mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Кыргыз Республикасынын Өткол мезгилдеги Президенти
Р.И.ОТУНБАЕВАга
Кайрылуу
Урматтуу Роза Исаковна! Сизге кайрылуубуздун себеби төмөндөгүчө: 2010-жылдын 7-апрелинде Бакиевдин үйбүлөлүк башкаруусуна каршы болуп өткөн элдик революцияда Токтогулдук жаштардын салымы өтө зор. Бул күнү эле эмес, мындан 2-3 жыл мурда Бакиевдик режимге каршы өз позицияларын ачык билдирип, күч структуралардын, мамлекеттик бийликтин куугунтугуна дуушар болушкан. Бирок ага карабастан, алар күрөшүүнү улантып, 7-апрелде керт башын өлүмгө байлап, Токтогулда Бакиевдик бийликти кулатышты. Токтогул районунун көпчүлүк эли революциянын активдуу уюштуруучусу, катышуучусу, Токтогул, Кара-Кол жаштар кыймылынын лидери Тынычбек Иманалиевди элдик аким кылып шайлап алышты.
Т.Иманалиев ошол күндөн баштап, райондо туруктуулукту сактоо, мамлекеттик мүлктөрдү талкалообоо боюнча бүт күч аракеттерин жумшап, тынчтыкты сактап калды. Райондун аймагында башаламандыкка жол бербөө максатында бир дагы мекеменин жетекчисин алмаштырбай, иштин кызыкчылыгын көздөө менен стабилдүүлүктү камсыз кылды.
Элдик Аким өз милдетин аткара баштагандан кийин эле Акаевдин, Бакиевдин деструктивдүү күчтөрү ага каршы ар туркун провокацияларды уюштура башташты. Бул күчтөрдүн башында Таир Сарпашев( А.Акаевдин жан жөөкөрү Тойчубек Касымовдун күйөө баласы) жана анын туугандары, Токтогул райондук Кеңештин мурунку төрагасы Төлөгөн Эсенкуловдор турушат. 2005-жылы Т.Касымовго таянып, Сарпашевдер өзүм билемдик менен райондогу мекеме жетекчилерин алмаштырып, элдин нааразычылыктарын туудуруп, Токтогулдун элин Бишкек-Ош жолун тосууга чейин жеткирген. Ошол күндөн ушул күнгө чейин Токтогул эли экиге бөлүнүп калды: Сарпашевдин жактоочулары жана калгандар. Таирбек Сарпашев депутат болуп, Токтогул элинин үнүн бийликке жеткизген жок, эл үчүн кымындай да эмгек жасаган жок. Болгону өзү үчүн, бир туугандары үчүн бизнесин өнүктүрдү. Ошондогу бийликке таянып, Токтогул шаарчасындагы мурунку комхозду 1,5 гектар аянты менен, тазалоо ишканасын (очистное сооружение), "Торкент" айыл округуна караштуу 4 сарайды чабандардын үйлөрү менен, Торкент айылындагы 1,25 га жери, 22 цистернасы менен гаражды (бир адамга белеке беришкен), Торкент айылындагы чоң универмагды менчиктештирип алышкан. Көп жылдан бери Торкент, Кетмен-Төбө айыл округдарында ФПСтин жерлерин арендага алып алышып, өкмөттөргө бир да тыйын төлөй элек. Өз убагында, ЖК депутаты болуп турган мезгилинде, Т.Сарпашев кыргыздын Үзөнгү-Кууш, Каркыра сыяктуу эң бир сонун жерлеринин сатылышына макулдугун берип, мурдагы бийликтин мүдөөсүн канааттандырган ( "Асман" газетасы №21).
Азыркы мамлекетибиз үчүн өтө оор болгон күндө, булар дагы көнүп калган интригаларын башташты.
Булардын глобалдуу максаты, райондо күздө боло турган парламенттик шайлоо процессин көзөмөлдөө жана өз пайдаларына бурмалоо. Ушундай иш-аракеттери менен алар ар кандай партиялар менен соодалашып, Токтогул районундагы бийликке, Жогорку Кенеште депутаттык орунга ээ болгулары келет.
2010-жылдын 11-12-июнунда Таирбек Сарпашев Конституциялык кеңештин мүчөсү катары Токтогул аймагын кыдырганда, элдин берген суроолору, элдин кабыл алган реакциясы Т.Сарпашевдин кадыр-баркынын, аброюнун кеткендигин далилдеди. Башкача айтканда, мурунку депутат мезгилинде элдин үмүтүн актабаганы билинип калды. Азыр да жөн жүрбөй, Убактылуу өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүнө таянып, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучусу Тынычбек Иманалиевдин 2010-жылдын 11- июнунда иштен алынганы жөнүндө жалган буйрукту райкеңештин депутаттарына, мекеме жетекчилерине жеткизүү аракетин жасашкан.
Ушул маселеге байланыштуу элдин өкүлдөрү катары, бизде төмөндөгүдөй суроолор пайда болот:
1. Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучусу Т.Иманалиевге Убактылуу өкмөт тарабынан иштен алынганы жөнүндө 2010-ж. 11.06. буйрук чыкса, эмне үчүн басма сөз, маалымат каражаттары аркылуу берилбейт?
2. Эмне үчүн, Т.Иманалиев өзү, администрациянын кызматкерлери билбейт?
3. Эмне үчүн мындай маалымат Т.Сарпашевдин туугандарына түздөн-түз келет? Же Т.Сарпашев дагы эле мурдагыдай эле кызмат бөлүштүрүүчүбү?
4. 2010-жылдын 27-июнундагы Референдум өткөрүүгө Т.Сарпашевдин жооптуу болуп дайындалышын өзү райондо элдин терс маанайын жаратып, Референдумдун ийгиликтүү өтүшүнө тоскоол болобу деп коркобуз.
Эгерде, Т.Иманалиевдин иштен алынганы жөнүндө Убактылуу өкмөттүн буйругу чын болсо, өкмөттүн өзүнүн позициясы түшүнүксүз. Эмне дегенде, үч айдан бери жакшы аракеттенип иштеп жаткан, райондо стабилдүүлүктү камсыз кылган, мамлекетибиздин азыркы бийликтин орношуна керт башынын коркунучун эске албай, зор салымын кошкон Т.Иманалиевдин иштен кетиши, райондо туруксуздуктун пайда болушуна, дагы кызмат талашууга, элдин бөлүнүп-жарылышына жол берилет. Элдик акимдин иштешине убакыт, мүмкүнчүлүк берилип, Убактылуу өкмөттүн колдоосуна алыныш керек.
Көпчүлүк калктын ой-пикирин билдирүү менен жалпы
1000 адам кол койгон.




КЫРГЫЗСТАНДЫН КЕЛЕЧЕГИ
ЖӨНӨКӨЙ ЭЛДИН КОЛУНДА

Кыргызстандын келечеги жөнөкөй элдин колунда, аны алар Референдумду ийгиликтүү өткөрүү менен жетише алат. Анткени референдумда кабыл алынган Конституция жөнөкөй элдин кызыкчылыгын толук камсыздай алат. Ага каршылар жөнөкөй элдин душмандары. Алар байлыкка бийлик аркылуу жетишкен, ал эми бийликке байлык аркылуу келишкен. Алар Президенттик бийликти кайра орнотууга далбас урууда, анткени байлык менен Президентти жана анын үйбүлөсүн сатып алуу жеңил болот, аны алар башынан өткөзүшкөн. Ал эми Парламенттин баарын сатып ала алышпайт, анткени алар көп, ар түрдүү партиялар өкүлдөрү, баарына байлыгы жетпейт, жетсе дагы алардын арасында таза адамдар, акчага алданбагандар болот, андайлар аларга каршы болушат, тескерисинче алардын абийрин ачып коюшу мүмкүн. Демек, Референдумдун ийгиликтүү өтүүсү мурунку бийликте тайраңдагандардын, элдин байлыгын талагандардын келечек тагдырына катуу таасир этет, андыктан алар тикелей каршы турууда. Алар өздөрүн жашырбай эле ачык рекламалоодо, ошондуктан алардын аттарын атоонун деле кажети жок. Алар аз эле, бирок мурдагы бийликте турганда, байлыгы аркылуу тегерегине жөнөкөй элден дагы, ага-туугандарынан, куда-сөөктөрдөн, таяке-жээндерден электорат чогултуп алышкан, алар "бул азаматттар" түзгөн партиянын дагы мүчөлөрү. Бул "азаматттар" Референдумдун, андан кийинки Парламенттик шайлоонун тез арада өтүп, легитмдүү бийлик келүүсүн дагы каалашпайт. Себеби, алардын жөнөкөй элдин башын айлантууга убактысы аз болуп жатат. Референдумдун, андан кийинки Парламенттик шайлоонун мөөнөтү жылса, аларга Конституциянын айланасында тополоң чыгарууга бир топ шанс түзүлмөк. Ал шанс алар үчүн акыркы шанс экендигин аң - сезими толук сезип, бүгүнкү күндө алардын жан дүйнөсүнө тынчтык бербей турган кези. Ошондуктан, жалпы элдин 90пайызынан ашыгын түзгөн Кыргызстандын карапайым калкы, келечекке үмүтү чоң жаштар, бюджеттин эсебинен эмгек өтөп жүрүшкөн интеллигенция өкүлдөрү, бизнес жана соода-сатык менен жашап жүрүшкөн мекендештер, пенсия курагындагы ата - апалар баарыбыз, Эл душмандарынын тилегин таш каптырып, Референдумду, кийинки Парламенттик шайлоону Убактылуу Өкмөт белгилеген мөөнөтүндө ийгиликтүү өткөрүп, келечекте Кыргызстан элинин бакубат жашоосуна жол ачалы. Башка вариант биз үчүн жок!
Шаршеналы КАЛДАШТЕГИН








кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
24-июнь, 2010-ж.:
1-бет
НИОБА
2-бет
Стабилдүүлүк үчүн референдум
3-бет
Сымап сыңар кылтыңдайт
Кыргыздын жаш Алдар Көсөсүбү?

4-бет
Менчикти бир бүлөнүн чөнтөгүнөн мамлекетке кайтарып жатышат
5-бет
Мелис ТУРГАНБАЕВ, милициянын полковниги,
ИИМдин орун басары, Жалал-Абад шаарынын коменданты:
"Эл алдында жүзүбүз жарык болуп, референдум ойдогудай өтсүн"

6-бет

7-бет
Кыргызстанды криминалитет менен алдамчылар талап-тоноодо
8-бет
Үлгү берчү иш чара
9-бет
Кырк уруунун кырк жигити
Алтайдан кырк жылкы минип келет

10-бет
Жамалбек ТУРГУМБАЕВ,
медицина илимдеринин кандидаты,
Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы:
"Авто кырсык, онкологиялык ооруларга караганда инсульттан каза тапкандар арбын"

11-бет
Айына 1000 доллардан
кем эмес маяна алса болобу?

12-бет
Кырдаал маңзатыбы?
13-бет
АЗАЛУУ ЫЗА, же
канткенде кыргыз тазарат,
арууланат… аман калат?..

14-бет
КАНДУУ ЖОЛ
15-бет
Кыргыз Республикасынын Өткол мезгилдеги Президенти
Р.И.ОТУНБАЕВАга
Кайрылуу

16-бет
Айчүрөк ИМАНАЛИЕВА,
КРнын эмгек сиңирген артисти, кыргыз эстрадасынын примадоннасы:
"Ак эмгек кылган адамдын жүзү жарык"






??.??