mainkaptal

PRESSKG.COM

Пользовательский поиск
  Кайыр собол

Ош жергесиндеги кандуу кагылышууга эмне себеп болду деп ойлойсуз?
Буга Бакиевдердин түздөн-түз тиешеси бар дегенге кошуласызбы?
Орозбек ДҮЙШЕЕВ,
коомдук ишмер:
- Кыргыз элин капа кылган абдан оор окуя. Мунун бир себеби элибизде ар түрдүү олойлор пайда болду. Бул байлар, кедейлер, жумушчу топтор ортосундагы ич ара нааразычылык. Акаевдин 15 жыл кетирген каталыктарын жоюштун ордуна Бакиевдин доорунда ал каталыктар күчөп, кыргыздын байлыктарын талап-тоноочулук менен байлар байып, кедейлер кедейлеп, элдин турмушу начарлап кетти. Эл менен бийликтин ортосунда карама-каршылык күчөп, апрелде кан төгүүгө карабастан аны кетирүүгө аргасыз болушту. Байып алган Бакиевдерде миллиарддаган акчалар бар. Булар эл арасында тынчтык болбосун деп, элдердин ортосунда карама-каршылыкты күчөтүп, жаңы бийликке каршы чыгарууга аракет кылган кишилер. Телефондон сүйлөшкөндөрүн укпадыкпы ошондо деле көрүнүп турбайбы, элге тынчтык бербей ар түрлүү нерселерди колдонуп жатпайбы. Кыргыз эли абдан жакшы эл, ыймандуу, өзбек эли да ошондой. Мына булар ынтымакта турушкан. Эки элдин ортосуна от жагып отуруп, далай өлүмдөргө алып келди. Бакиевдердин акыйкатсыз сөздөрүнүн негизинде токтобой жаман иштер болуп атат. Айтып коеюн келечек жакшы, акыл жеңет, убактылуу өкмөт да чечкиндүү иштерди аткарып жатат. Негизги себептерди таап атат, күнөөлүүлөрдү кармап атат, аксакалдарды чогултуп түшүндүрүү иштерди жүргүзүп жатат. Мунун аягы токтойт, бирок өзүбүзгө бир топ материалдык жактан чыгым келтирдик. Мунун баарын жүзү кара Бакиевдердин кылганы.


Динара ОШУРАКУНОВА,
укук коргоочу:
- Ош, Жалал-Абад эли илгертеден эле тынчтыкта, бейкутчулукта, ынтымакта жашап келишкен. 7-апрелде бийлик алмашылып, такты талаша баштагандан кийин эле эл арасында уу-дуу күчөп, ызы-чуу башташты. Бул кандуу окуянын чыканынын себеби да ошол деп ойлойм.


Турсунбек АКУН,
Акыйкатчы:
- Ушул Ош окуясы башталгандан бери Ош жергесинде жүрөбүз. Алгачкы эки күнү катуу кагылышуу болгону жалпыга малым. Үчүнчү күн дегенде ызы-чуу бир аз басаңдап, эл тынчып калды. Биз адегенде Фурхатка бардык. Жолдо мылтыктар тарсылдап атылып, адамдардын өмүрү кыйылып атканына карабай элдер менен жолугушуп, эки улуттун элин ынтымакка үндөдүк. Ноокатка эл менен жолугушууга барганда өзбек калкы менен кыргыз элин элдештирүүгө аракет жасадык. Окуянын негизинде жаракат алган замандаштарыбыздын ахыбалын сурап ооруканаларга кайрылдык. Жалпысынан ооруканага 189 адам барыптыр. Алардын 60-70 пайызынын абалы абдан оор болуда. Ал эми курман болгондордун саны ого эле көп. Албетте, мындай жүрөк титиреткен окуянын болуп атканы өкүнүчтүү. Буга эмне себеп, ким күнөөлүү экени азырынча тактала элек.


Бегиш ААМАТОВ,
коомдук ишмер:
- 20 жылдан бери бизде мамлекет курулбайт биринчи Конституцияны мыйзамсыз бузуп, болуп көрбөгөндөй коррупция, биринчи президентибизде дагы экинчи президентибизде дагы коррупционерлерден эч кимиси жаза алган жок. Мындай тополоң эки качкын президентибиздин тең үй-бүлөөсү коррупциянын башында болгондугунан, коррупционерлер криминалитетке айланып кеткендигинен, өлкөнү саясий криминалитет башкарып калганынан келип чыкты. Улуттар аралык араздашууну саясий криминалитет, коррупционерлер жасады. Алардын колунда чоң акча бар, таасирдүү. Ошолор элдин башын айлантып, бири-бирине кагыштырып жатат. Экинчиден Убактылуу өкмөттүн мажүрөө экендигин, ыркы жок экендигин, элге керек дурус программасы жок экендигин, Бакиевден кийин коррупция, криминал менен күрөшүштүн ордуна мыйзамсыз референдум жарыялашып, ошону менен шугулданганында болуп атат. Азыр кыргыз эли улутубузга карабай, өлкөнү тынчтандырышыбыз керек. Айрыкча аталар өз үй-бүлөөсүн балдарын тыйыш керек. 20 жылдык коррупция менен күрөштү эл өз колуна алуусу зарыл.


Асия САСЫКБАЕВА,
"Интербилим" борборунун төрайымы:
- Бул кандуу окуяга Бакиевдердин тиешеси бар дегенге албетте кошулам. Муну өткөндөгү Жаныш менен Максим Бакиевдердин телефондон сүйлөшүүлөрү эле айгинелеп турат. "Кандай кадам болсо да барабыз, эч нерсени аябайбыз. Акчаны аябай беребиз" деп айткандары элдин эсинде. Анан Бакиевдердин Кыргызстанда калган туугандары, ичип-жеп коррупцияга белчесинен баткан мурунку чиновниктер, достору ич күйдүлүктөн ар кандай чагымчыл иштерди уюштуруп атышат. Акыркы беш жыл ичинде өлкөдө криминал күч алып, ар кандай криминалдык топтордун тирешүүлөрү болуп келүүдө. Бул окуянын негизги себептери көп. Диний экстремисттер да күч алып Кыргыз мамлекеттигин жоюулушуна түрткү беришүүдө. Азыркы болуп жаткан окуяларга чет жактан чоң кийлигишүү болуп жаткандыгы айдан ачык көрүнүп турат. Болбосо мынчалык курал, ок-дары кайдан келмек эле. Экономикалык акыбал өтө начар болгондуктан, жакырчылыкка баткан эл күнүмүдүк тиричиликтин айынан, акча бергендерге алданууда. Эл жакырчылыкка терең баткан. Качан элде жакырчылык күч алганда моралдык укуктар төмөндөп, эл арасындагы нааразычылыктарга түрткү берет. Мындай абалда дайыма кошуналарыбызды күнөөлөй берүүгө болбойт. Себеби буларды уюштурган атайын жалданма чагымчылар бар. Бакиевдер аларга акчаны олчойто берип, алдыга салып коюшкан. Андан сырткары бүгүнкү күн Убактылуу өкмөттү жамандаган топтор теледен, гезит беттеринен чыгып, ар кандай пикирлерди айтып элдин үмүтүн үзүп жатышат. Учурда эл эмне кыларын билбей, орто жолдо кайсалап калды. Кадыржан Батыровго окшоп бай өзбектер, бай кыргыздар оокат кечесин чогултуп качып кетишти. Ал эми окуя болуп аткан жерде карапайым эл калып, бири-бири менен нааразылашып атышат. Кандай окуя болбосун жаштарды түртө салуу күч алды. Азыр көпчүлүк жаштардын жумушу жок, жакырчылыктын айынан жетишээрлик билим алууга мүмкүнчүлүктөр болбой келүүдө .Ошондуктан нааразычылыктар күч алып, аксакалдар чыгып акыл-насаат кептерин айтып аткандарын кулак сыртынан кетирип жатышпайбы.


Бурул МУСАБЕКОВА,
Айнура ИСМАИЛОВА





Түштүк тополоңунун
хронологиясы
10-июндан 11-июнга оогон түнү, саат 1-2лер чамасында Ош шаарындагы кыргыз жана өзбек улутундагы жаштардын ортосунда жаңжал чыкты. Ага так эмес маалыматтарга караганда, белгисиз бирөөлөр тарабынан кыргыз улутундагы кыздардын кордолушу себеп болгон. Башка бир так эмес маалыматта жаңжал түнкү клубдагы мушташтан чыккан.
11-июнь
05 30 Ош шаары жана айрым райондорго коменданттык саат киргизилди
06:00. Убактылуу өкмөттүн (УӨ) чукул декретине ылайык, тополоңдон кийин Ош шаарында, Өзгөн, Кара-Суу жана Араван райондорунда өзгөчө абал жарыяланып, кечки сегизден эрте мененки алтыга чейин коменданттык саат киргизилди. Комендант болуп ИИМ министринин орун басары Бакыт Алымбеков дайындалды. Тополоңдун алгачкы эле сааттарында 4 киши өлүп, кырктайы жаракат менен ооруканага түшкөнү, ончакты имарат, дүкөн талкаланганы, тополоңду уюштурган деп шектелип 5 киши камакка алынганы белгилүү болду.
07:00. УӨ төрайымы, КРнын өткөөл мезгилдеги президенти Роза Отунбаева Оштогу түрдүү топтордун ортосундагы кырдаал акыркы бир жумадан бери курчуп келгенин, жаштар жаңжалын деструктивдүү күчтөр уюштурганын айтты. УӨ мүчөлөрү И.Исаков, Ө.Текебаев, А.Бекназаров чукул арада Ошко учуп кетишти. "Алардын максаты ишке ашкан жок, биз аларды бастык. Чагымчылар четинен кармала баштады", - деди Отунбаева. Ош шаарына аскердик оор техникалар киргизилди.
09:20. УӨ мүчөлөрү Ошто коомчулук өкүлдөрү менен жолугушту. Шаардагы "Фрунзе" базары талкаланып, ресторан, кафелер өттөлгөн.
09:30. Оштун айрым жерлеринде өрт чыгышы мүмкүн болгондуктан шаарга газ берүү токтотулду. "Тополоңдо каза болгондордун саны 12ге жетип, 102 адам ооруканага кайрылышты, онунун абалы оор", деп Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
10:00. Р.Отунбаеванын орун басары Ө.Текебаев жаңжалды басуу үчүн башка өлкөлөрдөн аскер күчү тартылбай тургандыгын айтты. "Тополоңдун артында ким туруп, кимдер уюштуруп жатканы азырынча белгисиз", деди Текебаев.
12:00. Шаарда жүргүнчү транспорту таптакыр токтоду. Набыт кеткендердин саны 14кө жетти.
15:00. Ташкентте өтүп жаткан ШКУнун саммитинде Оштогу кырдаал тууралуу КР тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаев маалымат берди. Саммитке катышып жаткан президенттер, анын ичинде өзбек президенти И.Каримов Кыргызстанда кырдаал тезирээк оңолушуна кызыкдар экендиктерин билдиришти.
16:20. Бишкек. Жогорку Кеңештин алдына 200дөй адам чогулуп, Ошко барууга автобус берүүнү суранышууда. Жарымы унаа сураганы Бишкек мэриясына бет алышты.
17:50 Ошто каза болгондор 26га, жараат алгандар 454кө жетти. Коменданттык саат эки саатка узартылды.
18:00. Р.Отунбаева 27-июндагы референдумду болтурбоого аракеттер болуп жатканын, Бишкектин базарларында убактылуу бийликти жамандаган түрдүү баракчалар таратылып жатканын айтты. "Ошко барууну каалаган жаштардын агымын токтотуу аракеттерин көрүү зарыл", - деди ал.
18:30. Оштогу тополоңго шектелип дагы 4 адам кармалды. Алар Оштун тургундары.
21:55. БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун Кыргызстандын элин сабырдуулукка чакырды. Ал эми Өзбекстандын президенти Ислам Каримов кыргыз элине тилектештик билдирип, ШКУ лидерлери Кыргызстанга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
22:50. Ошто ок атышуулар токтой элек.
(Уландысы 12-бетте)







кыргыз тилиндеги гезит "Айат пресс"
email • архив • редакция 
17-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Алла Таала сабыр берсин силерге!
2-бет
Жалал-Абад абалын Байболов айтты
3-бет
Калпты катыра айткандар
4-бет
Аскер Мамеев,
Акыйкатчынын коопсуздук
кызматынын жетекчиси:
"Февралда эле мага ушул чатак боюнча маалымат келген"

5-бет
Ош жергесиндеги кандуу кагылышууга эмне себеп болду деп ойлойсуз?
Буга Бакиевдердин түздөн-түз тиешеси бар дегенге кошуласызбы?

6-бет
Мирослав Ниязов,
"Эл арманы" саясий партиясынын лидери:
"Келечек үчүн
баарыбыз жоопкербиз"

7-бет
Жылымчынын жыты жаман
8-бет
Сабыр ЖУМАБЕКОВ, академик, профессор,
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси:
"Оштон жаракат алгандарга 100 орун даярдадык"

9-бет
Мелис КАРЫБЕКОВ, олуя:
"Үчүнчү күчтөрдүн максаты ишке ашпайт"

10-бет
Ош окуясында ок тийгендер
11-бет
Жаныбек АБДРАХМАНОВ,
"Замандаш" саясий партиясынын Жаштар Комитетинин төрагасы:
"Жаштар жогорку постторго
келиши керек, бирок…"

12-бет
Түштүк тополоңунун
хронологиясы

13-бет
Келгиле, сараң мырзанын санаасын бөлөлү!
14-бет
КАНДУУ ЖОЛ
15-бет
Эрте кеткен турналар
же кечиккен репортаж

16-бет
Турусбек ЖУМАЛИЕВ, актер, алып баруучу:
"Ырчылар койчо
маараганда кейийм"

Яндекс.Метрика