Аскер Мамеев,
Акыйкатчынын коопсуздук
кызматынын жетекчиси:
"Февралда эле мага ушул чатак боюнча маалымат келген"
Аскер мырза 1986-жылдан тарта 1990-жылдагы Ош коогалаңына чейин ошол региондо коопсуздук кызматын жетектеп турган. Ал чөлкөмдү ийне-жибине чейин жакшы билет. Азыркы кырдаалга ылайык чакан кебин уктук.

- Ош окуясы жөнүндө пикириңизди билелик дедик эле…
- 1990-жылдагы Ош окуясына ошол кездеги Ош обкомунун биринчи секретары Үсөн Сыдыковдун жана Апас Жумагуловдун күнөөсү менен улуттар аралык чоң чатакка жол берилген. Андагы Ош окуясы бир гана жер чырынан чыккан. Азыркы түштүктөгү кандуу согуш ошол чырдын жыйырма жылдык натыйжасы. Ошондогу атасынан айрылган 5 жашар балдар азыр 25ке чыкты. Кармашуу өзү мыкаачылыкты камтыйт да. Анан анын куну сөзсүз кубаланат. Эки улуттун ортосундагы тирешүү ачык мүнөздө өнүгүп келгени жашыруун деле эмес.
- Андай кырдаалды алдын-алууга тиешеңиз бар эле да?
- Мен ошондо жер боюнча чатак чыгарын алдын-ала билдиргем. Эки тараптын тең өзара чырга тымызын даярдыгы боюнча сүйлөшүүлөр жаздырылып алынып агездеги бийлик бутактарындагыларга угузулган. "Жерди кайсыл улуттан экенине карабай тегиз бөлүштүрүп бергиле, антпесеңер арты жакшы болбойт" деп какшагам. Укпай коюшкан. Ошонун азабы мына, азыркыга чейин жетти.
- Азыркы мезгилде өкмөткө эмне сунуштайсыз?
- Эми кандай да болсо чатакты басыш керек. Убактылуу өкмөт кадр саясатынан аябай жаңылыштык кетирип жатат. Ушул маселеге чебер көңүл бурушу керек. Албетте шашылыш түрдө. Профессионалдардын башын бириктирип, "сен - ак, сен - көк" дебей, иш жөндөмүнө карап, аларды тиешелүү кызмат менен камсыз кылуусу керек. Кырдаалды жөнгө салууда амбиция дегенди унутуп, ачык мамилеге келишпесе болбойт. Мына, Өмүрбек Суваналиев, Мирослав Ниязовдорду түштүккө туура багытташты. Кубатбек Байболовду мурда эле бекитиш керек болчу. Дагы да бул өңүттө далай маселе бар. Анын баарын тездик менен колго алуу керек. Оппозициядагы саясатчылык ишмердүүлүк башка. Ал эми чыныгы аскердик, коомдук коопсуздук маселе деген таптакыр бөлөк нерсе.
- Бакиевдердин тиешеси бар деп ойлойсузбу?
- Албетте, Бакиевдердин салымы сөзсүз бар. Алардын сүйлөшүүлөрү ачык эле жарыяланып чатактын алгачкы учкундары небактан эле көрүнүп атпадыбы. Буга облустук коопсуздук кызматы, органдагылар бийликтин жергиликтүү өкүлдөрү айыптуу. Алар алдын-ала иш чараларды колго алышы керек эле. Революциялык башаламандыктан кийин өтө сергек турушса болмок. Элдин колуна курал өтүп кетти. Демек, уйку жок иштөө шарт эле. Моюнга милдет тагылган соң аны акташ керек да, туурабы…
- Сиз азыр да маалыматтарды алдын-ала билип турасызбы?
- Февралда эле мага ушул чатак боюнча маалымат келген. Оштогу тааныштарым "байке биякта иш чатак, ушундай сөздөр чыгууда" дешти. Себеби, жана айтпадымбы, 90-жылдагы Ош окуясына 20 жыл (люблярдык) толот деп. Мен ал боюнча бийликтегилерге кат жолдогом. Адаттагыдай эле угуп, жыйынтык чыгаруу аракети болгон жок. Анда айтылгандай 4-июнь эмес 10-июнда башалды. Муну Бакиевдердин саясий таасири кошул-ташыл көтөрүп кетти.
Жумабай Абдан




Кыйын күндө ким кыйын?
Ош окуясы башталганына апта айланды. Массалык кыргын салган кара күчтөр ким экени ачыкка чыкпаса да жарым-жартылай аныктала баштады. Көпчүлүк боолгологондой чатактын артында Бакиевдердин турганы улам чындыкка жакындап келет. Муну уламкы колго түшкөн тирүүлөй "душман күбөлөр" тастыктап, ачык эле болгонун болгондой айтып берип атышканын Улуттук коопсуздук кызаматынын жетекчилиги кайта-кайта кабарлоодо. Мындай улуттар аралык өтө оор кылмышты уюштурууга катыштыгы бар адамдардын жалпы элге таанымал саясатчы экени, партиясы менен парламенттик шайлоого даярданган "интеллигент" топтун мүчөсү экени бир эсе өкүнүчтүү, бир эсе жийиркеничтүү.

Кыргыз бийлиги кандай кырдаал болбосун, башкаруу системасында шалаакылыкка ашкере жол берүүнү өнөкөт кылганы белгилүү. Ага жараша коомчулук деле ыңгайлашып, "башка салганын көрөбүз" деп, улам-улам бечел бийликке өбөктөп көнүп алган. Ошентип, эгемендүүлүк менен кошо энөөлүк, ыкшоолук элита эсептеген чөйрөбүздү көлөкөдөй ээрчигени ээрчиген. Анын азабын тарткан баягы эле кабыргасы кайышкан эл.
Эл деген эмне? Деги эл байкуштун баасы канча? Ушинтип эле өзүбүзгө-өзүбүз жапжалпак жапайы суроо берип көрөлүчү. Каадаң канча, мээң канча, өмүрүң канча турарын эсептей албайсың. А так эсеп болбогон жерде калыссыздык башталат. Калыссыздык башталган жерде кан суудай агат. Күнүмдүк жай турмушта элдин бар-жогу билинбейт. Эл деген качан гана шайлоо, референдум, митинг, революция, согуш өңдүү саясий "сокур ичек" жарылганда көзгө көрүнөт.
Бүгүнкү кырдаалда кыргынга түшкөн эки улуттун өкүлдөрүнү өмүрү ким бирөөлөр үчүн бир тыйынга татыбайт. Элди каалагандай калчап, турмуш көр-тирлигинен кысып, укугун уйпалап, атып өлтүрүп… Кордук-зомбулуктун ашынган формасы менен ошол эле элден чыккан эмелер элди эзүүдө. Ошол эле эл ишенген аттуу-баштуулардын мээси кайда оосо, бүтүндөй өлкөнүн тагдыры ошол жакка тоголонуп, алай-дүлөй болуудабыз. Ушул Ош, Жалал-Абаддагы согуштун себепкерлери да мамлекет тагдырына кайдыгер, улуттун улутуулугун уруп ойнобогон сасатчы көрпенделер. Мына, азыркы оор окуя кимдин ким экенин дана көрсөттү бейм. Бакиевдердин акмакчылыгы ачыкка чыккандан кийин, артынан шагыраган аткаминер саясатчылардын бети сыйрылууда. Биз бүгүн өлкөбүздүн келечегин кимдин колуна тапшыруу керек экендигин таразалай тургандай эң сонун экранды тиктеп отурабыз. Кыргыз эли буга чейин кимдерге алданып, кимдерге ишеним артканын кеңири түшүндү. Биз акыркы сааттардагы алсыз бийликтин да, алдуу бийликтин да аракеттеринен чо-оң сабак алдык. "Эл үчүн өлөм" деп шилекей чачыратып, күпүлдөп жүргөндөрдүн өз кызыкчылыгы үчүн элди өлтүрүп коерун көрдүк. Саясаттагы сойкулук элдин каны төгүлмөктөн аалам аңтарылып кетсе да улана берерине күбө болдук. Кудайдын катаал сыноосун, каргыштын маанисин, бей-бечаранын көзжашын алиги арсыз аткаминериң доңуз копсо да түшүнбөйт. Ошондуктан оозунан калп куюлуп, кара күчкө каргангандардын баарына эле ишеним артып, алардын колуна өмүр-тагдырыбызды тапшырып коюга мындан ары болбойт. Биз бийлик адамдарын жеке талдообуз менен тандашыбыз керек. Карапайым көпчүлүк саясатчыларыбыздын аракеттерине туура баа берип, алардын ишмердүүлүгүнө калыстык менен карайлы. Бул ар бир атуулдун биринчи милдети болууга тийиш. Себеби, мына бул кызыл-кыргынга айланган чоң чатактын залакасы бирканча убакытка дейре уланышы мүмкүн. Кыска убакытта бардыгы ордуна келишине күмөнүм бар.
Биз бүгүн бийлик өкүлдөрүнүн кадр саясатындагы "амбицияга байланган" жаңылыштыгын "жууп" кеткен каармандардын саясий упайды кадыр-колкосу жок топтоп атышкандарына кубансак болот. "Ата-Журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга" демекчи, бүгүнкү кыйын күндө бел болуп, ишти милдеттүү түрдө колго алган Өмүрбек Суваналиев, Мирослав Ниязов, Кубатбек Байболов, Азимбек Бекназаров, Камчыбек Ташиевдер баш болгон азаматтарыбызга Кудай кубат берсин! Бычакка сап болчу, чындап эл үчүн отко-чокко түшчү мырзалардан куру эмес экенибизге шүгүр. Эртеби-кечпи, өлкөгө тынчтык орноп, жай турмуш башталат. Анан эле убактылуу "куйругун кыпчып" калган саясат ойгонуп, адатындай оюн салаар. Ошондо мекендин көз жашын ким сүрткөнүн унутпайлы…
Жумабай Абдан