mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Жылымчынын жыты жаман
Өлкөнүн түштүгүндөгү окуя курч мүнөзгө айланып, аягы улуттар аралык жаңжалга алып келди. Мунун акырын ар кимибиз болжолдоп эс-акылыбызга келгенди айта бергенибиз менен түбүндө Фергана өрөөнүндөгү абал курч бойдон калууда. Себеби бул аймактагы кырдаалдын негизги өзөгү болуп али күнчө чек аралардын так аныкталбагандыгы, эл өтө тыгыз жайгашкандыктан карым-катыш болгон менен эл бири-бирин өзгөчө сүйө бербегендигинде жана ошондой эле жер-суу маселеси менен байланышкан социалдык абалдын өтө төмөнкү деңгээлге жеткен чегин баса белгилесек болот. Союз ыдырагандан кийин он беш мамлекет туш-тушка чачырап, бирдиктүү чек ара системасы бузулган. "Табагы эмес кашыгыңды таап ал" деген будуң-чаң заманда Өзбекстан, Тажикстан сыякту өлкөлөр биз саясат менен чачташып, демократия оорусу менен ооруп жүргөндө чек араларын бекемдеп, зым тор менен тосуп алышкан. Биздин чек арадагы ахыбал кандай кыйын экенин 1999-2000-жылдары Баткен жергесине келген боевиктер эле көргөзүп, кырк сакалчандын айынан сомодой жигиттерибиз боо-боо түтүш, чым жазданган. Ошондо гана бийлик башындагылар мамлекеттүүлүктүн коопсуздугу абстрактуу демократиядан эмес, реалдуу чек ара коопсуздугунан тураарын айтышып, акыры эстерине келишкен. Анын жыйынтыгы Аксы окуясын берип, аягында Акаев Москвага каражанын калкалап кеткени хронологиялык маалымат сыяктуу жадыбызга жаттап келебиз. Ошондуктан азыркы Убактылуу өкмөттүн биринчи колго алчу маселеси бул чек арадагы делимикация-деморкация иш чарасы. Антпесе Оштогу кырдаал башка маанайда өнүгүп, масштабдуу болуп кетиши толук мүмкүн. Экинчи маселе болсо бул улуттар аралык ынтымак, ырашкерлик. Биз дайым эле ала-кушту атынан айтпай "ынтымактуубуз, жакшыбыз" деп кооз сөздөрдү сүйлөп койгонубуз менен иш жүзүндө андай болбой жатат. Ырас, ар бир улуттун арчыл сезими бул анын улутуна шек келтирүү же улуттук ар намысын кордоо болуп саналат. Биз өзүбүз "кыргызбыз да" деп өзүбүздү өзүбүз кемсинтүү менен башка улуттар арасында теңсинбестикти жаратып келсек, карапайым калктан ашып түшкөн атка минерлерибиз этникалык улуттун өкүлдөрүн колдойлу дей берип төбөбүздөн басып келишти. Алардын өз элине текебер мамиле жасап, башка диоспораларга ар тараптуу колдоо көргөзүп келгенинин жалгыз себби эле кара курсактын камы. Маселен, эртең алар президент болом дебейт. Алып келип камап койсоң көчөгө көтөрүп чыкканга электораты ченелүү. Аны билген бийликтергилер алардын жеке каражатын өз максаттарына жумшоого эң сонун ыңгай түзүп алган. Эми ошолор эки бийликтин учурунда тапкан адал, арам акчаларын кандаштарына чачып, от менен ойноп, кырдаалды пайдалануу менен өздөрүнүн беделине саясий упай топтоого аракеттенишүүдө. Мунун ачык мисалы катары май айында өткөн Жалал-Абаддагы кагылышууларды эстесек болот. Ошол учурдагы өзбек улутундагы олигарх Кадыржан Батыров кылган ишине толук мыйзам алдында жооп бербегендиктен провокаторлордун саны абсолюттук түрдө көбөйүп кетти. Натыйжада "ынтымактуубуз, коңшубуз" деген эки элдин жашоосун жүздөгөн өлүмдөр коштоп, канча миллиондогон сомдук чыгашалар болду. Албетте жогоруда айткандай мындай учурда эки элди козутуучу эң башкы инструмент болуп улуттар аралык ар намысты тебелөө, бири-бирине тукуруу болуп эсептелет. Жеке пикиримде мындай кырдаалдын курчушуна кызыктар тарап максаттарына ийгиликтүү жетти. Бирок алар да күндөрдүн бир күндөрүндө кылган кылмыштарына мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш. Эгерде Убактылуу өкмөт бул окуяларга ырайымдуулук кылып, эптеп эки элди тынчытышты максат коюп, саясый чечим кабыл алып коюшса, анда бул жаңжалга эч качан чекит коюлбайт.
Демек биз коңшулар менен жөн эле "сүйүшө бербей" кайсы мамлекетте жашасак ириде ошол өлкөнүн мыйзамын так аткарышыбыз керек деген аксиома ар бирибиздин мээбизде болушу зарыл.
Турмуш-тиричилик башкача айтканда Фергана өрөөнүндөгү социалдык абалга келсек эл жыш жайгашкандыктан жергиликтүү тургундар айдоо аянтына эле эмес таза сууга да өзгөчө таңсык. Фундаменталдуу ислам дини өзгөчө түс бергендиктен үй-бүлөө санын пландоо деген түшүнүк бул өрөөндө жокко эсе. Жыл сайын эле майда тапичкелер көбөйө берсе огородуң желим эмес да. Чойсо эле чоюла бергидей. Натыйжада жумушсуздук өзгөчө күч алып Казахстан-Россияны аралап жүргөндөр жалаң гана кыргыз эмес, коңшу өзбек, тажик улутундагылар да миллиондоп саналат. Дүйнө статистикасы көргөзгөндөй жумушсуздук жок жерде криминалитет баш көтөрөт. Георграфиялык шартынан Афганистанга ирегелешип жашоонун биз үчүн өтө опурталдуу жагдайы ал жактан ташылып жаткан наркотика. Айрым эксперттердин айтымында жеринен алынган бул бангизатынын баасы Россияга Европага чыкканда жүз эселеп киреше берээрин акылга салсак, анда Кыргызстандын түштүгүн эле эмес жалпы Фергана өрөөнүндөгү тынчтыктын орношуна наркобарондор жана аларга катышы бар топтор каалабайт. Негизинен маңзаттар Афганистанда өндүрүлгөн менен базары коңшулаш Тажикстандын Ленинабад, Исфара шаарларында, чек аралардын кесилиш жерлеринде болот. Демек Наркотикалык бизнестин коридору Ленинабад, Баткен, Кызыл-Кыя, Ош-Бишкек анан биз аркылуу Казакстанга өткөн схемасы анчалык жашыруун деле эмес. Белди оорутуп, колду жоорутпаган бул ири каражат берүүчү бизнеске көп адам кирүүгө кызыктар экени талашсыз. Ал эми өлкөнүн түштүгүндөгү кырдаал андай бизнестин өнүгүшүнө жашыл жарык гана күйгүзүп берет. Учурдагы өкмөт башчылары эгерде түштүктү чындап эле кооптуу абалдан алып чыгууга белсенишсе, анда эл аралык уюмдардын жардамы менен жергиликтүү элдин социалдык абалын чечип, ошого жараша наркобизнеске бөгөт коюулары керек. Болбосо акча үчүн бизнестин бул түрүнө кирем дегендер өлкө коопсуздугун эч качан каалабайт. Ага эң эле ыңгайлуу шарт ал улуттар арасында араздашууларды чыгарып туруу.
Төлөгөн СУЛАЙМАНОВ





АМЕРИКАЛЫК АДИСТЕР
"АЛЬФА" СПИРТИНЕН ЧЫГАРЫЛГАН
ПРОДУКЦИЯСЫНА ЭҢ ЖОГОРУ БАА БЕРИШТИ
"Аю" компаниясы - биздин өлкөдөгү спирт ичимдиктерин экспортко чыгаруучу ири өндүрүштүк ишкана. Ишканадагы туура жана натыйжалуу башкаруу системасы, эмгек жамаатындагы профессионалдуу адистердин эмгеги жана рыноктун суроо-талаптарын тынымсыз изилдеп үйрөнүү - компаниядагы жогорку эмгектик натыйжаларды жаратууда.

"Аю" компаниясы жогорку технологиялык өндүрүштүн эсебинен өз керектөөчүлөрүнө жогорку сапаттагы таза продукция берүүнүн өтөлүн алып келет.
Самагон, настойка, бальзам, градустары төмөн ичимдиктерден (50дөн ашык түрү) сырткары "Аю" ишканасында жаңы ыкмалар колдонулуп, жаңы технологиядагы жабдыктарда чыгарышат.
Өндүрүштү камсыз кылуу боюнча компаниянын заводдорунда эң жогорку талаптар ишке ашырылууда. Өндүрүш толугу менен автоматташтырылган. Буга кошумча күмүштүк жана платиндик тазалоодон өткөрүү ыкмасы колдонулат.
Жакындан бери "Аю" компаниясы спирттин бешинчи мууну болгон "Альфа" спиртинин жогорку баскычтагы тазаланган түрү менен иш алып бара баштады. Ал жогорку баскычтагы "Альфа" таза спирти буудайдын тандалган сортунан даярдалат жана эң жогорку класстагы өндүрүштүк ишканаларга сунуш кылынат. Токмокто курулган бул спирт заводу Орто Азия чөлкөмүндөгү акыркы үлгүдөгү технологиялык жабдыктар менен иш алып барган жалгыз ишкана болуп эсептелет.
"Аю" компаниясынын продукциялары биздин өлкөдө гана эмес, чет өлкөлөрдө дагы кеңири белгилүү. Үч жылдан бери "Аю" компаниясы өзүнүн сапаттуу продукциялары менен Америкада, Кытайда, Вьетнамда, Малайзияда, Турцияда жана коңшу КМШ мамлекеттеринде белгилүү болду. Ушундай жетишкендиктер менен гана чектелбестен компания америкалык "Стилэтто" компаниясы менен кезектеги партнёрдук келишимди түздү. Бул келишимдин негизинде "Стилэтто" компаниясы "Аюдан" чыгарылган жогорку градустагы орустардын "Самагон" ичимдиктерин сатып алып, өз кардарларына сунушташмакчы.
"Аю" компаниясынын Генералдык директору Бейшен Өскөнбаевдин сөзү боюнча товарды экспорттоо - компаниянын иштиктүү максаттарынын бири, дегеле экспорт маселеси - бул жалгыз бир эле компаниянын эмес, бүтүндөй өлкөнүн аброюн көтөрөт.
"Аю" компаниясынын продукциялары биздин өлкөнүн рыногун чет өлкөлөргө тааныта алды. Ал эми "Альфа" таза спирти жана таза артезиан суусу бул иш-аракеттерди андан нары да улантмакчы.
Генералдык директордун сөзү боюнча "Альфа" спиртине болгон чет өлкөлүк кардарлардын суроо-талабы өтө жогору. Аларды баарыдан мурун сапат маселеси кызыктырат. Ошондуктан, "Аю" компаниясынын продукцияларына дүйнөлүк стандартка туура келген россиялык жана дүйнөлүк рыноктогу ишканалардын кызыгуусу биз үчүн сыймыктануучу көрсөткүч болуп саналат. Аталган ишкана спирт ичимдиктерин чыгаруу жана экспорттоо менен гана чектелбестен, продукциянын башка түрлөрүн да чыгарышат. Жер-жемиштин даамы менен газдалган таттуу "Оазис" суусундугунун бир нече түрүн чыгарып, бүгүнкү күндө өлкөбүздүн рыногунда кардарларыбызга кеңири таанымал.
Чет өлкөлүк кардарлардын биздин продукцияга кызыгуусунун дагы бир себеби, биздин продукциянын экологиялык таза жана нукура дан өсүмдүктөрүнөн жасалгандыгында.
Белгилеп кетүүчү нерсе "Альфа" деген сөз "Аю" компаниясынын өндүрүштүк чөйрөсүндө жаңыдан гана колдонула баштады.
Кыргызстандын таза абасы, тоолуу климат менен айкашкан күндүн нуру, жердин жүрөгүнөн атырылып чыккан таза көк кашка суусу - бул таза продукциянын булагы болуп эсептелет.
"Альфа" спиртинин сапаты жана анын экспорттук чыгарылышка ээ болушу жөнүндө Токмок спирт заводунун башкы технологу Улан Шамшиев мындай деп баяндайт:
"Альфа" спирти Кыргызстанда өскөн эң таза буудайдын сортунан жасалат. Жер түбүнөн сордурулуп алынган дүйнөлүк стандарттагы, эң тунук, муздак жана даамдуу "Артезиан" суусу жана башка керектүү компоненттер пайдаланылат.
"Альфа" спиртинин эң башкы артыкчылыгы анын курамында адамдын ден-соолугу үчүн эң зыяндуу метил спирти абдан аз колдонулат. Мисалы, буга чейин макталып келген "Люкс" спиртинде метилдин кошулмасы 0,03 мг. болсо, "Альфада" 0,003 мг. өлчөмүндө гана кошулат.
"Альфа" спиртин чыгаруу Германиядан cатылып келинген "Шмидт" технологиялык аппараты аркылуу чыгарылат.
Жакында бул продукцияны чыгаруу жана аны жогорку сапатта өндүрүү боюнча атайын адистердин тобу Германиядан барып окуп келишти.
Демек, Кыргыз спиртинин продукциясы Кыргызстандын атын дүйнөгө таанытат.
Америкалык "Силуэтто" компаниясынын генералдык директору Альберт Эдварс "Аю" компаниясы чыгарган арактар менен самогондун сапаты аларды таң калтыргандыгын билдирди. Алыскы бир кичинекей өлкөдө ушундай сапаттагы продукция чыгат деп эч ким ойлогон эмес. Ошондой эле ал америкалык эң күчтүү дегустатор Дик Фростун "Самогон - биз ичип жүргөн ичимдиктердин ичинен эң таза, тунук жана нукуралуулугу менен айырмаланган арак болот, демек ал сөзсүз америкалыктарга жагат" деген сөзүн мисалга келтирди.
Америкалык "Силуэтто" компаниясынан кийинки "Аю" менен кызматташуучу чет өлкөлүк компаниянын тизмесин "Жаңы вино" ("Нова вина") деген француздук компания толуктады. Америкалык компаниядан айырмаланып, француздук компания "Аю" компаниясы менен жаңыдан гана партнердук ишин баштады.
Кыргызстандын "Самагон" арагы шотландиялык вискини элестетет - дейт француздук компаниянын өкүлү Жан Ле Коз. Биздин компания бул ичимдиктин экспортко арналган атайын сынактан өтүүчү партиясын сатып алды.
Албетте "Аю" компаниясынын эмгек жамааты башкаларды, болгондо да чет өлкөлүк партнерлорду кызыктырган өз продукциясы менен сыймыктанышат.
Бурул МУСАБЕКОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
17-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Алла Таала сабыр берсин силерге!
2-бет
Жалал-Абад абалын Байболов айтты
3-бет
Калпты катыра айткандар
4-бет
Аскер Мамеев,
Акыйкатчынын коопсуздук
кызматынын жетекчиси:
"Февралда эле мага ушул чатак боюнча маалымат келген"

5-бет
Ош жергесиндеги кандуу кагылышууга эмне себеп болду деп ойлойсуз?
Буга Бакиевдердин түздөн-түз тиешеси бар дегенге кошуласызбы?

6-бет
Мирослав Ниязов,
"Эл арманы" саясий партиясынын лидери:
"Келечек үчүн
баарыбыз жоопкербиз"

7-бет
Жылымчынын жыты жаман
8-бет
Сабыр ЖУМАБЕКОВ, академик, профессор,
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси:
"Оштон жаракат алгандарга 100 орун даярдадык"

9-бет
Мелис КАРЫБЕКОВ, олуя:
"Үчүнчү күчтөрдүн максаты ишке ашпайт"

10-бет
Ош окуясында ок тийгендер
11-бет
Жаныбек АБДРАХМАНОВ,
"Замандаш" саясий партиясынын Жаштар Комитетинин төрагасы:
"Жаштар жогорку постторго
келиши керек, бирок…"

12-бет
Түштүк тополоңунун
хронологиясы

13-бет
Келгиле, сараң мырзанын санаасын бөлөлү!
14-бет
КАНДУУ ЖОЛ
15-бет
Эрте кеткен турналар
же кечиккен репортаж

16-бет
Турусбек ЖУМАЛИЕВ, актер, алып баруучу:
"Ырчылар койчо
маараганда кейийм"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«