Айчүрөк ИМАНАЛИЕВА,
КРнын эмгек сиңирген артисти, кыргыз эстрадасынын примадоннасы:
"Ак эмгек кылган адамдын жүзү жарык"
- Айчүрөк айым, учурда өлкөдө кырдаал оор болуп, маданият ишмерлеринин иши токтоп, көп ырчылардын концерттери болбой калууда. Сиз да кайрымдуулук концерт берүүгө даярданып аттыңыз эле, концертке даярдыктар болуп атабы?
- Өлкөбүздөгү 7-апрелдеги кандуу окуядан көп өтпөй Ош жергесиндеги каргашалуу окуяга күбө болдук. Мындай нерселер экономикага гана эмес, баардык нерсеге терс таасирин тийгизет. Анын сыңарындай эле азыр маданият ишмерлери деле аксап турган учуру. Ар кандай пландар ишке ашпай, белгиленген концерттер коюлбай калууда. Учурда көпчүлүк артисттер анда-санда боло калган той-топурларга катышып, жандарын багып атышат. Негизи артисттер акчаны тойлордон табышат. Ал эми концерттерден акча табуу кыйын. Өлкөдө тынчтык болбой , оор кырдаалды башыбыздан кечирип аткан мезгилде тойлор дагы азайып, өкмөт деңгээлиндеги корпоративдүү кечелер токтоп калган учуру. Ал эми жеке концертим тууралуу айтсам, август айынын этегинде филармонияда концерт берсемби деп турам. Негизи планым боюнча июль айлары болчу. Оштогу окуядан кийин азыр эл концерт, ыр, оюн-зоок эмес өздөрүнүн айласын таппай турушат. Анан Кыргызстандын аймактарын кыдырып гастролго чыкпаганыма 5-6 жыл болуптур. Быйыл чыгып, кыргыз элимди кыдырып концерт берип келсекпи деген планыбыз да бар эле. Эми кудай буйруса өлкөдө тынчтык орносо, стабилдүүлүк келсе, албетте жакшылыктар болот, концерттер боло берет. Эң негизгиси элибизде тынччылык болсо экен деп тилейм. Анткени балдар көчөгө чыккандан коркот. Мурда биздин короодо балдардын үнү түнкү саат 11ге чейин жаңырып турчу, азыр тынч . Күндүз деле, кечинде деле үндөрү угулбайт. Анткени балдарды ата-энеси эшикке чыгаргандан коркуп калышты. Азыр ушундай оор заманда жашап жатабыз. Ушул күндөр артта калып, тынччылык орносо экен деп тилеп олтурабыз.
- Өткөндө кыргыз эстрадасынын примадоннасы наамын алдыңыз сыйлыгыңыз кут болсун! Сыйлык алганда кандай абалда болдуңуз?
- Дайыма эл үчүн иштеп келгем. Алгач сахнага чыккандан баштап эле "жөнөкөй элимдин жөнөкөй ырчысымын" деп айтып келатам. Мен чет өлкөгө ар кандай конкурсттарга, фестивалдарга барганымды, жетишкен ийгиликтеримди жөнөкөй элим коштоп, колдоп келет. Кыргыз эстрадасынын примадоннасы наамын алганымдын таңкалыштуу эчтекеси жок болуш керек деп ойлойм. Ырчы айымдардын арасынан тандап туруп, арасынан көп добушту эл мага ыйгарыптыр. Силердин гезиттен пайдаланып, мен элиме ушунчалык ыраазычылыгымды билгизем. Мен дагы көп кырдаалды башымдан өткөрдүм, көп акыйкатсыздыкты , адамдын башына келчү нерселердин бардыгын көрдүм. Өзүңдүн ишиңди так билип, ак эмгегиң менен иштеп жүрө берсең, акыры акыбети кайтат. Эң башкысы ар бир адам түбөлүктүүсүн ойлонушу керек деп ойлойм. Жашоодогу байлык, бийлик, атактуулук - бул убактылуу нерсе. Ошондуктан өз ишиңди таза, ак ниетиң менен жогорку деңгээлде аткарып иштей билгенде гана ошонун эртеби, кечпи үзүрүн көрөсүң. Элимдин берген баасы менин дагы жоопкерчилигимди арттырды. Элим чоң ишеним менен мага добуш берип, сыйлыкты алып берип аткаң соң, мен элимдин астында таза жүз жана ак эмгегим менен мындан ары дагы ишимди уланткым келет.
- Концертке даярдануудан башка да кандай иштер менен алектенүүдөсүз?
- Мен өмүр бою үй турмушунан , үйдүн жумушунан, үй тамагынан качкан жан эмесмин. Үйүмдө бала баккан же үй кызматчым деле жок. Мурда сиңдим жардам берип келген болсо, азыр үй тиричилигиндеги жумуштардын баарын өзүм жасайм. Албетте азыр чыгармачылык иштерден сырткары көбүнчө балдар менен олтуруп, балдарыма кенен көңүл буруп атам. "Тирүү жандын жумушу бүтпөйт" сыңары адамдын түйшүгү түгөнбөйт окшойт. Август айында концерт берип , Ош жергесинде болобу , 6-7 апрелде болуп өткөн окуяда курман болгон биздин азаматтардын жакындарына болобу, концерттен түшкөн каражатты өзүмдүн үй-бүлөмдүн атынан салымымды кошуп, жардам берүүнү тилек кылуудамын. Анан концерт берүүгө даярдануу менен бирге жаңы ырларды жаздырууга да көңүл бурулуп атат.
- Демек жай аптабында эс алууга убактыңыз жок болот турбайбы?..
- Өлкөдө мындай кырдаал болуп жатса, элдин баары саясаттан, чаң-тополоңдон чарчап турган учурда, адам психикалык жактан эс алмайынча, тоого барып же көлгө барып эс аласыңбы баары бир эс алганга окшошпойт . Мамлекетибизде кыйын абал өкүм сүрүп атканда эч нерсеге башын оорутпай эс алууга баргандар жүрөгү жок, өлкөнүн келечегине жан кейитпеген адамдар деп эсептейм. Өзүм эне болгондуктан мен деле өлкөм, элим, жерим үчүн жүрөгүм сыздап жаткан учуру. Стабилдүүлүк болмоюнча, өлкөдө тынччылык болмоюнча мен деле эне катары бардык нерседен корком. Өлкөм үчүн, элим, жерим үчүн, балдарым үчүн корком . Азыр эс алууга шашылып болбойт. Кыргыз жергебизде стабилдүүлүк орносо кыргыз эли чогулуп бир эс алсак деп ойлойм.
- Акыркы жылдары өзүңүз обон жаратып жүрдүңүз эле, азыр да обон жазып атасызбы?
- Кандай чыгармачылык адам болбосун жаңы чыгарма жаратарда илхом келет экен. Кудайдын берген жышаанасын колдон чыгарбай, илхом келген маалда обон жаратып калам. Баш-аягы 7-8 ырдын обонун жазып, ыр сүйүүчүлөрүнүн назарына салгам. Акыркы кездерде обон жазууга кайрыла элекмин.
- Кыргызстанды кыдырып, гастролго чыга элегиңизге көп убакыт болуптур. Ал эми жакынкы арада чет өлкөлөргө чыгуу планыңыз барбы?
- Көп чет мамлекеттерге чыгып жүрдүм. Барбай калганыма эки жылдай эле болду. 1996-жылы кыргыз эстрадасынын тарыхында биринчи ирет кыргыз диоспораларына эмес, кыргыздын желегин желбиретип бүткүл дүйнөлүк "big apple music", "чоң алма" деген конкурска катышып, океандын ары жагына барып эл аралык конкурстарда ырдап келгем. Учурда чакыруулар болуп атат. Буйруса 25-26-июлда Москвага барып келсекпи деп атабыз. Бирок, үй-бүлөлүү киши болгондон кийин ар кандай жагдайлар болот экен. Ошондуктан бир топ чакыруулардан баш тартууга аргасыз болот экенсиң.
- Адам ийгиликке жетишкенде көралбаган, ичи тарлык кылган адамдар ар кандай пикирлерди таратып чыгат эмеспи. Сиз ушундай адамдарга оюңуз кандай?
- Андай адамдарга түшүнүү менен мамиле кылам. Себеби медалдын эки жагы болот. Мисалы, мен деле "элдин баарына жагам" деп иштебейм. Жаккан кишиге жагам, жакпаганга жакпайм. "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" демекчи, ушак жөн жеринен чыкпайт. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүнүш. Мисалы, мен эмгек сиңирген артист наамын алганда эл арасынан чоңунан кечинесине чейин ыраазы болушуп, ар кандай жакшы тилектерин айтып атышты. Пирмадоннаны алганда да каалоо айтып, куттуктагандар көп болду. Ар бир адам таза иштеп, ак эмгек кылса жүзү жарык болот. Өз ак эмгегинин артынан элдин арзуусуна татуу ырчы үчүн эч нерсеге алмаштыргыс чоң бакыт. Мен өзүмдүн ишимди жогорку деңгээлде, кылдаттык менен кылам деп кепилдик бере алам.
- Стресстен кантип арыласыз?
- Стресске тез-тез кабылган учурларым болгон. Андай учурда мага дем-күч берген бул менин балдарым, элим. Жашоомду балдарымсыз, элимсиз жана ырларымсыз элестете албайм.
- Бир буюмду коллекция кылып чогулткан учуруңуз болгонбу?
- Жок, буюмду эмес, ырларды анан костюмдарымды коллекция кылып чогултам. Ар бир костюмумдун өзүнүн тарыхы бар. "Азия даусунда", "Славян базарында", Казакстанда өткөн "Тамаша шоуда", Польшада өткөн эл аралык фестивалдарда кийген костюмдарымды баарысы сакталуу. Ал костюмдарды "Айчүрөк Иманалиева жана жаңы ысымдар" деген концертимде эстрада театрымдагы кыздар дефиле кылып кийип чыгышкан.
- Костюмдарыңызды бирөөлөр сураса берет белеңиз?
- Буга чейин "тойлорго же ар кандай салтанаттарга кийип берели" деп сурагандарга көңүлүн кыя албай костюмдарымды берип жүргөнүм менин катачылыгым болуптур. Кийимдерди кийгенден кийин таза, орду менен бербей, тытып, өңүн өчүрүп, айтор жарактан чыгарып салган учурлар болду. Ушул себептен азыр эч кимге бербей, таарынсаң таарын дегенге өттүм.
- Сиз үчүн эң баалуу буюмуңуз барбы?
- 5-6 жыл мурун аябай жакшы акча тапканбыз. Ошондо туулган күнүмдө үй-бүлөлүк бюджеттен дельфини бар бриллиант цепочка сатып алганбыз. Ошол мен үчүн эң баалуу буюм.
- Улуу балаңыз чыгармачылыкка аралашып, ырдап жүрчү эле, башка балдарыңызда талант бар экени байкалабы?
- Мисалы, экинчи уулум Арлендин үнү, ырга шыгы жок. Ал буйурса дипломат болом деп тандап койду. Китептерди көп окуп, компьютерге кызыгып, тарыхтарга аябай көңүл бурат. А Аэлита ырдайм десе албетте жардам берем. "Шоу бизнес таза эмес бизнес" деп коюшат эмеспи. Ошондуктан мен көргөн кыйынчылыктарды кызым көрбөшү үчүн болгон күч аракетимди жумшап, чыгармачылыкка жол салып бермекмин. Ал күнгө кудай жеткирсин. Эгер кызым ырчы болуп калса таза жол менен, эл үчүн эмгектенген ырчы болсо деп тилейм. Кызым бирөөнүн этегине жармашып, ар кимдин артынан ээрчибей таза эмгек кылса, анда мен дүйнөдө эң бактылуу эне болмокмун.
- Маегибиздин башында өлкөдөгү кырдаалга, кандуу окуяларга басым жасабадыкпы. Сиздин элге кандай тилегиңиз бар?
- Аксакал адамдарыбыз "кыргыз эли чыдамкай эл" деп айтып атышат. Ошондуктан эне катары Оштогу өтүп кеткен туугандарыбыздын ата-энелерине, туугандарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөм. Албетте, Кыргызстандын келечеги ар бирибиздин колубузда. Биз өлкөбүздүн патриоту болуубуз зарыл. Айрыкча азыркы тапта. Анан акчага сатылып аткандар тууралуу да сөздөр айтылып атат. Менимче акчанын түбүнө эч ким жеткен эмес. Акчадан кымбат адамдык касиет деген баалуулук бар. Акчага сатылып элдин турмушун бузуп, эмгегин талкалагандар убакыт сааты келгенде керт башы менен жооп берет. Эң негизгиси биздин жаштарга ыйман берсин деп тилейм. Кыргыз элиме кааларым, "өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет" дегендей калган эли-журтубуз аман болсун. Алакандай элибиз чыдамкайлык менен биримдүүлүктө жакшылыктан үмүт кылсак кудай таалам ошол нерсени берет. Ошон үчүн элиме, өзгөчө жаштарга ыймандуулукту каалайм.
Бурул МУСАБЕКОВА