Сабыр ЖУМАБЕКОВ, академик, профессор,
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси:
"Оштон жаракат алгандарга 100 орун даярдадык"
Америка жана башка чет өлкөлөрдөгү ар кандай институт, университеттердин ардактуу профессору Сабыр Жумабеков ортопедия тармагында бир катар өзгөчө оор операцияларды жасап, сөөгү өспөй калган буттарды узартуу менен дүйнөлүк медицина илиминде новаторлук жасаган. Эми мыкты дарыгерибиздин, медицина илимдеринин докторунун тер чача иштеген ак эмгеги бааланып Кырыгыз Улуттук илимдер Академиясынын академиги болуп шайланды. Сабыр Артистбековичти алган наамы менен куттуктап, кызыккан суроолорубуз
менен кайрылдык.

- Сабырбек Артисбекович, Академик наамыңыз кут болсун! Буга чейин деле бир топ наамдарды алып, сыйлыктарга ээ болгонсуз. Дегеле эмгек бааланып, сыйлык алган учурда кандай абалда болосуз?
- Жашоодо ар бир адамдын алдына койгон максаты болот эмеспи. Союз учурунда бизнесмен деген сөз аз колдонулуп, бизнес тууралуу түшүнүк деле тайкы болгон. Анан бирибиз экономист же бухгалтер болсом, облусту башкарсам, финансы министрлигинде иштесем десе, экинчиси милицияга барсам, кылмышкерди издеп, кылмыш иштеринин бетин ачсам дейт. Айрымдары башкарма болууну тилек кылышаар эле. Бул эми биздин бала кезибиздеги менталитетибиз, Союздун убагындагы максатыбыз, тарбиябыз десек болот. Анын сыңарындай мен да бала кезде медик болсом деп максат кылаар элем. Медик болгондо да ушул сөөк оорулары жагына басымдуулук кылууну ойлочумун. Себеби, 4-5-класста окуп жүргөнүмдө атамдын буту катуу ооруп, жылына 2-3 ирет келип республикалык ооруканага жатып дарыланып турчу. Ошондо "эмне үчүн сөөк ооруйт. Мен ушул сөөк жагынан дарыгер болом" деп тилегем. Анан "жаштын тилегин берет" демекчи сөөк дарыгери болуу максатыма кадам таштап медициналык институтка окууга кирдим. Бала кездеги максатым орундалып, бүгүнкү күндө өзүмдүн кыргыз элиме аздыр-көптүр колуман келген жардамымды берип, элим үчүн кызмат кылып келатам. Кандай жардам болуп атканын менин оорулуу кардарларым айтсын. Мен дарылаган элим гана баа бере алат деп ойлойм.
Института окуп жүргөндө ар кандай наамдагы мугалимдер, илимдин кандидаттары, илимдин докторлору, профессор агайлар, академик агайлар бар эле. Аларды көргөндө, алардан билим алганда кыялдана баштайсың. Биринчи ушулардай илимдин кандидаты болсом дейсиң. Академик болуу ал убакта акылга сыйчу нерсе эмес эле. Бирок "илимдин кандидаты болуп, чоң доктур болуп, элиме жардам берсем экен" деп алдыма чоң максат койчумун. Орусча айтканда "карьера" жасоону тилек кылгам. Министр, депутат же бизнесмен болсом дегендер бар. Меники ушул илимий карьера болуш керек. Студент кезимен эле илимге умтулгам десем жаңылыш болбос. Анткени институту аяктагандан кийин Украинада ординатурада жүргөндө эле "Советтер Союзунунун изобритениясы" деп коет, ойлоп табуу боюнча авторлук укук алгам. Андан сырткары эки жыл ординатурада жүргөндө 12 рационалдык көрсөтмө киргизип, 12 илимий статья жазгам. Үчүнчү жылы илимий кандидаттыгымды жактап, 26 жашымда илимдин кандидаты болгом. Ал эми 30 жашымда илимдин доктору болуптурмун. Экөөнү тең Москвадан жактагам. 30 жашта илимдин доктору болуу дүйнөдө чанда эле кездешет. Керек болсо биз илимпоз деп атаган Аскар Акаев 34 жашында илимдин доктору болгон экен. Ал орус классты бүткөнгө кандидаттыгын жактоо жеңил болсо керек. Мен айылда кыргыз мектепте эле билим алгам. Бул илимий чөйрөдөгү такталып айтылган маалыматтар боюнча азыр мени КМШда ортопедия-травматология боюнча эң жаш илимдин доктору деп айтышат. Илимий карьера дегенди сатып ала албайсың. Бул күнү-түнү тер чачып, талыкпай иштеген ак эмгек да. Ал асмандан жөн эле түшүп калбайт. Аны бир жерден агасы же тайкеси, жээни алып бербейт же бир жерге министр кылып коюп койбойт. Ушул себептен ошол илимий жолду мен тандап алгам. Мына, илимий багытты тандап алгандыгым башкы себеп болуп депутаттык мандатымдан да баш тарткам. Депутаттыктан кеткенден кийин Бакиев мага эки жолу "министр болуп бер" деп сунуш кылган. Экөөнө тең макулдугумду бербей, "кечирип коюңуз мен илимий жолду тандап алгам. Мына ошол илимий жакты тандап, илимий карьераны көздөп ак эмгегим менен иштеп келатам" деген жообумду бергем. Анан жогоруда сөз кылган академик наамын талыкпас күжүрмөн эмгек менен гана ала аласың, ансыз эч нерсе жок. Мына ушул күнү академик болуп шайланганымдын өзү, мага чоң бакыт. Бакыттын да бакыты. Мени ак үйдөн же көк үйдөн же президент же башкалар мени шайлап коюп койгон жок. Муну Кыргызстанга эмгеги сиңген , Кыргызстандын каймагы болгон, Кыргызстандын акылмандары болгон, акылдуусунун акылдуусу болгон академиктери мени шайлады. Кыргыздын улуу адамдары мени шайлады, ошого бактылуумун. Менин эмгегиме баа берип, жасаган илимий ишиме баа берип, "келечекте дагы бир жакшы нерсе чагарабы" деген илгери үмүт менен баа бергенине бактылуумун. Ошол улуу адамдардан бата алып, улуу адамдардын алкышына татып академик деген наамды ыйгарып, эмгегиме баа берип шайлап койгонуна мен өтө ыраазымын. Бул сөз ошол илимий карьера деген сөзүмдүн бир мааниси. Академик наамын жөн киши ала бербейт. Академик болуу керек болсо депутаттык, министрлик кызматтан да жогору турат.
- Сиз улам жаңы ачылыштарды чыгарып, сөөк ооруларына ортопедиялык операцияларды жасап келесиз. Ушул күндө кандай жаңылыктарыңыз бар? Кандай оорулуулар көп кайрылып атышат?
- Илимий тармакта жүргөндөн кийин биз дайыма изденүүдөбүз да. Биздин борбордо жылына онго жакын илимий ачылышты ачабыз. Ойлоп тапкан нерсебиз Кыргызстанда патент түрүндө бекитилет. Ал дүйнөлүк тил менен айтканда ноу -хау деп коет. Бул дүйнөлүк медицинага жаңылык киргизилди деп эсептелет. Аны бергенде алар изилдеп туруп, дүйнөлүк медицинада биз киргизип жаткан жаңылык жок экенине ынанган соң, "аналогу жок" деп туруп, бизге берет. Биз ошондуктан изденип, өзүбүздүн салымыбызды дүйнөлүк ортопедияга кошуп жатабыз. Дүйнөлүк ортопедиянын деңгээлине көтөрүүнүн аракетин көрүп келебиз. Мындай талыкпаган изденүүнүн негизинде Кыргызстан ортопедия-травмотология борборун көтөрүп жатабыз деген ойдомун. Жалпы жолунан айтканда ар бир Кыргызстандык жараны , европанын же американын жаранындай эле, жогорку деңгээлдеги технологиянын негизинде даарыланса деген ниетте эле иштеп, ушул нерсени максат кылуудабыз. Мындай жогорку деңгээлде дарыланганга биздин ар бир жараандын укугу да бар. Ушул укугун канаатандырып, керектүү нерсени биз алып келип беришибиз керек. Жасап берүүбүз зарыл.
- 7-апрелдеги окуяда жарат алгандардын көпчүлүгү сиздердин ооруканага түшкөн эле. Алардын айрымдарына атайын кымбат аппараттар керек экенин да айткансыз. Азыр ошол апрель окуясынан жабыркаган замандаштарыбыздын ахыбалы кандай? Муктаж болгон аппараттар, дары-дармектер алынып келиндиби?
- Албетте 7-апрелден кийин жардамга муктаж экенибизди айтып көп эл аралык уюмдарга кайрылгам. "Кызыл крест" деп коет, бизге Швейцариядан акыркы моделдеги "Хофман2" аппараттарды алып келип беришти. Биз ал аппарат менен мурда да иштеп келгендиктен ишибизге жеңилирээк болду.Окко учкан адамдардын баарын аталган аппараттар менен даарылап , четинен бутуна тургузуп жатабыз. Мындан тышкары биз Америка мамлекетинен ЮСАИД дүйнөлүк эл аралык кызматташ уюму менен дагы иштешип, алар дагы америка элчилиги менен биргеликте алып келип, Илизаров аппаратын, дагы башка жаңы дүйнөлүк стандартагы технологияларды бизге сатып келип жатышты. Бул дагы биздин чоң жетишкендигибиз деп ойлойм. Жөнөкөй сөөктүн сынышы алты айда бүтсө, окко учкан сөөк жакшы бүттү дегенде бир- эки жылда бүтөт. Алдыда дагы ал оорулуулар менен көп иштерибиз бар. Биз алардын үстүндө иштейбиз.
- Ош окуясынын негизинде кыйла адам курман болуп, миңдеген адам каттуу жаракат алышты. Алардын айрымдары Бишкеке дарыланууга алынып келингени маалым. Буларга кандай жардамдар көргөзүлүп атат?
- Түштүк жергесинде көп адамдар окко учуп майып болду, бул өтө кейиштүү нерсе. Жалпысынан эки миңге жакын адам жаракат алды.алардын жыйырмасы бизде дарыланууда. Албетте жолго байланыштуу көбү келе албай жатат. Ошентсе да күнүнгө бизге келген жарадарлардын саны өсүүдө. Түштүктө 15 ден ашык биздин ортопеддерибиз , травмотологдор, нейрохирургдар, анестезиологдор, реанематологдор иштеп атышат. Алардын айтуусунда, жол ачылса эле кээ бирлери өзүнүн жолу менен, айрымдары саламаттыкты сактоо министрлигинин жардамы менен бизге келишет. Биз ошого даярдык көрүп, 100 гө жакын орун даярдап , күтүп жатабыз. Оштогу кандуу окуядан жабыр тарткандар сөзсүз келишет. Азыркы берилип жаткан жардам биринчи деп эсептелинет. Алардын өмүрүн сактап калуу биринчи медициналык жардам болуп жатат. Экинчи этапта биз алардын бутуна туруп кетишине , сөөктөрдүн бүтүп кетишине, алдыңкы адамдардай басып кетишине биз шарт түзүп беришибиз керек. Дагы алдыда ок тийип сөөгү сынгандарга көп оор операциялар жасалат. Бүгүнкү күндө медицина кызматкерлери аларды кабыл алганга, колубуздан келишинче жардам берип, ден соолуктарын чыңдап берүүгө даяр турабыз.
Бурул МУСАБЕКОВА