mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

КАНДУУ ЖОЛ
Кадырман окурман, кыргыздар башынан кечирген акыркы беш жылдыкта экономикабыз эңшерилип, байлыгыбыз кемигени менен кылмыштуулук гүлдөп өсүп, өлүм-житим эпсиз көбөйгөнүн билебиз. Атайылап адам өмүрүн кыйуу ачыктан-ачык аңызга айланды. Натыйжада "Кандуу жол" атуу китеп капилет жаралып, калк ичин аралап кетти. Анда Медет Садыркулов баш болгон Кыргызстандын саясатына таасири күч көрүнүктүү ишмер адамдардын жалданма киши өлтүргүчтөрдүн кантип курмандыгы болгону жана кимдер жалдап кан күсөгөнү кеңири баяндалган. Биз ушундан тарта каралуу "Кандуу жол" китебин барактап, сандан-санга узатабыз. Эмесе, жакаңызды кармап, үзбөй окуй бериңиз.

Ошентип саат экиден отуз мүнөт өткөндө МЧС отурган машине чекарадан өттү. Негедир аларды Бажы постунан токтотушкан жок, болгону бажы инспектору багажникте эч нерсе жокпу деп сурады. Шопур бала документин терезеден көрсөтүп эле тосмодон өтүп кетти.
Ошол эле маалда кара түстүү "Тойота" маркасындагы эки Жип автомашинасы Бишкек тараптан келип кайра артка кайрылып чекаранын жанындагы автоунаалар токтоочу аянтчада турган жүк ташуучу чоң машинелердин жанына токтоду, алды-артында мамлекеттик номуру жок. Алар сырткы чырактарын өчүрүшүп туруп калышты, ичинен эч ким жерге түшкөн жок.

13-март, күнгө жума.
Түнкү саат экиден отуз эки мүнөт өттү.
Посттордон өтөөр менен МЧС шопур балага:
Карачы, балдар келиптирби, телефондору албай жатат, - деди.
Чекарадан өтө бериштеги аянтчада төрт-беш жүк ташуучу автоунаа турат, жеңил машинеден эки Жип турат, башка көрүнбөйт.
Балдар жок го, машине көрүнбөйт. Шопур машинени жай жылдырып бара жатып МЧСке кайрылды.
Алар сөзсүз бул жерде турушу керек болучу, билишет да биздин келе жатканыбызды.
Ушул маалда МЧСтин жүрөгү опколжуп толкундангандай сезим болду, кандайдыр бир кооптонуу пайда болду, телефонун алып чыгып номурларын бирден басып чукулап жатты.
Баарынын телефону бузулганбы, эч ким менен байланыш жок.
МЧС телефону менен алек болуп, байланыштын начарлыгына наалып жатты. Ал ошол машинеде келе жаткан үчөөнүн тең телефондору станциядан блокко койулуп, байланыштары үзүлүп калганын билген жок.
Ак түстөгү "Лексус" машинесинин артынан Бажы посту аркылуу кара БМВ машинеси да өттү. Ал дагы алдыдагы Жиптен 50 метрдей артта жай жылып келе жатты. Алар менен катарлаш чекарадан өтүп жаткан автомашинелер жарыгын жандырышып, жүрүшүн ылдамдата Бишкек тарапка жөнөп жатышты. БМВнын алдыдагы "Лексусту" ээрчий жылып келе жатканы жалпы агымдын кыймылында көп деле көзгө урунган жок. Ал БМВнын арткы орундугунда отурган жигит дагы телефон чалып:
Ало, обүект чектен өттү, - деди эле, ага:
Ало, арт жагын тосуп келе бергиле, эмне кылышты кырдаалга карата өзүң чечесиң, балдар ал жерде күтүп турушат, алар эмне кылышты билет, - деген команда берилди.
Жарайт - телефонун чөнтөгүнө салып жатып шопурга кайрылып: - Доха, акырын айдай бер, көп көрүнбө, байкап калышпасын, - деди да жан жагында орундукта жаткан чоң сумканын түбүнөн тапанча алып шымынын арт жагына курга кыстарып койду.
"Лексус" Жип машинеси акырын жылып отуруп токтоп турган эки кара Жип машинесинин жанынан өттү, ары жакта токтоп турган эч кандай башка машине жок, жолдун жээги ээн.
Жансакчы балдар келсе ушул жерден күтүп турушмак, келбей калышса керек, же убакытты туура болжой албай жолдо келе жатышат. МЧС ойлоно баштады, жүрөгү дагы эле бирдеме сезгенсип опколжуп турат.
Арт жакта калган эки Жип тең сырткы жарыктарын күйгүзүп, моторлорун от алдырышты окшойт, ошондой дүрүлдөгөн үндөр чыкты. МЧС кайрылып арткы айнектен ал машинелерди карады, негедир алардын түрү жаккан жок.
Айда, кете берели, балким жолдо жолугуп калабыз, шаарга аз эле калбадыкпы, - деп шопурга айтты да жанындагы Слепкого:
Степаныч, сенин телефонуңду берчи, балким меники бузулуп жатпасын, эчким менен байланыша албай жатам, - деп анын телефонун алып номур тере баштады. Бирок ал телефондон деле байланыша алган жок, бир да башка телефон жооп бербей жатты, сигнал жетип эле жаткансыйт, жооп жок.

13-март, күнгө жума.
Түнкү саат экиден отуз беш мүнөт өттү.
"Лексус" ордунан жылып, ылдамдык ала баштаганда артынан эки Жип кошо жөнөдү да, жолдун биринчи кайрылышынан аны кууп жетишти. Экөөнүн тең үстүндө жаркылдаган маягы бар, укук коргоо органдарынын атайын машинелерине окшош түр менен келе жатышат. Бир кара Жип "Лексустан" аша баштаганда МЧС шопурга:
Карачы, эмне машинелер экен, - деди.
Билбейм, көрүнбөйт эч белгиси. Балким таможниктер болушу керек, алар контрабанда менен иштешет да.
(Уландысы кийинки санда)




кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
24-июнь, 2010-ж.:
1-бет
НИОБА
2-бет
Стабилдүүлүк үчүн референдум
3-бет
Сымап сыңар кылтыңдайт
Кыргыздын жаш Алдар Көсөсүбү?

4-бет
Менчикти бир бүлөнүн чөнтөгүнөн мамлекетке кайтарып жатышат
5-бет
Мелис ТУРГАНБАЕВ, милициянын полковниги,
ИИМдин орун басары, Жалал-Абад шаарынын коменданты:
"Эл алдында жүзүбүз жарык болуп, референдум ойдогудай өтсүн"

6-бет

7-бет
Кыргызстанды криминалитет менен алдамчылар талап-тоноодо
8-бет
Үлгү берчү иш чара
9-бет
Кырк уруунун кырк жигити
Алтайдан кырк жылкы минип келет

10-бет
Жамалбек ТУРГУМБАЕВ,
медицина илимдеринин кандидаты,
Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы:
"Авто кырсык, онкологиялык ооруларга караганда инсульттан каза тапкандар арбын"

11-бет
Айына 1000 доллардан
кем эмес маяна алса болобу?

12-бет
Кырдаал маңзатыбы?
13-бет
АЗАЛУУ ЫЗА, же
канткенде кыргыз тазарат,
арууланат… аман калат?..

14-бет
КАНДУУ ЖОЛ
15-бет
Кыргыз Республикасынын Өткол мезгилдеги Президенти
Р.И.ОТУНБАЕВАга
Кайрылуу

16-бет
Айчүрөк ИМАНАЛИЕВА,
КРнын эмгек сиңирген артисти, кыргыз эстрадасынын примадоннасы:
"Ак эмгек кылган адамдын жүзү жарык"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«