mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Мелис КАРЫБЕКОВ, олуя:
"Үчүнчү күчтөрдүн максаты ишке ашпайт"
- Мелис мырза, Ош окуясы боюнча кандай пикир айта аласыз? Бул окуяны алдын ала билдиңиз беле?
- Мен кечээ бир кыз менен маектештим. Ош шаарында туулуп, өскөн кыз экен. Ош окуясы боюнча жаап-жашырып, тайсалдатып, жымсалдап жооп бергенге болбойт. Ачуу чындыкты сыртка чыгарыш керек. Ошол оштук кызга "кичинекейиңден өзбектерди жек көрүп чоңойдуң беле?" десем, "ооба" дейт. Эгерде ошондой эле оштук өзбек кызга ушул суроону берсең, ал деле ушинтип жооп бермек. Ушундай көрүнүш Кокон хандыгынан бери келатат. Коңшу жашап, бир нанды бөлүп жеп, бир кудуктан суу ичишип, кыз алышып, кыз беришкен эки элдин жан дүйнөсү эки бөлөк. Бир динде мусулман болушса да, түрк тукумунда тектеш болсо да жан дүйнөлөрүндө биоэнергетикалык, психологиялык айырма абдан чоң. "Казак, кыргыз бир тууган, өзбекти ким тууган?" деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Казак, кыргыздын жан дүйнөлөрүндө окшоштук көп. Экөө эгиз бир тууган эл. Бирок ушул жерден да көп айырманы, ажырымды ачык эле көрсө болот. Бизде жалган, жасалма идеология болгондуктан улут аралык ушундай маселелер улам кийинки жылдарга жылдырылып, жаап-жашырылып келгендиктен, акыры чогулган маселелер трагедиялык жарылууга алып барды. 90-жылдардагы жаап-жашырылып, жымсалдалып, толук чечилбей калган Ош тополоңу 2010-жылы кайра кайталанды. Азыр дагы ачуу чындыкты сыртка чыгарбай жаап-жашырсак, эртең эле кайрадан кан төгүлөт. Маселенин тамыры тереңде жатат. Кыргыз жери кыргыз элине жараткан кудайдан энчи болуп берилген. Биздин жерде жашаган башка улуттун өкүлдөрү муну жакшы түшүнүш керек. Өз жеринде, өз мекенинде жарды жашап, башка улуттун өкүлдөрүнө малай болуп, кызмат кылып басынып калган кайсы гана эл болбосун акыркы чекке жетип, жан кечтиликке барат. Эгерде мен кыргыз баласы башка элге барып жашап калсам, ал элдин каада-салтын сыйлайм, тилин үйрөнөм, психологиясын терең түшүнгөнгө аракет кылам. Ошол эл менен бир тууган болуп достошом. Алардын жүрөгүнөн терең орун алганга аракет жасайм. Ал элге мен үстөмдүк кылбайм. Анткени мен конокмун. Ош окуясы ушундай көрүнүштөн улам келип чыкты.
- Демек бул окуя акыры боло турган жагдай турбайбы... Ал эми буга үчүнчү күчтөрдүн тиешеси бар дегенге кандай дейсиз?
- Үчүнчү күчтөрдүн түздөн-түз тиешеси бар. Үчүнчү күчтөр кимдер? Биринчи топ, бул Бакиевдин үй-бүлөсү, жакындары жана наркообарондор. Алар мамлекет башында туруп, өзбек-кыргыз маселесин абдан жакшы билишкен. Бензин чачылган талаага ширенке чагып коюш гана керек болчу. Мамлекетибиздин алсыздыгы же мамлектибиздин жок болуп кетиши Бакиевдер үчүн абдан керек. Алар өз жанын сактап калыштын аракетинде ушундай иштерге барып жатышат. Экинчи топ, Бакиев менен бирге иштеп, мамлекетти тоноп, жеп-ичкендер. Алардын арасында жаш чагында Акаевдин заманында кызматка келишип, коррупциядан башка эч нерсени билбеген, Бакиев келгенде чоң кызматтарга барышып, мамлекетти тоноп, жеп-ичишип, азыр "тазабыз" деп кой терисин жамынып, Ош окуясы аркылуу элге жакшы көрүнүп, элдин башын айлантабыз деген топ. Бул топтун Бакиевдер менен келишип алганы ачык эле көрүнүп турат. Алардын био талаасын карасам Бакиевдердей эле элдин каргышына калышкан. Ой максаттарына жетишпейт. Үчүнчү топ, азырынча элдин алдына ачыкка чыга албаган, бирок экинчи топтун ой, максаты ишке ашары менен элге ачыкка чыга турган, элден качып жүргөн кылмышкерлер. Убактылуу өкмөттү Ош окуялары аркылуу алсыратып, Бакиевдин бийлигин кайра алып келүү, ошондой жол менен элдин астында кылмыш жазасынан качып кутулуу. Убактылуу өкмөттүн арасында да буларды "таза, жеп-ичкен эмес" деп жактагандар да жок эмес. Алар тез арада кызматтан кетүүсү зарыл. Өткөндө Жаныш Бакиев менен Максим Бакиевдин телефондук байланышында кээ бир адамдарды орустун жаман тилинде "П" деп тилдеп атат. Бул адамдар алар үчүн да, биздин эл үчүн да "Плар".
- Мындай кандуу окуялар борбор шаарыбызда кайталанышы мүмкүн эмеспи?
- Булардын максаты Ош, Жалал-Абад окуяларын Бишкек шаарына, Токмок шаарына, жалпы эле Чүй жергесинде башка улуттар менен кагылышууга алып баруу. Түндүк жергесинен чыккан кээ бир саясатчы сөрөйлөрдүн буларды колдоп жатканы билинип эле турат. Бирок биздин эл алданбайт. Чагымчылардын жазасын берет. Булардын ой, максаты ишке ашпайт.
- Алдыда элдин тагдыры кандай болот, эмне күтөт?
- Өткөн күздө гезит бетине жарыяланган макалараымда "Манастын энергиясы бизге жат, чоочун энергиялар менен кагылышып, башка чоочун энергияларды сыртка ыйык мекенибизден сүрүп чыгат же өзүнө багындырат" деп жазган элем. Биздин элдин тагдырын мындан ары Манастын энергиясы чечет. Бул күчтүү энергетикалык агымга кошулуп кете албай калсак улут катары жок болуп кетишибиз мүмкүн. Кайсы гана эл болбосун, кайсы гана өкмөт болбосун идеологиясы жок болсо, ал убактылуу. Кыргыз идеологиясы кайыптан башталыш керек. Биз кайыптын элибиз. Манастын энергиясы кайып дүйнөдөн келет. Ар бир кыргыз жана Кыргызстанда жашаган башка улуттун өкүлдөрү да ушул кайыпты сезип, Манастын энергиясын туу тутканда элибизде бейкутчулук, ынтымак орноп, мамлекетибиз, элибиз өнүгүп өсөт. Асытыбызда Манастын энергиясы башка диндер менен кагылышуусу же айкалышуусу жана башка улуттардай эле кыргыз улутунан чыккан "киргиз" улут менен да кагылышуу же айкалышуу болушу ыктымал. Кыргыз тилин коргоочулар күчүнө кирип, улут жанкечтилери же кыргыз скинхеттер чыгышы мүмкүн. Ушул окуялар трагедияга айланып кетпеш үчүн улуттун нукура, чыныгы идеологиясын жандандырышыбыз керек. Ал идеология ар бир кыргыздын жүрөгүндө, аурасында, био талаасында терең орун алган. Ал Манастын кайыптуу энергиясы. Бизге башка идеология туура келбейт.
Бурул МУСАБЕКОВА




Мелис КАРЫБЕКОВ, олуя:
Шайтандын резюмеси
- Алло,
- Да, Шайлообек байке, угуп атам.
- Мелис, гезитке жазган "шайтандын резюмеси" деген макалаңды окудум.
- Анан, Шаке айта турган оюңуз барбы?
- Оюм мындай, бул баягы Крыловдун тамсилдерин окшошуп кетет экен. Жакшы, бирок мен каршымын. Сен мындай чыгармаларды жазба.
- А эмне себептен?
- Сен майдаланып бараткандайсың. Сага мындай тамсилдерди жазганга болбойт.
- Эмне үчүн?
- Сенден эл улуу философияны, келечекте болчу окуяларды күтөт. Сен деген алпсың.
- ха-ха-ха, рахмат Шаке. Мен сиз үчүн дайыма алпмын.
Бул кыргыз эл акыны
Шайлообек Дүйшеев
менен болгон телефондук маегим.
- Алло
- Да, Нураалы байке, угуп атам. Кандайсыз?
- Мелис гезиттен "шайтандын резюмесин" окудум. Айда катырыпсың.
- Нураалы байке, Шакем "мындай тамсилдерди жазба" деп мага каршы болду.
- А эмне үчүн? Бул жакшы көркөм чыгарма. Биздин кыргыз адабиятында тамсил жазылбай калган. Бул тамсилдин жаңы варианты. Сен Шакемди укпай жаза бер. Мен Шакеме чалып айтам. Сен деген жазуучусуң. Сенин күчүң жазууда.
- Рахмат, байке
Акын, журналист, жазуучулар союзунун мүчөсү Нураалы Капаров менен болгон маек.

- Алло, Мелис байке кандайсыз?
- Да, Каке, өзүң кандайсың?
- Мелис байке, гезиттен "шайтандын резюмесин" окуп атам. Кимди жазганыңыз ачык эле көрүнүп калыптыр.
- Андай мүмкүн эмес. Ал жерде бир инсан жөнүндө жазылган эмес. Бул чогултулган образдар. Ар ким өз каармандарын таап алат.
- Аныңыз туура, мен өз каармандарымды таап алдым. Канча жашырсаңыз деле ачык эле байкалып калыптыр.
- Каке, сен саясатчысың, белгилүү жазуучусуң. Менин табышмактуу тамсилимди жандырышың мүмкүн.
- Болуптур анда, ишиңизге ийгилик.
Бул Каныбек Иманалиев
менен болгон маек.

- Алло, байке кандайсыз?
- Да, Жылдыз жакшы. Өзүң кандай?
- Гезитин эмки санына "шайтандын резюмесин" жазыңыз.
- .... ммм, макул, макул, жазайын. Окурмандарга жагып атты бекен?..
- Албетте, жагып атат. Мага да абдан жакты. Жанагы уй жөнүндө, дөбөт жөнүндө жазганыңыз мыкты экен. Кимдер экенин мен байкап эле атам.
- Кимдер экен? (Жылдыз 2-3 фамилияны атады)
- Жок, алар эмес.
- Билбейм, мен ошолор деп эле ойлойм. Эмки санына да жазыңыз. Болуптур анда, жакшы калыңыз
Мага буйрук берип сүйлөгөн "Айат пресс" гезитинин редактору Жылдыз Мусабекова менен болгон маек. "Шайтандын резюмеси" деген тамсилби, какшыкпы, айтор ушундай чыгарманын жаралып калышына да Жылдыз Мусабекова себепкер эле. 7-апрелден кийин кызыктуу макалаларды жазгым келген жок. Биринчи себеп, 7-апрелдеги каргашалуу окуялардан алган стрессим тарабады. Экинчи себеп, менин чыгармаларымда жашырылган биоэнергетикалык, мистикалык кайыптын күчү болду. Былтыркы күздө өз оюмду, Манас дүйнөсүнөн келген маалыматты элге жеткизип, улуттун био талаасын кыймылга киргизип, сырткы сырдуу күчтөрдүн мага болгон талабын ишке ашырыш үчүн аргасыздан макала жазып баштадым. Мен эч кандай журналист, жазуучу эмес элем. Бул аргасыздан болгон иш болду. Антпесек биздин улут улут катары жок болуп кетүү коркунучунда эле. Менин макалаларым элибиздин аң-сезимине (подсознание) багытталган тирүү биоэнергетикалык күч эле. Мындан ары макалаларым элибизге багыт болуп бере алабы, бере албайбы аны келечек өзү көрсөтөт. Чоң тыныгуудан кийин кайрадан кайыптын кабарчысы катары колума калем кармасам деген ойдомун. "Шайтандын резюмеси" деген тамсил, какшык макала Жылдыз Мусабекованын көңүлүн кыя албагандыгыман жазылып кетти эле. Анткен себеби, Жылдыздын жардамы, мага болгон ишеничи менен мурунку макалаларым жарык көргөн.








кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
17-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Алла Таала сабыр берсин силерге!
2-бет
Жалал-Абад абалын Байболов айтты
3-бет
Калпты катыра айткандар
4-бет
Аскер Мамеев,
Акыйкатчынын коопсуздук
кызматынын жетекчиси:
"Февралда эле мага ушул чатак боюнча маалымат келген"

5-бет
Ош жергесиндеги кандуу кагылышууга эмне себеп болду деп ойлойсуз?
Буга Бакиевдердин түздөн-түз тиешеси бар дегенге кошуласызбы?

6-бет
Мирослав Ниязов,
"Эл арманы" саясий партиясынын лидери:
"Келечек үчүн
баарыбыз жоопкербиз"

7-бет
Жылымчынын жыты жаман
8-бет
Сабыр ЖУМАБЕКОВ, академик, профессор,
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси:
"Оштон жаракат алгандарга 100 орун даярдадык"

9-бет
Мелис КАРЫБЕКОВ, олуя:
"Үчүнчү күчтөрдүн максаты ишке ашпайт"

10-бет
Ош окуясында ок тийгендер
11-бет
Жаныбек АБДРАХМАНОВ,
"Замандаш" саясий партиясынын Жаштар Комитетинин төрагасы:
"Жаштар жогорку постторго
келиши керек, бирок…"

12-бет
Түштүк тополоңунун
хронологиясы

13-бет
Келгиле, сараң мырзанын санаасын бөлөлү!
14-бет
КАНДУУ ЖОЛ
15-бет
Эрте кеткен турналар
же кечиккен репортаж

16-бет
Турусбек ЖУМАЛИЕВ, актер, алып баруучу:
"Ырчылар койчо
маараганда кейийм"






??.??