mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Жамалбек ТУРГУМБАЕВ,
медицина илимдеринин кандидаты,
Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы:
"Авто кырсык, онкологиялык ооруларга караганда инсульттан каза тапкандар арбын"
- Жамалбек Жумадылович, медицина тармагында кызмат кылып атканыңызга канча убакыт болду? Дегеле дарыгерлердин бүгүнкү күндөгү көйгөйлөрү тууралуу кеп кылсаңыз...
- Институтту бүткөн соң инсульт бөлүмүнө которулгам. Анда биздин клиникабыз инсульт бөлүмү №3-шаардык тез жардам ооруканасы болчу. Мына ошол жерде иштеп келгениме 28 жыл болду. Азыр жакшы, Улуттук госпиталга кошулдук. Мурда жалгыз бөлүм эле, инсульттан жабыркап өлгөндөрдүн санын азайтуу максатында бул жерге келгени эки бөлүм ачканбыз. Шаардык деп биринчи шаардык оорукананын базасында ачтык. Эмне үчүн дегенде, инсульт болуп ооругандардын баарын жаткырганга мүмкүнчүлүк аз болчу. Анткени стационардык шартта дарылангандардан өлүм-житим, майып болгондордун саны аз болот. Калган 60-70 пайызы өлүмгө учурап атат. Үч бөлүм иштеп атканда оорулуулардын 60 пайыздан ашыгыраагын жаткырып атабыз. Эми муну 80-90 пайызга жеткирсек болот. Анткени бизге шаардык ооруканаларды Чүй облусунан келген оорулуулар келип атат. Оорулууларга колдон келишинче аракет кылып атабыз. Чүй облустук оорукананын базасына дагы бир инсульттук бөлүм ачсак, ошондо шаарды толук тейлеп калмакпыз. Оорулуулардын жардам берүүгө баарын жаткырып, өлүмдүн саны азаймак. Оорулуулардын саны боюнча бизде абдан көп. Биздин өлкөдө эле эмес, Союздук мамлекеттерде баарында эле ушундай акыбал жогорку деңгээлде турат. Мына Россия, Украинада, Казакстан, Кыргызстанда да. Анан эми биз инсультту азайтууга абдан аракет кылып атабыз. Ал үчүн көп жабдыктар керек. Тилекке каршы бизде андай мүмкүнчүлүк жок болуп атат. Инсульт бөлүмүнө деп бир дагы жаңы жабдуу ала элекпиз. Ошого чейинки болгон баардык аппараттар иштен чыгып калган. Өзүбүздүн клиникалык тажрыйбабыз менен эле дарылап келе жатабыз. Чет мамлекттик дарыгерлер менен мамилебиз жок болчу. Мына азыр эки жылдан бери Өзбекстанга, Россияга барып, алардын кандай иштеп атканын көрүп, таанышып келип атабыз. Жакында эле Барселонада өткөн Европалык инсульт боюнча конференцияга катышып кайттым. Аталган конференцияга 47 өлкөдөн келип, ар кимиси өз тажрыйбаларын айтышты. Чындыгында эле бизде башка өлкөлөрдүкүндөй деңгээлге жетүүгө мүмкүнчүлүк жок. Жабдыктарыбыз болгондо инсульттун башынан токтотуп калганга болот. Ал үчүн биринчи күнү инсульт экенин аныкташ керек. Кабыл алуу бөлүмүнөн эле негизги диагностикалык текшерүүлөрдөн өтүш керек. Бул үчүн компьтердик томографиядан, ультра-добуштук аппараттан өтүп, мээни ичинен текшере турган аппаратка түшүү зарыл. Эң башкысы ооруну аныктап, оорулуу адамга ошол замат керектүү дарыны берсек уюган кан ээрип, бат калыбына келет. Муну айткан себебим, бизде инсульт болуп, кечигип келгенден майып болуп, ал тургай каза тапкандар абдан көп.
- Мамлекетибизде инсульт оорусу эң көп санда экенин баса белгиледиңиз. Саламаттыкты сактоо министрлигине керектүү жабдыктарды алып берип, сиздердин оорукананын көйгөйлөрүн чечип берүүсүн айтып, кайрылуу жасадыңыздарбы?
- Мына ушул убакка чейин керектүү аппаратура жок. Бул үчүн өзүнчө инсульттан сактануу боюнча, же инсультту дарылоо боюнча мамлекеттик программа болуш керек. Бизде андай программалар бар. Бирок, бул мээ кан тамырлары менен жүрөк кан тамырларын кошуп койгон программалар. Бөлүнгөн сумманын баары эле жүрөк кан тамырларга кетип калат. Миллион деген акчаларды кардиология алып коет. Биздики бөлүмдөр гана болуп, борбор катары атайын бириккен мекемебиз жок. Алардыкы илим изилдөө борбору бар. "Кошо жардам беребиз" деген менен эч кандай жыйынтык да, мүмкүнчүлүк да жок болуп келет.
- Айрым ооруканаларда эл аралык уюмдар аркылуу жардам катары гранттарды алышат. Сиздерде андай аракет жокпу?
- Албетте, бизде андай жардам бар. Ушундай эл аралык уюмдардын программасы менен Фучикке 300 миң доллар бөлүндү. Чүй облустук ооруканага да бөлүнгөн. Аларга азыр 300 миң долларлык аппарат келди. Текшере турган мониторлору бар. Атайын жакшы шартта жасалган керебеттер келди. Кыскасы компьютердик томографиядан башкасынын баары бар. Бизге немистердин эл аралык өнүктүрүү борбору "жардам беребиз" деген, бирок азырынча жардам ала элекпиз.
- Жогоруда Испанияга эл аралык конференцияга катышып келгениңизди айттыңыз. Ал жакта башка өлкөдөн келген кесиптештериңиз менен кенен баарлашып, тажрыйба алмаша алдыңызбы?
- Негизинен ал жакка тажрыйба алмашуу үчүн барат да. Баягы эле каражаттын аздыгынан бир фирманын каржылоосу менен жалгыз мен барганга мүмкүнчүлүк алдым. Ал эми Казакстандан инсульт оорусу боюнча иштеген 20дай дарыгер барды. Ал жерде европалык чоң инсульттук борборлордо иштеген врачтардын докладдары менен таанышып, тажрыйбасын ортого салып кеңештик. Мисалы, инсультту эрте эле алдын алууга, өлүмүн азайтса болот экен. Стационардык жагдайда инсульттан жабыркап каза болгондордун санын үч эсеге азайтууга мүмкүн экен. Анан бизге өздөрүнүн клиникасын көрсөттү. Шарты кандай, оорулуу келгенде биринчи кимге кайрылат, мына ушунун баарысы эң башкы мааниге ээ. Ооруган адам ооруканага канчалык эрте кайрылса ошончолук тез жардам берүүгө бизде мүмкүнчүлүк чоң болот. А бизде андай мүмкүнчүлүк жок. Оорулуулар көбүнчө өтүшүп кеткенден кийин, алты же сегиз сааттан кийин кайрылышат. Айрым учурда абалы өтө начарлап, 2-3 күн-түн өтүп кеткенден кийин келгендер бар.
Мындай абалда оорулуунун өмүрүнө коркунуч келерин мээсине жеткире түшнүдүрүү зарыл. Анан бизде тез жардам унаалары жетишээрлик санда болуусу керек. Бизде ал дагы жетишпейт. Нерв оорулары менен жабыркап, инсульт болгон адам ооруканага келген соң текшерүүдөн өтүп, дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу керек. Бул жакта эмне дары-дармек болсо баарысы оорулуулардын ахыбалына жараша мүмкүнчүлүк өлчөмдө жумшалат. Анан "аппарат жок, инсульт менен ооругандардын саны көп" деп биз колубузду жайып олтурган жерибиз жок. Биз деле өз алдыбызча аракеттерди көрүп атабыз. Оорунун санын азайтса болот экен. Азыр ушуга аракет кылып, бейтаптардагы неврологдор менен, жалпы эле дарыгерлер менен үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору менен жолугуп, шаардагы бейтапканаларды кыдырып, эки жылдан бери иштешип, инсультту болтурбоо жолун айтып келатам. Дарыгерлер бул нерсени көзөмөлгө алып, керектүү дарыларды берип, карап турсак инсульттун саны азайат. Ал үчүн элдер өздөрү да кызыктар болуусу абзел. Мисалы, кай жерде болбосун алып карасаң эл арасында "инсульт болуп калбайын" деген коркунуч менен оорусун алдын алып, убагы менен ооруканага же дарыгерлерге кайрылгандар жок. Бизде жүрөк кан тамырынан өлгөндөрдөн, кырсыктардан жана онкологиялык оорулардан өлгөндөргө караганда инсульттан өлгөндөрдүн саны арбын. А эмне үчүн жүрөк оорудан, кырсыктан же онкологиялык дарттардан өлүп калбайын деп коркушат да инсульттан өлүп калууну ойлонушпайт. Инсульт болгондордун 80 пайызы майып болуп, биринин бир ыптасы кыймылдабай калса, экинчисинин башы ооруп, айтор мурдагы жумушуна келбей калат. Ошон үчүн биринчи кезекте элдер өздөрү кызыктар болушу керек. Үй-бүлөлүк дарыгерлерге барып, "инсульт көп экен. Мен алдына алып текшерилейин деп келдим" десе сактанганга мүмкүнчүлүк берип, кандай дарыланыш керек экенин айтып маалымат беришет.
- Ош окуясынан жабыр тарткандар арасында инсульт, инфаркт болуп кайрылгандар кездештиби?
- Кайрылгандар болуп атат. Мисалы 7-апрелде инсульт болуп 1-2 адам кайрылган. Ал эми калгандары ошол окуяны көрүп алып эсин жоготуп, инсультка чейинки оорулар менен кайрылгандар болду. Оштон болсо азырынча бизге кайрылгандар боло элек. Анткени келгенге мүмкүнчүлүк болбой жатат. Бирок, телефон аркылуу байланышып, "инсульт болгондорго Ошто дарыланууга мүмкүнчүлүк болбой жатат. Сиздерге келе берелиби" деп суранышты. Эгер дарыгерлер уруксат берсе, мүмкүнчүлүгүңөр болсо келе бергиле дедим.




  Шыпаагер

АКШ менен Россиянын мыкты дарыгерлери көздөн учтубу?
Атуулдук текшерүү комитети Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаевага кайрылып, АКШ менен Россиянын аскердик базасынын аскердик дарыгерлеринен жардам суроосун өтүнүштү. Алардын пикиринде кыргызстандын дарыгерлери, медайымдары көпчүлүк жарат алгандарды дарылап жетишпеген учурда тажрыйбалуу, мыкты делген АКШ менен Россиянын дарыгерлери жардам берип, кыргыз атуулдарынын ден соолугуна кам көрүшсө жакшы болот жана кандуу окуялардан жабыркагандар тез арада бутуна туруп, сакайып кетишмек.

Грузия мөөнөтү өткөн дары-дармек жөнөткөн
Ош шаарындага кандуу окуядан жабыркагандарга чет өлкөлөрдөн гуманитардык жардамдар берилип жатканы жалпыга маалым. Үч күн мурун Грузиядан гуманитардык жардам катары 8,2 тонна дары-дармектер келген эле. Дарылардын сапатын текшерүү комиссиясынын текшерүүсүндө Грузиядан келген дарылардын 70 пайызынын мөөнөтү өтүп кеткени аныкталып, жараксыз деп табылды. Бул боюнча аталган комиссия акты түзүп, Грузиянын бийлигине кабарлаган. Мындай кабарды уккан Грузия тарап актанып, "биз Кыргызстанга эки түр дары жөнөткөнбүз. Алардын биринин мөөнөтү июль айынын акырында бүтсө, экинчисиники 2011-жылдын аягына чейин болчу" деген.

Аскер аба күчтөрү 33 литр кан тапшырышты
Мындай маалыматты саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Акысыз кан тапшыруу иши министрликтин жыйынында кабыл алын соң зениттик-ракеталык аскер бөлүгү республикалык кан тапшыруу борборунун медицина кызматкерлерине кайрылып, жалпы 33 литр кан тапшырышкан.

Эскирген азыктарды тазалоо башталды
Түштүк жергесинде болгон окуядан сырткары жалпысынан алганда республика боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу. Мындай кабарды Кыргызстандын мамсанэпидемнадзор департаментинин директору Төлөн Исаков айтып берди. Анын айтымында түштүк аймагындагы талкаланып, күйгөн кампалардын ичинде эрте бузулуп кете турган тамак-аш, эт азыктары калган. Азыркы мезгилде кампаларды, базарларды, соода түйүндөрүн тазалоо иштери жүрүп жатат. Учурда ал жакта бир канча бригада иштешүүдө. Алардын арасында шаардык санэпидемстанция, Кара-Суулук санэпидемстанция, мындан сырткары мамсанэпидемнадзордон төрт адам жиберилген. Алар керектүү каражаттар менен жергиликтүү кызматкерлер менен биргеликте иш башташты. Негизги максат массалык инфекциялык ооруларды болтурбоо жана тамак-аштан уугуну алдын алуу. Төлөн Исаковдун сөзүнө караганда кимдир бирөөлөр бузулуп кеткен продуктуну колдонуп же сатыкка чыгарып жиберүү коркунучу бар. Буга байланыштуу толук көзөмөл жана кайра иштеп чыгуулар болуп жатат. Мындан сырткары аталган департаменттин генералдык директорунун айтымында санэпидемстанциянын кызматкерлери 100гө жакын суунун анализин чыгарышканда суу таза болуп чыкты. Демек, коркунучу жок ичкенге болот экен. Дагы Исаковдун толуктоолору боюнча уулангандар болгон эмес. Бир жолу гана буурчак концерва азыган колдонгондо уукан учур катталган. Бирок абал толугу менен жөнгө салынган.





кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
24-июнь, 2010-ж.:
1-бет
НИОБА
2-бет
Стабилдүүлүк үчүн референдум
3-бет
Сымап сыңар кылтыңдайт
Кыргыздын жаш Алдар Көсөсүбү?

4-бет
Менчикти бир бүлөнүн чөнтөгүнөн мамлекетке кайтарып жатышат
5-бет
Мелис ТУРГАНБАЕВ, милициянын полковниги,
ИИМдин орун басары, Жалал-Абад шаарынын коменданты:
"Эл алдында жүзүбүз жарык болуп, референдум ойдогудай өтсүн"

6-бет

7-бет
Кыргызстанды криминалитет менен алдамчылар талап-тоноодо
8-бет
Үлгү берчү иш чара
9-бет
Кырк уруунун кырк жигити
Алтайдан кырк жылкы минип келет

10-бет
Жамалбек ТУРГУМБАЕВ,
медицина илимдеринин кандидаты,
Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы:
"Авто кырсык, онкологиялык ооруларга караганда инсульттан каза тапкандар арбын"

11-бет
Айына 1000 доллардан
кем эмес маяна алса болобу?

12-бет
Кырдаал маңзатыбы?
13-бет
АЗАЛУУ ЫЗА, же
канткенде кыргыз тазарат,
арууланат… аман калат?..

14-бет
КАНДУУ ЖОЛ
15-бет
Кыргыз Республикасынын Өткол мезгилдеги Президенти
Р.И.ОТУНБАЕВАга
Кайрылуу

16-бет
Айчүрөк ИМАНАЛИЕВА,
КРнын эмгек сиңирген артисти, кыргыз эстрадасынын примадоннасы:
"Ак эмгек кылган адамдын жүзү жарык"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«