mainkaptal

Л€У…Р’Жђ

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Мирослав Ниязов,
"Эл арманы" саясий партиясынын лидери:
"Келечек үчүн
баарыбыз жоопкербиз"
- Мирослав Жумабекович, өлкөдө оор кырдаал пайда болду. Күтүлгөн, күтүлбөгөн окуялар болуп кетти. Сиздин жеке пикириңизде жаңжал эмнеден чыкты?
- Чынын айтыш керек келечегибиз күн-сайын бүдөмүк болуп баратат. Учурдагы кырдаалга бир да адам жооп бере албайт деп ойлойм. Түштүктөгү баш аламандыкты тынчытып, улуттар арасындагы кагылышууну токтотмоюнча жаңы бийликтин эч бир демилгелери ишке ашпайт. Мен башынан эле айтып келем. Бизге бүгүнкү күнү Конституция эмес өлкө стабилдүүлүгү керек. Конституцияга эл ач болгон жери жок. Элди тынчытып, өлкөдө толук стабилдүүлүктү орнотуп алгандан кийин реформа кылганга жол ачылат эле. Бүгүнкү күндө реформа кылам дештин өзү эле акылсыздык. Түштүк аймагындагы эки улуттун арасында чыр-чатак чыгып, өлүм көп болуп кеткенинин себеби учурдагы Убактылуу өкмөт өлкөдөгү кырдаалды толук көзөмөлдөй албай жатат. Баардыгы көзөмөлдө деп айткандары менен иш жүзүндө кырдаал колдон чыгып кеткен. Тажрыйба көргөзгөндөй кадрдык хаос башталып, ахлократия өз өкүмүн сүрүп жатат. Мындайча айтканда топтун күчү менен башкаруу. Мына Токмоктун өзүндө эле 7 апрелден бери бир нече бийлик алмашты. Ошондуктан убактылуу өкмөт өлкө кырдаалын толук көзөмөлдөй албай калгандан кийин жыйынтыгы түштүктөгү жаңжалга алып келди. Ар бир бийликтин эки гана максаты болуш керек. Биринчиси элдин кызыкчылыгын камсыздоо, экинчиси мамлекеттин коопсуздугун бекемдөө болуп саналат. Утурумдук өкмөт бул эки кызыкчылыкта тең чабалдык кылууда.
- Түштүктөгү улут аралык жаңжалга Россиянын ФСБсын, өлкөдөн куулган Бакиев кланын күнөөлөгөн эксперттер көбөйдү. Тыңчы катары караганда сиздин пикир биз үчүн кызыктуу болуп жатат.
- Бул сурооңо мен төмөнкүчө жооп берет элем. Кимдин тиешеси болбосун Кыргызстанда ага шарт болбосо эч кандай үчүнчү күчтүн күчү жетпейт. Ал эми бизде болсо андай жаңжалды чыгарууга Убактылуу өкмөт өздөрү шарт түзүп, кырдаалды колдорунан чыгарып алышпадыбы . Бийлик коопсуздукка кепилдик бере албай калды. Мен бир нерсени баса белгилеп кетейин. Ошто эле эмес бул жаңжал республиканын түндүгүндө да уланып кетиши толук мүмкүн. Маселен, эртең эле Токмокто улут аралык чабыш чыкпайт деп Убактылуу өкмөттүн бир да мүчөсү кепилдик бере албайт. Ошондуктан биз өлкө коопсуздугун бекемдебей туруп эле демократия деп баарыбыз көчөөгө чыгып кеттик. Эркиндик дегендин да чеги болот. Чеги болбосо биз мал болуп кетебиз. Малды бош койсоң башка бирөөнүн короосуна кирет. Биз демократия деп күчтүү мыйзам бийлигин түшүнө турган учур келгенин ойлобой жаткандайбыз.
- "Ош окуясын Убактылуу өкмөт күнүмдүк турмуш тиричилигинин талашынан келип чыкты" деп билдирди. Менин жеке пикиримде бул окуя 1990 жылдагы кандуу калабанын уландысы эмеспи?
- Кыргыз менен өзбектин ортосунда жаңжалга алып келе турган анчалык талаш тартыш жок. Анткени эки эл тең мусулман динин тутуп, тили, дили бир журт. Канчалаган кылымдар коңшу, куда-сөөк болуп жашап келгендиктен эки улут бири-бирин урматтоого көнгөн, үйрөнгөн. Мен мунун түштүк жергесинде чоңойуп көп жыл жашаган адам катары айта алам. Ал эми айрым саясатчы сөрөйлөр ушундай учурду пайдаланышып жаштарды колдонуу менен жеке кызыкчылыгын көздөгөндөр болбой койбойт экен. Жогоруда айткандай мындай провакаторлого көзөмөл жүргүзө албаган утурумдук бийликтин түздөн-түз кемчилиги. Булардын мамлекеттик ишмер катары тажрыйбасы жетишсиз экендигинен айрым учурларда өздөрү эле айгинелеп коюп жатышат. Болбосо мамлекетти башкаруу менен акылдуу сүйлөгөндүк ортосундагы айырма асман менен жердей экенин карайым калк калетсиз түшүнүп калды. Дагы бир жолу баса белгилеп айтам. Азыр мамлекет башына тажрыйбалуу адистер эмес, бийликтин кумарпоздору келип алды.
- Көп жыл КГБ тармагында иштеп жетекчилигине чейин жеттиңиз. Элчи болдуңуз, кийин Бакиев учурунда Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп эмгектендиңиз. Карапайым калкка белгилүү болбогону менен Коопсуздук кеңешинин негизги милдети катары күч структураларын координациялоо, мамлекеттин ички-сырткы коопсуздугун бекемдөө иш чараларын уюштуруу, маалымат коопсуздугун жөнгө салуу болуп эсептелет. Сиз ошол коопсуздук кеңешин жетектеп турганда бүгүнкү окуянын алдын алуу боюнча кам көрдүңүз беле?
- 2005-жылдын апрель айында мен сиз атаган кызматка келдим. Ошол учурда эле ушул окуя болуп кетээрине көзүм жетип баарын алдын алып иш-чараларды көргөм. Мен билгем ушундай аракеттердин болооруна . 2005-жылы биз коопсуздукту бекемдөө менен мындай аракеттерди көрбөсөк анда учурдагы окуялар ошол мезгилде эле болуп калышы ыктымал эле.
- Коопсуздук Кеңешин жоюп жиберген үчүн экс-президент К. Бакиевди бул окуялар боюнча күнөөлөсөк болот экен да?
- Бул жерде Коопсуздук кеңешинде андай деле кеңири мүмкүнчүлүктөрү жок болчу. Мурдагы бийлик бир туугандары, бала-бакырасы менен өзүм билем саясатына кадам койгондо отставкага кетип калгам. Президент Курманбек Бакиевдин мамлекетти башкаруу деңгээлинин төмөндүгүн көрүп туруп аны менен иштешүү эч кандай натыйжа бербесин толук түшүндүм. Мен куурчак сыяктуу эч жерде отуруп бере албайм. Өзүң билгендей мен иштешим керек же кетишим керек. Болбосо бирөөнүн жолун шыпырып берчү адам эмесмин. Жеке адамга эмес мамлекет үчүн кызмат көргөзгөн офицер катары бул милдетиминен азыр да баш тартпайм. Ал эми мамлекеттик жумуш деген өтө чоң жоопкерчиликти талап кылат. Андай жоопкерчиликти сенден алып салса иштегенде эмне пайда.
- Кийинки Коопсуздук Кеңешинин катчылары деле сиздин кейипти кийип тынч эле отуруп беришти го? Албетте Исмаил Исаковдон башкасы.
- Аларга деле иштенге шарт жок болду көрүнөт. Эч жакка кийлигишпей тек отур. Машинаң, секретарың бар. Айлыгың жакшы, жыргал жумуш тынч күнүңдү көр, биягын биз өзүбүз билебиз деген ой менен жүрүшүп аягында 7-апрелдеги окуяга тушугушту.
- Өзбек улутундагы жигиттер кыргыз кыздарына өзгөчө зөөкүрлүк менен зордуктоо иш аракеттерин кылышыптыр деген такталбаган маалымат бар. Мындай залимдикке эмне түрткү болду.
- Эгемендүүлүктү алгандан бери эки бийлик тең элдин ишенимин актаган жок. Мусулманчылыкта эле эмес биздин салт-санаабызда да "карынын сөзүн капка сал", "аксакалдын айтканын ук" деген накыл кептер бар. Бирок, биздин азыркы аксакалдар бийликти мактап, кошомат кылып жеке кызыкчылыктары менен жүрө беришип аксакал болуунун ордуна жөн гана чал, абышка болуп калышты. Ошондуктан жаштар алардын сөздөрүн укпай, улууларды урматтаганды унутуп коюшту.
- Мен аксакалдар абышка, чалга айланганын эмес өзбек жаштарынын залимдигин айтып жатам. От менен алгач ошолор ойлоп башташпадыбы?
- Ал тууралуу менин так маалыматым жок экен. Бирок мындай залимчиликтин келип чыгышы биз жыйырма жыл ичинде экономикалык эле эмес рухий жакырчылыкка келип такалдык. Бүгүнкү жаштар бири -бирин кырып кудайды дагы эстеринен чыгарышты. Жыйырма жылдан берки эки президент, аларга кошулган аксакалдар өздөрүнүн ички дүйнөсүн көргөзүп койгондон кийин жаштар алардан түнүлдү да. Бул кече күнү эле чыккан окуя эмес. Маевкадагы, Токмоктун Искра айылында болгон чыр-чатактарды унуттукпу? Буга ошол өзүбүз түзгөн ситема алып келди. Эски бийликтегилер эмнени кылып, каалагандай тайраңдап келишсе, бүгүн эл дагы өз билгенин кылып жатат.
- Мен бул окуянын өңүтүн башкадан көрөт элем. Мисалы ошол эле эски бийликтин тушундагы атка минерлер тегерегине шектүү адамдарды жыйып, өз улутуна эмес өңгө улуттун диаспора жетекчилерине кыйыр да тике да жардам берип, сөздүн ачык маанисинде "крышовать" этип келишти. Эми ошолор курсагы тоюп, нанга жетип калышып, кудайын тааныбай баратат. Буга ачык мисал катары өзбек диаспорасынын лидери Кадыржан Батыровдун май айында уюштурган Жалад-Абаддагы тополоңун мисал келтирсек болот.
- Кыргыз деген титулдук улут. Демек бул жерде өзөктүү улут биз болгондон кийин жоопкерчилик да бизде. Башка улуттар менен ынтымакта жашап мамлекеттин ээси катары аларга туура мамиле кылуубуз зарыл. Ошол эле учурда элибиз чыдамкай жана талерантуу, түшүнүктүү келишет. Бирок башка улуттар дагы өзүнүн жоопкерчилигин сезип, арыдан бери болушса деген сунушумду айтаар элем. Кыргызстандан келечеги үчүн баарыбыз жоопкербиз.
- 27-июндагы өткөрүлө турган референдумга каршы акция дегенге кошуласызбы?
- Мүмкүн. Бүгүнкү күнү баарын күнөөлөсө болот, бирок азырынча эрет.
- Окуянын чыгышына күч структураларынын профессионал адистеринин кетиши менен байланыштырсак болобу?
- Абдан туура суроо. 15-20 жылдан бери көптөгөн профессионалдарды бийликтегилер сыгып, сары изине түшүп жүрүшүп, акырында алардын ордуна чала сабат, адистиги алсыз өз тууган туушкан, жоро-жолдошторун алып келип отуруп мамлекеттин коопсуздукту коргоочу органды катардагы эле министрликке айлантып салышты. Көптөгөн профессионалдар кетип калышты. Милициянын күчү жок дейсиңер күчү бар, бирок эрки жок. Мамлекеттик мамиле коммерциялашып кеткенде ушундай кырдаал түзүлөт.
- Акыркы окуяларга ар бир жаран жоопкерчиликтүү. Сиздин жеке жоопкерчилигиңиз ушул шартта кандай болуш керек?
- Эми болоор иш болуп боесу канды. Мен мына 100 кишиден турган интернационалдак бригаданы түзүп Жалал-Абадка барганы турам.ред:(интервью 13-майда алынган М. Ниязов жетектеген бригада Жалал-Абадка 14-инюнда жөнөгөн). Ал бригадага жалаң тажрыйбалуу офицерлер кирип ар кайсы улуттун өкүлдөрү бар. Мен кичи мекеним Ноокендеги болуп жаткан окуяларга кайдыгер карап бул жакта тура албайм. Убактылуу өкмөттөн курал-жарак сурап кайрылдым. Мен Жалал-Абадка барып абалды турукташтырганга мандат бергиле дедим.
- Мандат күтпөй эле бара берүүгө болбойбу?
- Мен бандит эмесмин да. Мамлекет ар бир нерсени уюштуруу жолу менен кылдат кылышы керек. Биз азыркы бийлик үчүн эмес эл үчүн баратабыз. Кара күчкө кара күч колдонуп, андан кийин элдик дипломатиянын натыйжасында иш алып барбасак азырынча абалды турукташтыруу кыйынга турат.
- Утурумдук өкмөт өлкөгө ОДКБдан техникалык жардам суранып Россия президенти Дмитрий Медведевге кайрылуу жөнөттү. Өзүбүз бул окуяны жөнгө салууга күчүбүз жетпейби?
- Бизде адамдык да материалдык да резерв жетиштүү. Болгону ошону туура уюштуруу жагын колго алсак бул маселени өзүбүз эле чече алабыз деп ойлойм. Жүрөгүбүзгө анча-мынча намыс болсо биз сырткы күчтөргө таянбашыбыз керек.
Төлөгөн СУЛАЙМАНОВ








кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
17-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Алла Таала сабыр берсин силерге!
2-бет
Жалал-Абад абалын Байболов айтты
3-бет
Калпты катыра айткандар
4-бет
Аскер Мамеев,
Акыйкатчынын коопсуздук
кызматынын жетекчиси:
"Февралда эле мага ушул чатак боюнча маалымат келген"

5-бет
Ош жергесиндеги кандуу кагылышууга эмне себеп болду деп ойлойсуз?
Буга Бакиевдердин түздөн-түз тиешеси бар дегенге кошуласызбы?

6-бет
Мирослав Ниязов,
"Эл арманы" саясий партиясынын лидери:
"Келечек үчүн
баарыбыз жоопкербиз"

7-бет
Жылымчынын жыты жаман
8-бет
Сабыр ЖУМАБЕКОВ, академик, профессор,
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси:
"Оштон жаракат алгандарга 100 орун даярдадык"

9-бет
Мелис КАРЫБЕКОВ, олуя:
"Үчүнчү күчтөрдүн максаты ишке ашпайт"

10-бет
Ош окуясында ок тийгендер
11-бет
Жаныбек АБДРАХМАНОВ,
"Замандаш" саясий партиясынын Жаштар Комитетинин төрагасы:
"Жаштар жогорку постторго
келиши керек, бирок…"

12-бет
Түштүк тополоңунун
хронологиясы

13-бет
Келгиле, сараң мырзанын санаасын бөлөлү!
14-бет
КАНДУУ ЖОЛ
15-бет
Эрте кеткен турналар
же кечиккен репортаж

16-бет
Турусбек ЖУМАЛИЕВ, актер, алып баруучу:
"Ырчылар койчо
маараганда кейийм"

КИТЕПКАНА

а ­е¦Є.НҐй«