабызда эле турбайбы.


Биротоло болсо кана
Сариев салыксыз жашоону айтты
Убактылуу өкмөт мүчөсү Темир Сариевдин айтымында Ош, Жалал-Абад стабилдүүлүгү үчүн мамлекеттик жаңы дирекция түзүлүп, ал региондогу өнүгүүгө жана энергетика, соода-сатык тармактарындагы коопсуздукка багытталат. "Биз ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө шарт түзүшүбүз керек" дейт, Темир мырза. Жаңы кабыл алынган декрет пайда, сатык, кыймылсыз мүлк, жер үлүшү өңдүү салыктардан үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан 2012-жылдын 31-декабрына дейре аталган аймак тургундарын бошотот. Каржы министринин бул кабарына кубангандар бардыр.


Референдум капшыты
Качкындар кантип катышат?
Өзбекстан чегарасындагы качкындар кайтып келүүдөн чочулашып, өздөрүнүн мурдагы турак үйлөрүнө келип референдумга катышууга мүмкүнчүлүк болор болбосуна арсар мүнөздө турушканын билдиришти. Алардын арасында да провокациялык ушак айыңдар күчөп жатыптыр. 27-июнь күнү так ошол референдумдан чоң чатак кайра башталат деген сөздөр ансыз жүрөктөрү түшкөн көпчүлүктүн мээсине мыктай кагылып турган чагы. Бул боюнча эмгек жана миграция министринин милдетин аткаруучу Бөдөш Мамырова айтып чыкты. Бул боюнча суроолор кандай чечилээри, качкындар референдумга кандай катышаары азырынча каралууда.








кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
24-июнь, 2010-ж.:
1-бет
НИОБА
2-бет
Стабилдүүлүк үчүн референдум
3-бет
Сымап сыңар кылтыңдайт
Кыргыздын жаш Алдар Көсөсүбү?

4-бет
Менчикти бир бүлөнүн чөнтөгүнөн мамлекетке кайтарып жатышат
5-бет
Мелис ТУРГАНБАЕВ, милициянын полковниги,
ИИМдин орун басары, Жалал-Абад шаарынын коменданты:
"Эл алдында жүзүбүз жарык болуп, референдум ойдогудай өтсүн"

6-бет

7-бет
Кыргызстанды криминалитет менен алдамчылар талап-тоноодо
8-бет
Үлгү берчү иш чара
9-бет
Кырк уруунун кырк жигити
Алтайдан кырк жылкы минип келет

10-бет
Жамалбек ТУРГУМБАЕВ,
медицина илимдеринин кандидаты,
Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы:
"Авто кырсык, онкологиялык ооруларга караганда инсульттан каза тапкандар арбын"

11-бет
Айына 1000 доллардан
кем эмес маяна алса болобу?

12-бет
Кырдаал маңзатыбы?
13-бет
АЗАЛУУ ЫЗА, же
канткенде кыргыз тазарат,
арууланат… аман калат?..

14-бет
КАНДУУ ЖОЛ
15-бет
Кыргыз Республикасынын Өткол мезгилдеги Президенти
Р.И.ОТУНБАЕВАга
Кайрылуу

16-бет
Айчүрөк ИМАНАЛИЕВА,
КРнын эмгек сиңирген артисти, кыргыз эстрадасынын примадоннасы:
"Ак эмгек кылган адамдын жүзү жарык"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«