mainkaptal

КИТЕПТЕР

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Айына 1000 доллардан
кем эмес маяна алса болобу?
"Кыргыз жаштары дүйнөнү багындыргыла!" Ч. Айтматов
Шайлообек Назаралиевдин кыргыз тилинде алгачкы жолу CD диски менен жарык көргөн "Англис тили жети айда. Өз алдынча үйрөнүүчүлөр үчүн" деген китеби акыркы жылдары жети жолу басмадан чыгып, былтыркы эле нускасы 10000ден ашты. Китеп республикабыздын дээрлик баардык булуң-бурчтарына таркатылып, мектеп окуучулары, атайын орто, жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн сүйүктүү окуу куралы болуп калды. Ошондой эле орус, казак, өзбек тилдерине которулуп, билим берүү жана илим министрлигинин грифине ээ болду. Бул китептин негизинде конкурс жарыяланып, анын жеңүүчүлөрү Стамбулда (Турцияга) болуп кайтышты.
Биз кыргыз эли, мамлекети үчүн аба-суудай керек болуп жаткан эмгектин автору менен жакында баарлаштык.

- Англис-кыргызча китеп жазууга сизге эмне себеп болду?
- Эгемендүүлүк, базар экономикасы, демократия, адам укугу, деп жыйырма жылдан бери төш какканыбыз менен Кыргызстан азыр "артка кетсең араба сынат, алдыга жылсаң ат өлөт" деген кейиштүү абалда. Эмнеге? Анткени, биз жаңы доорго билимсиз, даярдыксыз келдик. Бул жоого курал-жараксыз эле киргендей иш болду. Тилекке каршы, биз эл аралык мамилелердин субүектиси экендигибизге карабай бу дүйнө Казакстан, Россия менен эле тургандай түшүнөбүз. Ырас, постсоветтик чөлкөмдө орус тили улуттар аралык катнаштын кызматын аткарат. Бирок, бул чөлкөм дүйнөнүн алтыдан бирин гана түзөт. Сыртта океандай болгон, 180ден ашкан өлкө, зор мейкиндик жатат. Алар менен биз кайсыл тилде кызматташабыз? Маселе ушул жерде жатат.
- Кайсыл тилде?
- Биз бир чындыкты, айныксыз чындыкты жакшы түшүнө албай жатабыз. Кудай заманды жаратат. Адам заманга жараша түздөлөт. Түздөлбөсө анын шору. Ошон үчүн бабабыз Нурмолдо "Кандай заманда жашап жатканыңды бил да, заманга жараша аракет кыл. Антпесең, заман сенин жүрөгүңө кагылган казык болот" деп бекер айтпаса керек. Кыргызстан азыр, так ушул абалда турат. Биздин саясатчылар "тоок биринчи пайда болгонбу, же тукумбу" деген сыяктуу пайдасыз талаштын артынан түшүп алып, өздөрүн да, элди да кыйнап, а тургай мамлекетти жок болуп кетүү коркунучуна алып келип отурат. Алар Конституцияны оңдоп койсок эле май көл, сүт көл заманга киребиз деп өздөрүн да, элди да алдап жүрүшөт. Бул куру бекер ой, утопия. Азыр бизге үлгү кылган АКШ, Япония, Германия өңдүү мамлекеттердин Конституциясын көчүрүп келгенде да оңолбойбуз. Кеп башкада. Кайталап айтайын заманга карап түздөлбөй жатканыбызда.
- Оюңузду чечмелеп бербейсизби?
- Кеп системада эмес. Демократия, охлократия, тоталитардык система… Бул сырткы тон. Маселе ушунда эле болсо, эмне үчүн өздөрүн демократиялык өлкөбүз деп жарыялап алган Африка континентинин тең жарымы итке минип отурат? Эмне үчүн коммунистик системада Кытай дүркүрөп өнүгүп жатат? Эмне үчүн социалисттик багытта турган Скандиновия өлкөлөрү алдына ат салдырбай келе жатат? Эмне үчүн дин, сөз эркиндиги чектелген Араб өлкөлөрү, Малайзиянын жашоо деңгээли алдыда турат? Мындай мисалдарды санай берсе толтура. Батыштын баалуулугу баардык жерде эле иштей бербейт. Биздин саясатчылар ушуну жакшы түшүнүп, ички дүйнөгө көңүл бурса жакшы болмок. Бул-экономика, жетиштүү маяна. Үстүнө үй, мамлекеттин коопсуздугу, бардар турмуш дегендей. Тилекке каршы бизде экономикалык көз караштардын диспуту жокко эсе, ага саясатчылардын деңгээли жетишпейт. Ошон үчүн жалпы жонунан гана базар экономикасы деп үстүртөн айтпаса, бул темада сөз кылуудан чочушат. Ошон үчүн биздин экономикабыз очорулуп, жарым миллиондон ашык ишке жарамдуу адамдарыбыз сыртта безип, ар бир 5 жылда революциялык кырдаал түзүлүп, өлкөгө тынчтык орнобой жатат. Бул биринчи жагы, экинчи жагы көз карандысыздыкты алгандан бери Кыргызстанды багып, кармап келген мигранттардын сырттан жөнөткөн каражаты болду. Эгер алар болбогондо, биздеги төңкөрүштөр пернаненттүү түргө өтүп, ар бир экинчи жылы болуп турмак.
- Биз темадан четтеп кеттик окшойт
- Ооба, четтеп кеттик. Бирок негизги ой, экономикабызды кантип дүркүрөтүп өнүктүрөбүз деген нерседен четтеген жокпуз.
Кайталап айтайын, биз эл аралык мамиленин субүектисибиз. Ал эми дүйнөдө эл аралык, улуттар аралык байланыш кызматын англис тили аткарат. Бул дүйнөдөгү маалымат булагы. "Ким маалыматка ээ болсо ал дүйнөнү башкарат" деген учкул сөз бар. Ошол үчүн бул тил дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүндө расмий тил болуп саналып, аны жылына 500 млн.дон ашуун адам үйрөнүп жатат. Алардын катарында байыркы тарыхы бай, цивилизациянын чордону болгон Индия, Кытай, Араб дүйнөсү бар. А түгүл телегейи тегиз деген Щвецияда да тил үйрөнүүгө кеткен убакыттын 75 пайызы так ушул тил түзөт. Путин бул багытты Россияда приоритеттүү деп жарыялап, Казакстан англис тилин үйрөнүүгө чоң каражат бөлүп отурат. Тилекке каршы биздин саясатчылар, мамлекет бул жалпы адамзатты каптаган зор процесске көңүл бурбай келатат. Ал туурасында сүйлөгөн адам да жок. Китеп жазуунун себеби ушундан чыкты.
- Демек, сиз англис тилин үйрөнсөк эле алдыга жылабыз, деген ойдо экенсиз да.
- Тил саясаттан сырткары нерсе. Ал маалымат булагы. Россиянын жүргүзгөн саясаты менен орус тили экөө эки башка түшүнүк. Ошон үчүн ата-бабалар "Канча тил билсең ошончо дил билесиң" деп бекеринен айткан эместир. Тил билүү бул дүйнө таануу, башка элдерди түшүнүү, жана өзүң да алар үчүн түшүнүктүү болуу. Сиз, англис тилин үйрөнсөк алдыга жылабызбы?" деген суроо бердиңиз. Суроого-суроо. Биз күндөлүк турмушубуздан орус тилин алып таштайлычы. Алдыга жылабызбы же аркагабы?
Мен Бириккен Араб Эмиратында эки жыл соода-экономика өкүлү болуп иштедим. Араб тили улуу куранды берген, дүйнө элине илим, билимди үйрөткөн тил. Бул өлкө кыска аралыкта жашоо деңгээли боюнча АКШ баштаган Батыш өлкөлөрүн чаңында калтырган. Бирок, ал жерде араб тилинде арабдар гана сүйлөшпөсө, дээрлик баардык жерде англис тилинде иш жүргүзүлөт. Ошол эле алдыңкы катардагы Сингапур, Малайзия, Тайван ж.б алалы. Так ушундай көрүнүш.
Англис тили баардык маселени чечет деген ойдон алысмын. Бирок, бул тилди билүү жакшы жашоого, жогорку маяна алууга жана инсандын социалдык статусун көтөрүүгө өбөлгө түзөт деп так айтса болот.
Андан тышкары бул тилди билүү азыркы заманда 18ден 60 жашка чейинки адамга дүйнөнүн каалаган точкасына барып жумушка орношууга мүмкүнчүлүк берет. Кандай жумушка? "Бирөө ичерге суу таппай жүрсө, бирөө кечүүгө кечүү таппай жүрөт" дегендей дүйнөлүк эмгек биржасында тейлөө-соода кызматына суроо талап толуп жатат. Бизден айырмаланып (күнүнө 300сом), ал жакта айдоочу-курулушчулар күнүнө 200$ алса, почточу саатына 17$, кароолчу, байкоочу 24$ алат ал эми соода агенти, туризм боюнча брокер, кыймылсыз мүлк боюнча адистердин айлыгы 7-10 миң $га жетет. Мындан башка эгер квалификацияң жогору болсо жатакана, мед. камсыздоо, кварталдык сыйлоо, кредит ж.б ушул өңдүү кошумча материалдык жардамдар бар. Бул менин өз көзүм менен көргөндөр.
Биз бул жерде жатып алып "баатырбыз, байыркыбыз" дей бербей ошол жакка барып өз өңүбүздү күзгүдөн көрсөк, ким экенибизди даана билмекпиз.
Бир бир нерсени жакшы түшүнсөк. Прогресске карай (жапайы турмуштан, цивилдүү коомго) умтулган адамзаттын улуу көчү бар. Андан ажырагандар, же кечиккендер улут, мамлекет катары жок болушат. Ошон үчүн саясатчылар, архаизмге айланган салт-санаа, уруучулук, жердешчилик, башка эл деген, элдин караңгы катмары гана кабыл алган түшүнүктөрү менен ойнобош керек. Анын арты эмнеге алып барарын Кыргызстандын азыркы-акыркы абалы көрсөтүп турат. Эски салт, жаңы салт менен жоголот. Ата-бабабыз ушундай жашаган, деп отура бериштин өзү прогресстен артта калуу дегендик. Качан эле кыргыз баласы столдо олтурчу, диванда жатуучу, мончого барчу, тарелка, вилка колдончу. Бул биздин турмушка акыркы 70 жылдын тегерегинде кирди. Римдиктер үчүн бул нерсе 2000 жыл мурда болгон. Эгер биз ушундай жөнөкөй нерселерди да турмушка киргизүүгө 2000 жылдан корото берсек качан өнүгөбүз? Тил деген дал ушундай прогресс жолуна салат, маалымат алууну, өнүктүрүүнү тездетет.
Ушул жерде ыңгайы келгенде айтып коюучу нерсе биз кыргыздар башка элдерден кыйын да, начар да эмеспиз. Башка өнүккөн элдерден болгон айырмабыз эгер аларда жумушка болгон жоопкерчилик, мыйзамды сыйлоо, менчиктин, акчанын кадырын баалай билүү, күндөн күнгө өзүнүн адистик деңгээлин өрчүтүү деген түшүнүк бул жашоодогу тутунган принциби болсо, бизде андай нерсе дээрлик жок. Кудай берген акыл эсибиз алардай эле болсо да, биз өзүбүздү өзүбүз тарбиялоонун ордуна- биздин турмушту кимдир бирөө келип оңдоп берет (айыл өкмөтү, аким, губернатор, депутат, президент) деген жалган түшүнүктөн арыла албай жатабыз. Өз күчүбүзгө, кудай берген дараметибизге ишенүү жок.
- Биздин окурмандар үчүн англис тилинин маанисин жеткиликтүү эле түшүндүргөндөй болдуңуз. Бирок, өзүңүз билгендей бизде сөз менен иштин ажырымы чоң. Саясатчыларыбыз көп эле нерсени айтып, убада бергени менен аягы чыр менен бүтүп жаткандыгы көнүмүш адатка айланды. Сиз көп өлкөнү көрүп, көп чет өлкөлүк адамдар менен баарлашкан инсан катары конкретүү сунуш киргизе аласызбы?
- АКШнын элчилиги Кыргызстанда англис тилин үйрөтүү үчүн пилоттук жети мектепти тандап алып, ага 140миң доллар каражат жумшады. Ал эми мен 7 эмес 700 мектеп, орто, жогорку окуу жайлары менен иш алып баруудамын. Кыска аралыкта китеп жазылды, ал башка тилдерге которулду. Китептин электрондук варианттары массалык түрдө чыгарылды. Кыргызстанды түрө кыдырып, бул тилдин мааниси туурасында лекциялар окулду. Конкурстар уюштурулуп, алдыңкы окуучу, мугалими менен Стамбулда саякатта болушту. Ал жерде кыргыз студенттери менен жолугушуп, Стамбулдун белгилүү тарых музей, сыйлуу жерлеринде болушту. Белгилеп кетүүчү нерсе алар Стамбулдагы эң бир белгилүү "Faty" колледжинде болгондо Австралиядан келген мугалим, окуу жайынын жетекчилери да, конкурстун жеңүүчүсүнүн жана англис тил мугалиминин дэңгээли алардан кем калышпай тургандыгын белгилегени болду.
АКШ, Улуу Британия , Түрк элчилиги менен, өзүбүздүн бир топ министрлик, ведомстволор менен иш жүргүзүлдү. Кыскасы сиз айткан конкретүү деген нерсе ушул го. Жалгыз адам үчүн бул жасалган иштер, айрым саясий топтун ишине караганда баалуу да, басымдуу да деп айтаар элем. Ошон үчүн конкретүү сунуш эгер сиз, редакция тарабынан болсо, мен ар дайым кызматташууга даяр экенимди билдирип сөзүмдү жыйынтыктамакчымын, эгер уруксат берсеңиз. Сөз аягында белгилеп койуучу нерсе, биз ар бирибиз тар, кыска түшүнүктөн арылып, чоң дүйнөгө, ааламдашуу жолуна кеткен багытта бирге болсок, салым кошсок. Ошондо гана Кыргыздын келкели келе тургандыгына ишенсе болот. Бул- аксиома.
Редакциядан:
Автордун сунушу бизди да ойго салды. Чындыгын айтканда бирөөгө сын-акыл айтып көнгөн жаныбыз конкретүү сунушка келгенде, жоопкерчилик алдыңда турганын жон териң менен сезет экенсиң. Биз автордун китебин элге, калың катмарга, арзан баада жеткирүү үчүн брошюра катарында чыгарууну, же гезит бетине басууну, электрондук вариантын гезит аркылуу таркатууну жана башка ойлорду авторго сунуштасак ал баардыгына макул болду. Бирок бул сунуштар бир тараптуу гана болуп, окурмандардын оюн эске албай, аларга өз оюбузду таңуулагандай болуп калат экен. Ошондуктан, окурман пикирин билүүнү туура таптык. Ушундан кийин гана бир бүтүмгө келсек туура болчуудай. Демек силерден кат-кабарларды, телефон чалууларды күтөбүз.
Кат-кабар, сунуштар келип, аларды жалпылап, бир ойго токтогончо, азырынча автордун макулдугу менен бир иш чараны баштай берүүнү туура таптык.
Ал төмөндөгүдөй:
Дале болсо, Кыргыз тарыхында биринин жолу, англис тилин жогорудагы китептин негизинде сырттан окутуу иш чарасына токтолдук. Автордун ою боюнча эгер аракет, өжөрлүк, чын дилден болгон каалоо болсо чет тилди өз алдынча үйрөнүү толук мүмкүн. Сырттан окууну бүтүргөн жаштарга, автор редакция менен биргеликте коштоп чет өлкөгө чыгып, айына 1000 доллар кем эмес маяна алса болооруна жол көрсөтөт.
Сырттан окууну каалагандарды төмөнкү анкетаны толтуруп, редакцияга жөнөтүңүздөр. Редакциянын байланыш телефону: 32-33-13








кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
24-июнь, 2010-ж.:
1-бет
НИОБА
2-бет
Стабилдүүлүк үчүн референдум
3-бет
Сымап сыңар кылтыңдайт
Кыргыздын жаш Алдар Көсөсүбү?

4-бет
Менчикти бир бүлөнүн чөнтөгүнөн мамлекетке кайтарып жатышат
5-бет
Мелис ТУРГАНБАЕВ, милициянын полковниги,
ИИМдин орун басары, Жалал-Абад шаарынын коменданты:
"Эл алдында жүзүбүз жарык болуп, референдум ойдогудай өтсүн"

6-бет

7-бет
Кыргызстанды криминалитет менен алдамчылар талап-тоноодо
8-бет
Үлгү берчү иш чара
9-бет
Кырк уруунун кырк жигити
Алтайдан кырк жылкы минип келет

10-бет
Жамалбек ТУРГУМБАЕВ,
медицина илимдеринин кандидаты,
Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы:
"Авто кырсык, онкологиялык ооруларга караганда инсульттан каза тапкандар арбын"

11-бет
Айына 1000 доллардан
кем эмес маяна алса болобу?

12-бет
Кырдаал маңзатыбы?
13-бет
АЗАЛУУ ЫЗА, же
канткенде кыргыз тазарат,
арууланат… аман калат?..

14-бет
КАНДУУ ЖОЛ
15-бет
Кыргыз Республикасынын Өткол мезгилдеги Президенти
Р.И.ОТУНБАЕВАга
Кайрылуу

16-бет
Айчүрөк ИМАНАЛИЕВА,
КРнын эмгек сиңирген артисти, кыргыз эстрадасынын примадоннасы:
"Ак эмгек кылган адамдын жүзү жарык"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«