mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

  Кырдаал маңзатыбы?

НИОБА
Мурда борбор калаабыздын чок ортосунда, мамлекеттик Тарых музейинин алдында пролетарлардын жетекчиси - № 1- коммунист, большевиктер партиясынын уюштуруучусу Владимир Ильич Лениндин эстелиги турчу. 2003-жылы ал эстеликти ошол кездеги мамкатчы Осмонакун Ибраимовдун жетекчилиги астында Жогорку Кеңештин алдына, музейдин артына жылдырышып, анын ордуна түндүк көтөргөн канатчан аялдын эстелигин коюшкан эле. Эстеликтин алдындагы постоментке "Эркиндик" деп жазылып, андан бир нече метр ылдыйда жерге баштанган үч кыраан куш оюу түрүндө берилген. Кыргыз эли жигиттерин кыраан куш, же шумкар менен салыштырабыз. Анда эмнеге шумкарлар жер сүзгөнү баратат?
Бул эстелик коюлаар менен эле эл ичинде ар кандай ойлор айтыла баштаган. Айрымдар аны Майрам Акаеванын эстелиги дешсе, кээ бирөөлөр "чаар сумка көтөргөн коммерсант аялдарга коюлган эстелик" деп да айтышып жүрчү. Дагы бир аты - "Жумуртка баскан аял".
Кантсе да, бул эстеликтин постоментиндеги "Эркиндик" деген сөздү бүгүнкү күнгө чейин эч ким эсине да албай келет. Эмнеге "Эркиндик" деген ат коюшкан? Кимден, кандай эркиндик алды эле бул канатчан аял? Деги эле ушул эстеликтин кереги бар беле, борбордук аянтта? Анын күн чыгыш тарабында кыргыздын кыраан кыздары Курманжан датка энебиз менен Уркуя жеңебиздин эстеликтери турат ко. Алардын бири Кокон кандыгы менен Россия империясынын кысымына каршы турса, экинчиси Советтик мамлекетти куруу мезгилинде түштүктөгү аялдардын паранжасын чечтирип, эркиндиги үчүн күрөшүп келишпеди беле.
Ал эми ушул, адреси жок, бирок канаты бар, колуна боз үйдүн түндүгүн көтөртүп койгон эстеликти деги эмне максат менен орнотушту эле? Кыргыздар эч убакта аял кишиге түндүк көтөрткөн эмес. Боз үйдү тигип атканда эр адам жок болсо, кичине болсо да түндүк сайылган баканды эркек балага карматышкан. Ата-бабаларыбыздын санжырасына көз чаптырсак, байыркы замандарда кыргыздын душманы болгон калмактар: "эркектериңерди кырып, катыныңарга түндүк көтөртөбүз" дегени айтылат. Ушул эстеликти "Кыргыз эл баатыры" деген наамды алып жүргөн Тургунбай Садыков деген адам жасаптыр. Бул адам байыркы бабаларынын мурасын аткарган го деген ой келет, ушул жерде. "Баатырдын" башка эмгектерин да карап көрөлүчү, маселен, Кыргыз филармониясынын алдындагы Манастын эстелигин алалы, жакшылап байкаган адамга Манас бабабыздын бээ минип турганын эмне десек болот, я, туугандар? Болбосо эмнеге Ала-Тоо аянтына Шыпшайдар, Коңурбай, Нескара, Жолойлордун айкелдерин жасап койдурган, ушул эле "Баатыр"? Шыпшайдар мерген Манастын чоролорун бирден тергендей эле Жаныштын снайперлери далай уландарыбызды жайлабадыбы. Муну эмне деп айтып, кандай баа беребиз буга?
Эми тигил аялдын "Эркиндик" деген айкелине кайрадан назар буралы.
Апрель революциясынан кийин интеллигенциянын бир бөлүгү бул эстеликти өкмөт үйүнүн алдында болгон каргашанын "тумары" катары эсептеп, аны таптакыр алып салууну талап кылышып, Убактылуу өкмөткө кат жолдошкон эле. Убкатылуу өкмөттүн мүчөсү Абдыганы Эркебаев бир айдын ичинде бул маселени чечээрин айткан. Бир ай эмес, убакыт учкан куштай зымырап өтүп атат. Ушул жерден студент кезимде, мындан отуз жылча мурда окуган, байыркы гректердин бир мифтик чыгармасын эстеп, ага окурмандардын көңүлүн бурууну туура көрдүм.
Римдик байыркы грек акыны Овидий дегендин "Метамарфиозы" ("Превращение") деген бир чыгармасы бар. Овидий деле Гомер сыяктуу эле байыркы гректердин түшүнүгүндөгү кудайлардын турмушу, алардын карапайым адамдар менен болгон алакалары тууралуу кызыктуу окуяларды өз чыгармаларында чагылдырган.
Овидийдин аталган чыгармасында Фив шаарынын падышасы Амфион дегендин аялы Ниоба жети уул, жети кыздын энеси болгон. Ниоба болсо, өз кезегинде чагылгандын кудайы Зевстин Тантал аттуу уулунун кызы эле. Андыктан грек кудайлары аны эч нерседен кем кылбай, телегейин тегиз кылып кам көрүп турушкан. Ниоба өзүнүн балдары менен аябай сыймыктанаар эле. Бара-бара өзүнүн, үй-бүлөсүнүн бардык жетишкендиктери кайдан экенин эсинен чыгарып коет. Андыктан ал кудайларга ыраазычылык да билдирбей калган эле.
Күндөрдүн биринде азиз олуя Тиресийдин көзүачык Манто деген кызы Фив шаарынын жети дарбазасынын баарын кыдырып шаар тургундарынан Зевстин Герадан кийинки күнүлөш аялы Латонага жана анын балдары алтын көкүл Аполлон менен суйкайган сулуу Артемидага арнап садака-тартуу берүүлөрүн өтүнөт. Фивдин көптөгөн келин-кыздары өз тартууларын жасашат. Манто Ниобага келгенде ал эч нерсе бербей коёт. Фивдин тургундары Ниобадан Латона кудайдын каарына калбашын өтүнүшөт. Тигил көшөрүп болбой коёт. Муну укканда Латонанын жини аябай келип, балдары Аполлон менен Артемидага: "Танталдын эрке кызы мени аябай капа кылды. Менин кудай экенимди тааныгысы келбейт, тимеле. Ниобанын мени тоготпогону силерди сыйлабаганы. Анын балдары силердей өлбөс жаралышкан эмес. Эмнеге өзүнүн балдарын менин балдарыман артык көрөт"- дейт. Аполлон энесине:
- Болдуңузчу. Кечке эле бул тууралуу айта бергениңиз алардын жазалануу мөөнөтүн алыстатып атпайбы,- деп энесин токтотуп, карындашы экөө Фив шаарын көздөй жол тартышат. Фив шаарынын дарбазасынан киргенде эле жашыл жайсаңда аскердик көнүгүүлөр менен машыгып жаткан Ниобанын уулдарын көрүшөт. Алыстан таамай аткан Аполлон тигилерден окчунураак токтоп, дарактын далдаасына жашынганда Ниобанын эки уулу Исмен менен Сипил аргымактарын минишип, кыпкызыл кырмызы чепкендерин желге ыргалтып, жарышып келатышкан. Бир маалда Исмен кыйкырып ийди. Анын көкүрөгүнө Аполлондун жебеси кадалган болучу. Атынын үстүнөн күп этип жерге кулады. Жаанын огу ышкырып келатканын уккан Сипил атына канчалык камчы уруп, аргымагын алкынтып качпасын, аны да Аполлондун жебеси кууп жетти. Ал эми Ниобанын Файдим жана Тантал аттуу уулдары бек кучакташып күрөшүп атканда жаанын жебеси экөөнө бирдей кадалып, бир ок менен экөөнүн тең көздөрүнүн нуру өчүп, жандары кыйылды. Аларды оордунан көтөрөм деп келаткан агасы Альпенор аларга жеткичекти Аполлондун жебеси анын да төшүн жарып, жүрөгүнө кадалып, тиги бир туугандарынын үстүнө күп жыгылды. Обочороокто турган Дамасихтондун балтырына кирген жебени чыгарууга үлгүрө электе анын кекиртегине Аполлондун экинчи жебеси келип сайылды. Ниобанын кенже уулу Илиной кудайга жалбарып: - О, олимпиянын кудайлары, жансоога, жансоога! -дегени Аполлонду бир азга жумшартканы менен анын жаасынан жебе атылып кеткен эле. Ниобанын акыркы эркек перзенти да жан берди. Балдарынын өлгөндүгү тууралуу кабар Ниоба менен Амфионго тез эле жетти. Кайгынын тереңине кабылган Амфион курч кылычын көкүрөгүнө матыра уруп, өз жанын өзү кыйды. Уулдары менен күйөөсүнүн муздаган денелерин кучактап буркурап ыйлап, Ниоба терең кайгыга чөмүлдү. Кайгынын кучагында турса да ал тобо кылбастан, көктү карап:
- Кубангын, ташбоор Латона! Менин кайгымдын сүрүнө какап калганча сүйүн! Сен жеңдиң, менин ачкөз күндөшүм! Жок, мен эмне деп атам, сен жеңген жоксуң, жексур! Мен бактысыз абалда турсам да, бактылуу сенин балдарыңдан менин балдарым артыкча!
Ниоба сөзүнүн аягына чыккыча жаанын огу өлгөн агаларынын сөөгүн айлана курчап турган кыздардын бирөөн сулатты. Аңгыча болбой, Ниобанын алты кызы Артемиданын алты алтын жебесинен жан таслим болушту. Ниобанын эң кенже кичинекей кызы энесинин бутуна илээшип көйнөгүнүн бүктөмүнө жашынды.
Кыздары биринин артынан бири кулап, Ниобанын кайгысын дагы күчөттү. Бул улуу кайгы анын жүрөгүн жумшартып, Латонага жалбарып:
- Мени кечирип, жок дегенде ушул кичүү кызымдын жанын ала көрбө, сенден суранам, о, Латона,- деп ыйлап жатты. Латона аны кечирбеди. Ниобанын акыркы, кичинекей кызынын да көкүрөгүнө Артемиданын алтын жебеси сайылып, ымракай денеси энесинин бут алдына жыгылып түштү.
Бир мезгилде эринен да, жети уулунан да, жети кызынан да ажыраган Ниоба кайгынын калың катмарында калды. Анын жүзүндө жашоонун жышааны жоголуп, көздөрүнүн нуру өчүп, жүрөгү муңга толуп, таштай түйүлүп, каректеринен чексиз кайгынын жашы мончоктоп төгүлүп жатты. Денесин муздак таш каптап, бир заматта катуу куюн келип аны өзүнүн мекени болгон Лидиядагы эң бийик тоо Сипилге алпарып салды. Ошол жерде бүгүнгө чейин кудайдын каарына калып, баарынан ажырап, ташка айланган Ниобанын көзүнөн жаш токтобой, эстелик болуп дале турат, - дейт Овидий өзүнүн "Метамарфозы" деген чыгармасында.
Байыркы римдик акындын муңдуу поэмасындагы бул окуя ушул биздин аянттагы 2010-жылдын 7-8- апрелдериндеги окуяга окшош болуп атапайбы. Өздөрүн кудайдын баласындай сезген Курманбек, Жаныш, Максим Бакиевдер грек мифиндеги Аполлон менен Артемидага окшогон мерез көзгө атар-снайперлерди жалдашып кыргыз улан-кыздарын аёосуз кырбадыбы. Бул кыргын 7-8- апрель менен эле токтоп калбай, түштүктө да кан төгүшүпөдүбү.
Кыргыз эли бүгүн кудум Ниобанын кейпин кийип турган учуру. Ушул грек кудайларынын каарына калган аялдын эстелиги аянтка коюлгандан бери карай эле аянтта митингдер көбөйүп, эки мерте революция да жасаганга үлгүрдүк. Ниоба Латонага нааразылык билдирген сыяктуу эле элибиздин бийликтеги төбөлдөрдүн адилетсиз иш-аракеттерине нааразылыктарын билдиргени күч алганы сокурга деле көрүнүп, дүлөйгө деле угулган заман болуп атпайбы.
Эгерде Убактылуу өкмөт республикабыздагы саясий, экономикалык жана нравалык абалды оңдоого далалаты бар болсо, анда биринчи кезекте аянттан "Эркиндик" деген сөздүн аржагына жашырып койгон душмандардын "кара дубасын" - кудайдын каргышына калып бардык уул-кыздарынан ажыраган ушул Ниобанын эстелигин кечиктирбестен аянттан алып салуу керек. Бул парапсихолог Мелис Карыбеков жазган кара дубалардын бирөө гана.
Ошондой эле, кыргызды кырууга карата төлгө кылып "койнундагы котур ташын" таш эстеликтерге жашырып, борбор калаабыздын көрүнүктүү жерлерине койгон бедизчи Тургунбай Садыковду Кыргыз эл баатыры деген наамдан ажыратып, курман болгон уулдардын төгүлгөн канына себепчилердин бири катары, Бакиевдер сыяктуу эле жоопко тартууга мезгил жетти.
Темирбек Токтогазиев,
журналист, Мустафа Кемаль (Ататүрк) сыйлыгынын лауреаты




"Эркиндик" урамайын эркиндик орнобойт
Ушул Ала-Тоо аянтындагы "жумуртка баскан" эркиндик монументин алып салуу Убактылуу өкмөт үчүн кыйынбы? Эмне үчүн ушу кезге чейин эл тарабынан, аттуу-баштуу билермандар тарабынан коюлган алып салуу талабын бийликтегилер аткарбай жатат. Ушул эл тилегине карама-каршы келген, калың журтка жакпаган кара жолтой канаттуу катынды бир-эки саатта тоголотуп салуу неге мынча азапка турду ыя? Же ушул эстеликти да "кетсин!" деп, миңдеп-сандап митинг чыгышы керекпи? Же кыргыздын эркиндигин ушул "еврей" аял кармайбы? Эл суранып, жалдырап, какшап атса да буга чейинки бийлик бул аялга тиймек тургай сыйынып келген. Азыркы бийлик да көңүл бурбады. Эй, бийлегичтер! Тиги канаттуу символдун канаты кыркылып, орду-түбү менен жоголмоюнча ишибиз оңолбойт, эй! Минтип орой айтпаска айла жок. Чындыгында кыргыз өзүнө гана таандык боектор менен өңүнө чыгат. Кыргыз өзү менен гана өзү арууланат, агарып-көгөрөт. Эң жөнөкөй ушул эрежеге көгөрүп көнбөй койдук. Эркиндикке чакырган, элге ырыскы чачкан бир эле улуттук символ бар. Ал - Манас!
Жумабай Абдан





кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
24-июнь, 2010-ж.:
1-бет
НИОБА
2-бет
Стабилдүүлүк үчүн референдум
3-бет
Сымап сыңар кылтыңдайт
Кыргыздын жаш Алдар Көсөсүбү?

4-бет
Менчикти бир бүлөнүн чөнтөгүнөн мамлекетке кайтарып жатышат
5-бет
Мелис ТУРГАНБАЕВ, милициянын полковниги,
ИИМдин орун басары, Жалал-Абад шаарынын коменданты:
"Эл алдында жүзүбүз жарык болуп, референдум ойдогудай өтсүн"

6-бет

7-бет
Кыргызстанды криминалитет менен алдамчылар талап-тоноодо
8-бет
Үлгү берчү иш чара
9-бет
Кырк уруунун кырк жигити
Алтайдан кырк жылкы минип келет

10-бет
Жамалбек ТУРГУМБАЕВ,
медицина илимдеринин кандидаты,
Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы:
"Авто кырсык, онкологиялык ооруларга караганда инсульттан каза тапкандар арбын"

11-бет
Айына 1000 доллардан
кем эмес маяна алса болобу?

12-бет
Кырдаал маңзатыбы?
13-бет
АЗАЛУУ ЫЗА, же
канткенде кыргыз тазарат,
арууланат… аман калат?..

14-бет
КАНДУУ ЖОЛ
15-бет
Кыргыз Республикасынын Өткол мезгилдеги Президенти
Р.И.ОТУНБАЕВАга
Кайрылуу

16-бет
Айчүрөк ИМАНАЛИЕВА,
КРнын эмгек сиңирген артисти, кыргыз эстрадасынын примадоннасы:
"Ак эмгек кылган адамдын жүзү жарык"






??.??